Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет115/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   111   112   113   114   115   116   117   118   ...   183
 Грамматика
Чакчылдар
Чакчылдар бир жагынан тактоочторго, экинчи жагынан этиштерге окшошот. 
Тактооч сыяктуу кыймыл-аракеттин аткарылышындагы ар кандай кырдаалды 
билгизеткубана сүйлөдү, токтобой ыйлады ж.б.
Этиш сыяктуу кыймыл-аракеттик маанини билдирет, башка кыймыл-аракетти 


130
Калия Кулалиева
мүнөздөө үчүн колдонулгандыктан, кошумча кыймыл-аракет катары каралат: 
акылдашып иштеди, кеңешип жазды ж.б.
Чакчылдар төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: 
-ып: Аксакал киши сүйлөп отурду.
-а, -е, -й: Кыйкырсак да, токтобой кете берди.
-ганы: Жыргалбек үйгө келгени тыңып калдык.
-гынча (-гыча): Көлгө барганча, жайлоого бар. Мен келгиче ишти бүтүр, 
макулбу?
-майынча: Нускаманы окумайынча кол койбойм.
-бай: Эки саат тынбай машыкты.
-гычакты: Делегаттар келгичекти залды даярдаш керек.
 Көнүгүүлөр
1. Чакчыл мүчөлөрдү туура улаңыз.
Сизди алыстан көр..... сүйүндүм. Чыгарылган чечимге макул бол........ кет-
ти. Караңгы кир.............. иштептирбиз го. Ишти бүтүр.................... эч жакка 
жылбайм. Быйыл да окууга тапшыр............... келдим. Күн бат......................... 
келип калгыла. Арген агрономдук кесипке кызык.............. берет. Дарыланбай 
жүр.......... берди.
2. Боштуктарга туура келген чакчылдарды жазыңыз.
1. Агам Парижден сени менен бирге .......................... келдиби?
2. Кожомкул балбан жөнүндө ................................... кетпейм.
3. Катты ал ................................. жөнөтүшүбүз керек.
4. Ишти .................................. жасабайсың да.
5. Мени шаарга ................................. келишиптир.
6. От ....................................... отурбадыкпы ошол жерде.
7. Ынтымак ..............................., иш оңолбойт.
8. Алар сүйлөп .............................., даярданып алабыз.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   111   112   113   114   115   116   117   118   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет