Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет96/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   92   93   94   95   96   97   98   99   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор:
4. 
Таанып билүү деген эмне? 
5. 
Таанып билүүнүн негизги этаптары кайсылар? 
6. 
Сезимдик таанып билүү деген эмне? 
7. 
Рационалдык таанып билүү деген эмне? 
8. 
Чыгармачылык жана практиканы кантип түшунөсүңөр?
9. 
Түшүнүү жана түшүндүрүү деген эмне? 
10. 
Таанып билүүдөгү рационалдык жана иррационалдыкты 
талдагыла 
 
Тема боюнча окуп-үйрөнүүчү адабияттардын тизмеси: 
1. Введение в философию: Учебное пособие/под ред. И.Т. Фролова и 
др. - М.:Республика, 2005. 
2. Губин, В.Д. Философия: учебник / В.Д.Губин. – М.: Проспект, 2017. 
– 332 с. 
3. Марков, Б.В. Философия: для бакалавров и специалистов / 


114 
Б.В.Марков. –Санкт-Петербург [и др.]: Питер, Питер Пресс , 2017. - 
426 с. 
Тема 15. Чындык теориясы 
1. Чындык теориясы. Практика – чындыктын критерийи.
2. Чындык жана ой жүгүртүү, логика жана тил 
3. Илимий жана илимийликтен сырткары билим. Илимийлүүлүктүн 
критерийи. Илимий таанып билүүнүн түзүмү, анын ыкмалары жана 
формалары 
4. Илимий 
билимдин 
өнүгүшү. 
Илимий 
революциялар 
жана 
рационалдуулуктун типтеринин алмашышы. Илим жана техника 
Таанып билүүнүн эң башкы максаты – илимий чындыкка жетүү. 
Философияда чындык таанымдын максаты гана болбостон изилдөөнүн 
предмети да болуп саналат. Чындыкты таанып билүүчү тарабынан объективдүү 
реалдуулуктун чагылышы деп билебиз; аң сезимден эч бир көз карандысыз 
туруп, реалдуулук кандай болсо ошондой абалда адамдын чагылдырышы.
Объектинин же предмет, буюм нерселердин турушунун жана анын маани-
маңызынын болушун кандай жолдор менен билебиз деген суроого анын 
критерийи жооп берет. 
Рационалисттик багыттагы философияда чындыктын критерийи катары ой 
жүгүртүүнү алса, И.Кант акылдын мыйзамдарына дал келген чындыктын 
формалдуу-логикалык критерийин тааныган. Сенсуалисттик көз карашты 
жактаган ойчулдар сезимдерди критерий катары кабылдашат да верификация 
(чыныгылыгын текшерүү) принцибин тутунат. Бул принципке ылайык ар 
кандай ой жүгүртүү (илимий бекемдөөлөр) текшерүүдөн өткөндө гана аңдалып 
билинет же мааниге ээ болот. 
Чындыктын критерийи – бул акыйкатты негиздеген жана аны жалгандан 
айырмалоого мүмкүндүк берген ченем. Анын белгиси катары логиканын 
мыйзамдарына дал келүүчүлүгү, илимде белгилүү болгон мыйзамдарга дал 
келүүсү, фундаменталдуу мыйзамдарга төп келгендик, анын белги 
системасынын жөнөкөй жана экономдуу болуусу, идея менен практиканын 
парадоксалдуулугу эсептелет. 
Чындык объективдүү жана субъективдүү болот; анын объективдүүлүгү 
таанып билип жаткан буюм-нерселердин, кубулуштун реалдуу жашагандыгы 
менен шартталат. Бул аң сезимдин жетишкендиги болгон жана билимге 
объективдүү мүнөздү таандык кылган реалдуу объект тууралуу маалымат. 
Ошол маалымат аң сезимде чагылып абстрактуу ой жүгүтүүнүн формасы 
болот. Жана да билим субъективдүү мүнөзгө ээ болот. Ар кандай объективдүү 
турган реалдуулук адамдын аң сезиминде түрдүү көрүнүштө жана деңгээлде. 
Бир же бир нече түшүнүктөр ар тилде болот жана айтылышы жагынан ар 
башка. Ошондуктан, чындык мазмуну боюнча объективдүү формасы боюнча 
субъективдүү. 


115 
Чындык абсолюттук жана салышырмалуу мүнөздө кездешет. Чындыктын 
салыштырмалуулугу – объективдүү дүйнөнү толук эмес, жакындаштырып 
кайра жаратуучу билимди бергендиги. Салыштырмалуу чындыктын белгиси 
жана чеги болуп бири бири менен байланышкан жакындаштыруу жана толук 
эместик эсептелет. Дүйнө бири бири менен тыгыз байланыштагы 
элементтердин тутуму катары көрүнөт жана ал жөнүндөгү толук эмес билим ар 
дайым так эмес, фрагментардуу, жарым-жартылай болот. Муну менен катар 
абсолюттук чындык түшүнүгү да мааниге ээ. Анын жардамы менен тааным 
процессинин өнүгүүсүнүн маанилүү жактары жана маани-маңызы мүнөздөлөт. 
Абсолюттук чындык термини ар кандай чыныгы билимдин атайын маанилүү 
маңызын мүнөздөө үчүн колдонулат жана ал объективдүү жана 
салыштырмалуу чындык түшүнүктөрүнө жакын. Абсолюттук чындык тааным 
процесси менен тыгыз байланышта каралат, анткени таанып билүү өзү 
этаптардан турган процесс болуп эсептелет. Мындай этаптардын жүрүшүндө 
билимдердин негизинде жаңы билимдергээ болуу жүрөт, жаңы илимий 
ачылыштар мурдагыларына таянат, билимдин ыраттуулугу, ички жана сырткы 
бүтүндуктүн болушу, чындыкты процесс катары кароо абсолюттук чындыктын 
маани-маңызын берип турат.
Чындыктын конкреттүүлүгү – конкреттүү, белгилүү бир объекттерди, 
предметтерди таанып билүүнүн негизинде келип чыккан жана белгилүү, 
конкреттүү объект, предмет, кубулуштар жөнүндөгү элестөөлөрдү чагылдырган 
чындык. Абстрактуу чындык - абстрактуу ой жүгүртүүнүн негизинде 
калыптанган кандайдыр бир жалпылоочу мүнөзгө ээ чындык.
Чындык теориясын талдоодо логика менен тил маселеси да манилүү. Тил – 
кеңири мааниде – бул маданияттын бардык системасы, анын жардамы менен 
адамдардын ортосундагы байланыштар жөнгө салынат. Тар мааниде тил – бул 
кеп аркылуу берилген атайын адистешкен информациялык белги 
ишмердүүлүгү. 
Кептин 
жардамы 
менен 
мамиле 
процессинде 
эффективдүүлүктүн жогорку чегине жетишүүгө болот. Тил табигый жана 
жасалма болушу мүмкүн. Табигый тил – күнүмдүк, турмуштук жашоодогу тил 
катары түшүнсө болот, ал адамдын оюн жана мамиле байланышын 
билдирүүнүн формасы катары кызмат кылат. Жасалма тил адамдар тарабынан 
кандайдыр бир керектөөлөрү үчүн жаратылат (математикалык символиканын 
тили, физикалык теориянын тили, ар түрдүү сигнал берүү системасы ж.б.).
Демек, чындык – бул ой-пикирде, билимде практика менен текшерүү 
аркылуу реалдуулукту, болгон нерсени так жана туура чагылдыруу. 
Реалдуулукту, болгон нерсени, ой-пикирди, билимди так, туура чагылдыруу 
деген, таанып билүүнүн үстүндө иштеген адамдын өзү аң сезиминде, билимде 
ошол объектини өзү кандай болсо дал ошондой боюнча, ошол адамдын жана 
анын аң сезиминин көз карашы боюнча карап, объектиниин нукура маанисине 
дал келтирип чагылдыруу. Чындык – бул таанып билүү процессинде билимдин 
тыянагынын изилдеген буюм нерселердин, кубулуштардын, процесстердин 
ички мазмунуна дал келиши. Чындыктын мындай деген аныктамасы байыркы 
доордун ойчулдарына таандык, алсак, Аристотелге. Ушундай мазмунда 


116 
чындыкты түшүнүү жаңы мезгилдин философиясында улантылган: Ф.Бэкон, 
Б.Спиноза, Гельвеций, Дидро, Гольбах, М.Ломоносов, Л.Фейербах жана 
башкалар. 
Чындыктын ачык-айкындыгы илимде талкууланып, аны тигил же бул 
кубулуштун, процесстин кандайдыр бир шарттын, анын шарттуу ордуна жана 
убакытка байланыштуулугун эсепке алууга негизделген чындык, чындыктын 
бир касиети, түрү деп билебиз. Чындык абстрактуу түрдө эмес, бардык убакта 
ачык-акын болот. Ар кандай таанып билүүнүн максаты – бул чындыкка жетүү 
болуп саналат. Чындык бардык убакта таанып билүү менен тыгыз байланышта, 
таанып билүүсүз чындык өзүнчө болбойт, ал эми чындыксыз илимий тыянак 
жана натыйжа болбойт, илимий тыянаксыз же бекемдөөсүз илимдин өзү 
болбойт. Илим чындыкка негизделинет, б.а. чындык менен илим тыгыз 
диалектикалык байланышта.
Чындыкты далилдөөнүн жолдору, мүмкүнчүлүгү – тигил же бул 
теориялык тыянактын, гипотезанын (божомолдун) теориялык ой-жүгүртүүнүн 
чындык экенин далилдөөнүн жолу болуп коомдук практика саналат, б.а. 
коомдук практика дегенибиз ошол теориялык ой жүгүртүүнү адамдар иш 
жүзүндө колдонуу аркылуу алардын чындык экенин же чындык эмес экенин 
далилдеши. Бул пикир биринчи жолу байыркы грек философу Аристотель 
тарабынан айтылган. Илимий теориялар эң акыркы жолу өзүнүн бекемдөөсүн 
практикада текшерүү менен, б.а. ошол теорияларды өнөр жай жана айыл чарба 
өндүрүшүндө, адамдардын коомдук ишмердүүлүгүндө колдонуу жолу аркылуу 
алат. Тигил же бул илимий ой-пикирлерди практикада текшерүүнүн жолу ар 
түрдүү болушу мүмкүн: эксперимент, байкоо, ченөө, лабораториялык анализ 
(текшерүү) ж.б.у.с. Практика аркылуу бекемделиниши тигил же бул илимий 
теориянын, ойдун, идеянын тууралыгын далилдейт. 
Гносеологиянын изилдөөсүнүн чегине илимий тааным да кирет. Илимий 
таанып билүүнүн негизги максаты катары объективдүү мыйзамдарды жана 
мыйзам ченемдүүлүктөрдү изилдөө эсептелет. Илимий тааным рационалдык 
мүнөзгө ээ, ал системалуу, өз ара карым катнашта жана байланышта болгон 
түшүнүктөр, ой жүгүртүүлөр, илимий теорияларды жаратат. Ал диалектикалык 
мүнөздө болуп, билимди ишенимге каршы коет.
Илимий таанып билүүнүн ыкмалары катары философиялык ыкмалар, 
жалпы илимий ыкмалар, жеке илимий ыкмалар эсептелет. Эмпирикалык 
изидөөнүн ыкмалары – байкоо, эксперимент. Ошо эле учурда илимий 
таанымдын түзүмү да айырмаланат. Ал эмпирикалык, теориядык билимдер, 
философиялык-дүйнөтаануулук жана практикалык бөлүктөрдөн турат. Илимий 
таанымда эмпирикалык жана теориялык тааным анын деңгээлдери катары 
болот. Ал эми илимий таанымдын формалары катары илимий факт жана 
эмпирикалык мыйзам эсептелет. Илимий формалары: проблема, гипотеза жана 
теория. Проблема – тааным процессинде келип чыккан жана ошого жараша 
жоопту талап кылган аң сезимдүү түрдө суроону калыптоо (формулировка 
кылуу). Гипотеза – негиздүү түрдөгү божомол, кээ бир толук эмес изилденген 
объект, предмет, кубулуштар жөнүндө мүмкүн болгон маңызын алдын ала 


117 
табуу жана айтууга негизделген ой корутунду. Теория – чындыктын тигил же 
бул кубулушу жөнүндөгү жалпыланган илимий билимдин системасы. 
Илимий революциялар – илимдеги кайра түзүүлөр, илимий таанымдын 
мазмунунун өзгөрүшү, жаңы ой корутундунун бекемделиши. Ушуга 
байланыштуу илимий революциялардын төмөндөгүдөй типтери айырмаланат:
- дүйнөнүн сүрөтүнүн радикалдуу өзгөрүүсү болбогон кайра куруулар; 
- дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшүндөгү кээ бир жактарынын радикалдуу 
өзгөрүүсү менен коштолгон кайра куруулар. 
Илим техника менен байланышкан. Техника заманбап коомдо 
изилдөөнүн премети болуп келүүдө: аны табигый, гуманитардык илимдер 
изилдөөсүнүн предмети катары көрүүдө. Анткени техникалык колдоосуз 
табигый илимдерде эксперимент жүргүзүү мүмкүн эмес болгондой эле 
гуманитардык илимдердин өнүгүшү да техника менен байланышкан. Техника 
философиясында табигыйлык менен жасалмалыкты айырмалоо илим менен 
техниканын байланышын көрсөтөт. Мында илим биринчи, техника экинчи 
деген ой жаралган. Заманбап коомдо техника өз алдынча мүнөзгө ээ экендигин 
айтышат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   92   93   94   95   96   97   98   99   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет