4. Таш
Үстүнөн өтүп баратып алдындагы аккан сууну дайыма эңкейип карап коём. Суу экөөбүздө кандайдыр бир жакындык бар, “окшошпуз”. Мелмилдейбиз, шарылдайбыз, ылайланабыз, тунабыз...
Араба-машиналардын дөңгөлөктөрүнө, эки-төрт буттуулардын тамандарына тебелетпей алдындагы “мага окшош сууну” калкалаган – көпүрө. Бу өйүз менен тиги өйүздү эле бириктирбестен, мурунку дүйнө менен азыркы дүйнөнүн ортосун да байланыштыргансыган көрүнүшкө ээ. Эзелкидей эскирген. Куруп-салып кеткен аталарыбыздын маңдай терин урмат кылгандар чыккандыр, өз замандарында. Ал эми, астын “бели” менен аярлап, үстүнө “боорун” тоскон, эзелки көпүрөнүн эмгегин баалап, үнсүз даңктагансып, жанында кара таш жашачу эле. Бир четинде же бир учунда десем болот. Калдайып, көпүрөгө караан, кайтаруучу болгонсуп. Ким бирөөлөргө көркүн бузгандай көрүнгөнбү? Башка маселеден уламбы? Таш азыр ордунан козголгон. Томолонуп кулаган бойдон томсоруп сайда жатат. Майда-майда туугандарын баса жыгылып.
Буга кимдер күнөөлүү? Жолду оңдоо тармагында иштегендер же эл өтүүчү көпүрөнү да менчиктеп алган бир “менчик-мен” чыккан. Килейген тракторду (бульдозер) дүрүлдөтүп айдап ичинде бирөө келди. Жандаган жеңил машина менен эки мурутчан киши келди. Алар жерге түшүп узуну мурутун, кыскасы белин кармалап карап турушту. Дүр-дүр этип үнүн баспаган трактор темир мурдунун күчүнө, аны башкарган айдоочу колунун кыймылына таянып заматта эле жанагы ташты сайды көздөй ала салдырып жиберишти. Өзөктү өйүткөн бул көрүнүшкө күбө болуу да маңдайыма жазылыптыр! Байкуш таш, көпүрөбүзгө күнү-түнү эрмек болуп, көркүнө көрк кошуп гана турчу эле.
Кайсыл бир эл, балдарына бир жолу карматып ойнотуш үчүн жердеген жеринен бармактай да таш таба алышпайт имиш деп уккам.
Азыр мен жер бетиндеги чоң, кичине таш аттууларга да таазим этип турам. Жанагинтип күчкө салып эле ийбесек... Таштар тегерегинде өскөн ийнедей ичке чөптүн, курулган курулуштун же казылган ийиндин жанынан жарым карыш да жылып кетишпейт. Буларда кетип калуу, жанындагысын алмаштыруу, таштап кетүү деген жок. Улуу Жаратуучубуз ташты жасап атып кайра өзү таңданган болуш керек, “туулбай жатып” туруктуулугуна, бекемдигине. “Баары бир пайдаланбайсың” деп, ошон үчүн учуп кетүүчү канатын, жайылып кетүүчү тамырын, басып кетүүчү бутун жасабай тим койгондур.
Мени менен кошо сизди да кейишке салган, көпүрө жанындагы таш ошентип төбөсүндөй көрүнгөн, шоңшойгон жагы менен сайга сайылып түштү. Сайда эмес, кырда, көпүрөнүн жанында жашоону каалагандыр. Адам балдарына көпүрөнүн жанында салам айткансып тосуп алып, калдайган карааны менен карап узатып. Түртүлдү таш...
Сырдашым да (сырдашым – жигит) бир жолу түртүлгөн, кол менен түртүлгөн. Аным акылдуу, бирок, дагы эле айласыз момун. Дилине кир жолобойт. Автокырсыкка кабылгандан бери таяк менен басат. Бир жолу алты саны аман таанышы ачуусун андан чыгарып, тоголото түртүп жиберген. Ортого түшө калып, сырдашымды калкалап жыгылтпай алып калууга жараган эмесмин. Боз-ала чаң болуп жатканда тургузганым кеч эле. Сырдашымды жарым жан кылган автокырсыкты, тигил чоң муштумдууну деле айыптай албайм. Кырсык билинбей келип, ачуу да оңой менен токтобойт эмеспи.
Менин колумдан эмнеге эч нерсе келбейт? Жок дегенде, тоголонуп, жыгылып бараткандарды да сактай албайм. Качан керекке жарайм?
Оймо-сайма болгон ойлорум менен болсо баарын кыйратам: Ачкаларды тойгузам. Жыгылгандарды тургузам. Сынгандарды бүтөйм. Ажырагандарды бириктирем. Капалардын капасын жазам. Кызык...
5. Белен
Белен аттуу чүрпөнүн жарык дүйнөгө келишин белгиледик. Белендин анда 1 айлык болуп курсакта калганын атакеси баш болуп, бирөөбүз да билбептирбиз.
Атакеси токой чарбасында иштейт. Февраль айынын башталышында каада көрсөтөйүн дегениби? Сыягы, башка айымга алаксыган... “Мени кызганбайсың” деген шылтоо менен чыр баштап анан бир-эки сыйра кийимин колтуктап, кабагын карыш салып келинчегинин алдына келет:
– Кеттим... Токойдо жашап-иштейм, – деп күңк-мыңк сүйлөнүп жөнөөгө камынат.
– Токоюңдун каеринде? Дайын-дарегиңди айтып кетпейсиңби... – дейт анысы да тоотпогонсуп.
– Аякта көчө болмок беле! Дайын дарегим – Токой! – деп күрсүлдөп чыгып кетет.
Жубайы да өчөшүп артынан “издөө” салбайт.
Айлантып 6 ай өткөрүп атакеси кече эртең менен “каркырадай кайтып келиптир”. Арып-ачып келсе үйү бек. Кыздары го белгилүү, мектепте. Аялы кайда? Коңшуларынан сурайт. Сүйлөшүп алышкансып жалаң эле кожойкелери чыгышып оозу-мурдун бүлкүлдөтүшүп оңгулуктуу жооп беришпейт. Жакында эле той өткөргөн үйдөгү жаш келин гана үлбүрөп, колу менен жаңсап төрөт үйү жакты көргөзгөнгө араң жарайт.
Төрөт үйүнүн дүпүйгөн багынын арасында көптөн бери көрө элек достору, коңшулары (кожоюндары гана), дагы башка бейтааныштар үймөктөшүп турган жеринен тигини жазылышып, чачырай тосуп алышат:
– Охо-хоо! Токойчу! Бешик боо бек болсун!
– Салкын абанын эркеси!
– Кыйынсың кыдыргыч...
– Бу сен астрологсуң го? Кайсыл күнү аялың төрөп, канча күндөн кийин, саат канчаларда аялыңды чыгараарын билген! – дешип бажылдашып, бажакташып “токойдон узакка келбей койгон” мырзаны көкүрөктөрүнө сыга бирден кучакташат.
– Түшүнбөдүм... Менин аялым минеге төрөйт? – жана эле жайдаңдап келаткан “токойчу” жүзүн өзгөртүп, обу жок тамашалашып жатат дегенсип, аларга жактырбаган түр көрсөтүп четке жылып, бөйрөгүн таянып туруп калат.
– Эй, сен эмне бу жерге келдиң анда? Дөөдүрөбөчү! Сенин аялың төрөбөгөндө менин аялым төрөптүрбү? – деп көзүн алайтат, мурда классташ, кийин курсташ, азыр кошуна болуп жашаган эң жакыны.
– Токтоткулачы! – бакырат, эки жакка басып. – Мен токойдо 6 ай жүрдүм, иш деп! Кетип жатканда аялымдын боюнда 3 ай болуш керек эле да, анда... Эчтемкеси билинчү эмес. Токсикозу да. Анан кандайча? – деп нымшыган чекесин аарчыйт.
Ак халатын чечип жанындагы мөмөсү бышып турган малинанын үстүнө коюп койгон, колуна шарап куюлган чөйчөк кармап турган – төрөт үйүнүн башкы дарыгери кызара туталанып, мушташууга даяр турган кыймыл-аракет көргөзүп, айлананы жаңыртат :
– Сен, эй! Уяты жок десе... Алжактан Кудай ура турган немеге айланып келгенсиңби?! Бала сөзсүз эле 9 айлык болуп төрөлүш керекпи!? Аялыңдын боюнда 1 айлык учурунда калыптыр. Сен деген 6 ай жоголдуң... Ошондо 7 айбы? Балаң 7 айлык болуп төрөлдү. Текшердик, ден-соолугу чыйрак, кадимки 9 айлык баладай. Кайра жалынып, көзүбүздү карагандын ордуна керсеңдеп бизди кекетесиң, келесоо десе... Мендей акушерлерге да убал жок! Гипократтын анты урсун, эгер сөзүмө турбасам! Үйүмө алып кетип калам балаңды, сен бала кылбасаң мен бала кылып алам! Уулум жок эле...
– Уул? Уулбу? Уул бекен? Кечиргиле, сөзүмдү кайра алдым... Жанале уул дебейсиңерби... Айланайындар, жаңылсам кечиргиле! Түшүмбү же өңүмбү? Апам уктубу? – деп “токойчу” акылдан адашкансып ойду-тоону сүйлөп карбаластап кирет. Эсине келе калып шап дарыгердин моюнуна асылып өпкүлөп, анан тигил коңшуларын, жолдошторунун бирин калтырбайт. Аягында актана баштайт.
“Токойчу эле” эми “маскарапозго айланып кетпесин” деген тымызын ойго бирдей чуулганып алышкансып беркилердин ачуу, жиндери заматта таркап кетет.
Шарап мелтиреп толгон чөйчөктү колуна карматышат. “Төрөлүү майрамы” эми күчүнө киргенсип уланат. “Токойчу” уулун көрбөй жатып эле чөнтөгүнөн тутамдап акча сууруп чыгып, куттуу кабар айткандарга бөйпөлөктөп “Сүйүнчү” – “Көрүндүк” таратат. Анысы аз болгонсуп, төрөт үйүнүн “Чоң атасы” аталган – башкы дарыгерге тирүү карышкыр, өтө жакын кошунасына тирүү аюу, калгандарына түлкү, аркар-кулжаларды токойдон жетелеп келип берээрин жарыялайт. Жарыясын бышыктайт, “сөз эле дебегиле, бирден жетелеп келип карматам, эгер айтканыма турбасам...” деп карганып да жиберет. Уул жана уул аркылуу “Баалуу байлыктарга” ээ болушканы үчүн топтошкон мырзалар чөйчөктөрдү бошотушат.
Дагы бир сыйра шараптан толтуруп куюп чыккан досу өзү сөз алат:
– Тилибизди ук эми. Келбесең эмне кылат элек? Эмне кылып алат элек? Келинчегиңди өксүтпөйлү, сени жоктотпойлу деп... Жоро-жолдошторуң минтип чогулдук, чыгарып кетиш үчүн. Ушунча болду, азыр эле, биротоло уулуңдун ысымын коёбуз. Эгер макул болбосоң карышкыр, түлкү, аюуларыңды албайбыз, дос! – деп жанындагыларга карайт, силер да коштогула дегенсип.
– Маселенин маңызы туура...
– Кетем десең кетип, келем десең келип... Чыныгы эркиндик сенде болду. Азыр эркиндик бербейби-ииз...
– Карт жигит болуп 45ке чыкканда уулду болсоң, бирок, сенден мурун уулуңдун мурдун биз өпсөк... Анан ысымын биз койбогондо ким коёт? Акыбыз аттын башындай! – дешет.
Бат эле мас болуп калган атаке терисине батпай:
– Каалашыңарча, каалашыңарча... Жаны аман болсо болду. Керек болсо онуңар он ысым таап метрикасына жаздырып койгула. Уруксат бербедимби, жан биргелерим! – деп жаш баладай так секирип токтобойт.
– Атасы келген күнү төрөлдү, Келдибек коёлу, – дейт бирөөсү.
– Согуштан келиптирби, келсе досубуз токойдон келди да. Элибиздин асыл уулдарынан болсун, Асыл деп коёбуз.
– Таптым, таптым! Энесинин этегинен түшөөр менен атасын баш кылып, башкы врачты төш кылып, аяш аталарын ушул куттуу жерге чакырып алды – Чакырчак коёбуз. – дешип ар кимиси бөбөктүн ысымын койгонго аракеттенишет.
– Тамашаны токтотолу, туугандар, ысым коюлуп жатат, – дейт, салабаттуу тартып, “тирүү карышкырлуу” башкы дарыгер.
– Жарайт, жарайт, тартипти сактайлы.
– Жигитти көп күнөөлөбөйлү. Жашыл тоолорду “мекендеп” келди, ал жакка кетпесе уулу төрөлгөнчө чыдабай, чыдамы кетмек. Ырас эле кылыптыр. Эми жаркырап-жайнап жаныбызда. Анысын аңдабай менин аялым туталанат, өзүнүн күйөөсү башка бирөөгө кетип калгансып. А дейбизби, бу дейбизби... Буга чейин эч нерсе сезбесе, досубуз. Жүрсө, арча-кайыңдын арасында. Келсе эле көксөгөн уулу белен. Ошон үчүн ысымы – Белен болсун! Илимий жактан алганда да, бул ысымда ийгиликтердин, жакшылыктардын баары жолунда даяр турсун, белен турсун деген тилек жашырылган. Колдойсуңар деген ойдомун. – турган турпаты менен аксөөк кошунасынын ушул сунушу баарына жагат. Илимге байланыштырып жибербедиби.
– Зап кана таптың да!
– Белен – атасы менен биздин эле уул эмес, элдин уулу болсун!
– Ма-ма... Макулмун секеттерим! Макулмун, айланайындар! – Белендин атакеси эки колун өйдө көтөрүп, көзүн жумуп, буттарын тыбыратып астейдил тегерене баштайт: – Мага музыка! Музыка гана жетишпей турат! Кайда азыр музыка!?! Эми бийлеш гана керек! Вальс, танго, твист, полька, ча-ча-ча...
– Музыкага кечинде бийлейбиз, досум... – деп күлмүңдөйт, жанындагылардын бири.
Аңгыча эле, бөбөктү аярлай көтөргөн ак халатчан айым, аны колтуктап алган алсыз келинчеги жандарына акырын басып келип, катарлай туруп калышат. Өзүнүн денесинин ичинде “жаңырган музыкага” эле тегеренип бийлеп жаткан, татына бөбөктүн атакесине тигил айым назик үн менен кайрылат:
– Токтоңуз, токтоңуз эми, уулуңуз менен көрүшүп алыңыз... Бешик бооңуз бек болсун! – деп наристени аярлай алаканына сунат.
Ороо-чулгоодогу “биринчи тукум улоочусу” абадан эле пайда болуп калгансып, келинчегинин жүзүнө бир бурулуп карап коюу да оюна келбей, кубанычы коюнуна батпай “жаштык-мастыктагы” атаке уулун бооруна кыса кучактаган бойдон олтура калып, тура калып аймалап өпкүлөп баштайт. Анан бүкчүйүп бир колун шымынын алдыңкы чөнтөгүнө салат, тигил айымга кыргыз салтын жасап колуна бирдеме карматайын деп. Бирок, уулун көрө элек жатып эле “Көрүндүк” – “Сүйүнчү” деп болгон акчасын жанында тегеректеп турган жоро-жолдошторуна таратып берип койгон, ысымы да коюлуп калган – Белен аттуу чүрпөнүн атакесинин чөнтөгүнөн бырышкан бет аарчысынан башка эч нерсе чыкпайт.
6. Сүрөтчү
Кыялдын гана эмес, ар түркүн ой-санаанын да түйшүктөрүнө “баймын”. Бул түйшүктөр мени издейби же өзүм чогултуп үйүп аламбы? Акылым жетпейт. Оюм бириндейт. Дилим бөксөрөт. Мындай учурларым чегинен ашканда кийимдеримдин да оң-тетирисин баамдабай кийип алам. Азыркы абалымдай, чачтарыма да тарак жетпейт.
Угузба, угузба! Эч бир жандын кулагына мындай кабарды угузба! Таланты ташкындаган чоорчу жөнүндө коркунучтуу кабар уктум. Тирүү эле, бирок өлүмүнө камылга көрүп жатышыптыр.
Жашап жаткан адам баласынын жакындап калган өлүмү жөнүндө айтылган кабар – Ааламдагы эң жаман кабар. Эң жаман кабарды уктум. Ылайым эле наристе кезимдеги Нурландыкындай болсо экен! Анда да жүзүм бозоруп, денем калтырап, аягы жакшылык менен бүттү эле. Ал мындай болгон: Ойноочу жерибизге Нурлан келген жок. Башка балдар менен да көрүнбөйт. Чакырып келгени жөнөдүм. Аныкына баратканымда жолдон обочороок жерде топтошкон улуулар сүйлөшүп атышат. Арасындагы Молдо-Аке жанындагыларга:
– Тилден калыптыр. Дем алганы менен көзүн ачпай, эч нерсени сезбей жатат. Ылайыкташтырып боз үй тиге бергиле. – деди.
– Кимдердин боз үйүн сурайбыз? – деп сурады бириси.
– Өздөрүнүкү да бар. Темирбектикин сурагыла. Ким эле? Узунчу, аныкын алгыла.
– Коюңузчу, ал узун кишиңиз боз үй түгүл бакчасында жаткан ташты да бербейт. – деп беркилер кужулдашты.
Мындан ары сөздөрү дагы уландыбы же токтодубу белгисиз. Жарым жолдон кайра үйдү көздөй артка бурулдум. Кой сарайыбыздын артындагы далдоо жер гана мага азыр ыңгайлуудай. Чоң кишилер мени менен тең, кичинекей Нурлан жөнүндө айтып жатышкандай болду. Өлүмдүн каардуу, заардуу экенин анчалык түшүнбөсөм да балалык сезимим тыбырчылай туйлап турду. Көзүм алаңдап, өңүм кубарып кетсе керек. Апам кокустан мени көрүп чоочуп кетти.
– Эмне бозоруп биерде турасың? Бир балээнин ичинен чыккансың го... Анда ким урду? Чынын айт!
Жооп бербестен бышактадым. Ачуусу келди окшойт. Алаканындагы “май токочу” менен далыма анча оорутпагандай чаап-чаап ийди.
– Жылан көрүп тилден калгансыйсың да, айтпайсыңбы?
Нурланга атасы: “Кыз менен ойносоң кыз болуп каласың” – деп мени менен ойногонго тыюу салчу. Мага апам: “Кыз бала эркек бала менен ойнобойт, көп ойносоң сен дагы Нурландай бейбаш балага айланасың” – дечү. Тыюу салышкандарына карайбызбы. Берки балдар кыздарга караганда экөөбүз “тил табышып ” ынтымактуу элек. Мен куурчактарым менен ойногум келсе ал дагы кошулуп ойноочу. Ал чыбыкты ат кылып минип алса, мен дагы бир чыбыкка минип жөнөчүмүн.
Кечке жуук жолдо сүйлөшүп аткандар Нурландардын эшигинин алдына боз үй тигишти. Эртеси уйкудан тураарым менен ошол жакты карадым. Ак халатчан дарыгерлер жай баракат чыгып баратышыптыр. Алар кеткенден кийин боз үйдү чече башташты.
Апам мен ойгоно электе эле Нурландардыкына барып келген окшойт. Чачымды өрүп атканда акырын гана минтип айтты.
– Элдин балдары ойнобогон оюнду таап ойнойсуңар. Колуңар сынып же көзүңөр сокур болуп калса эмне болот?! Нурлан го эр-жигит болот, ага жараша берет. Сен кызсың, сымбаттуу, алты саның бүтүн болуп чоңоюшуң керек. Нурлан тентек болгону үчүн, кече күнү чоң атасы басып баратып эле кулап кетиптир. Турбай жатып калганда дарыгерлер келип араңдан зорго сакайтты. Сен дагы тамдын, тал-дарактын башына чыгып ойногонуңду азайтпасаң мен дагы сенин чачыңды өрбөй, эркелетпей, сүйлөбөй, жыгылып жатып калам...
Ишенген жокмун! Ах, апалар деле көп нерсени аңдай алышпайт! Кече күнү так ошол тентек Нурлан үчүн алаңдап, кубарып-кумсарып бышактаганымды сезген да жок.
***
Ка-ап, Аруунун туулган күнүн куттуктап, карбаластай мастерскаясына жетип барбай эле, телефондон каалоо-тилегимди билдирип койбой... “Баатыр” деген одеколонду сатып алып жөнөгөм. Кар жаап атканда кызыл пальточон болуп чыктым эле. Ага ак пальточон болуп жетип бардым. Куттуктап келгендерин узатып коюп олтурган жерин ирээттегенге киришиптир. Анын жашаган тамы – мастерскаясы, мастерскаясы – тамы. Жашаган, иштеген жери чогуу дегеним. Өчпөс жаратмандыгы бар өнөрлүү жигит. Сүрөтчү. Жеке турмушун айтсам, карт бойдоктордун катарында. Жандаган кыздары көп, түбөлүк бирге жашаганга тандаганы жок.
Аруу үстүмөн пальтомду алып силккенде бир топ кар түштү. Одеколонумду сунуп куттуктадым.
– Балпылдап кар жаап жатат, ызгаар суукта зарыл беле сага куттукташ? –деди, аяп.
– Мен куттуктап келбей калган да учурлар болот! – деп жибериптирмин.
– Балким... 19-январда такыр мени таппай калган да мезгил болот. Үшкүрсөңөр, бакырсаңар да табылбайм...
Саамга унчукпай муңая түштүк. Эртеби, кечпи Өмүрдүн аягындагы Өлүм деген нерсе ойго салат тура.
Мен ак сарайдын жертөлөсүндө иштесем, Аруу 5 кабат үйдүн жер төлөсүңдө. Таң калам, мастерскаясы үчүн сүрөтчүлөргө дайыма кычык-кучуктардан, имараттардын эң алдыларынан же эң үстүлөрүнөн (ачык асман алдынан) жай таап берип коюшат. Биздин жертөлөдө да бир сүрөтчү бар, чачын далысына, сакалын төшүнө чейин өстүрүп койгон. Коменданттан баарыбыз тартынып турабыз, ал тартынбайт. Ижара акысын айына төлөп коёт, бүттү. Жыргап жүрө берет, каалашынча, эркин.
Бийик, жапыс тамдардын ичине кирип жүргөнүм менен эки жагына кызыга карабаган адатым бар. Аруунукуна кирдим, өзгөрүлөм. Айнексиз, терезесиз мастерскаясынын босогосунан төрүнө, түбүнөн төбөсүнө чейин көзүм менен сыдыра карай берем. Кенен эле бир бөлмө. Бир бурчуна 9-10 мык кагып койгон. Кийимдерин жууса ошерге илип кургатат. Чыгармачыл Аруунун иштеп, жашаган жери алаканыма салып эле көтөрүп жүргүм келген, керемет-жер. Себеби, барган сайын мени өзүнө жалдыратып караткан бир картинасы бар. Босого жагында илинүү. Картинада: Күн кылкылдап кызарып батып бара жатат. Ташы, чөбү жок ээн талаа менен тээ алыста бириндеп, бери көздөй атасы, баласы, апасы басып келе жатышат. Жөнөкөй, жеңил кийинишкен. Апасы менен баласынын үстү жагы көз тайгылткан көп-көк асман. Атасы жагында андай эмес, ала-була булуттар. Жакшылап байкасак, булуттар аркылуу чачын жазган татынакай аялзатынын элеси тартылган. Улам-улам карай берем. Апасына өзүмдү окшоштурам. Баласына тилегимдеги, Дээр уулумду. Атасына кимди окшоштурарымды билбейм. Бар бирөө. Бирок, үстү жагындагы булут менен тартылган – чачын жазып коё берген сулуудан кызганам.
Туулган күнү болуп, достору менден мурун куттуктап кетсе да Аруунун жүзүндөгү жылдызы өчүңкү экен. Акылы бар жандын баары туулган күнүндө Апасын эстейт да. Аруу 4 жашка чыкканда апасы катуу оорудан каза болуптур. Топ кармап турганда эт-жүрөгү ээрий, элжиреп карап турган көз ирмем гана элеси эсинде сакталып калганын өзү айтып берген.
Аруунун кабагын бүркөө бойдон калтырып кетпейин дедим. Санаалаш, сырдаш дегендин жардамы анан качан керек! Күлкүлүү, кызыктуу окуяларды эбиреп-жебиреп баяндап кирдим. Арасына анча-мынча апыртмаларым да кошулуп кетти. Башталышында угаар-укмаксан болуп көңүлсүз олтурду. Акыры, Аруунун салыңкы кабагы жазылды. Куттуктап берген одеколонду колуна алып, тегерете карап, моюн жагына себинип:
– “Баатыр” деген одеколон! Аталышы эле сүрдөтөт. Булчуңдары буркуйган спортсмендер үчүн го. Мага “Арык”, “Илмейген” деген одеколон куп жарашмак. – деди тамашалай.
– Сүрөтчүлөрдүн колдору ичке, илмейип турганы эле дурус. Алдагы ичке колдоруң менен Манас баатырыбызды дал жаныбызда карап тургандай тарткансың. – деп капталда илинген “Манас ата” деген картинасын суктана карадым. Ыраазылыгын билдире башын ийкегиледи. Тартынгансып барып оюндагысын айта салды.
– Куттуктап келгениңе чын жүрөктөн алкыш айтам. Одеколонуңа дагы алкыш! Себиндим. Ачык эле айтайын, бирок одеколондун ордуна боёк алсаң ого бетер кубанмакмын. Негизи эле, жазуучулар калем, сүрөтчүлөр боёк алганды жакшы көрүшөт...
– Сүйүктүүңө “Баатырды” себинип барсаң баатырлардын духу жаныңда болот. Өзүң да баатырлардын сүрөтүн көп тартасың. Макул, ырас эскерттиң. Эми туулган күнүңдө жалаң боёкторду берем. Азыр деле кеч эмес, акча бар, таштайм боёгуңа, – дедим, пальтомду карап, акча чөнтөгүндө дегенсип. Көбүнчө бош жүргөн чөнтөгүм айлык алган үчүн толо эле. “Керегине жарайт экенмин” деп сүйүндүм.
Аруу дубалга тизиле коюлган картиналарынын арасынынан жука кара карандаш менен кимдир бирөөнүн элеси түшүрүлгєн портретти алып келип көрсөттү, “иштеп аткан ишим” деп. Жаңы эле тартып баштаса да элеси тааныштай. Бетинин түзүлүшү, солго таралган чачы, кырдач мурду. Тааныдым, элибизге аттын кашкасындай таанымал – чоорчу. Талант ( сүрөтчү) – талантты (чоорчуну) тартып аткан экен да!
– Ай-ий, бул атактуу адам! Сага өзү келиптирби? – дедим.
– Билем, атактуулугун. Туугандары бармактай сүрөтүн (3х4) таштап кетишти. Ошондон эле көчүрүп тартып жатам.
– Жашы 80ге барып калса керек. Юбилейи белгиленет бекен?
– Юбилей болсо жакшы болмок. Айыккыс оорудан улам төшөктөн баш көтөрбөйт, катуу дешти. Тезирээк бүтүрүп бер деп алып келип беришкен. Бүгүн бейшембиби? Дем алышка чейин тездетишим керек. Камырабаган киши да, даңк-даражасы гүлдөп турганда чыгынып бир портретин тарттырып койбойбу. Айтор... Эмдигиче өзүм деле автопортретимди тарта элек экенмин. Туугандарынын айтымында бул адамдын өлүмү жакындаптыр. Сүрөтү эле калса керек. Көзү өткөндө илгенге даяр болсун деп керек-жарагын да бүт алперишкен. Эргүүм ашып-ташыганынан абстракция тартып жиберип коротуп койдум. Уятымды чыгарбайын деген го, чоорчу жашап жатат. Аман болгону үчүн туугандары келе элек да. Эртең боёк сатып алсам колумдун учу менен эле портретин аягына чыгарып коём.
Муздун үстүндө жылаңайлак тургандай денемди майда титирөө анан тер басты. Анымды айтпай эле ордумдан туруп жөнөөгө камындым. Жаман абалга түшкөнүмдү Аруу байкады.
– Менде күнөө жок да, досум? – дейт, абдан ыңгайсыздана.
– Сенде күнөө жок, досум! Менде дагы. Чоорчуда, туугандарында дагы. Табигаттан пайда болгон боёкторуңдун арасындагы күңүрт, кара түстөр жашоо-турмушубузда да кездешерине кейип, кыйналып турам. Кете берейинчи...
7. Шоола жеңе
Шоола жеңебиз! Жаңы келин болуп келгенден бүгүнкү күнгө чейин, тууган-туушкандардын кыздарына үлгү. Тамак-аштын таттуулугу, жакшынакай тигилген кийимдер, таза мамиле жөнүндө сырдашсак эле Шоола жеңенин ысымы сөзсүз аралашып кетет. Ар бирибиздин көөдөнүбүздө жеңебиз менен сыймыктанган мактаныч орногон. Мынакей, мен да өзүмчө мактануудамын. Жеңебиздин оозу-мурдун чүйрүбөй, жайдары созулуп сүйлөгөнүн Элнур туурап бой жетти. Азыр ал кайын-журтунда барктуу келин. Кышында жука жоолукту үлпүлдөтүп алдынан байлап салынганын мен үйрөнүп алгам. Эми дагы баскан-турганына байкоо салып жүрөбүз. Карылыкка баратканда кандай күлүп, кандай сүйлөп калаар экен деп. Жакшына сапаттарын ар бирибиз “энчилеп” алгыбыз келет.
Шоола жеңебиз сиңдилерине мыкты-мыкты касиеттерин тегиз чачыратканы менен жекече баарлашканда демейкиден өзгөрүлөт. Анысын кийинчерээк байкадык. “Мен баарын билем, баарын түшүнөм” деп айтканын уккан жокпуз. Бирок, баарын билип, баарын түшүнөт. Чебер колдуу Нуркыз (дизайндын чебери) менен сүйлөшсө да маалыматы кенен. Саясатты “сайраган” сиңдиси менен так өзүндөй “сайрашат”. Эч нерсеге жөндөмсүз – менин жандүйнөмдөн да өзүнчө орун таап, “уя” салып койгон. Жөнөкөй гана жаратылышка тартып, алар жөнүндө кызыктуу нерселерди айтып берет. Эми ошол “уяда” бүлгүн... Бактылуу турмуштун түркүгүн кармаган Шоола жеңенин көкүрөк түпкүрүндөгү аянычына кошулдум...
Бизге сыймыктанаар жеңе таап берген агабыз балдарын жанына алып курортко кеткен. Шоола жеңе себепсиз эле жасай берүүчү сыйларынын бирине чакырды. Алдыма биринчи тамагын алып келип, дагы экинчиси шашпай бышып жатканын эскерткендей кеп таштады, мени менен жай-баракат маектешүүгө чыгынгандай. Бээнин сүтүнүн дарылык касиети жөнүндө билгенибизди ортого сала баарлашып киргенбиз. Сүттөн улам эстей койду окшойт, же оюнда турганбы?
- Түркмөн элинин койлорунун тагдыры жөнүндө билеттирсиң? – деди күтүүсүздөн.
- Коюңузчу! Койлордо да тагдыр болмок беле? – дедим, ишенбей.
- Болот, жарык дүйнөгө келүүнүн өзү – тагдыр да. Адам баласы сыяктуу эле...
- Түркмөн койлорунун тагдыры кандай экен?
- Жаман, жаман...
- Жаман дейсизби, эмнеге?
- Козуларыныкы андан, байкуштардын! Атайын кармап баккан “каракүл” породасындагы койлор. Туур менен эле көз алдында козусун мууздап туруп терисин жайып салышат. Таалайсыз козулар дагы тармал жүндүү болуп жоодурап туулушат тура. Дароо мууздап салышса терисиндеги тармалы жазылбай ошол бойдон калат экен. Андай терилерди сен деле көрүп жүрөсүң, көп адамдар жакаларына тагып, баштарына “папах” деп да кийип жүрүшпөйбү. Картайганда баягыл, бактысыз козулардын энелерин мууздап боорун алышса кээсиники берч болуп, кээсиники кадимки таштай катып калат экен. Былтыр ал жакта элчиликте иштеп жүргөн туугандардыкына барганбыз. Биз барган жерде таштар аз эле экен. Бирок, ошол аз таштары көзүмө урунган сайын абалым өзгөрүлүп атты. Бир туруп, колум, бутум, башым шылдыраган муздардан куралгансып. Бир туруп, менин денем да ташка айланып бараткансып. Ошентсе да, шордуу койлордун катып калган боорлору болбосун деп, ал таштарды тебелебей, аярлап аттап өттүм. Убакыт болсо жанымдагылардан бөлүнүп калып, таштардын чоң-кичинесин калтырбай тегерете сылап чыккым келди. Кээ бирин бир карап алып кайра дагы үңүлө карадым, жанымдагыларга байкатпай. Балким, ушул таштардан ыйлаган жаштар чыгып жаткандыр деп. Жок, тескерисинче, алар мага канга чөмүлүп туруп анан катып калгансыган кызыл таштардай көрүнүштү. Ал эми, жанагы шордуу койлор жылыга тууп, эмчек сүтү диркиреп ага баштаганда эле козусун көз алдында кызыл жаян кылып мууздап туруп терисин сыйрып жиберишсе! Анан, анан аягынан түшкөн ар бир козусу үчүн толгонуп, кыйналып, акырында боору ташка айланып кетет тура. Козуларынын шордуулугучу! Энесинин сүтүн, Жер-Эненин бир уурттам суусун ичкенге жетишпей...
- Ай-ий байкуштары-ыым десе, сиз муну кимден уктуңуз эле? – деп ичиркене, кейиштүү бырышып-тырыштым.
- Көп жыл болду, көз алдымдан жылбайт, документалдуу фильмден көрсөм керек. Айрым адамдардын мүнөзү катуулап баратса, эч кимге ишенбей же ким бирөөнүн жанына жолобой качып калса... Мен эмнегедир, аларга нааразы болбойм... Тирүүлүктүн ысыгы, суугу да таасирин тийгизет. Аңдадыңбы? Муну эмне себептен сага айтып жатам?
- Жок, жеңе.
- Ушу кызга айтып беришим керекпи же айтпашым керекпи деп көптөн бери санааркап жүргөм. Бүгүн минтип чыгындым. Жеңе катары эмес, улуулук озуйпамды аткарып, жөн гана...
- Айтыңыз, айтыңыз...
- Айтып бүттүм... Атайын чакырып, чай берип алып эмне үчүн башымды оорутат деп ооруксунба. Сен дагы мага окшошсуң, сезимталдуулугуң боюнча. Боор эле эмес, көңүл да катат. Көңүл катканда таштан да бекем болуп катат. Сиңдим, сага айтаарым, ашыкча кетпесең да кичине-кичине эле чыйрагыраак, кайдыгерирээк анан дагы кебелбес болсоңчу. Боло албасаң, анда өзүңдү үйрөт, тарбияла. Өтө марттыгыңды да токтот. Мен дагы тээ студент кезимде обу жок элем. Мындайча айтканда, бул ким, кимге, эмне себептен берип жатам?- дебей эле колумда эмне болсо ошону жаныма калтырбастан, алаканымда бекер жамгырдын тамчылары тургансып чачып жиберчүмүн. Ал сапатым мени түрдүү жандарга кездештирген. Аягында, өмүр теңдеп баратканда, эми араң гана жыйынтык чыгарып адамдарды эки түскө бөлүп койдум. Ак түстө: урмат-сыйды көрүп-түшүнүп өскөндөр. Кара түстө: урмат-сыйды көрбөй, билбей өскөндөр. Кара түстөгү мисалым коркунучтуу. Эл ичиндеги макалдай, ашыңды ичип, кадырыңды булгайт. Сыйыңды коркконуңан, аңкоолугуңдан жасап аткансып кабыл алгандар болот. Анысын байкап калган сен ирээнжийсиң, жийиркенесиң алардан. Көңүлүң дагы кирдейт. Анан гөр, баштагыдай туп-тунук болуп тазаланаар бекенсиң? Көңүл да катат, какчыйып. Дагы айтаарым, бир тал ничке чачтын кыймылын да байкай бересиң. Ар бир мамилени, кыймыл-аракетти рентгендей кабыл алганыңдын да зыяны бар...
Азыр көндүк, Шоола жеңебиз жаңы келин болуп келгенде жаш элек. Аны алыстан карап туруп алып, өзүбүзчө шылдыңдачубуз. Анткени, башка жеңелерден өзгөчөлөнүп, иттерине сөөктү ыргытып бербестен жанына барып оозуна тиштетип коёр эле.
Ылайыктуу учурдан пайдаланып сурап ийдим. Шоола жеңем чачылып, чечилип турат. Көп-көп сүйлөп бергиси келип. Суроом маегибизге үндөшүп, тиешелүүдөй.
- Сиз иттерге нан же сөөк бергенде оозуна тиштеткениңиздин да мааниси барбы деп ойлой берээр элем...
- Купуя суроолоруңду четинен чыгара бер, жооп берем. Кандай десем, ыргытпай бергенге көнгөм. Айтканыңдай мааниси бар. Башынан баштап баяндап берейин. Эми, эми акыл калчасам, анда эс тарта баштаптырмын. Эгиз экенибизди билесиң да. Түгөйүм, Нур – уул бала. Ата-энебиз аны сүннөткө олтургузуп мусулман кылышты, 5 жашка толгонбуз. Нурга бир нерсе ала келгендер мени да кур калтырышпайт. Бетимден өөп карматышчу. Алыскы шаардан атамдын карындашы да келди. Дасторкондун четинен белек-бечкегин тарата баштады. Эжебиз Нурга тыпыйган чапан алып келиптир. Аны жанында олтурган атама карматты. Анан кызыл-ала болуп токулган свитерди: “Ме, бул сага” деп маңдай жагында олтурган мага ыргытты. Дасторкондун үстүнөн көкөлөп өткөн свитер тыпыйган тиземе талпайып жабылып түштү. Тырмактай болсом да баамчылдыгымды! “Эмне үчүн мени жанына чакырып үстүмө кийгизбейт”, “колума карматпай, ыргытып берет” деп бир кызыктай болгом. Көрсө, ызаланыптырмын. Көрдүңбү, ошондо эр коюнунда жатканды билген аялзаты – колундагы буюмду балага да ыргытып берүү туура эмес экенин билбептир. Кыскартып айтканда, эчаак өткөн бир секунддук эле мамиле. Ошол мамиле мага чоң сабак болуптур. Бир туугандарга камкордук көргөндөн чарчабаган, эң улуу Алтын эжем мени кармап алып “төшүңө жылуу” деп кабат-кабат кийимимдин үстүнө ошол свитерди каттап коёр эле. Мага жылуулугу жок, жөн гана үстүмдөгү жүктөй сезилчү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле чечип ыргытып ийчүмүн. Мени “ызалаган” нерсени киймек белем? Тажады окшойт, кийин “кий” деп кыйнаган жок. Бир күнү свитерди чубап, ширенкенин кутусуна ороду, томолоктоп. Анан алаканы менен таманымды ченеп алды. Эртеси ошол жиптен байпак токуй баштады. Түшүнүктүү да, кимге экени. Байпак токулуп бүткөндөн кийин эжем да “ме” деп ыргытып береби деген күмөнсүнүү кичинекей жүрөгүмдү тепчиди. Алтын эжем анткен жок. Мени жанына чакырып, алдына акырын олтургузуп, токуган байпагын сылап-сыйпап кийгизип анан коё берди. Байпактын жумшактыгы менен жылуулугу бир укмуш. Жатаарда да чечким келбейт. Свитер сөгүлүп байпак болду, бир эле жиптен. Балким ал байпагым жылуу, жумшак деле эместир. Ыргытылбай бутума кийилгени үчүн баркы кымбаттагандыр. Түшүндүң да, берген, сунган буюмуң менен ал колго – назик бир касиеттүү мамиле да кошо өтүшү керек. Кибиреген 5 жашымдан баштап колумдагы нерсени иттен баштап адам баласына чейин эч качан ыргытып бербейм. Итке бир кесим нан берсем оозуна тиштетем. Эки-үч кесим болсо алдындагы идишине салып коём. Адам баласына болсо ого бетер кылдат карайм. Сурооңо жеңеңден канааттандыраарлык жооп алдыңбы?
- Албай анан, жеңе!.. Кызык экен. Жообуңуздун артынан түгөнгүс кенчтей акыл-насаатарыңыз дайыма агылып чыгат. Аны пайдаланганга мүмкүнчүлүгүбүз, акылыбыз жетээр бекен?
- Жетет, учуру келет. Сага айтып берем деп камданып жүргөнүм менен катуу жаңылыпмын. Кайра өкүнүп атам. Жанагы түркмөндөрдүн койлору жөнүндө укпай-билбей эле жүрө берсең болмок экен. Кокуй ай! Сени түшүнүп, билип туруп кылганымды! Эми ичиңден азап тартып, кейип-кепчип баштайсың...
- Шоола жеңе, Сизчи, сиз! Сиз кайра мен үчүн санаа чегип баштабадыңызбы...
Достарыңызбен бөлісу: |