66
2.2.
Эне
тилин
текстке
байланыштуу
окутуунун
дүйнөлүк
тажрыйбасынан
Эне тилин текстке байланыштуу окутуу алыскы жана жакынкы чет
мамлекеттерде кеңири колдонулат. Англияда, Францияда, Германияда,
АКШда, Туркияда, Азербайжанда, ж.б. мамлекеттерде эне тили жана
адабияты предметтери бириктирилип окутулат жана окуу китеби да эки
предметти интеграциялоо менен түзүлгөн, б.а. акын- жазуучуларынын
чыгармалары, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү менен катар тилдик
материалдар жайгаштырылган.
Немец башталгыч мектептеринде окууга көп көңүл бурулат. Мында
окуу алардын тамга моделдери боюнча окуганды билүү үчүн гана
түшүнүлбөстөн, окуганга түшүнүп, ой жүгүртүү жана текст боюнча
грамматикалык тапшырмаларды аткарууда башкы максат катары түшүнүлөт.
Экинчи класс үчүн немец окуу куралындагы “Менин сүйүктүү
китебим” иш чарасынын курамында үй тапшырмасына карата
төмөндөгүдөй суроолор сунуш кылынат: Бул суроолорго жооп берип,
өзүңдүн сүйүктүү китебиңди тааныштырууга даярда:
Китептин аталышы, китептин автору, бул эмне китеп: детектив,
аңгеме, тарых, сүрөттөлгөн окуя, аракеттенүү орду,башкы каармандар,
кыскача сюжет- китептеги сага өзгөчө жаккан жердитап жана белгиле. Андан
үзүндүнүкласста окууга даярдан жана “сен эмне үчүн бул үзүндүнү тандап
алдың?” деген суроого жоопдаярда.
Текстти түшүнүүдө акылды машыктыруу үчүн немец окумуштуулары
В.Эндрес, Э.Берхард тарабынан “Биргелешип окуу жана жалпылоо”
көнүгүүсү сунуш кылынат. Бул көнүгүү анын маанисин түшүнүү
максатында текст менен иштөөдө колдонулат. Ошондой эле мында: тез
окуу, басымды туура коюп окуу, активдүү окуу, ойлонуп окуу жана
ичинен окуу сыяктуу компетенциялар калыптанат.
Иштөө жупта өткөрүлөт. Мугалим классты биринчи жана экинчи
вариантка бөлөт. Ар бир жупта биринчи жана экинчи варианттагы окуучу
67
болот. Мугалим доскага тапшырманы, тексттин аталышын жана окуу
куралынын бетин жазат. Андан соң окуучулар же мугалим текстти эки
үзүндүгө бөлөт жана доскадагы маалыматтарды көрсөтөт.
Биринчи учур- жекече иштөө: ар бир окуучу өзүнүн үзүндүсүн ичинен
окуйт. Окуучулар жупта ким биринчи үн чыгарып окуй тургандыгын
макулдашат.
Экинчи учур- өз ара окуу: биринчи окуучу тексттеги үзүндүнү үн
чыгарып окуйт, ал эми экинчи окуучу укканын айтып берүү үчүн угат.
Биринчи варианттагы окуучу үзүндүнү акырын, так жана интонация
менен окуйт. Экинчи варианттагы окуучу аны кунт коюп угуп турат.
Мындан сырткары ал окуучу туура эмес окуган жерди акырын
көрсөтөтжана талаша алат, б.а. кайра айтып берүү үчүн ага бүтүндөй текст
түшүнүктүү болушу чоң мааниге ээ. Андан соң экинчи варианттагы
окуучу укканын өз сөзү менен айтып берет жана биринчи варианттагы
окуучу анын түшүнгөнүн текшерет.
Эми окуучулар эмне түшүнүксүз болсо, бири-бирине суроо бере
алышат. Алар түшүндүрө албагандарды жазып алышып, кийинки сабакта
талкуулашат. Ал түшүнгөнүн кайра айтып бергенден кийин, окуучулар
кийинки үзүндүнү окууда роль алмашышат. Эгерде текст узун болсо, аны
төрткө бөлүүгө болот. Ар бир окуучу анда тексттин аягына чейин
ролдорун алмашуу менен жалпысынан эки жолу окуйт. Андан кийин
текст боюнча грамматикалык тапшырмаларды аткарат.
Дидактикалык жактан мугалим төмөнкүлөргө жардам берерин билиши
керек:
- окуу үчүн тексттин үзүндүсүн тандоого жардамдашат;
- Текст менен иштөөнүн нускамасын тартып берет же мурдараак
доскага жазып коѐт. Анда төмөндөгү кадамдар жазылышы мүмкүн:
- текстти толук окугула;
- текст боюнча берилген грамматикалык тапшырмаларды аткаргыла;
- тексттин маанисин талдагыла;
68
- тексттин логикалык интонациясын талдагыла;
- ролдорду бөлүштүргүлө;
- текстти ролдор боюнча окугула;
- сөздү айтууда үндү өзгөртүүгө аракет жасагыла;
- түстүү карандашты пайдаланып, логикалык басымды туура койгула
(керектүү сөздөрдүн алдын сызгыла);
- паузаларды бөлгүлө (сөздүн үстүнө белги койгула).
Андан соң алардын ар бири өз сөзү менен кыскача изложение
жазышат.
Мында алар текстти колдонууга жана кээ бир иштерди окуп,
дискуссия кылып талкуулоого болот. Сабактын аягында мугалим ишти
текшерүүгө жыйнап алат.
Немец эне тил китебинин авторлору М.Зенхофер жана Р.Рейчел эне
тил сабагында оозеки сөздү өнүктүрүүгө көп көңүл бөлүшөт жана “менин
байлыгым”, “спонтандуу аңгеме”, “пикир алышуу”, “көңүлдүү аңгеме”,
“калпты ойлоп тап”, “микрофондогу театр”, “куурчак театр”, “ролдуу
оюндар” ж.б.у.с. ыкмаларды колдонуп, окуучулар менен иштөөнү сунуш
кылышат.
Француз педагогу Селестин Френе балдарга өз оюн жазуу жүзүндө
жана
оозеки эркин айтууга мүмкүнчүлүк берген. Мына ошентип, биринчи
жолу “эркин текст” пайда болуп, анда балдар эмнени кааласа ошону
жазган. Бул анча чоң эмес дилбаян болгон, балдар өзүнүн үй-бүлөсү,
достору, келечек пландары жөнүндө айтышып, айлана-чөйрөдөн
байкагандарын жазышкан. Мында бала жазган текстин мугалимге
көрсөтүү же көрсөтпөөнү өзү чечкен.
Френе каалоочуларга текстти күн сайын окууну сунуш кылган. Ал
“эркин текст” деген тексттерде дагы бир маанини көрсөткөн- бул эне
тили боюнча гана көнүгүү болбостон, курчап турган дүйнө менен
баланын өз ара мамилесин жакшы түшүнүүгө жардам берген социалдык-
69
психологиялык тест болгон.
Андан кийин бул тексттерди чыгаруу идеясы пайда болот. Бул үчүн
колго жасалган “басмакана” колдонулган. Френе басуу станогуна иштөө
окуу жана тарбиялык мааниге ээ деп эсептелген.
Френе ар бир окуучу жекече иштей ала турган көнүгүүлөр менен өзүн
ылайыктоочу атайын карточкалар идеясына келген. Ар бир карточка окуу
материалынын белгилүү бир бөлүгүн, конкреттүү грамматикалык
тапшырманы камтыган.
Түрк окумуштуу- методисттери А.Эрол, Ф.Демироглу, ж.б. тарабынан
иштелип чыккан 1-4-класстар үчүн “Түрк тили” окуу китептеринде тексттер
мазмунуна жараша бир нече бөлүмдөргө бөлүнүп жайгаштырылып, ал
тексттердин негизинде аткарылуучу ар түрдүү лексика-грамматикалык
тапшырмалар жана текстти изилдөө тапшырмалары берилген.
Окуу китептеринин схема, таблицалар, сүрөттөр, иллюстрациялар
менен жасалгаланышы жогорку деңгээлде.
Окуу-методикалык комплекс 3 китептен турат: окуу китеби, жумушчу
дептер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмо.
Окуу китеби менен жумушчу дептердеги материалдар бири-бирине дал
келет. Окуу китебиндеги берилген тапшырмаларды жумушчу дептерде
аткарышат. Дептер делгени менен ал окуу куралы да китеп сыяктуу, калың
мукабалуу, түстүү сүрөттүү, эң мыкты жасалгаланган.
Материалдар чейректер боюнча жайгаштырылып, ар бир чейректин
аягында окуучулар үчүн өзүн-өзү баалоо баракчалары жайгаштырылган.
Анда окуучу текстти изилдөө, грамматикалык материалдарды өздөштүрүү
боюнча өз билимин өзү же ата-энесинин жардамы менен баалайт.
Орус окумуштуусу Т.А.Ладыженская редакциялаган “Развитие речи”
аттуу окуу китеби 2 бөлүмдөн туруп [. . . ] 1-бөлүмдө баарлашуунун түрлөрү,
Демосфендин башкы сыры, “жакшы жана жаман кеп”, “редакциялаганды
үйрөнөбүз”, “сылык бол”, “укканды үйрөнөбүз”, “окуганды үйрөнөбүз”
сыяктуу сабактардын үлгүлөрү түстүү сүрөттөр менен коштолуп, тексттен
70
кийинки, музыка уккандан кийинки тапшырмалар, кинофрагмент, видео
сюжеттер, дем алуу жана кептик көнүгүүлөр, жупта иштөө, топто иштөө,
дидактикалык оюндар сунушталган 2- бөлүмдө текст (тема, микротема),
кайталанган тексттер (текстти кайра айтуу) “келгиле, бири-бирибизди
мактайлы”, “кулактандыруу”, (эмне?, кайда?, качан?) текст түзүү, аңгеме
жомок жазуу боюнча сабактардын үлгүлөрү окуучуларды кептик кырдаалга
алып келип, сөздү угууга, мыкты сүйлөөгө, жазууга, окууга үйрөтүүчү сүрөт,
чиймелер, дидактикалык оюндар, кептик көнүгүүлөр, музыка, видео-
фрагменттер менен коштолуп, абдан кызыктуулугу менен айырмаланып
турат.
Н.В.Новотворцеванын “Развитие речи детей” аттуу эмгегинде баланын
байланыштуу кебин өнүктүрүүгө көркөм баяндоого, ой жүгүртүп сүйлөөгө
үйрөтүүчү тексттер, дидактикалык материалдар топтоштурулган жана
алардын негизинде грамматикалык тапшырмаларды аткаруу сунушталган.
Аталган эмгектерде тилдин системасы тексттин негизинде гана окутула
тургандыгы,
грамматикалык
эрежелер
тилдик
категория
катары
окутулбастан, пикир алышууну, сүйлөшүүнү, карым-катнашты ишке
ашыруучу каражат катары пайдаланылары, ал эми текст дидактикалык
бирдик катары башталгыч мектепте эне тилин окутууда колдонулары
белгиленет.
Достарыңызбен бөлісу: |