Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет62/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   58   59   60   61   62   63   64   65   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Уз- мугалим
Жумабүбү апа 50 жылдан ашуун бир мектепте башталгыч класстардын 
мугалими болуп эмгектенген. Ал жүздөгөн жаш жеткинчиктерге таалим- 
тарбия берип, башталгыч мектептин уясынан учурду. Талыкпаган эмгеги 
менен окуучуларынын, ата- энелердин урмат- сыйына ээ болду. Көптөгөн 
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. 
Жумабүбү апа ардактуу мугалим эле эмес, колунан көөрү төгүлгөн 
чебер уз болгон. Ал калпак, тебетей, кемсел, белдемчи, кош этек көйнөк 
сыяктуу улуттук кийимдерди көркөмдөп тикчү. Шырдак, ала кийиз, туш 
кийиз, курак төшөк сыяктуу улуттук буюмдарды келиштире жасачу. 
Уз- мугалим мектепте көркөм кол өнөрчүлөр кружогун уюштуруп, 
кыздарга сайма сайганды, оюм ойгонду, кийим тиккенди үйрөткөн. 


251 
Жумабүбү апа Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Ал 
жасаган буюмдар республикалык кароо- сынактарда баалуу сыйлыктарга 
татыган. 
Баяндаманы жазууга карата таяныч сөздөр доскага жазылып, алар менен 
маанисин чечмелөө, сүйлөмдөрдү түзүү сыяктуу иш- аракеттер аткарылды. 
Баяндаманын планы окуучулар менен бирдикте түзүлдү. 
План: 
1. Жумабүбү апа- мугалим. 
2. Уз- мугалимдин колунан жаралган буюмдар. 
3. Мектептеги кол өнөрчүлүк кружогу. 
4. Жумабүбү апа- кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү. 
Окуучулардын жазган баяндамаларын текшерүүдө төмөнкүдөй каталар 
белгиленди: 
грамматикалык: 
энчилүү аттарды жазуудан кетирилген каталар; 
татаал сөздөрдү жазуудан кетирилген каталар; 
йоттошкон тамгаларды жазуудан кетирилген каталар; 
созулма үндүүлөрдү жазуудан кетирилген каталар; 
сөздөрдү ташымалдоодон кетирилген каталар; 
катар келген окшош үнсүздөрдү жазуудан кетирилген каталар, ж.б. 
стилдик:
орунсуз кайталоо; 
мазмундун чаржайыттыгы; 
сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартибинен кетирилген каталар; 
байланыштуу текст түзө албагандыгы. 
Берилген тапшырмаларды аткарууда окуучулардын дээрлик көпчүлүк 
бөлүгүнүн тилдик материалдарды, башкача айтканда, фонетикага, 
морфологияга, синтаксиске байланыштуу эрежелерди курулай жаттап алуу 
менен чектелип, аларды практикалык жактан колдонуудан көптөгөн 


252 
каталарды кетиргендиги, кеп ишмердүүлүгүнүн рецепциялык жана 
продуктивдик түрлөрүн пайдаланууда активдүү сөздүк запасынын жетишсиз 
экендиги, айрым сөздөрдү сөз айкашы жана сүйлөмдөр курамында тиешелүү 
грамматикалык формаларда колдоно албагандыгы, сүйлөмдөгү сөздөрдүн 
структуралык 
тартибин 
жеткиликтүү 
билбегендиги, 
сүйлөмдөрдү 
байланыштырып, 
байланыштуу 
текст 
катары 
түзүүдө 
каталарды 
кетиргендиги байкалды. 
Окуучулар грамматикалык эрежелерди жатка билишет, кептин 
рецецциялык түрүн (угуу, окуу) жана продуктивдик түрүн (сүйлөө, жазуу) 
пайдалана алышат, бирок эрежелерге карата мисалдарды табуу, аларды 
сүйлөмдүн тизмегинде, кебинде пайдалануу, байланыштуу текст түзүү, 
түшүнүгүн 
баяндап 
айтып 
берүү 
тапшырмаларын 
аткарууда 
мүчүлүштүктөрдү кетиришет. Макал- лакаптарды, ырларды жатка айтышат, 
бирок маанисин чечмелеп берүүдөн кыйналышат, ырдын мазмунун 
жеткиликтүү баяндай алышпайт. 
Мына ушул жагдайлар эске алынуу менен башталгыч класстарда 
кыргыз тилин окутуунун төмөнкүдөй максаттары аныкталды: 
башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун көлөмүнө (2- класста- 
104- саат, 3- класста- 103 саат, 4- класста- 104 саат) жараша аны 
окутуунун максаттарын жана милдеттерин аныктоо; 
аныкталган максаттар менен милдеттерге ылайык окутуунун мазмунун 
аныктоо (грамматикалык, лексикалык материалды, коммуникативдик 
компетенциянын калыптануу деңгээлин белгилөө); 
башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методун аныктоо. 
Башталгыч класстарда белгиленген (2-класста- 104 саат, 3-класста- 103 
саат, 4 класста- 104 саат) саат көлөмүндө кыргыз тили боюнча билим алган 
окуучу башталгыч мектепти аяктагандан кийин эң жөнөкөй тилдик 
материалды үйрөнүүнүн алгачкы баскычындагы билимдерге, билгичтик 
мененкөндүмдөргө ээ болууга тийиш, башкача айтканда, фонетика бөлүмү 
боюнча тыбыштардын үндүү, үнсүз болуп бөлүнүшүн, жоон жана ичке, 


253 
созулма жана кыска үндүүлөрдү, жумшак жана каткалаң, түгөйлүү жана 
түгөйсүз үнсүздөрдү, сөздөрдү муунга ажыратууну, сүйлөмгө элементардык 
мүнөздө фонетикалык талдоо жүргүзүүнү, морфология бөлүмү боюнча 
сөздүн курамын, уңгусун жана мүчөсүн, кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрүн, 
сүйлөмгө морфологиялык талдоо жүргүзүүнү; синтаксис бөлүмү боюнча сөз 
айкашы, сүйлөм, анын айтылыш максатына жана грамматикалык түзүлүшүнө 
карата бөлүнүшүн, сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн: ээ жана баяндоочту, 
айкындооч мүчөлөрдү (айкындооч мүчөлөрдүн түрлөрү башталгыч 
класстарда окутулбайт), сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзгөндү; лексика 
бөлүмү боюнча: сөздөрдүн лексикалык маанилерин, маанилеш сөздөрдү, 
синонимдерди, 
антонимдерди; 
эң 
жөнөкөй 
орфографиялык 
жана 
пунктуациялык эрежелерди; тексттин сүрөттөө, баяндоо, түрлөрүн, иш 
кагаздарынын өмүр баян, мүнөздөмө сыяктуу түрлөрүн жазууну; дил баян
баяндама жазууну, текст түзүүнү; өздөштүрүлгөн эң жөнөкөй мүнөздөгү 
грамматикалык материалдарды өз кебинде колдоно билүүгө тийиш. 
Башталгыч мектепти аяктаган окуучу жогорудагы билим, билгичтик 
көндүмдөрдөн тышкары изилдөөбүздүн негизи болгон- эне тилин текстке 
байланыштуу окуп- үйрөнүүгө калыптандырылышы керек, башкача айтканда 
текстти изилдөө менен катар грамматикалык материалдарды изилденип 
жаткан тексттин мазмунуна байланыштуу өздөштүрөт. 
Мындай максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу 
пландаштырылган: 
жөнөкөйдөн татаалга, белгилүүдөн белгисизге, сандын сапатка өтүү, 
ж.б. жалпы дидактикалык принциптерди колдонуу менен окуу 
материалын окуучулар тарабынан өздөштүрүлүүгө жеңил жана 
ырааттуу түзүп, текст менен иштөөгө үйрөтүү; 
грамматикалык материалдарды тексттин жардамы менен үйрөтүүнүн 
технологиясын иштеп чыгуу; 


254 
лексикалык материалдарды грамматикалык материалдар менен 
интеграциялоо жана граммматиканы коммуникативдик багытта 
үйрөтүү; 
грамматикалык материалдардын ар бир бөлүмүн окуп- үйрөтүүдө сөз 
өстүрүү, кеп ишмердүүлүгүнүн рецепциялык жана продуктивдик 
түрлөрүнө үйрөтүү менен байланышта иш алып баруу
башталгыч мектепте кыргыз тили сабагынын өздөштүрүлчү 
материалынын мазмунун жана көлөмүн педагогикалык эксперимент 
жана байкоо жүргүзүү аркылуу аныктоо; 
Изилдөө ишинин жалпы гипотезасы же божомолу- тандалган окуу 
материалы жана окутуу методу тандалып алынган мектептердин 
окуучуларын тексттин негизинде эне тилин үйрөнүүгө багыт алдыра алса, 
анда сунушталган методика башталгыч класс үчүн ылайыктуу. 
Окутуу экспериментин жүргүзүүгө 5 мектептен 966 окуучу катышты. 
Алар контролдук жана эксперименталдык класстарга бөлүштүрүлдү. 
Контролдук класстагы окуучулардын саны- 498 окуучу, эксперименталдык 
класста- 468 окуучу болду. 
Контролдук класстардагы окуучулар мектептерде учурда колдонулуп 
жаткан окуу программасы жана календардык пландын негизинде окутулду. 
Эксперименталдык 
класстардагы 
окуучулар 
жаңы 
окуу 
программасынын жана календардык пландын, эне тилин текстке 
байланыштуу окутууга багытталып түзүлгөн окуу материалдарынын 
жардамы менен окутулду. Эне тилин тексттин негизинде үйрөтүү 
процессинде бир гана тексттин жардамы менен бир нече грамматикалык 
көнүгүү- машыгуу тапшырмалар системасы аткарылды. Көнүгүү- 
машыгуулардын тапшырмалардын негизги максаты окуучулардын тексттин 
мазмунун изилдөө менен өз эне тилинде сабаттуу окуп жана жаза алуусуна, 
кебинин ырааттуу, бай жана көркөм болуусуна карай иш алып баруу үчүн 
багытталган. 


255 
Контролдук класстардагы жана эксперименталдык класстардагы 
окуучулар 2 чейрек аралыгында окутулуп, жыйынтык чыгарылган. Аларды 
төмөнкүдөй мазмундагы иш чаралар аркылуу текшерүү жүргүзүлгөн: 
грамматикалык материалдарды өздөштүрүүсүн текшерүү; 
жат жазуу жаздыртуу; 
дил баян жаздыртуу; 
баяндама жаздыртуу; 
текстти окуу, угуу жана түшүнүү; 
тексттин мазмунуна талдоо жүргүзүү. 
Бул текшерүү иш чараларынын жыйынтыктары чыгарылып, атайын 
таблицада көрсөтүлдү. 
Аталган иш чараларды өткөрүүдө окуучулардын жалпы предметтик 
компетенциясы, кептик компетенциясы, коммуникативдик компетенциясы 
толугу менен көзөмөлдөөгө алынып, текшерилет. 
Окуучулардын бул компетенцияларын калыптандыруу кыргыз тили 
сабактарын өтүү процессинде жүргүзүлөт. Кыргыз тили сабактарында 
окуучулардын фонетикалык, лексикалык, грамматикалык билимдери пайда 
болуп, бул билимдер менен кошо кептик көндүмдөр да, алардын ичинде 
фонетикалык, лексикалык, грамматикалык көндүмдөр калыптанат. Ошондой 
эле эне тили сабактарында кеп ишмердүүлүгүнүн рецепциялык жана 
продукциялык ишмердиктери өздөштүрүлөт. Башкача айтканда, уга биүү, 
жазуу, сүйлөө, окуу жана баяндап берүү билгичтиктери калыптанат. 
Окуучулардын аталган компетенцияларынын калыптанышына өбөлгө 
болуучу иш- аракеттер эне тили сабагын окутуу процессинде жүргүзүлөт. 
Төмөндө ушул сыяктуу сабактардын бирин алып көрөлү: 
Сабактын темасы: Сөз айкашы 
Текст: Айылым 
Шекер айылыма көп барам, эки- үч каттабасам көңүлүм толбой турат. 
Туугандарым келин алат, кыз берет. Жакшылык- жамандыгы аралаш бул 
дүйнөдөн өткөндөргө бир ууч топурак салуу да парз. Айтор көңүл тартып 


256 
турса, шылтоо табылат. Балдарым нукура шаардык болуп калышты, эр 
жеткен жигиттер, бирок ата- бабасынын туулуп- өскөн жерин таанып- билип 
жүрсүн деп, аларды да айылга үйрөтүүгө аракеттенем. Анткен менен, заман 
өзгөрүлдү окшойт. Ким билет, өзүм сыяктуу айылга катнаша алар бекен, аны 
келечек көрсөтөр. Ошондо да ар булактын чордону бар сыңары, Мекен деген 
алп сөздүн кут түшкөн очогу сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. 
Менин мекеним- Шекер айылы. 
Сөздүк: 
парз- милдет 
нукура- чыныгы 
чордону- башталышы 
(Ч.Айтматов). 
Сабактын максаттары: 
билим берүүчүлүк: сөз айкашы жөнүндө маалымат алышат. 
өнүктүрүүчүлүк: сөз айкашынын тутумун, түзүлүшүн, сүйлөмдөгү 
ордун, сүйлөмдөн айырмасын билишет. 
билим берүүчүлүк: өзүнүн Мекенин, кичи Мекенин сүйүүгө, баалоого, 
коргоого умтулушат. Бири-биринин пикирин баалай билүүгө 
үйрөнүшөт. 
Көрсөткүчтөр: 
Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде: 
сөз айкашы жөнүндө билсе; 
сөз айкашынын тутумун, түзүлүшүн билип, аны сүйлөмдөн 
ажырата алса; 
сөз айкаштарын түзө алса; 
сүйлөмдү сөз айкаштарына ажырата алса; 
текстти окуп, түшүнүп, анын негизинде көнүгүүлөрдү аткара 
алса. 
Сабактын тиби: жаңы билимди калыптандыруу. 
Сабактын формасы: жекече жана жупта иштөө. 


257 
Сабактын жабдылышы: таблица, флипчарт, маркер, сүрөттөр. 
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Өтүлгөн теманы кайталоо, өткөн сабактагы 
сүйлөм темасын суроо-жооп аркылуу кайталоо. 
Үйгө берилген жайлоо жөнүндө жазып келген аңгемелерин окутуу. 
Жаңы сабак: таблицанын жардамы менен сөз айкашы темасын 
түшүндүрүү. Сөз айкашынын тутумундагы негизги жана багыныңкы сөздөр 
жөнүндө маалымат берүү. 
Бышыктоо:текстти окутуу, түшүнүгүн айттыруу, өз айылы (шаары) 
жөнүндө, аңгеменин автору жөнүндө аңгемелешүү; 
Сөздүк менен иштөө: парз, нукура, чордону деген сөздөрдүн 
чечмеленишин дептерлерине көчүрүп жаздыруу. Алар менен 
сүйлөмдөрдү түздүрүү. 
Жекече иштөө: сүйлөмдөрдү сөз айкаштарына ажыратуу, сөз 
айкаштарын табуу тапшырмаларын өз алдынча иштешет. 
Топто иштөө: таблицаны мисалдар менен толтуруу, сөз айкаштарын 
катыштырып, сүйлөмдөрдү түзүү тапшырмаларын топто иштешет, 
презентациялашат. 
Жыйынтыктоо: Бүгүнкү сабакты сөз айкашы, анын тутумундагы 
негизги жана багыныңкы сөздөрдү үйрөнгөндүктөрүн, Ч.Айтматовдун 
«Айылым» тексти менен таанышып, анын негизинде көнүгүүлөрдү 
иштегендиктерин мугалимдин жардамы менен айтышат. 
Үй тапшырмасы: өз айылы жөнүндө аңгеме жазып, андан 5 сөз 
айкашын бөлүп көрсөтүү тапшырмасы берилет.
Окуучулардын билимин баалоо: окуучулардын билими сабактын 
көрсөткүчтөрүнүн негизинде бааланат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   58   59   60   61   62   63   64   65   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет