132
Тема боюнча окуп-үйрөнүүчү адабияттардын тизмеси:
1. Алексеев В.О. Философия. Конспект лекций. - М.,2008.
2. Алексеев П.В. Социальная философия: Учебное пособие. - М., 2004.
3. Спиркин А.Г. Философия. Учебник. – 2-е изд. – М.:
Гардарики, 2006. –
736 с.
4. Философия. Учебник / ред. Чумаков А.Н. – М.: Вузовский учебник.
Инфра-М, 2016. – 432 с.
5. Философия: Учебник / Под ред. Лавриненко В.Н. - М.,2004.
6. Философия: Учебник/Под ред. Миронова В.В. - М.: Норма, 2005.
Тема 21. Адамзаттын келечеги. Учурдагы глобалдуу маселелер
1. Футурология философиялык окуу катары
2. Адамзаттын илимий-техникалык жактан өнүгүүсүнүн гуманисттик
потенциалы
3. Азыркы
учурдагы
глобалдык
кырдаал:
саясий,
экологиялык,
демографиялык ж.б.
Адамзаттын келечегин изилдеген философиялык окуу
футурология деп
аталат. Келечекти көрө билүү –
бул келечек тууралуу билим; чындыкта азыр
болбогон, бирок келечекте реалдуу болуусун болжогон ишмердик. Келечекти
болжоону үч мезгилге бөлүшөт: түздөн түз, байкоого болоор (обозримое) жана
алыскы же ырааккы аралыкты болжоо. Түздөн түз болжоо 20-30 жылды алдын
ала болжосо, байкоого болоор 100 жылды, ал эми алыскы аралыкты болжоо
андан кийинки жүз жылдыктарды болжойт. Биринчи мезгили жетишээрлик так
аныктоо аракетин жасайт. Мисалы, демографиялык маселелерди, минералдык
сырьенун сарпталышын, илимий ачылыштарды.
Экинчи мезгили чындыкка
жакындашкан болжолдоо берсе, үчүнчүсү гипотетикалык мүнөздө. Келечекти
изилдөө социалдык прогноздоонү түзүү жана адамзаттын өнүгүүсүнүн
перспективасын ачыктоо дегенди билдирет. Социалдык прогноздоонун
төмөндөгүдөй ыкмалары белгилүү: 1) экстраполяция; 2)
тарыхый аналогия; 3)
компьютердик моделдөө; 4) келечектин сценарийи; 5) эксперттик баалоолор.
Заманбап өнүгүүдө илимий-техникалык прогресс өзгөчө мааниге ээ.
Анткени дүйнө техникалык прогресстен жапа чекпеши керек жана аны
адамзаттын социалдык прогресси үчүн гана жумшаш керек. Бардык илимий-
техникалык прогресс адамдын гуманисттик потенциалын өнүктүрүүгө
багытталса цивилизациянын бүтүндүгү жана өнүгүшү уланат.
Экологиялык
маселе жеке адамдын жүрүм турумунан башталат. Эгерде ал өзү жашаган
жерди таза кармап, таштандыларды орду менен таштап, көчө, шаарды булгабай
жашоо образын жүргүзсө экологияга кыянаттык кылбаган болот. Адеп-ахлак
жактан, эстетикалык жактан тарбияланбагандык айлана-чөйрөнү булганышына,
адамдардын бири бирин сыйлабагандыгына алып келет. Бул болсо экологиялык
катастрофанын келип чыгышы менен адамзаттын моралдык-нравалык
133
кризисинин башталышы болуп калат. Табият адамга муктаж, ансыз ал көркүнө
чыкпайт, адам да табиятка муктаж, ансыз адам техникага жакындашкан жандык
катары болуп калат. Бирок адам аны ар дайым эле аңдап биле бербейт, коомдук
мамилелерди
гана биринчи планга коют, табияттын ролун унутта калтырат.
Ошондуктан адам өзүнө, табиятка гумандуу мамиле жасоосу зарыл.
Глобалуу маселелер – адамзат биргелешип чечүүнү талап кылган жалпы
адамзаттык көйгөйлөр. Анын чечилиши цивилизациянын андан ары жашоосун
шарттайт. Алар кайсылар деген суроо жаралышы мүмкүн. Төмөндө аларды
санап кетели:
- Түндүк-Түштүк маселеси;
- жакырчылык маселеси;
- азык түлүк маселеси;
- энергетикалык маселе;
- экология жана туруктуу өнүгүү маселеси;
- демографиялык маселе;
- Дүйнөлүк океанды өздөштүрүү маселеси;
- согуш жаа тынчтык маселеси
Бул маселелерди чечүүнүн жолу кайсылар? Аталган
глобалдык маселелерди
чечүүдө эң биринчи кезекте дүйнөлүк согуштун алдын алуу керек.
Экономикалык жана маданий жактан теңсиздикти жок кылуу; мында өнүккөн
Европа өлкөлөрү менен Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн
айырмачылыктарын жоюу маанилүү. Адам менен табияттын ортосундагы
кризистик абалды жөнгө салуу: табияттын булганышын,
аны ашыра
пайдалануу, ага зыян келтирүүнүн өтө чоң өлчөмдө болуусун жөнгө салуу.
Калктын жайгашуусун жөнгө салуу: демографиялык жарылуу болгон жерди
жана калктын төрөлүүсүнүн темпинин төмөндөп кеткен аймактарын жөнгө
салуу ж.б.у.с. Жогоруда аталган глобалдык маселелерди төмөндөгүдөй үч
топко бириктиришет: 1. адамзаттын дүйнөлүк термоядролук согушта жок болуу
коркунучу; 2. дүйнөлүк экологиялык катастрофанын коркунучу; 3. адамзаттын
руханий-нравалык кризиси.
Учурда демографиялык кырдаал адамзат үчүн өтө маанилүү. Жер
планетасынын калкынын саны орточо эсеп менен 2% көбөйүп жатат, бул
демографиялык жактан жарылууну пайда кылышы мүмкун. Калктын санынын
өсүшү жөнгө салууну талап кылат. анткени өнүккөн мамлекеттерде калктын
санынын өсүшү кескин төмөндөп кетсе, өнүгүп
келе жаткан өлкөлөрдө
төрөлүүнүн саны көп экендигине карабастан, ошол эле учурда өлүмдүн саны да
ошончолук жогору. Демографиялык процесстерде эки тенденця байкалат: 1.
Азия, Африка, Латын Амерка өлкөлөрүндө калктын тез темпте өсүшү; 2. Батыш
Европа өлкөлөрүндө калктын санынын өсүшүнүн кескин төмөндөшү.
Биринчисинде социалдык-экономикалык көйгөйлөр жаралат. Адамдардын
ачкачылык, оору, билимсиздик маселесин жаратып жатат. Ал эми экинчисинде
улгайган адамдардын кескин өскөндүгүн жана шитеп жаткандар менен пенсия
курагындагылардын ортосундагы баланстын төмөндөгөндүгүн көрсөтүп жатат