Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 3.2.1.- Сабактын максаттары



Pdf көрінісі
бет42/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   38   39   40   41   42   43   44   45   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 3.2.1.- Сабактын максаттары 
Билим берүүчүлүк 
Өнүктүрүүчүлүк 
Тарбия берүүчүлүк 
Окуучулар уккан «Уз 
мугалим» деген тексти 
боюнча 
баяндама 
жазышат. Текст боюнча 
баяндама 
жазууга 
машыгышат. 
Окуучулардын көрүп-
билүү, угуу, эсте сактап 
калуу 
билгичтиктери 
жогорулап, 
жазуу 
кептери 
өркүндөп, 
сабаттуу 
жазуу 
Окуучулар бирин-бири 
урматтоого, ар кандай 
кесипти баалай билүүгө 
тарбияланышат. 


174 
көндүмдөрү 
калыптандырылат. 
Көрсөткүчтөр: 
Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде 
Таблица 3.2.1.- Сабактын көрсөткүчтөрү 
окуучу текст боюнча 
уккандарын 
эсине 
жакшы 
тутуп, 
баяндаманы 
талапка 
жооп 
берерлик 
деңгээлде жазса. 
окуучунун 
көрүү, 
байкоо, 
угуу 
жөндөмдүүлүктөрү 
жогорулап, жыйынтыгы 
жазуу иши аркылуу 
байкалса. 
окуучу ар түрдүү кесип 
жөнүндө ой жүгүртүп, 
аларды баалай билүүгө 
жана 
бири- 
бирин 
урматтоого умтулса. 
Сабактын тиби: Текшерүү жана окуучулардын билим, билгичтик, 
көндүмдөрүн каттоо сабагы. 
Сабактын формасы: Чыгармачылык сабак. 
Сабактын методдору: Айтып берүү, көрсөтмөлүүлүк. 
Сабакка колдонуучу каражаттар: Аудио. Сүрөттөр. Текст. 
Сабактын предметтер аралык байланышы: Адабий окуу, дене тарбия, сүрөт. 
Сабактын жүрүшү: 
Таблица 3.2.3.- Сабактын жүрүшү 
Сабактын 
фрагменти 
Сунушталган 
метод, ыкма 
Мугалимдин жана окуучунун 
иш-аракеттери 
Жабдылышы 
Уюштуруу 
«Жагымдуу 
маанай» 
ыкмасы 
Мугалим сабактын жүрүшүнө карата 
класстагы окуучулар арасында жылуу 
жагдай 
түзөт, 
эркин 
отурууну 
суранат, окуучулар бири- бирине 
жагымдуу сөздөрдү айтышат. 


175 
Баяндама 
жазуунун 
максаттарын 
түшүндүрүү 
Айтып 
берүү, суроо-
жооптор 
аркылуу 
түшүндүрүү 
Мугалим 
баяндама 
жазуунун 
максатын, 
шартын 
түшүндүрөт. 
Окуучулар түшүнбөгөн суроолорун 
беришип, 
талкуулашат. 
Жазууга 
даярданышат. 
Доскага тема 
жазылат. 
Баяндама 
жаздыруу 
Мугалим 
текстти 
көркөм 
окуйт, 
же 
аудиодон 
уктурат. 
Уктурулуучу «Уз мугалим» аттуу 
текст көркөм окулат, же аудиодон 
уктурулат. 
Тексттин 
мазмунуна 
карата тартылган ар бир бөлүмгө 
тиешелүү сюжеттүү сүрөттөр жана 
таяныч сөздөр менен иш жүргүзүлөт, 
окуучулардын уккандарын айттырат. 
Суроолор боюнча суроо-жооптор 
уюштурулуп, 
тексттин 
пландары 
талкууланат. Окуучулар уккандарын 
пландын негизинде жазышат. 
Аудио, 
угуу 
текст 
Физминутка 
Ыр айтуу 
Т.Кожомбердиевдин “Тоо экен деп 
ойлоду” деген ырын жатка айтышып, 
кумурсканын кыймылын туурашат. 
Баяндама 
жазуудагы 
тапшырмала
рды аткаруу 
Өз алдынча 
иштөө, 
байкоо, 
талдоо. 
Окуучулардын билимдерин байкоо, 
текшерүү максатына карата убакытка 
карап, тапшырма иштетсе болот. М: 
Сөз 
айкашынын 
маанисин 
түшүндүргүлө:Колунан 
көөрү 
төгүлгөн. Сөз айкашындагы сөздөрдү 
уңгу жана мүчөгө ажыраткыла. 
Тапшырма 
доскада 
жазылат. 
Баяндамалар
ды баалоо 
Өзүн-өзү, 
бирин-бири, 
жана 
Мугалим 
өзүн-өзү, 
бирин-бири 
баалоо 
баракчасын 
таратат. 
Баалардын 
коюлушун 
айрым 
Өзүн- 
өзу 
жана 
бири- 
бирин баалоо 


176 
мугалимдин 
баалоосу. 
окуучуларга комментарийлетет. Өзү 
жыйынтыктайт. Окуучулар баалоо 
баракчаларын 
толтурушуп, 
жыйынтык чыгарышып, мугалимге 
беришет. 
баракчалары. 
Үй 
тапшырмасы 
Тапшырмага 
түшүндүрмө 
берүү. 
Тексттин мазмуну боюнча сүрөт 
тартып, мугалим, билим алуу, кол 
өнөрчүлүк, 
улуттук 
буюмдар 
жөнүндө ыр, табышмак, макалдардан 
жазып келишет. 
Доскага 
тапшырма 
жазылат.. 
Баяндама (изложение) жаздыруу сабактары ар бир чейректе жүргүзүлүп, 
бөлүм боюнча өтүлгөн тексттер боюнча түшүнүктөрүн жыйынтыктоо 
максатында жана грамматикалык материалдар боюнча алган билимдерин 
текшерүү иретинде ишке ашырылат. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда дил баян жаздыртуу 
окуучулардын текст боюнча түшүнүгүн бекемдөө үчүн жана ар түрдүү 
темалардын үстүндө ой жүгүртүп, өз ойлорун ырааттуу баяндоо 
көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат. 
Дил баяндардын тематикасы ар түрдүү: ал өздөштүрүлгөн тексттин 
негизинде жана эркин темада жаздырылып, берилген теманын идеялык 
мазмунун түшүнүп, терең өздөштүрүүгө, чыгармадагы ойдун ырааттуу 
берилишин, стилинин түшүнүктүү жана байланыштуулугун баамдап, 
байкоого, ар кыл теманы ой жүгүртүү менен баяндап берүүгө багыт берилет. 
Бул аркылуу окуучулардын сөздүк запасы артылып, кебинин 
байланыштылуугу, чыгармачылыгы жана өз алдынча иштөө көндүмү өнүгөт. 
Окулуп жаткан тексттерге байланыштуу окуучуларды дил баян жазууга 
үйрөтүүнүн жолдору жана иштин даярдыгы ага карата жазыла турган дил 
баяндын планын түзүү, тийиштүү сөздүк иштерин жана орфографиялык 
даярдыктарды жүргүзүү, план боюнча дил баяндын мазмунун оозеки 
кураштыруу жана аны баяндоого машыгуу иштери менен коштолот. 


177 
“Башталгыч класстарда окуучуларга сочинение түзүүнү үйрөтүү жана 
машыктыруу жумушу өтүлгөн адабий чыгарманын мазмуну боюнча, же 
сүрөт боюнча, же окуучулардын өздөрүнүн турмуш тажрыйбасынын, 
байкоосунун материалдары боюнча жүргүзүлөт. Бирок сочинение түзүүнү 
үйрөтүүнүн максаты бул материалдардын негизинде алынган айрым 
фактыларды жазуу менен гана чектелбестен, ошону менен катар ал 
фактыларды 
чыгармачылык 
түрдө 
сүрөттөй 
алууга 
окуучуларды 
шыктандыруу болуп саналат”. [Э.Бердибаев, ж.б. “Башталгыч класстарда 
кыргыз тилин окутуунун методикасы”. Ф- 1963, 400-б.] 
Башталгыч класстарда жаздырылуучу дил баяндардын бардык түрү 
жана алар кандай материалдын негизинде жүргүзүлбөсүн, анын идеялык 
мазмуну окуучулардын аң- сезимин, турмушту таанып- билүүсүн, логикалык 
ойлоосун, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн, кеп маданиятын өстүрүүгө жана 
калыптандырууга багытталат. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутууга карата жүргүзүлгөн көнүгүү- 
машыгуулардын, суроо- тапшырмалардын ичинен дил баян жазуунун өзгөчө 
айырмасы- окуучуларды берилген теманын тегерегинде ойлонууга мажбур 
кылып, алардан талдоо, анализдөө жөндөмдүүлүгүн талап кыла тургандыгы. 
Окуучулар дил баянды жазуудан мурда тема боюнча материалдарды тандайт, 
окуяларды байланыштырып, алардын темага тиешелүү экендигин талдап, өз 
пикирине тууралап, дил баянды түзүүнүн үстүндө ойлонот, бул аркылуу 
алардын ойлоосу жана чыгармачылыгы өнүгүп, өсөт. 
Дил баян ар бир окуучунун жеке кебин байытууга, кеп маданиятын 
калыптандырууга өбөлгө түзөт. Окуучу өзү жазган дил баяндагы тилдик 
жана стилдик каталарын практикада байкайт жана аны жоюуга аракеттенет. 
Ал эми мугалим дил баян жаздыруу менен ар бир окуучусунун шыгын, 
тилинин жана стилинин өзгөчөлүгүн байкай алат жана анын негизинде ар 
бир окуучуга жекече мамиле жасап, анын жөндөмүнө жараша 
тапшырмаларды берүүгө мүмкүнчүлүк алат. 


178 
Баяндама жана дил баян жаздыруу окуучулардын чыгармачылыгын, 
жөндөмдүүлүгүн, шыгын өнүктүрүүгө жана калыптандырууга тыгыз 
байланыштуу болгондуктан, аларды жаздырууга зор маани берип, алар 
башталгыч класстарда үйрөтүлүүчү чыгармачылык иштин бир түрү 
катарында ырааттуу жүргүзүлүүгө тийиш. Буларды жазууга окуучуларды 
машыктыруу иши башталгыч класстарда эне тилин окутуудагы 
пландаштырылган жана мугалим тарабынан милдетүү түрдө аткарылуучу 
стилистикалык көнүгүү болуп саналат. 
Баяндама же дилбаян жазууда окуялардын ырааттуулугун сактоо жана 
оюн мазмундуу баяндоо максатында анын планын түзүү иши негизги орунду 
ээлейт. Баяндаманы же дилбаянды пландын негизинде түзүү окуучулар үчүн 
жеңил жана талапка ылайыктуу болот. План түзүү- белгилүү бир тема 
боюнча анын мазмунундагы окуяларды баяндоочу бир ырааттуулукка салуу. 
План түзүүдө окуучулар баяндай турган окуянын мазмуну жана анын ирети 
жөнүндөгү оюн системалаштырат, негизги жана жардамчы окуяларды 
белгилейт, мазмунду план боюнча кураштырууга машыгат жана бул иш- 
аракет анын тапшырманы аткаруусун жеңилдетет, иретке салат. План 
дилбаян жана баяндама жаздыруудагы көмөкчү курал болуп саналат. 
План түзүү мугалимдин жардамы менен жалпы класстын 
катышуусунда жүргүзүлөт. 2-3- класста план түзүү ишине мугалимдин 
жардамы жана жетекчилиги талап кылынат, ал эми 4- класста өз алдынча 
түзүүгө машыгышат. Пландын ар бир бөлүмү доскага жазылып, талкууга 
алынат. 
Мисалы, 4- класста баяндама жазуу үчүн сунушталган “Салам айтуу адеби” 
текстине карата план төмөнкүдөй түзүлүшү мүмкүн: 
Текст: “Салам айтуу адеби”. 
Мен айылга бардым. Чоң атам мага ким менен кантип учурашуу 
керектигин үйрөттү. Бир күнү чоң атам экөөбүз тойго бардык. Мен алдымдан 
чыккан кишиге: 


179 
Ассалам алейкум!- деп салам айтып, кош колумду сундум. Ал киши 
менин саламыма “Алейкум ассалам!”- деп алик алды да, минтип 
сурады: 
Салам айткан адептүү жакшы бала турбайсыңбы. Кимдин баласы 
болосуң? 
Мен чоң атамды көрсөттүм. 
О, бул менин балам!- деди чоң атам сыймыктана. 
А.Карымшаков 
Бул тексттин негизинде баяндама жаздырууда төмөнкүдөй план 
түздүрүүгө мүмкүн: 
План: 
1. Чоң атам жана мен. 
2. Учурашууну үйрөнүү. 
3. Тойго баруу. 
4. Биринчи учурашуу. 
План түзүүдөн тышкары, тексттин мазмунуна карата суроо- жооп 
иретинде окуучулар менен аңгемелешип, ойлорун айттырат, алардын 
жоопторун толуктап, кемчиликтерин оңдоп, түзөтүүлөрдү киргизип, 
кошумчалайт. 
Жогорудагы тексттин мазмуну боюнча төмөнкүдөй суроолордун тегерегинде 
аңгемелешүүгө болот: 
Суроолор: 
1. Чоң атасы балага эмнени үйрөттү? 
2. Бала алдынан чыккан кишиге кандайча салам берди? 
3. Ал балага эмне деди? 
4. Чоң атасы эмнеге сыймыктанды? 
Планды мындай суроо- жооптун жардамы менен түзүүдө окуучулар 
суроолордогу сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн нускасын толук пайдаланып, аларды 


180 
кайталоо менен, андагы сурама ат атоочтордун ордуна тийиштүү сөздөрдү өз 
оюнан кошумчалап, суроого толук жооп кайтара алышат. 
Дилбаянды же баяндаманы таяныч сөздөрдүн негизинде түзүүгө 
окуучуларды үйрөтүү жумушу башталгыч класстарда оозеки жана жазуу 
жүзүндө жүргүзүлө турган көнүгүүлөрдүн бир түрү болуп саналат. 
Көнүгүүнүн бул түрүн аткарууда дилбаянды, же баяндаманы таяныч 
сөздөрдүн жардамы менен жазууга үйрөтүлөт. Белгилүү бир тема боюнча дил 
баян же баяндама жазуу үчүн окуучуларга темага байланыштуу тандалган 
таяныч сөздөр берилет. Окуучулар ал сөздөрдү дил баян, же баяндама 
жазуунун негизги материалы катарында пайдаланып, ошол сөздөрдүн 
жардамы менен иштөөгө машыгышат. 
Таяныч сөздөр- кандайдыр бир мазмунду баяндоодогу негизги сөздөр. 
Тексттин курамынан негизги деп эсептелген сөздөр бөлүнүп алынып, доскага 
жазылып коюлат. Мисалы, “Салам айтуу адеби” текстиндеги таяныч сөздөр 
катарында бул сөздөрдү алууга болот: чоң ата, учурашуу, үйрөтүү, киши, 
салам айтуу, ассалам алейкум, адептүү, сыймыктануу. 
Тексттен таяныч сөздөрдүн тандалып алынышынын натыйжасы 
окуучулар түзө турган жазуу ишинин болжолдуу сюжетин, же планын 
чагылдыргандай деңгээлде болуусу шарт. Ансыз таяныч сөздөрдү 
пайдаланып дил баян, же баяндама жазуу башталгыч класстардын 
окуучулары үчүн татаал болот. 
Таяныч 
сөздөр 
боюнча 
дилбаян 
же 
баяндама 
жазууга 
окуучулардымашыктыруу иши 2- класстан баштап оозеки жана жазуу 
жүзүндө жүргүзүлө баштайт. Таяныч сөздөр менен иштөө төмөнкүдөй 
ырааттуулукта жүргүзүлөт: 
1. Мугалим күн мурунтан ылайыктап тандап алган таяныч сөздөрдү 
доскага жазып берет. Окуучулар таяныч сөздөр менен таанышат. 
2. Окуучуларга 
таяныч 
сөздөрдүн 
маанисин 
чечмелөө, 
аларды 
катыштырып сүйлөмдөрдү түзүү тапшырмалары берилет. 


181 
3. Таяныч сөздөрдүн жардамы менен түзүлгөн сүйлөмдөрдү бири- бири 
менен байланыштыруу менен болжолдуу мазмун иштелип чыгат. 
4. Түзүлгөн мазмунду бир окуучуга айттырып, башка окуучуларга 
толуктатат. 
5. Дилбаянды же баяндаманы жазуунун үстүндө иштешет. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда тексттер менен иштөө, 
алардын негизинде баяндама жазуу жана аны пландын, таяныч сөздөрдүн 
жардамы менен жүргүзүү окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүүгө, 
ырааттуу ой жүгүртүүгө өз оюн ырааттуу баяндоого зор өбөлгө түзөт. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутуу процессинде окуучулардын 
кебин байытууда визуалдык окуу иши да зор роль ойнойт. Тексттин 
мазмунуна байланыштуу окуу китебинде жайгаштырылган сүрөттөгү ар бир 
көрүнүштүн мазмунун түзө тургандай деңгээлде алдыртадан даярдалган 
суроолор берилип, окуучулар ал суроолорго тиешелүү жоопторду берүү 
менен, сүрөт боюнча баяндап айтат. Окуучулар сүрөттөгү көрүнүштөр 
боюнча өз оюн ырааттуу баяндоодо андагы жаратылыштын көрүнүшүн, 
адамдарды, персонаждарды, окуяны, анын ордун, мезгилин так ажыратып 
айтууга көнүктүрүлөт, башкача айтканда, көрүү аркылуу окуйт, баяндайт. 
Бул аркылуу алардын көрүү, угуу, ойлоо, божомолдоо көндүмдөрү 
калыптанат. Сүрөттөрдөгү баяндалуучу көрүнүштөрдү, окуяларды айтып 
берүү менен сөздөрдү, сүйлөмдөрдү туура кураштырууга, окуянын мазмунун 
чыгармачылык менен түзүүгө машыгышат. Машыгуунун мындай түрү 
окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн, оюн арттырып, өз алдынча иштөөгө 
көнүктүрөт. 
Ошондуктан окуучулардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кебин, 
байланыштуу кебин байытууда сүрөт менен иштөө, визуалдык окуу иши эне 
тилин окутууда негизги орундардын бирин ээлөөгө тийиш. 
Окуу китебиндеги визуалдык окуу үчүн жайгаштырылган сүрөттөр 
өздөштүрүлүүчү тексттин негизги мазмунун чагылдырып туруусу жана 
көрүнүштөр ачык, даана, балдар эмне жөнүндө тартылгандыгын ой 


182 
жүгүртүп, түшүнүп, сюжетти жеңил айтып берүүгө мүмкүнчүлүк ала 
алгандай деңгээлде болуусу шарт. Визуалдык окууда окуучулардын көңүлү 
окуу китебиндеги сүрөттөргө бурулуп, андагы көрүнүштөр менен таанышып 
чыгууга, анын тегерегинде ой жүгүртүүгө багыт алышат. Эгерде сүрөттөр 
боюнча баяндап берүү окуучуларга кыйын болсо, анда мугалим аларга багыт 
берүүчү суроолорду берет жана ал суроолорго тиешелүү жоопторду алгандан 
кийин, бир нече окуучуга визуалдык окуу ишин аткартат. Сүрөттөгү 
көрүнүштөр, андагы чагылдырылган сюжет, каармандар жөнүндө визуалдык 
окуу ырааттуу жүргүзүлсө, окуучулардын байланыштуу кеби артат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   38   39   40   41   42   43   44   45   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет