Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет99/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   95   96   97   98   99   100   101   102   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Коомдун негизги сфералары. Коомдо өндүрүштүк-экономиклаык, 
социалдык-турмуштук, саясий, диний, эстетикалык ж.б. коомдук ишмердик 
ишке ашат. Натыйжада, коомдун негизги сфералары калыптанат. Алар: 
экономикалык, социалдык, саясий, руханий. 
Экономикалык сфера – материалдык байлыктарды өндүрүү, алмашуу, 
бөлүштүрүү, керектөөнү камтыган экономикалык мейкиндик. Анда өлкөнүн 
чарбалык турмушу уюштурулат, экономиканын бардык тармактарынын өз ара 
таасир этүүсү, эл аралык экономикалык кызматташтык ишке ашат. Мында 
адамдардын экономикалык аң сезими, алардын өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн 
натыйжаларына болгон кызыкчылыктары камтылат. Бул сферада экономиканы 
өнүктүрүүнүн объективдүү жана субъективдүү факторлорунун өз ара таасир 
этүүсү ишке ашат. 
Социалдык сфера – коомдогу социалдык топтордун, анын ичинде 
таптардын, 
кесиптик, 
социалдык-демографиялык 
катмарынын 
карым 
катнашынын 
сферасы. 
Бул 
мейкиндикте 
адамдардын 
өндүрүштүк 
ишмердүүлүгүнүн зарыл болгон шарттарын түзүү, калктын бардык катмарына 
зарыл болгон жашоо деңгээлинин камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, билим 
берүү, социалдык жактан камсыздоо, калктын бардык тобун социалдык жактан 
коргоо. 
Саясий сфера – таптардын, улуттук жалпылыктардын, саясий партия 
жана түрдүү коомдук уюмдардын ишмердигинин мейкини. Мында саясий 
бийлик, аны ишке ашыруу, саясий укуктар жана эркиндиктер ишке ашат. Бир 
субъект үстөмдүк кылып турган саясий бийликти бекемдөөгө кызыкдар болсо, 
экинчиси – аны жок кылууга аракет жасайт. Ал эми үчүнчүлөрү саясий 
бийликти башка субъектилер менен бөлүшүүсүнө умтулат. Натыйжада бардык 
субъектилер жеке кызыкчылыктары үчүн тигил же бул формада саясий 
процесстерге таасир этүүнү каалайт. 
Руханий сфера – руханий баалуулуктар, аларды жаратуу, жайылтуу жана 
өздөштүрүү менен байланышкан мамилелердин сферасы. Руханий баалуулук 
катары живопись, музыка, көркөм адабий чыгарма, адамдардын билими, илим, 
адеп-ахлак нормалары, жүрүм-турум ж.б. эсептелет. Бул сфера тарыхый жактан 
калыптанат жана географиялык, улуттук жана башка өзгөчөлүктөрдү камтыйт 
да элдин жан дүйнөсүндө, улуттук мүнөзүндө чагылдырылат. 
Коомдун руханий турмушунун башкы көрсөткүчү болуп коомдук аң 
сезим эсептелет. Коомдук аң сезим – коомдук турмуштун идеалдык, рухий 
жагы б.а. коомдогу идея, көз караш, идеал, традиция, маанайлардын 
жыйындысы. Коомдук аң сезим коом тарабынан өзүн өзү, өзүнүн коомдук 
болмушун жана курчап турган чындыкты аңдоосу. Коомдук болмуш жана 
коомдук аң сезим коомго таасир этүү менен бири бири менен диалектикалык 
байланышта. Мында коомдук өнүгүүнүн негизин, импульсун коомдук болмуш 
түзөт. 
Коомдук аң сезимдин тутумунда төмөндөгүдөй жактары айырмаланат: 
турмуштук жана теориялык аң сезим, коомдук психология жана идеология. Бул 
аталгандардын ичинен идеология маселесине кайрыла кетели.


123 
Идеология (гр. idea – идея, logos - учение) – саясий-укуктук, адеп-
ахлактык, эстетикалык, философиялык, диндик идеялардын жана көз 
караштардын системасы. Идеология адамдардын бүтүндөй ааламга, турмушка, 
бири бирине болгон мамилесин, сезүүсүн, баалай билүүсүн, коомдогу 
проблемаларды жана карама каршылыктарды чагылдырат; алардын коомдук 
мамилелерди бекемдөөгө же өзгөртүүгө (өсүп-өнүгүүгө) багытталган 
ишмердүүлүгүн камтыйт. Идеология – надстройканын бир бөлүгү катары 
коомдун экономикалык мамилелерин чагылдырат. Таптык коомдо идеология 
таптык мүнөздө болот, анткени, ал таптардын коомдогу ээлеген ордун, негизги 
кызыкчылыгын чагылдырат. Идеология идеялардын жана көз караштардын 
системасы катары таптардын өкүлдөрү тарабынан атайлап, аң сезимдүүлүк 
менен иштелип чыгылат. Идеологдор теория аркылуу, жалпы социалдык топ 
практика аркылуу тыянакка, жыйынтыкка келишет. «Идеология» деген термин 
француз философу жана экономисти Дестют де Трасси тарабынан идея 
жөнүндөгү илимде көрсөтүлүп, ошол илим аркылуу саясатты, этиканы 
теориялык жактан бекем негизге коюш үчүн киргизилген. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   95   96   97   98   99   100   101   102   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет