Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 5.1.1.- Мектептер боюнча көзөмөлдөө жана эксперименттик



Pdf көрінісі
бет60/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 5.1.1.- Мектептер боюнча көзөмөлдөө жана эксперименттик 
топтордогу окуучулардын саны. 
Мектептин аталышы 
Көзөмөлдөө 
тобундагы 
окуучулардын 
саны 
Эксперименталд
ык 
топтогу 
окуучулардын 
саны 
Бардыгы 
Бишкек 
шаарындагы 
№88-орто мектеби 
364 
340 
704 
Ысык-Ата районундагы 
К.Айдарбеков атындагы 
орто мектеп 
65 
60 
125 
Москва 
районундагы 
Т.Базаркулов атындагы 
орто мектеп 
25 
23 
48 
Панфилов районундагы 
А.Осмонов 
атындагы 
20 
22 
42 


247 
орто мектеп 
Тоң 
районундагы 
Б.Мамбетов 
атындагы 
орто мектеп 
24 
23 
47 
Эксперименттин жүрүшүндө көзөмөлдөө тобундагы окуучулар 
колдонулуп жаткан окуу программасы жана окуу китеби менен окутулду. 
Алар: Кыргыз Билим Берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген 
“Башталгыч класстардын программалары” (2008-ж.) жана 2- класс үчүн 
“Кыргыз тили” окуу китеби (автору С.Рысбаев), 3- класс үчүн “Кыргыз тили” 
окуу китеби (авторлору С.Рысбаев, Ч.Исакова), 4- класс үчүн “Кыргыз тили” 
окуу китеби (автору С.Шаелдаева). Ал эми эксперименталдык топтордо 
кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуу ыкмасы менен иштелип чыккан 
окуу материалдары колдонулду. 
Окуучулардын билиминин, билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн 
калыптанышын аныктоодо жат жазуу баяндама дил баян жаздыруу, текстти 
угуп түшүнүүсүн текшерүү, текст түзүүсүн, текшерүү, грамматикалык 
материалдарды өздөштүрүүсүн текшерүү, грамматикалык тесттерди 
жүргүзүү сыяктуу иш- аракеттер өткөрүлдү. 
Илимий изилдөөнүн максатына жана милдеттерине ылайык 
эксперименттин төмөнкүдөй баскычтары: экспериментти уюштуруу, ишке 
ашыруу, констатациялоо жана интерпретациялоо белгиленди жана 
жүргүзүлдү. 
Эксперимент жүргүзүүнүн биринчи баскычында аны жүргүзүү үчүн 
мектептер тандалып алынып, контролдук жана эксперименттик класстар 
аныкталды. Окуучулардын эне тили боюнча билимин, билгичтиктерин 
көндүмдөрүн аныктоо максатында ар түрдүү тапшырмалар аткартылды. Бул 
тапшырмалардын түрлөрүнө жат жазуу жаздыртуу, баяндама жана дил баян 
жаздыруу, грамматикалык материалдарды өздөштүрүүсүн текшерүү, текстти 
угуу жана баяндап берүү, текст түзүү сыяктуу тапшырмалар аткарылды. 
Жат жазуу үчүн төмөнкү текст тандалып алынды: 


248 
Биздин тоолор 
Бизде бийиктиги бир нече чакырым келген тоолор бар. Мындай 
тоолордун чокуларында эч качан эрибеген ак кар, көк муз жатат. Муну мөңгү 
дейбиз. 
Ала- Тоо, Тянь- Шань, Алай тоолоруна далай экспедиция барып, 
алардын кен байлыктарын текшерген. Бул тоолордо алтын, күмүш, нефть, 
таш көмүр- баары бар. 
Кыргызстандын тоолорун аркар, кулжа, аюу сыяктуу айбанаттар 
мекендешет. Биз токойго да байбыз. Түштүктө алма, алча, жаңгак аралаш 
токойлор көп. Алар: Кара- Алма, Арстанбап жана башкалар. 
Тоонун малга да, адамга да пейили кенен. Баарын энедей асырайт. 
Ошон үчүн тоо бийик. Анын сыры терең. (А.Кадыров) 
“Менин үй- бүлөм”, “Менин мектебим” аттуу темаларда дил баяндарды 
жаздырууда да жогоруда белгиленген каталар кетирилген. 
“Ата-эне туурасында бир эки ооз сөз”, “Айылым” тексттерин окуу, 
угуу жана баяндоо тапшырмалары аткарылды. 
Тексттер: 
Ата жана эне туурасында бир-эки ооз сөз 
Бардыгынан сүйүктүү биздин ата-энебиз. Ата-энебиз бизди 
төрөлгөндөн баштап багып өстүргөн. Атабыз биз үчүн кышында суукка 
тоңуп, жазында ысыкка күйүп, мал бакты. Энебиз ак сүтүн эмизип, ысык- 
сууктан сактап, «кагылайын, каралдым» деп өстүрдү. Ата-энебиз биз 
чоңоюп, эс кире баштаган соң балам үлгүлүү жана билимдүү болсун деп 
билим берди. Алар ар убакта биздин билимдүү болушубузду чың көңүлү 
менен тиледи. Ар дайым бизге жакшы үмүт-тилек, насаат айтып, чыныгы 
адам болууга багыттады. Ошондуктан аларга жакшы кызмат кылып, 
иренжитпей, баталарын алуубуз керек. 
И.Арабаев 


249 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет