Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Берилген сөздөрдү туура айкаштырыңыз



Pdf көрінісі
бет116/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   112   113   114   115   116   117   118   119   ...   183
3. Берилген сөздөрдү туура айкаштырыңыз.
көрбөй
барат
урматтап
кетпейт
каткырып
сүйлөдү
катышканы 
айрылды
байкабай 
келди
тапшырмайынча 
тосушту
достошкону
күлдү


131
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Угалы
1-кѳнүгүү. Нускаманын кимдер үчүн жазылганын аныктаңыз.
2-кѳнүгүү. Нускамадагы этиш сѳздѳрдү жазыңыз, аларды катыштырып сүйлѳм түзүӊүз.
 Сүйлөшөлү
1. Бир мекеменин кызматкерлеринин дарылануусуна сарпталган чыгымдарын төлөө 
инструкциясы кандай аталыштагы бөлүмдөрдөн турушу мүмкүн?
Жооп берүүдө төмөнкү сөз айкаштарын колдонсоңуз болот: ден соолук 
борбору, медициналык тез жардам, оорулуунун ооруканага жөнөтүлүшү, 
чет өлкөдө дарылануу ж.б.
2. Бир кызматкер мекеме кызматкерлерге дарылануу үчүн кеткен чыгымдарды төлөп бериши 
керек десе, экинчиси ага каршы чыгат. Ролдорго бөлүштүрүп, сүйлөшөбүз.
 Жазалы
1. Иш убагындагы кызматкерлердин тартиби боюнча инструкция түзүңүз.
2. Төрт саптын маанисин чечмелеңиз:
Алыска сапар жол жүрсөң,
Аземдүү жорго ат жакшы.
Билбес жаман туугандан
Билеселүү жат жакшы. 
(Тоголок Молдо)


132
Калия Кулалиева
УСТАВ
Устав – мекеме, уюм же ишкананын ишмердик багыттарын, укуктарын, 
милдеттерин жана ишинин уюшулушун жөнгө салуучу, белгилөөчү эрежелердин 
жыйындысы. Устав мекеменин жамааты тарабынан кабыл алынат. Тиешелүү 
юстиция органы текшергенден кийин мекеме жетекчиси бекитет. 
Ар бир мекеме, уюм, ишкана менчиктүүлүгүнүн түрүнө карабай, өз ишмердигин 
аныктоочу уставга ээ болот. Уставдын жалпы жоболору мамлекеттин аракеттеги 
нормативдик актыларына карама-каршы келбеш керек. Уставга өзгөртүүлөр 
киргизилсе, юстиция бөлүмүнөн кайра каттоодон өтүшү зарыл.
Уставдын титулдук бетиндеги БЕКИТҮҮ бөлүгү төмөнкүчө болот.
Мисалы: 
БЕКИТЕМ
Кыргыз Республикасынын
Саламаттыкты сактоо
министри____________
2011-жылдын 23-апрели
МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРДУН
УСТАВЫ
Бишкек – 2010
1. 
2.
3.
4.
5. …
Министрдин аты-жөнү
Эскертүү! Уставдын текстин толук келтирүүгө окуу китебинин көлөмү жол 
бербегендиктен, көнүгүүлөрдү аткаруу учурунда Уставдын толук мазмуну менен 
тааныша аласыздар.


133


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   112   113   114   115   116   117   118   119   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет