Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет2/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   183
Калия Кулалиева
кагаздарына мүнөздүү сөздөрдүн жана кеп үлгүлөрүнүн кыргызча-орусча сөздүгү,
китепте кездешкен кыскартылган сөздөрдүн тизмеси, курсту бүтүрүү сынак 
тапшырмаларынын болжолдуу үлгүсү берилди.
Угуп түшүнүүгө багытталган материалдар СDге жаздырылып, китепке кошумча 
тиркелди. Угуучулардын, студенттердин деңгээлине ылайыктап, угуп түшүнүү 
тексттерин бир же эки жолу угузуу керек. Биринчи угуудан кийин бир аз убакыт 
берип (3-7 мүн.), андан кийин дагы бир угузуп, тапшырманы толук аткарууну талап 
кылуу максатка ылайык. Окуу куралынын укма материалдарынын текстин окуган 
филология илимдеринин кандидаты Элмира Тѳлѳкова, Рахат Мажитова, Аскатбек 
Мамадиев жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, «Манас» радиосунун үн 
режиссёру Осмон Тулановго тереӊ ыраазычылык билдиремин. 
Жалпысынан бул окуу китебиндеги сабактар 72 саатка ылайыкташтырылып 
берилди. Окуу китебиндеги 1 сабактын максаты окутуучунун аудиторияны ар 
тараптан таанып-билүүсүнө жана мугалим менен угуучу, студенттин ортосундагы 
байланышты бекемдөөгө багытталган.
Бул китеп менен окутууну баштоодон мурун кыргыз тилин билүү деңгээлин 
аныктоочу сынак өткөрүү зарыл. Тил билүү деңгээлин аныктоо сынагынан өткөндөр 
«Иш кагаздарын жүргүзүү» курсунун программасын өздөштүрө алат.
Шарттуу белгилер:
Маанилеш сөз (синоним) – //
Каршы маанидеги сөз (антоним) – 


5
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ИШ КАГАЗЫНЫН ТҮРЛӨРҮ
Иш кагаздары коомдун бардык чөйрөсүндө, чарбанын бардык тармактарында 
колдонулат. Иш кагаздарынын санынын, түрүнүн көп болушу алардын жогорудагы 
өзгөчөлүгүнө байланыштуу түшүндүрүлөт. Коомдун алга жылышы, саясий-
социалдык абалдын өзгөрүшү, жаңы түзүлүштөрдүн пайда болушу менен иш 
кагаздар мазмуну жана формасы боюнча өзгөрүүлөргө учурайт.
Иш кагаздарын классификациялоонун көп түрү бар. Алардын бири төмөнкүчө: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет