Эне тилин текстке байланыштуу окутууда окуучулардын кебин жана
байланыштуу кебин өстүрүү
3.1. Окуучулардын кебин байытуунун жолдору.
Көркөм, мазмундуу, талапка жооп берерлик жана стилистикалык жактан
туура кепти калыптандыруу башталгыч класстын мугалимдеринин эң
негизги милдеттеринен болуп саналат. Окуучулардын кебин өстүрүү
159
маселеси башталгыч билим берүүнүн бирден-бир орчундуу маселелеринен
экендиги
талашсыз.
Ал
жөнүндө
«Башталгыч
класстардын
программаларында» төмөндөгүдөй деп белгиленген: «Баштапкы билим берүү
баскычында
тил,
адабият
жөнүндөгү
алгачкы
түшүнүктөр
калыптангандыгына карабастан, бардык иш-аракеттер, негизинен, кепти
өстүрүүнүн, кеп маданиятынын айланасына топтоштурулат. Ошондуктан эне
тилин окутуунун башталгыч билим берүүдөгү бөлүмдөрүнүн ар бири кеп
өстүрүү менен коштолуп, тилди үйрөнүүнүн практикалык жагына басым
жасалат» . 26, 4-б.
Программада белгиленгендей, мугалим тилдин кайсы бөлүмү боюнча иш
алып барбасын, сөзсүз түрдө кеп өстүрүүнү кошо ала жүрүүсү зарыл.
Анткени башталгыч класстын окуучуларынын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык
берилген маалыматтарды тез кабыл алуусу алардын кебинин байышына жана
калыптанышына ыңгайлуу шарттарды түзөт.
«Мугалим кыргыз тилинин морфологиясынын материалдарын үйрөтүү
аркылуу окуучулардын оозеки жана жазуу кебин өстүрүүгө, ошондой эле
алардын ойлоосун өстүрүүгө жетише алат», – деп белгилеген тилчи –
окумуштуу С.Үсөналиев. 139, 8-б.
Чындыгында эле грамматика боюнча материалдарды өтүүдө
окуучулардын кебин өстүрүү жумуштарын алып барууга кеңири
мүмкүнчүлүк ачылат. Анткени, сөз, анын курамы, сөз түркүмдөрү, алардын
грамматикалык өзгөчөлүктөрү сөз айкашы, сүйлөм, сүйлөм мүчөлөрү
жөнүндөгү маалыматтарды өздөштүрүү кеп өстүрүү жумуштары менен
коштоло тургандыгы анык.
Өзгөчө эне тилин текстке байланыштуу окутууда окуучулардын кебин
өстүрүүгө карата ар түрдүү мазмундагы иш- аракеттерди, суроо-
тапшырмаларды, көнүгүү- машыгуу иштерин тексттин негизинде жүргүзүүгө
болот.
Башталгыч класстарда окуучулардын кебинин бай, көркөм жана
ырааттуу болуусуна карата атайын талаптар коюлган. Алар:
160
1. Окуучулардын кеби мазмундуу жана уккулуктуу болууга тийиш.
Ойлоо жана кеп бири- бири менен өтө тыгыз байланышта экендиги
белгилүү. Ошондуктан окуучулардын ойлоосу, логикалык ой
жүгүртүүсү жогору болуусу зарыл.
2. Окуучулар кебин туура түзүүгө тийиш. Башкача айтканда, кебинде
колдонгон сөздүк запасы адабий тилдин нормасында болуу менен ал
сөздөрдүн сүйлөмдөгү ордун туура жайгаштырып, туура байланыштыруу
керек.
Кепти туура курууга окуучуларды жетиштирүү грамматиканы
окутуугажана аны үйрөтүүгө байланыштуу экендиги белгилүү. Өзгөчө
грамматикалык материалдарды окутууда кепти туура түзүүгө зор
мүмкүнчүлүк ачылат.
3. Окуучулардын кеби так болууга тийиш. Окуучу өзүнүн кебин тактүзүү
үчүн анын сөздүгү бай болуусу керек, ошондо гана ал өз кебинде
пайдалануучу сөздөрдү туура тандоого мүмкүнчүлүгү болот. Өзгөчө
синоним, антоним сөздөрдү, фразеологизмдерди колдонууга жетиштирүү
зарыл.
4. Окуучулардын кеби ачык, даана болуусу талап кылынат. Өз
оюнтүшүндүрүүгө зарыл болгон гана сөздөрдү пайдаланып, орунсуз
сөздөрдөн, мисалы, анан, андан кийин, боло турган болчу болсо, ж.б.
кайталап айтуудан кебин тазалоо керек.
5. Окуучулардын кеби таза болууга тийиш. Адабий тилдин
нормасынатуура келбеген диалектилик сөздөрдүн, жергиликтүү говорлордон
таза болуусу керек, анткени алар кептин адабий тилде таза болуусуна
кедергисин тийгизет.
6. Окуучулардын
кеби
байланыштуу
болуусу
зарыл.
Кептинырааттуулукта болушу кептин маданияттуулугун камсыз кылат.
Бирок бул көндүмгө дароо эле жетиштирүү мүмкүн эмес. Мугалим
грамматикалык көнүгүү- машыгуу жана текстке изилдөө жүргүзүү иштерин
ырааттуу түрдө жүргүзгөндө гана кептин ырааттуулугуна жетише алат.
161
7. Оозеки кепти калыптандырууда:
сөздөрдү даана, сүйлөмдөрдү так, угуза айтуу;
кепти баяндоодо сүйлөмдөрдүн айтылыш максатына карай
интонацияны колдоно билүү жагына өзгөчө көңүл бурулат.
Окуучулардын кебин байытууда мугалим төмөнкүлөрдү эсинен
чыгарбоого тийиш:
1. Ой менен кеп ажырагыс байланышта болгондуктан, мугалим
окуучулардын ойлоосун өстүрүү иштеринин ар түрдүүлүгүн камсыз кылууга,
аларды ылайыгына жараша пайдаланууга, окуучуларды ойлондуруучу суроо-
тапшырмаларды, проблемалык кырдаалдарды түзүүгө, тексттин негизинде
изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, грамматикалык материалдарды өздөштүрүүдө
эрежелерди даяр түрүндө бербестен, аны окуучулардын өздөрүнө
чыгартууга, грамматикалык талдоолорду ырааттуу жүргүзүүгө болгон күч-
аракетин жумшоосу зарыл.
2. Окуучунун кебинин өсүшү анын сөздүк запасынын өсүшүнө жараша
экендиги белгилүү. Окуучулар өз оюн ырааттуу жана мазмундуу айтып
берүүгө анын байлыгы жетишпейт. Алардын сөздүк запасын байытууда,
оозеки жана жазуу кебин өстүрүүдө эне тилин текстке байланыштуу
окутуунун мааниси зор. Анткени, тексттеги сөздөрдүн маанисин чечмелөө,
сөз үйрөнүү, сөздүк жумуштарын жүргүзүү иш- аракеттери бул маселерди
чечүүгө өбөлгө түзөт.
Сөздүк иштерин жүргүзүүдө мугалим тексттеги окуучуларга
түшүнүксүз деп эсептеген сөздөр менен ырааттуу иш алып барат. Ал
сөздөрдү тексттен бөлүп алып, окуучулардын сөздүк дептерлерине
жаздырып, алардын маанисин алардын эквиваленттери, синонимдери,
сүрөттөрү, макеттеринин жардамы менен түшүндүрөт. Алар менен
сүйлөмдөрдү түздүрөт.
Мисалы, 4-класста “Жумшак жана каткалаң үнсүздөр” темасын өтүүдө
“Кенжетайдын ыры” тексти колдонулат жана төмөнкүдөй сөздүк иштери
жүргүзүлөт.
162
Кенжетайдын ыры
I
Ата- энемдин айтканын
Мугалимдин сөздөрүн
Көңүл коюп угамын,
Көңүлүмө түйөмүн,
Насаат уксаң, акылың
Билим менен келечек
Жетилерин туямын.
Куруларын билемин.
II
Жакшы менен бир болуп,
Адеби бар балдарга
Жалкоолордон качамын.
Жолдош болуп жүрөмүн,
Жаман адат мага да
Келечекте, анткени
Жукпасын деп шашамын.
Адам болуу тилегим.
“Байчечекей” журналынан
Сөздүк:
насаат- накыл сөз
жетилерин- жетиштүү болорун
туямын-билемин
көңүлгө түйүү-эстеп калуу, көңүлдө сактоо
адат- көнүмүш болуп калган сапаттар
адеби бар- тартиптүү
Берилген сөздүктү окуучулардын сөздүк дептерлерине көчүртүп
жаздыртат. Бул сөздөр менен сүйлөмдөрдү, тексттерди оозеки жана жазуу
жүзүндө түздүртөт. Сөздөрдү жана алардын түшүндүрмөлөрүн жаттоо
тапшырмасын берет. Эгерде класста жаттоого убакыт жетишпесе, үйдөн
жаттап келүүнү тапшырат.
Башталгыч класстардагы кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда
грамматикалык материалдарды өздөштүрүүдө жомоктор колдонулса, мындай
сабактарда дайыма жакшы маанай жаралат. Жомок- бул ийгиликтүү
иштөөнүн шарты. Жомокто фантазия, жогорку көркөмдүк жана
чыгармачылык камтылган. Ал эми эң негизгиси, ал балдарды логикалык ой
163
жүгүртүүгө үйрөтөт. Көлөмү жагынан анча чоң эмес дидактикалык жомоктун
мазмуну окуучуга сабактын темасына көңүл бурууга жана окуп- үйрөнүү
процессинде грамматикалык материалдарды терең өздөштүрүүгө, ойлоосун
жана кебин калыптандырууга жардам берет. Төмөндө 4- класста өтүлгөн
көнүгүү иштөө сабагына байкоо жүргүзүп көрөлү.
Сабактын темасы: Уңгулаш сөздөр
Сабактын максаттары:
билим берүүчүлүк: уңгулаш сөздөр жөнүндө маалымат алышат;
өнүктүрүүчүлүк: уңгулаш сөздөрдү таба алышат, аларды жазуу жана
оозеки кебинде пайдалана алышат, жомоктун мазмунун түшүнүп, ага
талдоо жүргүзүшөт;
тарбия берүүчүлүк: бири-биринин сөзүн угуп, пикирин баалай билүүгө
үйрөнүшөт.
Көрсөткүчтөр: жогорудагы максаттар ишке ашат эгерде
уңгулаш сөздөрдү билишсе;
уңгулаш сөздөрдү сүйлөмдүн тизмегинен таба алышса;
аларды оозеки жана жазуу кебинде пайдалана алышса;
жомоктун мазмунун түшүнүп, түшүнүгүн айтып беришсе;
андан уңгулаш сөздөрдү табышса;
топто иштөөдө бири-биринин пикирин угушса.
Сабактын тиби: жаңы билим берүүчү
Сабактын ыкмасы: пирамидалык окуя
Сабактын жабдылышы: ар бир топко ар кандай түстөгү карточкалар, эки
окуучуга бирден текст.
Сабактын жүрүшү: Окуучуларды сабакка уюштуруу, жагымдуу жагдай
түзүү.
164
Өтүлгөн теманы кайталоо. Өткөн сабактагы “Сөздүн түрлөрү” темасын
кайталоо, үйгө берилген көнүгүүнү текшерүү.
“Уңгулаш сөздөр” темасын түшүндүрүү.
Уңгулаш сөздөр деп уңгулары бирдей болгон сөздөр аталары жөнүндө
конкреттүү мисалдардын негизинде жана атайын таблицанын жардамы
менен баяндап айтып берүү.
Текст менен тааныштыруу.
Баарынан ким күчтүү?
I
Кыштын күнү кыргоол дарыянын жээгине келип суу иче баштады.
Ошондо узун куйругу музга жабышып, чыкпай калган экен.
-Ой- ой, көк муз! Дүйнөдө сенден күчтүү эч нерсе жок бейм! Заматтын
ортосунда куйругумду таштай бекем кармапсың,- деди кыргоол.
-Жок, менден жазгы жамгыр күчтүү. Ал келип жааганда, мен бат эле
эрип кетем.
Анда жамгыр айтты:
-Мен кайдан күчтүү болоюн! Менден көк чөп күчтүү.
Анда көк чөп айтты.
-Менде эч кандай ал- күч жок. Баарынан да кой күчтүү!
Анда кой минтип маарады:
-Менде күч кайдан болсун! Дүйнөдө бөрү- карышкырдан өтөр эч бир
балбан жок.
-Силер эч нерсени билбейт экенсиңер! Баарынан киши алдуу- күчтүү!
Анын колунан баары келет,- деп улуду көк бөрү.
Мына ошентип, жер жүзүндө бардыгынан киши күчтүү болуп чыккан экен.
1-көнүгүү. Текстти ролдорго бөлүштүрүп окугула.
2- көнүгүү.
Тексттеги суу, муз, жазгы, күчтүү деген сөздөргө уңгулаш сөздөрдү тапкыла.
Үлгү: суу- суудай- суусуз . . .
165
3-көнүгүү. Кыргоолдун, муздун, жамгырдын сүйлөшкөнүн өз сөзүңөр менен
жазгыла. Чындыгында алар сүйлөй алабы? Бул текстте эмне үчүн сүйлөдү
деп ойлойсуңар?
4- көнүгүү.
Уңгулаш сөздөргө сүйлөмдөрдү түзгүлө:
күч- күчтүү, күчсүз; жаз- жазгы, жазында; жамгыр- жамгырдуу, жамгырдай.
5- көнүгүү.
Сөздөн сөз жараткыла. Алардын уңгулаш сөздөрүн тапкыла.
К ы р г о о л
сөз
уңгулаш сөз
ыр
Ырчы, ырдай.
6-көнүгүү. Макалдардын маанисин чечмелегиле.
1. Адам акылы менен күчтүү.
2. Билеги күчтүү бирди жыгат,
Билими күчтүү миңди жыгат.
3. Акыл- богон тон,
Билим- түгөнбөгөн кен.
Тексттин негизинде көнүгүүлөрдү иштетүү.
Окуучулар 1ден 4кө чейин санап, 4 топко бөлүнөт. Ар бир топко
бирден флипчарт, бирден маркер, текст таратылат.
Топтордун мүчөлөрү тексттин негизинде талкуу жүргүзүшүп,
Пирамидалык окуя стратегиясы боюнча текстти талдашат.
Белгиленген
убакыт
бүткөндө
ар
бир
топ
өз
ишин
презентациялашат.
Пирамидалык окуя стратегиясы менен текст төмөнкүдөй талданат:
1-сап. 1 сөз. Окуянын каарманы.
2-сап. 2 сөз. Каарманды сыпаттаган сөздөр.
3-сап. 3 сөз. Окуянын болгон жери.
4-сап. 4 сөз. Окуянын чыгышына себеп болгон кырдаал.
166
5-сап.5 сөз. Окуянын чыгышынын 1-себеби.
6-сап. 6 сөз. Окуянын чыгышынын 2-себеби.
7-сап. 7 сөз. Окуянын чечилишине эмне түрткү болду.
8-сап. 8 сөз. Окуянын чечилиши.
Потенциал: Бул стратегия менен иштөө аркылуу окуучулар тексттин
мазмунун, анын каармандарын, башталышын, чиеленишин, өнүгүшүн жана
чечилишин аныктап, анализдөө көндүмдөрүнө ээ болушат.
Тексттен уңгулаш сөздөрдү табышат, көнүгүүлөрдөгү тапшырмаларды
аткарышат.
Үй тапшырмасы: Сөздөн сөз жаратып, алардын уңгулаш сөзүн табышат.
Баалоо: Көрсөткүчтөрдүн негизинде.
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда тапшырмалардын жогорудай
ар түрдүүлүгү жана жомоктун жардамы менен грамматикалык
материалдарды
бышыктоо
сабакта
окуучуларды
активдештирип,
тапшырмаларды аткарууга болгон күч- аракетин жумшоого түрткү берет.
Инсерт, синквейн сыяктуу интерактивдүү стратегиялар окуучулардын ой
жүгүртүүсүн өстүрүп, кебин байытууга өбөлгө түзөт. Окуучу ойлонуп,
түшүнүгүн ырааттуу баяндоого аракеттенет.
Кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда макал- лакап, табышмак,
жаңылмач сыяктуу дидактикалык чыгармалар менен иштөө жакшы натыйжа
берет. Мындай жагдай кызыктуу материал балдарга жеткиликтүү формада
маалыматтын берилишине көмөктөшкөнү менен байланыштуу.
Окуучулар жомокторду, макал- лакаптарды, табышмактарды жана
жаңылмачтарды кунт коюп жана кызыгуу менен угушат. Бул кызыктуу
дидактикалык материалдын түрлөрүн ыңгайы менен колдонгон, жомокторду,
макал- лакаптарды, жаңылмачтарды көркөм жана эмоционалдуу окуп, алар
боюнча тапшырмаларды аткарта алган мугалим ийгиликке тезирээк жетет.
Грамматика сабактарын окутууда макал- лакаптарды, жаңылмачтарды,
табышмактарды пайдалануу өздөштүрүлүп жаткан анын темага жараша
тандалып алынып, жүргүзүлөт.
167
4-класстын “Кыргыз тили” окуу китебинде берилген тексттердин
тематикасына карата төмөнкүдөй макал-лакап, жаңылмач, табышмактар
берилген:
Жаратылыш темасына:
1. Түр- түр килем, түр килем,
Түрө албадым бир килем,
Жый- жый килем, жый килем,
Жыя албадым бир килем.
2.Жеңил бирок көзгө көрүнбөйт,
Жара чапсаң бөлүнбөйт,
Сууга окшоп төгүлбөйт.
3. Ак сандыгым ачылды,
Ичинен жибек чачылды (табышмактар);
1. Жылуулук күндүн көзүндө.
2. Артынан күн чыкпаган түн жок. (макалдар);
1. Гүлдөр гүлдөп,
Гүлүн ачты
Гүлүнөн булбул
Үнүн ачты
Үнүнөн гүлдөр
Жыпар чачты
Жыпардан булбул
Толкуп- ташты (жаңылмач).
1. Аргымактын жакшысы,Азаматтын жакшысы,
Азыраак сүйлөп көп тыңшайт.
2. Ат- адамдын канаты (макал)
1. Жорго кара атым,
Жорток тору атым
Жоргобу, Жортокпу,
Жолго карагын. (жаңылмач)
168
Окуу, билим темасына карата:
1. Ата- энеңдей мээрим төгүп,
Күлө карап турган ким?
Билим кенин талыкпастан,
Бөбөктөргө сунган ким? (табышмак)
1. Билим алуу- ийне менен кудук казгандай.
2. Китеп- билим булагы,
Билим- өнөр чырагы.
3. Билимдүүнүн сөзү өткүр,
Мергенчинин көзү өткөр.
4. Сабырдын түбү- сары алтын (макалдар)
Эмгек темасына карата:
1. Бакыт эмгектен жаралат.
2. Жалкоонун жаны таттуу,
Эмгекчинин наны таттуу.
3. Ким эмгекти сүйсө, аны ден соолук сүйөт.
4. Таза аба жуткуң келсе, эрте тур,
Таза өмүр сүргүң келсе, эмгек кыл.
5. Адамды адам кылган- асыл эмгек. (макалдар)
Сөз мааниси жөнүндө:
1. Кен асылы- жерде,
Сөз асылы- элде.
2. Ийне көзүнөн сынат,
Адам сөзүнөн сынат.
3. Ойноп айт, ойноп айтсаң да ойлоп айт.
4. Оюндан от чыгат.
5. Сүйлөгөндү сүйсөң,
Укканды да үйрөн (макалдар)
1. Акылдуунун сөзү кыска,
Айта салса- нуска.
169
2. Жаманга айтсаң- күлөт,
Жакшыга айтсаң- билет.
3. Көп жашаган көп билбейт,
Көптү көргөн көп билет.
4. Кеңешип кескен бармак оорубайт.
5. Акыл менен иш кылсаң, ардактуу жашайсың.
6. Жакшы сөз жан эритет,
Жаман сөз жан кейитет.
7. Жылуу- жылуу сүйлөсөн,
Жылан ийинен чыгат. (макалдар)
1. “Сен” деген сенек сөз”,
“Сиз” деген сылык сөз”.
2. Сөз билбеген муштуму менен коркутат.
3. Улук болсоң, кечик бол. (макалдар)
Ден соолук жөнүндө
1. Ач кадырын ток билбейт.
2. Аш көп болсо, каада көп.
3. Ашым калса да, ишим калбасын (макалдар)
4. Аш турган жерде дарт турбайт.
5. Адам аштан калса, күчтөн калат.
1. Жаркыраган кашка баш,
Жаралгандан ашка маш.
2. Эки тоонун арасы,
Эбей- себей күн жаайт.
Китеп жөнүндө
1. Китеп- билим булагы,
Билим- өмүр чырагы.
2. Акыл оошот, ырыс жугушат.
3. Билимдин кени- китепте.
4. Билимдүүнүн билими жугат. (макалдар)
170
1. Өзү сүйлөбөйт,
Бирок кишиге акыл үйрөтөт.
2. Улам жаңы барагын ачам
Каармандарга аралашам
Кызыгына аябай батам,
Аягына чыкканча шашам. (табышмактар)
Тандалып алынган бул дидактикалык чыгармалар окутулуп жаткан
грамматикалык материалдар менен да тыгыз байланышта каралып, ар түрдүү
тапшырмаларды аткаруу пландаштырылган. Алардын негизинде төмөнкүдөй
суроо- тапшырмалар жана грамматикалык көнүгүүлөр жүргүзүлөт:
макалдын маанисин чечмелөө;
табышмактардын жандырмагын табуу;
жаңылмачты жатка айтуу;
макал- лакапта, табышмакта, жаңылмачта кездешкен окуучуларга
мааниси түшүнүксүз сөздөр менен сөздүк ишин жүргүзүү;
макалдагы,
табышмактагы,
жаңылмачтагы
сөздөргө
карата
фонетикалык материалдар боюнча тапшырмаларды аткаруу:
сөздөгү тыбыштын, тамганын санын аныктоо;
сөздөгү тыбыштарды талдоо;
сөздү муунга ажыратуу;
муундун түрүн аныктоо;
сөзгө толук фонетикалык талдоо жүргүзүү, ж.б.
макалдагы,
табышмактагы,
жаңылмачтагы
сөздөргө
карата
морфологиялык материалдар боюнча тапшырмаларды аткаруу:
сөздөрдү сөздүн курамына карай ажыратуу;
мүчөнүн түрүн аныктоо;
сөз түркүмдөрүнө ажыратуу;
сөз түркүмдөрү мааниси боюнча түрлөргө ажыратуу;
грамматикалык категориясын аныктоо;
171
макалдагы, табышмактагы, жаңылмачтагы сүйлөмдөргө карата
синтаксистик материалдар боюнча тапшырмаларды аткаруу:
сүйлөмдүн айтылыш максатына карай түрүн аныктоо;
сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшүнө карай түрүн аныктоо;
сүйлөм мүчөлөрүнө ажыратуу;
баш мүчөлөрдү аныктоо;
айкындооч мүчөлөрдү аныктоо, ж.б.
Окуучулар
мындай
тапшырмаларды
аткаруу
учурунда
макал-
лакаптардын маанисин чечмелөө, сөздөрдүн маанилерин үйрөнүү,
табышмактардын жандырмагын жандырып, жаңылмачтарды жатка айтуу
менен жалпы жана предметтик компетенциялары калыптанат, таанып-
билүүчүлүк көндүмдөрү өсүп, кеби жана ой жүгүртүүсү байыйт.
Достарыңызбен бөлісу: |