Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет3/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
II. Предметтин түшүндүрмөсү 
1. “Философия” предметинин максаты жана милдеттери 
Жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын студенттери окуп 
жаткан “Философия” предметинин негизги максаты катары мамлекеттик билим 
берүү стандарттарында каралган билим тутумуна жана зарыл болгон билимге 
жана билгичтикерге ээ болуу эсептелет. Коюлган максатка жетүү үчүн 
белгиленген компетенцияларды калыптандырууга багытталат. Ошондой эле 
философиялык билимдин өнүгүүсүнүн негизги тенденцияларын терең андап 
билүүгө, заманбап коомдогу жүрүп жаткан процесстерди түшүнүүгө арналган. 
Философия предметинин тутуму философиялык ойлордун өнүгүүсүнүн 
картинасын гана үйрөнүүгө мүмкүндүк бербестен, заманбап философиянын 
актуалдуу 
маселелерин 
таанып 
билүүгө, 
илимий 
дүйнөтаанымдын 
калыптануусуна жол ачат.
Жогорку окуу жайынын студенттерине окутулуп жаткан “Философия” 
предметинин негизги милдеттери катары төмөндөгүлөр эсептелет:

философиялык ойлордун негизги багыттары жана агымдары менен 
таанышуу; 

негизги философиялык категориялар жана жалпы илимий түшүнүктөр 
боюнча туруктуу билимдерди пайда кылуу; 

философиялык ой жүгүртүүнүн алгачкы көндүмдөрүн калыптандыруу; 

философиялык адабияттар менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүү. 
Философияны окуп-үйрөнүү илимий адабияттарда жана жогорку билим берүү 
системасында камтылган билимдердин ар түрдүүлүгүнө багыт берүүнүн 
негизги принциптерин да камсыз кылат. 
Философия предмети философиялык билимдердин тарыхын изилдөөдөн 
башталат. Тарыхый-философиялык блок өзүнүн структурасында дуйнөлүк 
тарыхтын кеңири таралган мезгилдештирүүсүн кайталайт. Алсак, байыркы 
дүйнө, орто кылымдар, кайра жаралуу доору, жаңы доор жана соңку жаны 



доордогу философия деп бөлүнөт. Бул бөлүктө философия тарыхындагы 
белгилүү мектептер, философиялык багыттар, агымдар жана окуулар жөнүндө 
сөз болот. Диалектикалык метод студенттерге философиялык ойлордун жана 
идеялардын өнүгүү эволюциясын тарыхый процесстин жалпы жүрүшү менен 
байланыштуу кароого мүмкүндүк берет. 
Экинчи бөлүм жалпы философиялык проблемаларга арналат. Мында 
студенттерге мурда биринчи бөлүмдө алган материалдар боюнча алган 
билимдерин колдонууга мүмкүндүк берүүчү проблемалык-диалектикалык 
метод колдонулат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет