Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Үчүнчү бөлүм боюнча кыскача корутунду



Pdf көрінісі
бет43/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   39   40   41   42   43   44   45   46   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Үчүнчү бөлүм боюнча кыскача корутунду. 
Башталгыч 
класстардын 
программаларында: 
“Окуучулардын 
байланыштуу кебин өстүрүү эне тили жана грамматика сабактарында оозеки 
жана жазуу жүзүндө (дил баян, баяндама түрүндө) жүргүзүлөт. Окугандарын 
айтып жана текст боюнча сүйлөп берүүсү алардын өз бетинче ой- 
пикирлерин эркин жазып берүүгө жетиштирет. Ал эми дил баян, же баяндама 
жазуу төмөндөгүдөй үч булакты: окулуучу көркөм чыгарманы, мугалимдин 
жетекчилиги менен көрсөтүлүүчү сүрөттөрдү жана балдардын турмуштук 
байкоолорун кучагына алат. Дилбаяндын же баяндаманын темаларын 
тандоодо балдардын жашоо- турмушуна, алардын кызыгууларына
жаздырылуучу материалдардын жеткиликтүүлүгүнө, композициялык жана 
кептик жактан түшүнүктүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат.” 
Ошондой эле программада “байланыштуу кепке көнүктүрүү кыргыз тилинин 
бардык программалык материалдарын үйрөнүүгө байланыштуу 
жүргүзүлөт”,- деп баса белгиленген. (Башталгыч класстардын 
программалары, Б.-2011, 15- б.) 
Окуучулардын кебин өстүрүүдө ийгиликке жетишүүгө шарт түзгөн 
жалпы талаптар төмөнкүдөй: 
1. Сабактын бардык этаптарында окуучуларга үлгү болуучу адабий 
кептин болушу зарыл – ал мугалимдин өзүнүн кеби болуп саналат. Ошол 


183 
үлгүнүн негизинде окуучулардын кебинин тактыгы жана көркөмдүгү 
калыптанат. 
2. Кандай гана көнүгүүнү аткарууда болбосун мугалим окуучулардын 
кебине көз салуусу керек: алардын кеби адабий тилдин нормасына ылайык, 
мазмундуу болуусуна көңүл буруу керек. Эгерде бул талап системалуу, 
күнүмдүк талапка айланса, окуучулардын кебинин өсүшүүчүн оң таасирин 
тийгизет. 
3. Сабакта окуучулар жазуу иши менен гана чектелбестен, оозеки да 
иштөөсү зарыл. Мугалимдин суроосуна жооп берүү (аңгеме методу) гана 
өкүм сүрбөстөн, ар түрдүү ыкмалар колдонулушу керек ( белгилүү бир план 
боюнча сүйлөп берүү, өз оюн айтуу, монологиялык кеп, ж.б. у.с.) 
4. Окуучулардын ар бир сөзү мугалим тарабынан анын тууралыгына 
жараша бааланууга тийиш. Окуучу өзүнүн катасын байкабайт. Ошондуктан 
түзүлгөн 
сүйлөмдүн 
грамматикалык 
конструкциясын, 
логикалык 
байланышын, сөздүн туура тандалып алынышын контролдоо керек. 
5. Ар бир өтүлүүчү тема кеп өстүрүү менен коштолуп турууга тийиш. 
Мисалы: 
Фонетика, орфография, орфоэпия, жана сөз өстүрүү. 
Лексика, фразеология жана сөз өстүрүү. 
Морфология жана сөз өстүрүү. 
Синтаксис, пунктуация жана сөз өстүрүү. 
Байланыштуу кеп. 
Көрүнүп тургандай, тилдин ар бир бөлүмүн өздөштүрүү сөз өстүрүү 
жумуштары менен айкалыштырылып жүргүзүлөт. Фонетикалык, лексикалык, 
морфологиялык, синтаксистик, орфографиялык материалдарды тексттин 
жардамы менен үйрөнүүдө окуучулар тексттин мазмунун түшүнүү, талдоо, 
ал боюнча суроо- тапшырмаларды аткаруунун негизинде грамматикалык 
эрежелерди өздөштүрөт, жаңы сөздөрдү үйрөнөт, аларды өзүнүн оозеки жана 
жазуу кебинде пайдаланат. Бул процесс учурунда окуучулардын таанып- 


184 
билүүчүлүк, коммуникативдик компетенциялары калыптанат, ойлоосу, сөз 
байлыгы, чыгармачылыгы өнүгөт. 
Баяндама жана дил баян жаздырууда план түзүү, таяныч сөздөр менен 
иштөө, сүрөттөрдүн жардамы менен баяндама түзүү, угуу тексттеринин 
негизинде баяндама жазуу сыяктуу иш- аракеттер ырааттуу жүргүзүлүү 
менен окуучулардын байланыштуу кеби артат. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда грамматикалык 
материалдарды өздөштүрүү иши сөз өстүрүү иши менен тыгыз байланышта 
айкалыштыра жүргүзүлүшү окуучулардын кебинин жана байланыштуу 
кебинин өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзөт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   39   40   41   42   43   44   45   46   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет