Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Негизги билим берүү программасынын түзүмүндөгү дисциплинанын



Pdf көрінісі
бет4/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

2. Негизги билим берүү программасынын түзүмүндөгү дисциплинанын 
орду 
“Философия” предмети мамлекеттик билим берүү стандартындагы жана 
ага ылайык түзүлгөн окуу планындагы гуманитардык жана социалдык-
экономикалык циклдын базалык бөлүгүндөгү окуу дисциплинасы болуп 
саналат.
3. Дисциплинанын өздөштүрүүгө карата коюлган талаптар: 
“Философия” предметин окуп-үйрөнүү процесси төмөндөгү 
компетенцияларды калыптандырууга багытталган: 
- жалпы илим компетенциялар (ЖИК)
- курчап турган дүйнө жөнүндө илимий билимдерди сын көз менен баалай 
жана колдоно алат, жашоонун, маданияттын баалуулуктарына багыт 
алат, жигердүү жарандык позицияны ээлей алат, адамдарга сый-урмат 
жана толерантуулукту көрсөтө алат (ЖИК-1); 
- социалдык-инсандык жана жалпы маданий (СИЖМК): 
- жеке адамдын же топтордун кесиптик ишмердүүлүгүндө максаттарга 
жетүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат (СИЖМК-1); 
Философия предметин окуп-үйрөнүүнүн натыйжасында студент 
төмөндөгүлөрдү билиши керек: 

философиянын өзгөчөлүгү жана анын маданияттагы орду, дүйнөнүн 
илимий, философиялык жана диний сүрөттөлүшү, адам жашоосунун маңызы
максаты жана мааниси жөнүндө; 

адамдагы руханий жана физикалык, биологиялык жана социалдык 
жактардын байланышын, адамдын жаратылышка болгон мамилесин жана 
андагы адамдын жашоосунун биримдигин жана карама-каршылыктарын 
түшүнүү; 

адамзат билиминин көп түрдүүлүгүн, чындык менен жаңылыштыктын, 
билим менен ишенимдин, адам жашоосундагы рационалдуу жана 
иррационалдык байланыштарды, азыркы коомдогу билимдин өзгөчөлүктөрүн, 
руханий баалуулуктар жана алардын чыгармачылыктагы жана күнүмдүк 
турмуштагы мааниси жөнүндө. 
 
Билгичтикке ээ болуу /жасай алат: 



- интеллектуалдык жактан өнүгүүсү, маданий деңгээлин жогорулатуу
кесиптик компетенциясын жогорулатуу үчүн таанып билүүнүн ыкмаларын 
жана каражаттарын колдонот; 
- маданияттын маңызын, анын адамдын жана коомдун жашоосундагы ордун 
жана ролун мүнөздөй алат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет