ЖАЛПЫ КОРУТУНДУ
Башталгыч класстарда эне тилин мезгил талабына шайкеш келген окуу
материалы менен окутуу, аны окутуунун максаттары менен милдеттерин,
мазмунун, методдорун, окутууну уюштуруу формаларын белгилөө, окуу
каражаттары менен окутууну көзөмөлдөө ыкмаларын иштеп чыгуу
милдеттеринин негизинде жана башталгыч класстардын мугалимдерине
теориялык жана практикалык жардам көрсөтүү максатында жазылган бул
изилдөө ишибизди жыйынтыктоо менен төмөнкүдөй корутундуларды
чыгардык:
265
1. Бүгүнкү күндө мамлекетибиздин орто мектептеринде, анын ичинде
башталгыч класста окутуу илиминин алдында эң маанилүү милдеттер
коюлуп жатат. Алардын катарында окуучулардын ой жүгүртүүсүн, ойлоо
логикасын, активдүүлүгүн калыптандыруу, окутуунун жаңы ыкмаларын,
жолдорун иштеп чыгуу, сабак өтүүнүн илимий жана методикалык деңгээлин
жогорулатуу сыяктуу негизги милдеттер турат.
Бул милдеттерди ишке ашыруу менен катар эле кыргыз тилин
башталгыч класстарда окутуунун мазмунун, методдорун, окутуунун
каражаттарын азыркы талаптарга ылайык иштеп чыгуу зарылдыгы турат.
Кыргыз тилин кенже класстын окуучуларына үйрөтүүдө анын теориялык
маселелерине, тилдин грамматикасына негизги басым жасалбай, анын
практикалык жагына: окуучуларды адабий тилдин нормасында туура,
сабаттуу жазууга жана көркөм, мазмундуу сүйлөөгө үйрөтүү, кебинин бай
жана ырааттуу болуусуна жетишүү негизги маселе болуп эсептелет.
Кыргыз тилин окутуунун методикасында байланыштуу кепке көңүл
буруу алгачкы китептерден, иликтөөлөрдөн, методикалык эмгектерден эле
башталган. Алгачкы «Алиппенин» автору И.Арабаев окуучулардын кебин
өстүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, буга карата атайын тапшырмаларды
киргизген. Тунгуч окумуштуулардын бири К.Тыныстанов окуучулардын
сөзүн өстүрүү үчүн кыргыз тили сабагында текст менен иштөөгө зор маани
берип, өзүнүн бардык окуу китептеринде көптөгөн этнопедагогикалык
мазмундагы көркөм тексттерди, элдик макал-лакаптарды кеңири киргизген.
Кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча биринчи окуу куралын жазган
С.Нааматов кыргыз тилин окутуунун негизги максаты катары окуучулардын
сөзүн өстүрүүнү аныктаган. Бул аталган тунгуч окумуштуулар кыргыз
тилинин грамматикасын сөз өстүрүүнүн, байланыштуу кепти өстүрүүнүн
негизги каражаты катары пайдаланышкан. Алгачкы методисттердин бул көз
караштары, изилдөөлөрү андан ары улантылбай кыргыз тилин мектепте
окутуунун негизги мазмунун тилдин грамматикасы түзүп калган.
Куррикулумдун талаптарына ылайык кыргыз тилин окутууда грамматикалык
266
материалдарды өздөштүрүү менен гана чектелбей, тилдин практикалык
аспектилерине негизги көңүл бурулууга тийиш.
2. Башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуунун
максат-милдеттери жана мазмуну аныкталды. Эне тилин окутуудагы негизги
дидактикалык
принциптерге
(жеткиликтүүлүк;
жөнөкөйдөн-татаалга:
системалуулук жана ырааттуулук; көрсөтмөлүүлүк) таянуу менен сабактын
максаттары
жана
көрсөткүчтөрү
иштелип
чыгып,
тиркемеде
жайгаштырылды. Максаттар жана көрсөткүчтөр грамматика-лексикалык
материалдарды сөз өстүрүү жана байланыштуу кеп менен тыгыз байланышта
окутуу принцибине ылайык иштелип чыкты. Окуучулардын кебин жана
байланыштуу кебин өстүрүүдө тил менен ой жүгүртүүнүн биримдигине, кеп
ишмердүүлүгүнө жана эң негизгиси текстке байланыштуу жүргүзүлө турган:
дүйнөнү таанып-билүү, кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, интеграциялап
окутуу, педагогикалык кызматташтык жана практикалык принциптер
сунушталды.
3.
Башталгыч класстарда кыргыз тили негизги предмет катарында
окутулат жана буга чейин окутулуп келген. Анын окутулуш абалы кандай
болгондугу, бул предмет боюнча окуу программалары жана окуу китептери
кандай түзүлгөндүгү тууралуу маселелерди изилдөө максатында окуу
программаларын жана окуу китептерин анализдөөгө аракет жасадык.
Эне тилин текстке байланыштуу окутуу методунун алыскы жана
жакынкы чет мамлекеттерде пайдаланылышына кыскача экскурс жасалып,
бул методду колдонуунун алгылыктуу жактары иликтенилди.
Башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда
тилдик
компетентүүлүктүн
негизинде,
ошондой
эле
кептик
компетентүүлүктүн негизинде окутуу ыкмалары сунушталды. Окуу
баскычтарына ылайык тексттердин көлөмүнүн өлчөмү, окуучулардын
тилдик, кептик компетентүүлүктөрүн калыптандыруу менен текстке
байланыштуу окутуу ыкмалары (жуп менен иштөө, топто иштөө, долбоор
түзүү, презентациялоо, ж.б.), текстке байланыштуу окутуунун формалары
(сабак-жомок, сабак-сцена, сабак-оюн, интеграцияланган сабак, макал-лакап,
267
табышмак, жаңылмач, ж.б. менен иштөө, ж.б.), каражаттары (дидактикалык
материалдар, көнүгүүлөр, тексттер, тесттер) жана методдору (салттуу жана
интерактивдик методдор: изилдөөчүлүк-ишмердүүлүк методу, байкоо жана
салыштыруу методу, кунт коюп түшүнүп окуу методу, мугалим менен
окуучунун, окуучу менен окуучунун ортосундагы кызматташтык, ж.б.)
иштелип чыгып, башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу
окутуунун модели түзүлдү. Текстке байланыштуу окутууга карата окуу
китептери жана методикалык колдонмолор иштелип чыгып, Кыргыз
Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан
сунушталып, пайдаланылууга берилди.
4. Кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда текст аркылуу лексика-
грамматикалык материалдарды өздөштүрүү менен коммуникативдик
компетентүүлүктөрүн
калыптандыруу,
окуучулардын
кебин
жана
байланыштуу кебин өстүрүү, жазуу иштерин жүргүзүү жана окуучулардын
тилдик-кептик компетентүүлүктөрүн калыптандыруу багыттары иштелип
чыгып,
сабактардын
үлгүлөрү, фрагменттери,
көнүгүү-машыгуулар
системасы, практикалык иштер сунушталды.
5. Кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда окуучулардын окуу
жетишкендиктерин көзөмөлдөө жана баалоонун жолдору жана ыкмалары
аныкталып, ар бир чейректин жыйынтыгында лексика-грамматикалык
материалдарды өздөштүрүү жана текстти талдоого карата баалоо үчүн
тапшырмалар, жыйынтыктоочу баалоо үчүн тесттик тапшырмалар (2-4-
класстар үчүн) иштелип чыгып, тиркемеде берилди.
6. Изилдөө боюнча педагогикалык эксперимент 3 этапта жүргүзүлдү.
Башталгыч класстардын мугалимдеринин сабактарына катышуу менен,
алдыңкы иш тажрыйбаларды талдоого алынды жана изилдөөчүнүн 40 жыл
аралыгындагы педагогикалык иш-тажрыйбасы жалпылаштырылды.
Тандалган окуу материалынын актуалдуулугун, окуучулар тарабынан
анын өздөштүрүү деңгээлин аныктап, ага жараша түзөтүүлөрдү киргизүү
эксперименттик окутуунун негизин түздү. Окутуу материалын өздөштүрүү
268
деңгээли окуучулар тарабынан алты түрдүү иш аракеттерди аткарууда
жетишкен көрсөткүчтөрү аркылуу аныкталды. Алты тапшырма боюнча
көрсөткүчтөр эсептелип, таблицаларда жана диаграммаларда чагылдырылды.
Сунушталган окуу методдорун, ыкмаларын, каражаттарын пайдалануу менен
өтүлгөн сабактар эне тилин текстке байланыштуу окутууда контролдук
класстарга караганда эксперименталдык класстарда орточо эсеп менен 8
пайызга жогору көтөрүлгөндүгүн көрсөттү.
Достарыңызбен бөлісу: |