Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет103/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   99   100   101   102   103   104   105   106   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Нравалык баалуулуктар. Адеп-ахлак маселелери менен алектенген 
философиялык илим этика деп аталат. Адеп-ахлак коомдук жана жеке 
турмуштун белгилүү бир чөйрөсүн, маданиятты бириктирет. Адеп-ахлак ар 
кандай кубулуштарды камтыйт: жүрүм турумдун эрежелерин жана 
нормаларын, баалуулуктарды, идеалдарды, адамдын мүнөзүнүн касиеттерин 
жана жөндөмдөрүн, адамдардын жүрүм турумунун өзүн. Алгачкы этикалык 
идеялар байыркы доордо эле пайда болгон. Мораль – өздүк аң сезимдин 
формасы, ал аркылуу адам өзүнүн болмушун, каалоосун, максатын жана 
ойлорун ишке ашырат. Ал социалдык-тарыхый жактан калыптанган жана адеп-
ахлактык милдетти аткарган баалуулук. Моралдын жардамы менен социалдык 
баалуулуктар системасында өзүн аңдап билет: нормалар, баалуулуктар, 


130 
идеалдар аркылуу адам өзүнүн жүрүм турумун жөнгө салат. Дүйнөтаануучулук 
кызматты аткаруу менен мораль өзгөчө система катары да болот. Моралдын 
өзгөчөлүгү анын функцияларынан көрүнөт.
 
Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор:
1. Аксиология деген эмне? 
2. Нравалык баалуулуктар кайсылар? 
3. Маданияттагы адам жөнүндөгү көз караштарды анализдегиле 
 
Тема боюнча окуп-үйрөнүүчү адабияттардын тизмеси: 
1. Алексеев В.О. Философия. Конспект лекций. - М.,2008. 
2. Алексеев П.В. Социальная философия: Учебное пособие. - М., 2004. 
3. Философия. Учебник / ред. Чумаков А.Н. – М.: Вузовский учебник. 
Инфра-М, 2016. – 432 с. 
4. Философия: Учебник / Под ред. Лавриненко В.Н. - М.,2004. 
5. Философия: Учебник/Под ред. Миронова В.В. - М.: Норма, 2005. 
Тема 20. Диний жана эстетикалык баалуулуктар жана алардын
адам жашоосундагы ролу 
 
1. Дин дүйнөгө болгон көз караштын бир формасы катары 
2. Диний аң сезим жана анын адам жашоосундагы ролу 
3. Эстетикалык баалуулуктар жана анын коомдук турмуштагы ролу 
Аксиологиянын алкагында эстетикалык жана диний баалуулуктар да 
талдоого алынат. Анткени дүйнөнү сулуулук мыйзамы менен кабыл алуу өтө 
маанилүү болуп саналат. Философияда эстетикалык баалуулук жөнүндөгү 
илимди эстетика деп айтабыз. Эстетиканын предмети болуп адамдын 
сезимдери, дүйнөнү бүтүндөй бир толук, образдуу таануу эсептелет. Анын 
негизги түшүнүктөрү катары сулуулук жана сонундук, көтөрүңкүлүк жана 
жогорулук эсептелет.
Дин дүйнөтаанымдын формасы катары дүйнөнү табигый жана 
табигыйлыктан жогору турган дүйнө деп бөлөт. Жогорку күчтүн барлыгы, ал 
дүйнөтүзүлүшүнө, адамдардын жашоосуна таасирин тийгизээри айтылат. 
Натыйжада ишеним пайда болот. Ишеним – диний аң сезимдин жашоосунун 
жолу, өзгөчө маанай, адамдын жан дүйнөсүн мүнөздөөчү кубулуш. Диний көз 
караштар коомдун өнүгүүсүнүн продуктусы. Мындай көз караштын пайда 
болуусу менен диний салтты, идеяларды сактоочу, системага салуучу жана 
жайылтуучу адамдардын тобу жаралат. Ишеним аркылуу Кудай тарабынан 
дуйнөнүн жаралышы (креационизм), ал тарабынан дүйнөдө болуп 
жаткандардын алдын ала аныкталышы (провиденциализм), дүйнө түзүлүшүнүн 
максаттуулугу (телеология), жан адамдын башкы маңызы экендиги, адам менен 
Кудайдын карым катнашы, тиги дүйнөдөгү жашоосу сыяктуу көз караштар 
калыптанат


131 
Дин боюнча адам Кудайга кайрылуу аркылуу ага жакындайт; негизги 
диний баалуулуктар катары эркиндик эсептелет. Кудай адамга эркиндик 
берген; ар намыстын эркиндиги – башкы баалуулук. Бул ар кандай ишенимге 
ээ болууну шарттаган табигый укук. Ар намыстын эркиндиги адамга динди 
тутунуу аркылуу динчил болууга же атеист болууга негиз болот. Диний 
ишенимге болгон эркиндикке караганда ар намыстын эркиндиги кеңири 
мааниде колдонулат. Динде толеранттуулук, сабырдуулук, башка 
диндегилерге сабырдуулук менен кароо сыяктуу баалуулуктар бар.
Руханий баалуулуктар – кылымдар бою калыптанган адамдын жан дүйнө 
байлыгы. Рух – адамдын эң жогорку жөндөмдүүлүгү; ал адамдын инсандык 
жактан өзүн аныктоосуна, өзүн түшүнүүсүнө жардам берет. Адам жашоосунда 
курчап турган кубулуштарга күбө болот, аларды билип-тааныйт, башка адамдар 
менен ар турдүү социалдык топтор менен мамилелерге катышат, аң сезимдүү 
же аңдап билинбеген деңгээлде аларга карата оюн билдирет. Табияттагы, 
социалдык болмуштагы сулуулук, өзгөчөлүк, кооздук, сонундук тууралуу көз 
караштары калыптанып, аларды кабылдоого жөндөмдүү болот. Ошол 
кубулуштарды жан дүйнөсү аркылуу туюп сезип, же кубанат, же кайгырат, кээ 
бир учурда кыжалаттанат. Кубануу сезимин пайда кылган учурда адамда 
канааттануу, кубанычты сезгендик, таң калуу, өзгөчө көтөрүңкү маанай 
жаралат. Табияттын сулуулугун жана анын предметтерин кайра жаратуу 
эстетикалык мүнөздө болуп, искусствого тиешелүү кубулуш катары болот. 
Эстетикалык баалуулук катары искусство эсептелет. Искусство – бул 
ааламды, дүйнөнү эстетикалык жактан өздөштүрүүнүн бирден бир башкы 
жолу, бизди курчап турган жана жашап жаткан реалдуулукту көркөмдүк жолу 
менен чагылдырган коомдук аң сезимдин бир түрү жана адамдын 
ишмердүүлүгү. Көркөмдөп чагылдыруу сүрөтчүлөр тарабынан (жазуучулар, 
сүрөтчүлөр, скульпторлор, режиссерлор, артисттер ж.б.у.с.), турмушту терең
жакшы билгендигинен жана көркөмдүк устатчылыгынын жогорку деңгээлинин 
негизинде жаратылат. Искусствонун предмети жана реалдуу чындыкты 
чагылдыруу өзгөчөлүгү анын айырмасын, кызматын аныктайт, б.а. адамдын 
эстетикалык талаптарын эң жакшы жаркыраган чыгармаларды жаратуу менен, 
ааламга сүйүнүч, ырахат алып келүү жолу менен канаттандырат, анын ички 
дүйнөсүн байытып, ошол эле мезгилде художниктин өзүнүн ишмердүүлүгүн, 
жөндөмдүүлүгүн ойготуп, өстүрүп, сулуулуктун закону аркылуу жаңы 
чыгармаларды жаратып, ошол сулуулукту турмуштун бир бөлүгү катары 
толуктоого шыктандырат. Искусство адамзаттын тарыхынын алгачкы 
башталышында, дүйнөнү эмгек жолу менен өзгөртүүгө аракет кылганда эле 
келип чыккан. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   99   100   101   102   103   104   105   106   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет