Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


 Курсту окутуунун максаты, милдеттери жана принциптери



Pdf көрінісі
бет2/12
Дата05.11.2023
өлшемі0.58 Mb.
#482401
түріПрограмма
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12
Жумушчу программа МУЗЕЙ ТАНУУ 2023

1.2. Курсту окутуунун максаты, милдеттери жана принциптери.
Музей таануу атайын илимий дисциплина болуп, музей тармагынын пайда 
болушун, музейдин негизги иш аракеттеринин багыттарын, музей таануунун 
өнүгүшүн, музей предметтеринин өзгөчөлүктөрүн, алардан адам баласына 
керектүү социалдык маалыматтарды сактоосун жана аны кийинки муундарга 
калтыруусун окутат.
Курстун максаты – студенттерге музей тармагы жана музей таануу 
предмети боюнча жалпы түшүнүк берүү. 
Курстун милдеттери: 
- Таанып-билүүчүлүк – музей таануу өзүнчө тармак катары каралып,
анын өнүгүшүнүн ар бир этаптарынын өзгөчөлүктөрү үйрөтүлүп, бул 
тармактын түзүмү, музей иштеринин негизги формалары боюнча
түшүндүрүлүп, предметтин теориясы менен методикасы боюнча 
белгилүү көлөмдө маалыматтар жеткирилет;
- практикалык – музей таануунун структуралык формасына карап 
боолголоого үйрөтүп, азыркы мезгилдеги музей таанууда коомдук-
экономикалык формацияга ылайык музей иштеринин өнүгүшүн жана 
анын жаралышынан берки спецификалык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү;
- методологиялык – студенттерге музей таанууну илим катары 
изилдөөдө тарыхый-маданий, социалдык-психологиялык анализдөө 
ыкмаларын үйрөтүү.
«Музей таануу» курсунда теоретикалык жактан гана түшүнүк 
берилбестен, бул илимдин өнүгүшү боюнча конкреттүү мисалдар аркылуу 
окутулат. 
Окутууда лекциялар студенттердин өздүк чыгармачылык иштери менен 
практикалык иштерин айкалыштырып, борбордук музейлерге барып 
таанышуу каралган. 



1.3. Билим берүү программасынын түзүмүн ишке ашырууда курстун 
ролу жана орду. 
Музей таануу тарыхтын жана музей иштеринин өнүгүшү карап, жалпы 
эле тарыхка кызыккандар үчүн арналып даярдалган предмет. «Музей таануу» 
дисциплинасы жогорку окуу жайлардын «тарых» адистиги боюнча окуган 
студенттерине өтүүгө ыңгайлаштырылган. Бул программа Тарых жана 
социалдык билим берүү институтунун 3-курсунун студенттерине 
ылайыкташтырылып түзүлгөн. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет