141
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1-берене. «Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө» Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын
Жогорку Совети-
нин
Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
12-статья. Жер участкаларынын бөлүнүшүн жана жекече турак үйлөрдүн дол-
боорлонушун контролдоо.
Жекече турак үйлөрдү курууга жер участкаларынын бөлүнүшүн жана долбо-
орлонушун контролдоону архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп
чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө
ашырат.
16-статьянын 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архи-
тектура иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү органдарынын» де-
ген сөздөр «архитектура-курулуши иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
17-статьянын 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын
Курулуш иштери
жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин компетенттүү органдарына»
деген сөздөр «архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Достарыңызбен бөлісу: