Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 2.3.1.- Тексттин түрлөрүн колдонуу



Pdf көрінісі
бет20/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 2.3.1.- Тексттин түрлөрүн колдонуу. 
Класс 
Көркөм 
стиль 
Публицист. 
стиль 
Окуу-илимий 
стиль 
Расмий- 
иштиктүү 
стиль 

50-55% 
30-35% 
7-8% 
5% 

40-45% 
25-30% 
15-20% 
10% 

30-35% 
20-25% 
20-25% 
15% 
Текст аркылуу жана интерактивдүү методдордун жардамы менен 
окуучулардын предметтик ( тилдик, кептик), түйүндүү (маалыматтык, 
социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү) 
компетенциялары калыптанат. 
Башталгыч 
класстарда 
кыргыз 
тилин 
окутууда 
окуп- 
үйрөнүүнүнтөмөнкүдөй негизги дидактикалык жана кошумча принциптерин 
эске алуу максатка ылайык келет: 
окутуунун жалпы дидактикалык принциби болуп эсептелген 


73 
жөнөкөйдөн татаалга, белгилүүдөн белгисизге карай принциби башталгыч 
класстарда окуп- үйрөнүүнүн эң негизги багыты болууга тийиш; 
окутуу жана тарбиялоону бири- бири менен тыгыз 
байланыштаалып баруу принцибинин сакталышы; 
жаңы билимдердин жана буга чейинки алган билимдеринин 
негизинде окуп- үйрөнүлүшү; 
окуп- үйрөнүлүүчү материалдын колдонууга керектүүлүгүн 
жана зарылдыгын окуучулардын түшүнүсүү; 
проблемаларды чечүүдө көптөгөн идеялардын, 
билгичтиктердин жана көндүмдөрүн колдонулушу. 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун мазмундук багыттары 
төмөнкүлөр: 
o
Фонетика, орфография, орфоэпия жана сөз өстүрүү 
o
Лексика, фразеология, сөз өстүрүү. 
o
Морфология жана сөз өстүрүү. 
o
Синтаксис, пунктуация жана сөз өстүрүү. 
o
Байланыштуу кеп. 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда тиешелүү фактылар, эне 
тилинин илимий маалыматтары (фонетика, лексикология, морфология, 
синтаксис, стилистика, орфография, пунктуация ж.б. боюнча) кыргыз тил 
илиминен алынат да, башталгыч класстарда эне тилине байланыштуу 
окутула турган конкреттүү бөлүмүн үйрөтүүнүн ыкмалары иштелип чыгат. 
Алардын орду такталып, методдордун натыйжалуу, ыңгайлуу жолдору 
аныкталат. Башталгыч класстарда кыргыз тилинен сабак берген мугалим 
педагогикалык чеберчилигин традициялык педагогиканын жана азыркы 
учурда колдонулуп жаткан окутуунун жаңы технологияларын терең 
өздөштүрүп, айкалыштыруу менен жогорулата алат. 
Азыркы учурда окутуунун жаңы технологиялары республикабыздын 
педагогдору тарабынан жылуу кабыл алынып, практикалык жактан колдоого 
ээ болуп жатат. “Педагогикалык технология” түшүнүгүнүн мазмуну 


74 
теориялык жактан талданып, практикалык колдонулушу ар тараптан 
изилдөөгө алынууда. “Технология” түшүнүгү педагогикага өндүрүштөн, 
өндүрүштүк технологиядан кирген.
Технология гректин техника жана логия сөздөрүнүн айкашынан 
алынган. Техника искусство, чеберчилик дегенди билгизет. Искусство- 
чындыкты, 
реалдуулукту 
көркөм 
образдардын 
жардамы 
менен 
чыгармачылыкта чагылдыруу. Чеберчилик- өнөр, өнөрчүлүк, устачылык, 
кесипчилик маанисин билдирет. Демек, технология термини кандайдыр бир 
нерсенин касиетин, формасын, абалын өзгөртүү, кайра иштетүү, андан башка 
нерсени даярдоо жолдору деген маанини билдирет. Муну схема түрүндө 
төмөнкүдөй көрсөтүүгө болот: 
Чийки зат
иштетүү 
продукт 
Мында технологиянын мааниси берилген чийки затты кантип иштетүү жана 
даяр продуктту кантип алуу керектигинде турат.
Окутуу технологиясы- окутуунун максатына жетүү үчүн тандалып 
алынган методдорду, ыкмаларды, каражаттарды, уюштуруу формаларын 
окуучуларга билим, тарбия берүүдө жана өнүктүрүүдө колдонуунун 
натыйжалуу жолу. Мындай жолдордун түрү өтө көп болгондуктан, көпчүлүк 
учурда окутуунун технологиялары же педагогикалык технологиялар деп 
айтышат. Мында алгачкы чийки зат (сырьѐ)- окуучу. Сырьѐну иштетүү- 
окутуу процессин уюштуруу. Продукт- тийиштүү билимге ээ болгон, таалим- 
тарбия алган, дене жана акыл- эс жагынан өнүккөн окуучу, башкача 
айтканда, мектептин бүтүрүүчүсү.
Педагогикалык технология өзүнүн мазмунуна окутуу технологиясынан 
башка дагы технологияларды камтыйт. Алардын катарына билим берүүнүн 
максатын, мазмунун жана окутуу принциптерин аныктоо, окутуу 
программаларын, окуу китептерин түзүү технологияларын кошууга болот. 
Профессор Э.Мамбетакуновдун ою боюнча окутуу технологиясына 
мүнөздүү өзгөчөлүктөр төмөнкүлөр: 


75 
1. Окутуунун мезгилге шайкеш келиши- окутууну модернизациялоого 
(учурдун талабына туура келтирүүгө) туруктуу багытталышы, башкача 
айтканда 
илимдин 
жетишкендиги 
менен 
анын 
практикадагы 
колдонулушунун ортосундагы ажырымды кыскартуу. 
2. Оптималдуулук- мугалим менен окуучунун минималдуу аракет жасоо 
менен таалим- тарбия ишинин максималдуу натыйжасына жетишүү. 
Мындагы негизги фактор- убакытты үнөмдөө жана билим берүүнүн жогорку 
сапаты болууга тийиш. 
3. Интеграктивдүүлүк- таалим тарбия ишин өркүндөтүүгө оң таасир берүү 
максатында көпчүлүк илимдердин жетишкендиктерин бириктирүү. Мында 
педагогика менен традициялуу байланышкан психология, социология, 
физиология гана эмес, информатика, статистика, экономика, башкаруу 
теориясы, эргономика, гендерология, жана башка илимдердин негизин 
пайдалануу. Мына ушул илимдердин жаңы жетишкендиктери бар идеяга 
топтоштурулганда гана алар окутуунун жаңы технологиясын иштеп чыгууга 
негиз боло алат. 
4. Илимийлүүлүк- окутууда жаңы мазмунду, методду, каражатты жана 
уюштуруу 
формасын 
колдонуунун 
натыйжасын 
изилдөө. Мында 
эмпирикалык, 
тажрыйбалык ыкмалар 
эмес, илимий 
методдордун 
колдонулушу башкы мааниге ээ. 
5. Окуучу менен мугалимдин иш- аракетин нормалап программалоо- окутуу 
процессин уюштурууну так, ийне- жибине чейин пландоо, тактоо. Ансыз 
окутуунун технологиясы жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. 
6. Окуу каражаттарын жана материалдарын активдүү колдонуу. Бул 
маалыматты жалгыз гана оозеки жол менен бербестен, окуу материалдарын, 
техникалык каражаттарды, айрыкча компьютердик технологияны колдонуу 
менен шартталат. 
7. Билим берүүнүн, билим алуунун рационалдуу чөйрөсүн уюштуруу- бул 
илимий 
изилдөөлөрдүн 
жана 
дидактикалык 
эргономиканын 
жетишкендиктерине негизделет. Окутуунун натыйжалуулугу мектептердин 


76 
материалдык- техникалык жабдылышынын абалын гана эмес, аларды 
пайдалануу боюнча түзүлгөн педагогикалык иш- аракеттерден көз каранды. 
Ошондуктан техникалык каражаттар окуу жайында түзүлгөн кабинеттер 
көргөзмө үчүн эмес, окутууну интенсивдештирүүгө арналуусу керек. 
8. Окутуунун натыйжасын сапаттуу баалоо. Анткени таалим- тарбия ишинин 
жүрүшүн, айрым учурдагы жана акыркы жыйынтыктарын туура, 
объективдүү бааланышы- анын сапатынын мыкты болушунун бирден- бир 
шарты. Албетте, буга көп убакыт талап кылынат. Ошондуктан кийинки 
учурларда бул максат үчүн учурдун талабына туура келген техникалык 
каражаттар кеңири колдонууда. Технологияны ушул гана максатта түшүнүү- 
жаңылыштык. 
Окутуу технологиясын иштеп чыгуунун мазмуну бири- бири менен 
тыгыз байланышта болгон эки элементтен турат: а) окутуунун билим 
берүүчүлүк (дидактикалык) максатын аныктоо; б) максатка жетүүнү камсыз 
кылуучу дидактикалык процесстерди түзүү. 
Окутуунун дидактикалык максатын иштеп чыгууда төмөнкүлөргө 
көңүл буруу талап кылынат: 
Мугалимге багыт берүүчү приоритеттүү максаттар: окутуу 
процессинде инсандын таанып- билүү активдүүлүгүн калыптандыруу; 
ой чабыты кенен эрудитти тарбиялоо; коомдогу өзгөрүштөрдү туура 
түшүнүүгө үйрөтүү; билимдердин негиздерин өз алдынча үйрөнүүгө 
көнүктүрүү. 
Окуу планында, окуу программаларында сунушталган окуу 
материалдарынын мазмунун аныктоо: өзгөчө маанилүү материалдарды 
тандап алуу; окуу материалынын курамын түзүү; ар бир предметтин 
мазмунуна жараша турмушта керек болуучу мисалдарды табуу, 
окуучунун билимди пайдалана билүүгө үйрөтүүчү көнүгүүлөрдү, 
тапшырмаларды түзүү; сунушталган окуу материалын өздөштүрүүгө 
коюлуучу талаптарды аныктоо; текшерүүнүн жана баалоонун так 
көрсөткүчтөрүн пайдалануу. 


77 
Жогоруда 
белгиленгендерге 
ылайык, 
окутуу 
процессин 
уюштуруу,анын ичинде кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуу 
технологиясы төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: 
1. Окутуу методдорун тандоо: билимдердин негизи менен алгачкы 
тааныштырууга арналган методдор; билимдердин мазмунун өздөштүрүүгө 
арналган методдор; билимдердин маңызын тактоого жана бышыктоого 
арналган методдор; билимдерди өркүндөтүүгө, аларды практикада колдоно 
билүүгө үйрөтүүчү методдор. 
2. Окутуу каражаттарын тандоо: окуу китеби менен иштөө: көрсөтмө 
каражаттарды тандай билүү; аудиовизуалдык каражаттарда колдонулуучу 
маалымат берүүчү материалдарды даярдоо, тандоо; окуу курал жабдыктарын 
тандоо; компьютердик каражатты пайдалануу. 
3. Окуу иштерин уюштуруунун формаларын тандоо: сабак, сабак- семинар, 
сабак- жомок, сабак-сахна, сабак- оюн, сабак- экскурсия, интеграцияланган 
сабак, окутуунун традициялык эмес формалары. 
4. Окуу иштеринин жыйынтыгын текшерүү жана баалоо; окуучулардын 
жаңы билимдерге ээ болууга даярдыгын текшерүү жана баалоо; алардын 
күндөлүк билимдерин текшерүү; билимдерди жыйынтыктап текшерүү; 
тесттик текшерүү. 
Окутуу технологиясы негизинен окутууну уюштуруу, анын 
натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Азыркы учурда алар жаңы 
технология, окутуунун интерактивдүү методу жана формасы деп аталат. 
Окутуу технологиясы- билим берүүнүн максатына жетүүнүн методу, 
каражаты, уюштуруу формасы жана шарттары, жыйынтыктоо, баалоо, 
коррекциялоо сыяктуу элементтерди өз ичине камтыйт. 
Технология, окутуунун активдүү формалары, методдору жана 
каражаттары деген түшүнүктөр бири- бири менен тыгыз байланышта 
каралат. 
Инсанга багытталган окутуу өзүнө изилдөөчүлүк, проблеманы 
чечүүчүлүктү камтыйт. Мында окуучулар жоопкерчиликти алгандыктан, 


78 
окутуу чөйрөсүндө материал мыкты өздөштүрүлөт. Бул учурда мугалим 
фасилитатор катары гана окутуу процессинде окуучуларды колдоо менен 
аларга багыт көрсөтүп турат. Окуучулар абдан көп баарлашат, турмуштук 
кырдаалдарга байланышкан диалогдорду түзүп, бир катар көнүгүү, 
машыгууларды аткарууга катышат. Натыйжада, өздөрүнүн түшүнүктөрүн 
жана сынчыл ойломдорун өнүктүрүшөт. 
Интерактивдүү окутууда мугалим өздөштүрүлүүчү материалдардын 
татаал маселелерин гана түшүндүрөт да, окуучулардан калгандарын өздөрү 
өздөштүрүүсүн талап кылат. Бул үчүн атайын суроо-тапшырмалар берилет. 
Окуучулар өз алдынча ой жүгүртүшүп, салыштырып, корутундулап, 
аныктама чыгарышат, алардын активдүүлүгү артып, аракеттери жанданып, 
изденет. 
Интерактивдүү сабактын башка сабактардан айырмаланган өзгөчөлүгү 
окуучулардын изденүүчүлүк ишмердүүлүгүн активдештирүү болуп саналат. 
Ал окуучулардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө, билим алуудагы 
өз алдынчалыгын калыптандырууда негизделген. Ошондой эле 
окуучулардын өздөштүрүлгөн билимдерин активдештирүү менен аларды 
жаңы билимдердин негиздерин үйрөнүүдө колдонууга даярдоо башкы маселе 
болот. 
Таанып- билүү процессинде окуучулардын активдүү ой жүгүртө 
билүүсү негизги мааниге ээ. Ошондуктан окуудагы интерактивдүүлүк ой 
жүгүртүүнүн булагы жана таанып- билүүнү өркүндөтүүнүн каражаты, 
ошондой эле зарыл шарты катары кызмат кылат. 
Интерактивдүү сабакты өткөрүүнүн натыйжалуу ишке ашырылышы 
проблемалык жагдайды түзүү менен шартталат. Ал эми проблемалык жагдай 
ар дайым окуучунун таанып- билүүдөгү психикалык абалын (ой жүгүртүүгө 
мажбур болуу, эмоционалдуулук, ж.б.) мүнөздөйт. Мугалим тарабынан 
коюлган суроо проблемалык жагдайды түзүш үчүн анын мазмуну жана 
чечилиши жөнүндө окуучулардын билимин, ошондой эле проблеманы 


79 
чечүүгө болгон алардын кызыгуусунун, башкача айтканда таанып- билүү 
зарылчылыгынын болушу өтө маанилүү. 
Көпчүлүк учурларда проблемалык жагдай мугалим тарабынан 
максаттуу түрдө түзүлөт жана чечилиши анын түздөн- түз жетекчилиги 
менен ишке ашырылат. Ал үчүн суроолордун, тапшырмалардын ыраатын 
түзөт. Алар сабактын кандай формада сунуш кылынары аныкталат. Бул 
суроолор жана тапшырмалар жаңы өтүлүүчү жана мурда өздөштүрүлгөн 
темалардын мазмунуна, теориялык жана практикалык билимдеринин 
деңгээлине, алардын кабыл алуу жана өздөштүрүү жөндөмдүүлүктөрүнө 
ылайыкталып түзүлөт. 
Cуроолорду мугалим өзүнүн илимий- методикалык даярдыгынын 
деңгээлине, окуучулардын билим, билгичтик, көндүмдөрүнө, жана окутуу 
ишин ар тараптуу уюштурууга шарт түзөт. 
Окуучулар менен мугалимдин кызматташуусу жана окуучулардын бири 
– бири менен кызматташуусу да проблемалык окутуу методу сыяктуу эле 
сабак процессиндеги окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, 
активдүүлүгүн арттырат. 
Окутуунун мындай жолдорун уюштурууда суроо-тапшырмалар, 
проблемалык кырдаал түзүү сыяктуу элементтери пайдаланылат. Суроо-
тапшырмалардын окуучулардын активдүүлүгүн арттырууда мааниси абдан 
чоң, анткени суроолорго жооп берүү, тапшырманы аткаруу, проблеманы 
чечүү үчүн окуучулар изденип, ойлонот. Ал эми проблемалык суроолорду 
түзүүдө, тапшырмаларды берүүдө төмөнкүдөй шарттар эске алынат: 
а) өтүлгөн жана жаңы өтүлүүчү материалдардын ортосундагы 
байланыштын болушу;
б) ой жүгүртүүнү, изденүүнү талап кылуучу мүнөзү;
в) билим берүүчүлүк мүнөзү. 
Суроо – тапшырмаларды аткарууда баарынан мурда өтүлө турган 
материал алдын-ала талкууга алынат. Окуучулар суроолорго жооп берүү, 
тапшырмаларды аткаруу аркылуу билимдин негиздерин өздөштүрүшүп, өз 


80 
алдынча иштөөгө машыгып, активдүүлүгү артат. Тапшырмалар мугалимдин 
жардамысыз, окуучулардын толук өз алдынчалыгы менен аткарылат жана 
бул жерде мугалимдин кийлигишүүсүнүн зарылдыгы жок. Окуучулар жаңы 
өздөштүрүлүүчү материалдарды өз алдынча ой жүгүртүп, изилдөө менен 
кабыл алышат. Бул учурда төмөнкүлөрдү байкоого болот: 
- өтүлгөн тема менен жаңы теманын ортосунда байланыштын 
түзүлгөндүгүн; 
- мугалимдин окуучулардын сабакка активдүү катышуусун камсыз кылуу 
максатында аларга проблемалуу суроолорду бере алгандыгы.; 
- окуучулардын өз алдынча изденип, аракеттенүүсү, ой жүгүртүүсү ишке
ашкандыгын; 
- мугалим менен окуучулардын ортосундагы кызматташтыкты; 
- жыйынтык чыгарууга, талдоого, салыштырып изилдөөгө багыт 
берилгендигин. 
Сабактын темасы: Зат атоочтун көптүк санда өзгөрүшү 
Сабактын максаттары:


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет