Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет113/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   109   110   111   112   113   114   115   116   ...   183
рамазан, расмий, рухий ж.б.
3. б тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл в тыбышына окшош айтыл-
са да, жазууда б тамгасы менен жазылат: ооба, аба, собол, өбөлгө, обон, үбөлүк, 


128
Калия Кулалиева
кубаныч, убал, добуш ж.б.
4. Бир катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң аягына келгенде, каткалаң к ты-
бышы сыяктуу айтылат. Бирок жазууда г тыбышы сакталып кала берет: педагок 
(айтылышы) – педагог (жазылышы), демагок (айтылышы) – демагог (жазылышы), 
психолок (айтылышы) – психолог (жазылышы) ж.б.
 Көнүгүүлөр
1. Боштуктарга эреже боюнча туура келген тамгаларды жазыңыз.
Гара…….., пара………, гер……, ……аис, ........убаи, ку……аныч, о…он, те…
ирмен, …..радус, бри…….ада, зало……., нало….., а…..а, оо…..а.
2. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
А) арап, клуб, эпилог, госпитал
Б) араб, клуп, эпилок, госпиталь
В) арап, клуп, эпилок, госпитал
Г) араб, клуб, эпилог, госпиталь
3. Кайсы катардагы энчилүү аттар туура жазылган?
А) Төө Ашуу, Чет Корумду
Б) Төө-Ашуу, Чет-Корумду
В) Төө-Ашуу, чет Корумду
Г) Төө ашуу, Чет корумду
 Грамматика
Атоочтуктар
Атоочтуктар, чакчылдар, кыймыл атоочтор этиштин өзгөчө формалары. Буларда 
этиштик жана атоочтук белгилер болот. 
Атоочтук – бир жагынан, этишке, экинчи жагынан, сын атоочко окшошкон 
этиштин өзгөчө формасы. Атоочтуктар төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен 
жасалат: -ган, -ар, -бас, -оочу, -уучу, -а(-е), й турган, -а(-е), й жаткан, -а(-е)й жүргөн
-ып жүргөн, -гыдай, -максан -сал, бол.
Мисалдар: Тигинде отурган конок кыргызча түшүнбөйт. 
 
 
Көрөр күн, ичер суубуз бар экен, балам.
 
 
Айыкпас дартка даба тапты.
 
 
Тамактануучу жай жок болуп, кыйналуудабыз.
 
 
Келе жаткан автобуска отуралы.
 
 
Бул чечиле турган маселе.
 
 
Алыста окуп жүргөн иним бар эле.
 
 
Чогулушка кечикпегидей болушубуз керек.


129


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   109   110   111   112   113   114   115   116   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет