Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет121/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   117   118   119   120   121   122   123   124   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Угалы
Уставдын окулган бул пункттарын угуп, суроолорго жооп жазыӊыз.
1. Бирикмеге кандайча мүчө болсо болот?
2. Кайсы учурда мүчөлүктөн чыгарылат?
3. Бирикменин жалпы жыйыны, Бирикменин кеңеши деген эмне?
4. Бирикменин каржы булактарын көрсөтүңүз?
5. Бирикме кайсы учурда өз ишмердүүлүгүн токтотот?
 Жазуу эрежелери
Үнсүз тыбыштардын жазылышы: ж, к.
1. Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү 
ж тыбышынын айтылышы ар башкача болсо да, бул эки тыбыш бир гана тамга 
аркылуу берилет: жемиш, жашыл, жеңиш; жюри, жандарм, пейзаж.
2. Сөздөрдөгү жана муундардагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к 
эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат. Жоон үндүүлөр менен келгенде к түпчүл 
к(кы) тыбышын билдирет. Ичке үндүүлөр менен келгенде к тамгасы орточул к (ки) 
тыбышын билдирет. Туура окуңуз: кайчы, кийчи; канат, китеп; кызык, кийик; 
окуу, эки; укук, күкүк. 
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген 
муундарда к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: казарма, кадр, факт ж.б.
1. К жана Ж тыбыштары катышкан сөздөргө уйкаш сөздөрдү табабыз.
Мисалы: кийик – бийик.
так –
жылдыз –
кыш –
кыргыз –
көр –
Жамал –
көк –
факт –
күрөк –
казы –
барак –
күн – 
2. Берилген сөздөрдү эстеп калганга аракет кылыңыз. Китепти жаап, дептерге бул сөздөрдү 
жазыңыз.
Сабак, трактор, экскурсия, нускама, буйрук, таңсыктык, казал, жолдош, жанр, 
жан, курал, эреже, тартип, жол, айыпкер, күнөөлүү, эрте, жаңы, сапаттуу.


138


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   117   118   119   120   121   122   123   124   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет