Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет101/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   97   98   99   100   101   102   103   104   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор:
1. 
Коом деген эмне? 
2. 
Материалдык өндүрүш жана өндүрүш жолу дегенди кантип 
түшүнөсүңөр? 
3. 
Жарандык коом деген эмне? 
4. 
Жарандык коомдун түзүмү кандай? 
5. 
Адам жана тарыхый процесстин маанисин аныктагыла 
6. 
Эркиндик жана зарылдык кандай байланышта? 
7. 
Коомдук өнүгүүнүн формациялык жана цивилизациялык концепциясын 
талдагыла. 
 
Тема боюнча окуп-үйрөнүүчү адабияттардын тизмеси: 
 
1. 
Спиркин А.Г. Философия. - М.: Гардарики, 2006. 
2. 
Философия. Учебник / ред. Чумаков А.Н. – М.: Вузовский учебник. 
Инфра-М, 2016. – 432 с. 
3. 
Философия: Учебник / Под ред. Лавриненко В.Н. - М.,2004. 
4. 
Философия: Учебник/Под ред. Миронова В.В. - М.: Норма, 2005. 
5. 
Алексеев В.О. Философия. Конспект лекций. - М.,2008. 
6. 
Алексеев П.В. Социальная философия: Учебное пособие. - М., 2004. 
7. 
Барулин В.С. Социальная философия. - М.: ФАИР-Пресс, 2000. – 560 с 
Тема 18. Адам философиясы 
 
1. 
Адам болмушунун маңызы. Адам жашоосу, өлүмү, өлбөстүк маселеси. 
Зомбулук жана эркиндик. Адам эркиндиги жана жоопкерчилиги 
2. 
Мораль, адилеттүүлүк жана укуктун карым-катнашы 
Философияда адам маселеси башкы маселелерден. Адам – биологиялык 
жана социалдык жандык, тарыхый процесстин субъектиси, б.а. биосоциалдык 
эволюциянын продуктысы (Homo sapiens өкүлү). Адамзат тукумунун бир 
өкүлү, тиги же бул адам коомунун бири. Индивид катары адам социалдык 
мамилелердин продуктысы, анын жүрүм туруму өзү жашаган коом тарабынан 
аныкталат жана анда инсан катары калыптанат. Экинчи жактан адам – өзгөчө 
белгилерге ээ болгон белгилүү индивидуалдуулукту алып жүрүүчү. Инсан 
катары адам социалдык мамилелердин субъектиси б.а. ал «коомду пайда 
кылган», коомдогу мамилелерди «жараткан» аракет кылуучу катары эсептелет. 


125 
Адептүүлүк, адеп-ахлактык – коомдук турмушта адамдардын жүрүш 
турушун бардык жактан жөнгө салуу милдетин аткарган коомдук институт, 
коомдук аң есзимдин бир түрү. Адеп-ахлактыкта коомдук турмуштагы жүрүш 
туруштун сапаттары чагылдырылат жана бекемделинет (жагымдуулук, 
жакшылык, жамандык, кара ниеттүүлүк ж.б.у.с.). Адептүүлүк же адеп-ахлактык 
адамдардын жүрүш турушунун, жалпы жашоосунун, бири бирине жана коомго 
болгон мамилелеринин жыйындысы болгон чегин көрсөтөт. Адептүүлүктүн 
мүнөзү коомдук экономикалык түзүлүш менен аныкталат. Адеп-ахлактын 
өлчөмү, мүнөзү таптардын, коомдун катмарларынын, элдердин улуттардын 
кызыкчылыгын чагылдырат жана жактайт. Адеп-ахлактык жалаң гана жүрүш 
туруштун өлчөмүнүн системасы эле болбостон, адамдардын руханий 
көрүнүшүнүн, таптардын, коомдук катмарлардын жана элдин ички дүйнөсүнүн 
өзгөчөлүгүн мүнөздөйт. Адеп-ахлактык адам коому менен бирге пайда болгон, 
б.а. мамлекет жана укукка чейин пайда болгон жана узак тарыхый жолду басып 
өткөн, коомдук түзүлүштүн жана өндүрүштүн өзгөрүшү менен кошо өзгөрүлүп 
турат. Адеп-ахлактык чектер жана мамилелер түбөлүктүү нерсе эмес, акылдан 
жана ойдон пайда болгон. Ал коомдун өзүнөн пайда болгон реалдуулук, 
адамдын жүрүш турушу коомдук пикирдин күчү менен жөнгө салынып, 
башкарылып, тартипке салынат. Адеп-ахлактык адамдын жүрүш турушун, 
тартибин чектеп башкаруунун түрүнө кирет, ал эми укук, салт, адат менен 
айкалышып турат. Эгерде укукта адамдардын жүрүш турушу атайлап жазылып, 
чектелип, бекемделип жана турмушка атайын уюмдар аркылуу ишке 
ашырылса, ал эми адеп-ахлактын талабы турмушта эл массасынын өзүнүн 
практикасында, алардын өз ара мамилелеринин жүрүшүндө, турмуштук 
практиканы жана тарыхый тажрыйбаны чагылдыруунун негизинде коомдук 
турмушта сакталып, ишке ашырылып келет, ага коомдук ой пикирдин күчү 
менен көз салынып, колдоого алынып турат. Моралдык нормалар (чектер) 
массалык адаттын күчү менен коомдук ой пикир аркылуу колдоого алынат. Ал 
бардык адамдар тарабынан ар бир адамга, эч ким эстен чыгарылбай көзөмөлдүн 
алдында болот.
Адам антропосоциогенез процессинин продуктысы. Антропогенез (греч 
anthropos – адам, genesis – чыгышы, пайда болушу, жаралышы) – адамдын 
пайда болушу жана анын өсүп-өнүгүүсүнүн процесси. Дарвин, Гексли, Геккель 
далилдешкендей, адам эң жогорку сапаттагы адамга окшош маймылдан 
чыккан. Ф.Энгельстин көрсөткөнү боюнча, маймылдын адамга айланышынын 
эң негизги себепчи күчү болуп коомдук эмгек, ишмердүүлүк саналат. Адамдын 
пайда болушу миңдеген жылдарга созулган жана көптөгөн баскычтар аркылуу 
өткөн жөнөкөй аңчылык, табигый куралдарды пайдалануудан баштап, жасалма 
эмгек куралдарын системалык түрдө даярдоого чейин. Ал эми коомдук өнүгүү 
сезимдин жана тилдин пайда болушуна шарт түзүп, адамдардын азыркы 
анатомиялык тулку бой мүчөсүн калыптандырды. Ушуга байланыштуу 
антропологизм идеясы үстөмдүк кылып келген. Антропологизм (грек anthropos 
– адам, logos - илим) – адам жөнүндөгү илим. Адам эмне жана ким экенин 
түшүнүүдө, табияттын эң жогорку деңгээлде, табият өзү жараткан жана анын 


126 
өзгөчөлүктөрү, сапаттары жалаң гана табияттын өзү менен аныкталынат деген 
илимдеги концепция. Мындай илимдеги кадам, адамдын маңызын түшүнүүдө, 
адам менен табияттын ортосундагы тыгыз байланышты көрсөтүүдөгү 
зарылдыктан келип чыккан. Мындай түшүнүк адамдын түпкү маңызын 
түшүнүүдөгү адамдын жанын анын денесинен бөлүп экөөсүн эки башка, 
барабар катары караган дуализмге жана идеалисттик түшүнүккө каршы 
жасалган кадам. Адамдын маңызын илимий жактан түшүнүү – адам жалаң гана 
табияттан жаратылган эмес, ал коомдун өсүп өнүгүшүнөн пайда болгон. Адам – 
бул табияттын да, коомдун да өсүшүндө пайда болгон эң жогорку деңгээлдеги 
жан, адамдын келип чыгышында коом чечүүчү ролду ойнойт. 
Ал эми кайра жаралуу доорунда антропоцентризм жана гуманизм чоң 
роль ойногон. Антропоцентризм – адам ааламдын борбору жана аалам 
түзүлүшүнүн акыркы чеги, максаты катары караган көз караш.
Гуманизм (лат. humanus - адамкерчиликтүүлүк) – бул термин кыргызча 
деле «гуманизм» деп бардык илимий жана саясий тармактарда колдонулуп 
жүрөт. Гуманизм – бул адамдын адамдыгын жана укугун сыйлоо, адамдардын 
жыргалчылыгы жөнүндө кам көрүү, анын өсүшүнө коомдо жагымдуу 
шарттарды түзүүнү, ж.б.у.с. камтыйт. Биринчи башталышында гуманизмдин 
идеялары эл массасы тарабынан, эзүүгө каршы уюшпаган түрдө болгон 
күрөштө иштелип чыккан. Ал эми Кайра Жаралуу доорунда (XV-XVI кк) 
гуманизм ой пикир катары калыптана баштайт. Кайра жаралуу доорунда 
гуманизмдин ири өкүлдөрү Петрарка, Бокаччо, Леонардо да Винчи, Коперник, 
Бруно, Ф.Бэкон, Эразм Роттердамский ж.б. адамдын эркиндигин, адамдын 
ырахаттануу үчүн укугун билдиришкен.. Бул турмушта талаптарын 
канаттандырарын көтөрүп чыгышып, диндик аскетизмге каршы чыгышкан. 
Чыныгы гуманизм – бул адамды адам эзүүнү, социалдык жана улуттук 
теңсиздикти жоюу, ошондой эле бардык адамдардын арасында таптык, улуттук, 
расалык айырмачылыкка карабай тең укуктуулук идеясынын салтанаттанышы, 
коомдо инсандын ар тараптан жана гармониялык өсүшүнө шарт түзүү. 
Адамдын жыргалчылыгы үчүн кам көрүү жана адамдын адамдык турпатын 
сыйлоо болуп саналат. 
Адамдагы социалдык жагы инсан. Инсан – бул түшүнүк биринчи жолу 
байыркы грек театрында актердун бетке кийген маскасы, ойногон ролун 
билдирген. Ошол эле мезгилде бул түшүнүк байыркы грек философиясында 
инсанды полистен же жалпы уюмдан ажыратып, дененин бир мүчөсүн бүтүн 
денеден ажыратып кароого болбойт деген маанини билдирет. Инсан деген 
түшүнүк көптөгөн гуманитардык илимдерде колдонулат. Философияда инсан 
деген түшүнүк – адамды, коомдук сапатты алып жүргөн – бирөө, коомдун бир 
мүчөсү деген маанини түшүндүрөт. Инсан деген түшүнүктүн ички мааниси – 
бул биосоциалдык сапаттагы жандын өзүнүн ички маани негизи, мазмуну 
коомдук мамилелерди өзүнө сиңирип алган адамдын сапаты. Инсан – коомдун 
жеке адамдагы чагылдырылышы. Ар бир адам – инсан, анткени, учурдагы коом 
ал адамдын ички дүйнөсүнүн, жүрүш турушунун аныктоочусу, эң башкысы, 
негизи. Коомдо адамдын коомдук жан катары жашашы, адамдардын бири бири 


127 
менен байланышын зарыл кылат, ал байланышта, адам жашап турган коомдук 
сапаттарын өзүнө сиңирип, инсан катары коомдун мазмунуна окшошот. 
Инсандын ички маңызы анын биологиялык белгилери менен эмес, кыймылы 
менен аныкталат. Адамдардын инсандык сапаттарга ээ болууда анын табийгый 
белгилери башталышы болуп саналат, индивиддер – жеке адамдар, 
биологиялык кээ бир белгилер, өзгөчөлүктөр менен айырмаланат, бирок инсан 
катары ал коомдо гана калыптанат. Ошондуктан, инсанга таандык болгон 
касиеттер аны менен кошо төрөлбөйт, ал коомдук түзүлүшкө жараша болот. Ар 
бир коомдун өз дооруна жараша, аны бүт камтып чагылдырган инсаны болот. 
Инсанда генетикалык, биологиялык өзгөчөлүктөр болот, бирок алар инсандык 
негизин, саппаттарын аныктай албайт. Инсандын негизги мазмунун аныктаган 
коом. 
3. Адам жашоосу, өлүмү, өлбөстүк маселеси. Зомбулук жана эркиндик. Адам 
эркиндиги жана жоопкерчилиги 
Адам жашоону, өмүрдү ага берилген бир гана мүмкүнчүлүк деп билет. Ал 
эми өлүм анын болмуш эмеске кетиши. Адамдын өзүнүн өлүшү жөнүндөгү 
маселени билиши өмүрдү баалаганга, ар бир убактысын чыгармачылык менен 
өткөрүүсүнө түрткү берет. Өлүм феноменине карата рационалисттик-стоиктик, 
диндик, романтико-сентименталдык, атеисттик көз караштар бар. 
Зомбулук маселеси эркиндик менен байланышта каралат. Бул маселеге 
карата эки көз караш бар: абсолюттук жана прагматикалык. Кеңири мааниде 
зордук-зомбулук адамды бардык түрдөгү басынтуу деп билебиз. Ага 
физикалык, экономикалык, саясий, психологиялык ж.б. кирет. Булар адамдын 
инсандык өнүгүүсүнө таасирин тийгизип, басынтуунун ар кандай деңгээлинде 
болот.
Ал эми зордук-зомбулукту тар мааниде дене түзүлүшүнө зыян алып келүү 
жана экономикалык жактан зыянга учуратуу катары билебиз. Зомбулук 
үстөмдүктү, бир адамдын экинчисине карата бийлигин көрсөтөт. Зомбулук 
бирөөнүн эркинин экинчисине болгон үстөмдүк кылуусунун жолу жана ал үчүн 
чечимдерди кабыл алуусу ж.б. Бул үй бүлөдөгү атанын бийлиги, мыйзамдын 
бийлиги же басып алуучунун бийлиги аркылуу да көрүнөт. 
Зомбулуксуздук коомдун тарыхында зомбулукка каршылык көрсөтүү
катары каралат. Көп учурда момундуктун, пассивдүүлуктүн, алсыздыктын 
чагылдырылышы катары кабыл алынганы менен каршылык көрсөтпөө менен 
туюнтулуп келген. Зомбулуксуз жүрүм турумдун принциптери болуп чындык 
үчүн үстөмдүктөн качуу, өзгөрүүгө даяр болуу, компромисс үчүн сүйлөшүүгө 
баруу; жеке өзүнүн журум турумун сындоо; каршы тараптын көз карашында 
кырдаалга анализ жасоо; жамандык менен күрөшүү; каршы турган тарапка 
карата ачык көз карашта болуу. 
Эркиндик 
маселесин 
талдоодо 
эрктин 
эркиндигине 
кайрылуу 
философиянын алдына койгон максатынын бири. Эрк эркиндиги – инсандын
белгилүү бир максаттарын жана милдеттерин аткарууда адамдын 
тоскоолдуксуз ички өзүн өзү аныктоо мүмкүнчүлүгүн билдирген түшүнүк. 
Философияда жана диний дүйнөтаанымда эрк эркиндиги адамдын акыл 


128 
эстүүлүгү, анын иш аракети үчүн жоопкерчилиги, өз милдетин аткаруу, өз 
тагдырын аңдап билүү менен байланышкан. 
Жоопкерчилик – инсандын, жамааттын, коомдун ортосундагы 
объективдүү, тарыхый спецификалык түрүн аларга коюлган өз ара талаптарды 
аң сезимдүү ишке ашыруу көз карашын мүнөздөгөн негизги фиософиялык 
түшүнүк. Жоопкерчилик адамдын жүрүм турумунун жана иш аракетинин ички 
мотивациясынын негизи. Мында абийир чоң мааниге ээ. Жоопкерчиликтин 
тарыхый, саясий, моралдык, укуктук ж.б. түрлөрү бар. Ошондой эле 
жоопкерчилик жеке жоопкерчилик жана топтук жамааттык жоопкерчиик 
түрүндө болот. Жоопкерчилик адамды коомдун кызыкчылыгына ылайык өзүн 
алып жүрүүсүн шарттайт. Ошондуктан эркиндик менен жопкерчилик 
диалектикалык 
байланышта: 
адамдын 
эркиндиги 
көбөйгөн 
сайын 
жооперчилиги да жогорулайт.
4. Мораль, адилеттүүлүк жана укуктун карым-катнашы 
Мораль менен укук жана нравалуулук байланышта: мораль белгилүү 
бир баалуулуктарды камтыйт; укук негизги нравалык баалуулуктарды сактоо, 
жалпы таанылган мамилелерди жана баалуулуктарды өнүктүрүү милдетин 
аткарат. Укук мораль тарабынан пайда болот. Мораль адамзаттын 
өнүгүүсүнүн белгилүү бир этабында пайда болот; ошондо гана адам өзүн 
коомдун мучөсү катары сезет. Ал бир нече этаптан жана баскычтан турат. 
Мораль болгон жерде гана укук болот, анткени коом нравалык атмосфераны 
сактоого муктаж, укук коомдо коргоо милдетин аткарат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   97   98   99   100   101   102   103   104   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет