Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет68/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

ПРАКТИКАЛЫК СУНУШТАР 
- кыргыз тилин кенже класстын окуучуларына үйрөтүүдө анын теориялык 
маселелерине, тилдин грамматикасына негизги басым жасалбай, анын 
практикалык жагына: окуучуларда адабий тилдин нормасында туура, 
сабаттуу жазууга жана көркөм мазмундуу сүйлөөгө үйрөтүү, кебинин бай 
жана ырааттуу болуусуна жетишүү негизги маселе болуп эсептелет; 
- башталгыч класстарда кыргыз тили предмети текстке байланыштуу 
окутулуусу жана атайын окуу-методикалык комплектилер менен жабдылуусу 
зарыл; 
- башталгыч билим берүү боюнча окуу программалары кыргыз тилин текстке 
байланыштуу окутуу технологиясынын негизинде түзүлүүсү зарыл; 
- башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууга карата 
окуу-нормативдик документтерди, окуу программаларын, дидактикалык 
материалдарды, көнүгүү-машыгуу жыйнактарын, жумушчу дептерлерди, 
тесттик жыйнактарды, ж.б. даярдоо жана басып чыгаруу зарыл
- электрондук окуу китептери, көрсөтмө куралдар, аудио-видео каражаттары 
интернет сайттарына жайгаштырылышы жана жайылтылышы керек; 
- эне тилин окутуп-үйрөтүүнүн улантуучулук принцибинин негизинде 
башталгыч класстарда жүргүзүлүп баштаган кыргыз тилин текстке 
байланыштуу окутуу кийинки : орто звенодогу жана жогорку класстарда 
улантылышы керек; 
- башталгыч класстардын мугалимдери үчүн райондук, областтык, 
республикалык деңгээлде кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуу боюнча 
атайын билим өркүндөтүү курстарын ачуу жана ишке киргизүү зарыл; 


269 
- педагогикалык жогорку жана атайын кесиптик орто окуу жайларында 
башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы дисциплинасы 
текстке байланыштуу окутуунун негизинде жүргүзүлүшү шарт, ж.б. 
Биздин эмгектин теориялык корутундуларын башталгыч класстарда 
кыргыз тилин окутууда колдонуу эне тилин окутуп-үйрөтүүнүн мазмунун 
жана формасын өркүндөтүүгө өз салымын кошот деген пикирдебиз. 


270 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет