Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


диалектика, метафизика, эклектика, догматизм, софистика, герменевтика



Pdf көрінісі
бет14/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

диалектика, метафизика, эклектика, догматизм, софистика, герменевтика 
ж.б. эсептелет. 
Диалектика байыркы грек сөзү “диалетике” – сүйлөшө, аңгемелеше 
билүүнүн өнөрү же искусствосу деген мааниде. Учурда бул термин 
философиялык изилдөө ыкмасы катары колдонулат. Дүйнөдөгү бардык 


17 
нерселер өз ара карым-катнашта, байланышта жана бири бири менен 
шартталгандыгын тааныган окуу. Диалектика боюнча карама-каршылык 
өнүгүүнүн булагы катары кабылданып, бардык кубулуштар, процесстер 
кыймылда жана өнүгүү абалында турат. 
Метафизика да философиянын бир ыкмасы катары таанылат. Бул 
терминдин мааниси кандай деген суроо жаралышы ыктымал. “Метафизика” 
сөзүнүн келип чыгышы байыркы грек ойчулу Аристотелдин ысмы менен 
байланыштуу. Анын философиялык чыгармасынын аталышы ушундайча 
аталган деген пикири орун алган. Ал эми философиялык ыкма катары 
метафизика дүйнөнү жана андагы бардык нерселерди бири бири менен 
байланышсыз, карым-катнашсыз кабылдайт. Бул окууда сандык жактан 
өзгөрүүлөргө гана басым жасалып, өнүгүү көмүскөдө калат. Кыргызда айтылып 
жүргөндөй бар-жок, өйдө-ылдый деп аталган байланыштар бири-бирисиз, 
байланышсыз өзүнчө каралат. Философияда бул ыкманы диалектикага каршы 
турган, анын альтернативасы болгон көз караш катары талдашат. 
Догматизм да жогоруда белгиленгендей философиялык ыкма катары 
көрүнөт. Бул көз караш боюнча чындык же башка реалдуулук баштатан эле 
берилген же орнотулган абсолюттук түрдөгү чындык түрүндө кабылданат. 
Мында “догма” деген терминге маани берүү керек. Бул байыркы грек тилинен 
которгондо “пикир”, “окуу”, “чечим” дегенди билдирет. Сынга алууга 
болбогон, түбөлүктүү өзгөрүлбөс деп эсептелген принциптерге таянган ой 
жүгүртүүнүн ыкмасы.
Эклектика – философиялык ыкмалардын бири; мында ар түрдүү бири 
бирине окшобогон жана жакындашпаган, ал турсун карама каршы, бири бирин 
жокко чыгарып танган теорияларды, көз караштарды, идеяларды жана 
окууларды жасалма түрдө бириктирүүгө аракет жасалат. 
Философиялык ыкмалардын дагы бири – софистика. Ал кандайдыр бир 
так эмес, ачык көрүнбөгөн логикалык маалыматтарга таянып, жеке пайдасы 
үчүн гана өзүнүн тууралыгын далилдөө ыкмасы дегендикти туюндурат. 
Байыркы гректердин “софисттер” деп аталган философиялык агымы менен 
байланыштуу келип чыккан. Бул талаш-тартыш, дебат (заманбап термин менен 
айтканда) учурунда чындыкты далилдебестен өзүнүн тезисин, жеке пикирин 
билдирүүнүн жолу, талаш тартышта жеңишке жетишүүнүн ыкмасы болуп 
саналат. Көпчүлүк учурда эл алдында чыгып сүйлөөнүн чеберчилиги, 
оратордук тажрыйбанын өнүгүүсү үчүн колдонулат. 
Герменевтика да учурдагы философиялык ыкмалардын бири катары 
кабылданат. “Герменевтика” байыркы грекчеден которгондо “талдоо 
жүргүзүүнүн чеберчилиги” дегенди туюндурат. Байыркы гректердин 
классикалык мааниге ээ болгон чыгармаларынын маани маңызын, б.а. 
тексттердин маңызын талдоонун чеберчилиги, интерпретациялоонун жолу 
катары танылат. Ал эми заманбап философияда философиялык чыгармаларды, 
тексттерди туура окуунун жана анын маанисин туура кабылдоонун ыкмасы 
катары билебиз. 


18 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет