Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет22/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   183
Энчилүү аттардын жазылышы
1. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын жана эл аралык уюмдардын 
аталыштарынын бардык сөздөрү баш тамга менен башталып, айрым-айрым 
жазылат: Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку 
Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, КРнын Жогорку Соту
Россия Федерациясы, Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык 
Уюму ж.б.
2. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, уюмдардын аттарынын 
биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен 
айрым-айрым жазылат: Коргоо министрлиги, Каржы министрлиги, Билим 
берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик тил боюнча улуттук 
комиссия ж.б.
3. Мекемелердин курамындагы ички бөлүмдөрдүн наамы кичине тамга менен 
жазылат: Кыргыз улуттук университетинин тарых факультети, Чет 
тилдер жогорку мектебинин орус тили координаторлугу ж.б.
4. Ордендердин, медалдардын аттары тырмакчага алынбай, баш тамга менен, 
орден, медаль деген сөз кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Манас 
ордени, Баатыр эне ордени, Эрдик медалы ж.б.


28
Калия Кулалиева
5. Тарыхый окуя, майрамдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга 
менен башталып жазылат: Эгемендүүлүк күнү, Орозо айт майрамы, Басма 
сөз күнү ж.б.
6. Мекеме, уюм, коом, аянт, гүлбак, ашкана, тойкана, мейманкананын аттары 
тырмакчага алынып баш тамга менен жазылат: «Ала-Тоо» аянты, «Турар» 
басмаканасы, «Атлантик» тойканасы ж.б.
Эскертүүлөр! 
1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын 
Баатыры сыяктуу расмий аталыштардын бардык сөзү баш тамга менен 
жазылат.
2. Майрамдын аты сан менен башталса, андан кийинки сөз баш тамга менен 
жазылат: 5-Май, 9-Май, 8-Март ж.б.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет