140
Калия Кулалиева
МЫЙЗАМ
Мыйзам – бул бардыгы үчүн бирдей милдеттүү жүрүм-турумдардын эрежеси
камтылган ченемдик-укуктук акт. Мыйзамдар адамдардын
укуктарын жана мил-
деттерин өз ичине камтыйт жана көп ирет колдонууга багытталат.
Президент, өкмөт, депутаттар жана 30 миң шайлоочу мыйзам долбоорун
сунуштоо укугуна ээ. Бул үчүн ага 30 миң жарандын колун топтоо же өкмөт аркылуу
киргизүү керек болот. Министрлик дагы өз алдынча мыйзам кабыл алуу демилгеси
менен чыга албайт. Ал муну адатта өкмөт аркылуу ишке ашырат.
Парламентке киргизилген мыйзам долбоору
адегенде Жогорку Кеңештин
тийиштүү комитети тарабынан каралат да,
андан кийин ЖКнын бардык
депутаттарынын кароосуна киргизилет. Эреже катары,
мыйзам долбоору
талкуулоонун биринчи баскычынан же биринчи окуу деп аталган жол-жободон
өткөрүлөт жана жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Республиканын Президенти
тарабынан бекитилет.
Жөнөкөй мыйзам кайсы бир маанилүү иштин аткарылышына
же сакталышына арналса да, көлөм жагынан чакан болот.
Татаал мыйзам мамлекеттин маанилүү деп эсептелген
тармагы боюнча мам-
лекет менен уюмдардын, мекемелердин, коомчулуктун, жарандардын ортосунда-
гы укуктук негиздерин, милдеттерин конституциялык принципте жолго салуунун
жол-жобосун ичине камтыйт.
Анда ошол тармактын мааниси, коомго тиешеси,
тийиштүү жоболорун аткаруу шарты, мамлекет менен анын жарандарынын өз ара
милдети глава, берене,
пункттан туруп, так, кыска, түшүнүктүү жазылат.
Достарыңызбен бөлісу: