Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет49/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   45   46   47   48   49   50   51   52   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Субстанция, атрибуттар, модустар. Субстанция мейкиндик менен 
убакытта чексиз, жеке буюмдарга кээ бир убакыт жана мейкиндик таандык. 
Субстанция болсо жеке убакыт жана мейкиндиктен сырткары турат. 
Субстанциянын түбөлүктүүлүгү Спиноза тарабынан өзгөрүлбөс, чексиз 
реалдуулук катары кабылданат, ал пайда болбойт жана жок болбойт. 
Субстанцияда өткөн чак, учур чак жана келер чак тыгыз байланышкан. Өткөн 
чак учур чак үчүн жок болбойт, келечек сөзсүз өз убагында боло турганды 
билдирет. Спинозанын ой жүгүртүүсүндө субстанция бирден бир жана жалгыз. 
Эгерде субстанция көп болсо, анда алар кээ бир белгилери боюнча бири-
биринен айырмаланмак, натыйжада, ар бир субстанцияга болмуш эмес, 
жетишпестик же чек таандык болот, бул анын чексиздигин жана өзүн да жок 
кылат.


53 
Жаратылыш субстанциясы – анын атрибутунан көрүнөт. Атрибут 
маанилүү, жалпы касиеттерден көрүнөт. Субстанция чексиз көп атрибутка ээ. 
Бирок Спинозанын оюу боюнча эки гана атрибут белгилүү – созулуш жана 
ойлом. Субстанция жана атрибут түшүнүктөрүнө модус түшүнүгү да кошулат. 
Субстанция өзүнө өзү себеп катары биринчилик мааниде, шартталбаган, чексиз. 
Субстанция түшүнүгүнө модус түшүнүгү каршы коюлат: модус – бул башкалар 
аркылуу шартталган, чектелген, чеги бар. Ар кандай чеги бар касиет 
чексиздиктин белгилүү жана чектелген көрүнүшү, ошондуктан модустар – 
атрибуттардын кээ бир жекече формасы. Созулуш атрибутунун модусу болуп 
тигил же бул конкреттүү созулуш эсептелсе, ойломдун атрибуту болуп тигил 
же бул жеке ой, идея же жеке адамдын акылы эсептелет. 
Готфрид Вильгелм Лейбниц (1646-1716-жж.) Рационализмдин дагы бир 
өкүлү болуп Г.В.Лейбниц эсептелет. Лейбниц философиялык системаны түзүү 
үчүн колдонулуучу бир нече принциптерди калыптандырган, философ үчүн 
дүйнөнүн байланыштары жана карым-катнашы өзүнүн түзүлүшү боюнча 
логикалык байланышка окшош. Ал мындай принциптерди көрсөтөт: 1. Жалпы 
айырмачылыктар принциби.2. Үзгүлтүксүздүк принциби. 
3. Дискреттүүлүк принциби4. Жалпы байланыш принциби.5. Максимум жана 
минимум принциби
Монадология. Лейбництин монадологиясынын маңызы төмөндөгүчө: 
дүйнөнүн негизинде субстанция жатат, ал монадалардын жыйындысы катары 
каралат. Монада – кээ бир рухий түзүлүш. Лейбниц мындайча ой жүгүртөт: 
«Кудай субстанцияны жаратты жана ага зарыл болгон күч кубат берди… андан 
кийин алардын өз алдынча аракеттенүүсүнө мүмкүндүк берди, ал эми өзү болсо 
аларды сактап турат жана алардын аракетинде эч кандай жардам бербейт». 
Кудай монаданы эле жаратпастан материяны да жаратат; материя монаданын 
сырткы кабыкчысы. Эгерде материянын принциби каршылык көрсөтүү, 
бөлүнбөстүк, механикалык кыймыл болсо, монаданын принциби болуп 
активдүүлүк, энтелехия эсептелет. Лейбництин оюу боюнча монадалардын 3 
түрү бар: 1. Төмөнкү монадалар – буларды «жылаңач» монадалар деп атаган. 2. 
Монадалардын экинчи классы – туюм, сезимге ээ болгон монадалар. Буларга 
жаныбарлар кирет. 3. Монадалардын үчүнчү классы – адамдардын жаны. Бул 
монадалар – эс тутум, ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, өзүн өзү аңдап билүүгө ээ 
болгон активдүү аң сезим. Ар бир монада өзүнчө алыстап турат, өз алдынча 
аракеттенет. 
Ошентип, Лейбництин ой жүгүртүүсүндө акыл чындыгы факт 
чындыгынан жогору турат. Чындыктын 3 критерийи бар: идеянын карама-
каршы эместиги; тажрыйбага дал келүү; чыныгылыгы аныкталган идеядан 
жаңы идеянын келип чыгышы. Мындан сырткары Лейбниц маңыз жана жашоо 
жөнүндө, теодицея проблемасынын үстүндө ой жүгүртөт. Анын философиясы 
кийинки доорлордо негизги окуу катары кабыл алынган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   45   46   47   48   49   50   51   52   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет