230
көндүмдөрүнүн
калыптануу
деңгээлин
белгилөө
жана
алынган
натыйжалардын стандарт талаптарына шайкештигин аныктоо.
Баалоодо окуп - үйрөнүүдөн күтүлүүчү
натыйжаларга жана
көрсөткүчтөргө басым жасалууга тийиш. Ар бир натыйжа көрсөткүчтөрдүн
жардамы менен текшерилет. Баалоодо дайыма эки эң маанилүү суроо пайда
болот:
- тапшырмалардын ишенимдүүлүгүн кантип камсыз кылууга болот?
Тапшырмаларды бир эле окуучу кайталап аткарууда бирдей эле натыйжа
алынса, анда аларды ишенимдүү деп айтабыз.
- валиддүүлүктү (жарамдуулукту, шайкештикти) кантип камсыз кылабыз?
Тапшырмалардын текшерүүнүн максатына дал келүүсү керек. Эмнени
текшерүү максат кылынса (билим, билгичтик жана көндүм)
тапшырмалардын ошого шайкеш келүүсү зарыл.
Тесттик тапшырмалардын валиддүүлүгү жана ишенимдүүлүгү татаал
проблемалардан болуп саналат
.
Башталгыч класстардагы кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда
сабагында окуучулардын билимин баалоо үчүн текшерүүнүн төмөнкүдөй
жолдорун колдонулат:
1.Оозеки: оозеки суроо, оозеки текшерүү иштери, диалог түзүү, баарлашуу,
маектешүү.
2.Жазуу түрүндө суроо: жат жазуу, баяндаманын, дилбаяндын, эссенин
түрлөрү
3. Практикалык иштер: практикалык иштер, кептин түрлөрү жана стилдери
боюнча текст түздүрүү, монолог, диалог түздүрүү,
грамматикалык,
стилистикалык талдоолор, стилистикалык эксперименттер ж.б.
Кыргыз тили сабагында тилдик, кептик компетенттүүлүктөрдү баалоо
үчүн көбүнчө практикалык иштер,портфолио колдонулуп, окуучунун жасаган
иши бааланат.
Баалоонун бир эле жолун колдонуу натыйжа бербейт.Ар түрдүү
техниканы колдонуу окуучуга өзүнүн ийгиликтерин ар кыл жолдор менен
231
көрсөтүүгө түрткү берет. Мисалы бир окуучу жат жазуу, баяндаманы мыкты
жазса, экинчи бир окуучу эркин темада дилбаянды мыкты жазат, ал
эми
үчүнчү окуучу грамматикалык талдоодон өзүн көрсөтө алат. ж.б.
Баалоонун ар түрдүү методдорун ылгоо жана пайдалануу башталгыч
класстын мугалиминин ишинин бир бөлүгү болуп саналат.Баалоонун ар
түрдүү методдорун колдонуу кыргыз тилин окутуу процессине сөзсүз
таасирин тийгизет. Бул жогоруда сөз кылган калыптандыруучу
(формативдик) баалоонун методдорун колдонууда айрыкча байкалат.
Баалоонун планын түзүүдө мугалим диагноздоочу баалоону окутуунун
баштапкы этабында, калыптандыруучу баалоону – материалды үйрөтүү
мезгилинде ал эми, жыйынтыктоочу баалоону
окутуунун жыйынтыгын
чыгарууда пайдаланса ылайыктуу.
Өзүн - өзү баалоо, бири - бирин баалоодо кемчиликтери жана аларды
жоюунун жолдору да аныкталат. Өзүнүн жетишкендиктерин баалоо,
каталарын түзөтүү, өз алдынча иштөө, өзүн өзү баалоо ыкмалары
калыптанат. Окуучулардын “өзүн - өзү баалоо, бири-бирин баалоо”
критерийлерге карата баалоого негизделүү
менен ар бир сабактын
жыйынтыктоочу этаптарында төмөндөгү суроолорго таянуу менен ишке
ашырылат:
иштеги ийгиликтериң жана кемчиликтериң?
өзүңө эмнени каалайсың?
классташтарыңа эмнени каалайсың?
иште кандай кыйынчылыктар кездешти?
эң кызыктуу эмне болду?
иш процессинде эмнелерди үйрөндүң?
эмнелер жакты, эмнелер жаккан жок?
232
Бири - бирин баалоонун артыкчылыгы – окуучулар башкалардын ишинин
мыкты жана начар жактарын байкоо менен өзү да өсүү менен өз кемчилигин
талдай билет. Мында “Кош жылдыз жана каалоо” деген ыкманы колдонсо
ылайык. Өз ара бири-биринин дилбаян, эсселерин баалашат. Жакшы
жазылган жерине – “кош жылдыз”, толуктай турган жерине “каалоо”
жазылат.
Тест аркылуу баалоо – окуучунун предметтин мазмунун түшүнгөнүн жана
билгенин текшерүү максатында өткөрүлөт. Тесттер
калыптандыруучу жана
жыйынтыктоочу баалоодо колдонулат. Тесттин жыйынтыктары окуучу үчүн
татаал деп саналган тигил же бул теманы мыкты өздөштүрүүгө жардам берет.
Тест баалоонун көптөгөн формаларынын бири гана болгондуктан, баалоонун
башка методдору менен айкалышып колдонулат:
даяр жооптордун ичинен бир жоопту тандаган тест;
даяр жооптордун ичинен бир нече жоопторду тандаган тест;
сунушталган жооптордогу байланышты тапкан тест;
“туура”, “туура эмес” жооптуу тест;
жоопсуз тест, суроолор жана жооптор
Достарыңызбен бөлісу: