Көңүл аттуу чыгармасы кыска, психологиялык мүнөздө чагылдырылган. Бөлөкбаева В. Көңүл. Прозалык чыгарма. Б.: Фиеста Бланка, 2008. 98 б китебинен алынды



бет4/5
Дата12.07.2016
өлшемі446 Kb.
#195743
1   2   3   4   5

11. Жолдош мырза
Кең пейил, “ачык кол” – Жолдош мырзаны маал-маалы менен көрүп турбасак эле сагынып, эстей баштайбыз. Ал башка көчөдө жашаганы менен биздин көчөнүн тургундарына таанымал. Ээ-жаа бербей эдиреңдеген тентек балакайлар дагы башкаларга салам берип-бербей өтүшкөнү менен аны көрүп калышса атайын алдына чуркап барып саламдашышат. Кеңдигин ички туюмдары менен сезишет өңдүү.

Жаман ойлобоңуздар ээ, Жолдош мырза анда-санда “ачуу” самаганда көчөбүздүн дал ортосундагы дүкөнүбүздөн (биздин гана дүкөндөн) жутуп турат. Алгач 100 грамм, анан 200, 300... Ашыкча болуп баратканда токтотот. Айырымдардай ызы-чуу салбайт. Мурда “ачуусунун” аягына чыккандан кийин дүкөндүн бурчундагы бир кишилик орундукта ойлонуп олтура берүүчү эле. Мен ошондон баштап аны тааныйм. Жанына барып:

- Бир жериңиз ооруп атабы? Сизге эмне болду? – деп акыбалын сурачумун.

- Эч нерсе. – олбурлуу кебетеси менен обдулуп, ийилген кыска кирпиктерин тез-тез ирмеп коюп кайра эле ойлоруна сүңгүчү.

“Телегейи тегиздей эле. Неге мынчалык санаа чегет?”—деп үйгө келип мен ойлонуп жатып калаар элем. Чын эле, күч десе күчү бар, балбандардай көрүнөт. Балеринадай суналган сулуу аялы, бапестеп багышкан татына балдары бар. Ден-соолук жагы жайында, байлыгы деле жетиштүү. Анан балакетке ойлонобу?
***
Сүйүнүчтүү! Акыркы 3 жылдан бери Жолдош мырзабыз өзгөргөн! Ойго батууну токтотуп, шайыр-шатман шайырдыкка ооду. Мурда деле ушундай болуш керек, ойлорунан “бошоно” албай жүргөндүр. Эми болсо, ичине алгачкы 100 грамм “ачуусу” киргенден кийин өзү “таттууга” айланат дегениме ишене бериңиз. Тааныш, тааныш эмес экени менен эсептешпейт. Дүкөндүн жанынан ким өтүп баратса жанына барып жайдары жүзү менен салам айтып, колун сунат. Ошерден эле анын колун коё бербестен жетелеген бойдон дүкөнгө ээрчитип кирет. Андан сурабайт эмне керек экенин. Жалаң азык-түлүк сатылган дүкөнүбүздөн өзү каалаганын сатып алып тигинин колуна толтуруп, батпаганын колтугуна кыстарып узатат. Андан кийин дагы бирөөнү. Капчыгы жукармайынча “ачык колдугун” жасаганы жасаган. Жылбайт. Акчасы түгөнгөндө чайпала, жай-баракат басып үйүнө жөнөйт.

“Берешен адамыбызды маал-маалы менен көрүп турбасак эле сагынабыз” дегенимдин себеби бар. Ал үй-бүлөөсүн багуу жана “эл-журтка камкордук көрүү” (дүкөндүн жанынан өткөндөргө бирдемкелерди алып берип туруш үчүн) үчүн ыраакка, иштеп акча тапчу жерине жөнөп кетет, 2 – 3 айга. Бир күнү эле күлмүңдөп, кайра арабызда пайда болуп калат. Кайра кетет, кайра келет.

Жаз кийимин кийинүүгө камданып турган, кыркалай тизилген ак кайыңдуу көчөбүзгө шаң тартуулап, так Нооруз майрамы күнү Жолдош мырза элден биринчи мени куттуктап келиптир. Көптөн бери көрүнбөй кеткен. Түшкү убакка жакын, саат 10дордо. Торсоюп бара жаткан курсагына жабыштыра жөлөп, борсойгон баштыкты көтөрүп босогомдо туруп калыптыр. Жука баштыгынан даана көрүнөт: кызарта бышырылган тооктун эти, “Шоро” суусундугу, конфет-печеньелер.

- Амансызбы! Майрамыңыз менен! Дайыныңыз билинбей кетти. Кириңиз үйгө... – деп маңдайым жарыла учураштым.

- Ыраазымын, кирбей эле коёюн. Буларды сага апкелгем. Акеңдин белеги катары кабыл ал. – Баштыгын жылмайып карматып коюп, анан мени жалооруй карап, суз мостоёт. – Карындашым, бизди кечирип койчу?

- Бизди? Бизди дейсизби? – күлдүм, эч нерсеге түшүнбөй. Баамымда беркисинен азыраак татып алгандай.

- Ооба. Мени, аны, тигини... Бүт эркек атуулардын атынан Сиз жана сиздей карындаштардан кечирим сурап коёюн деп алдыңда турам. .. – Башын анан тизесин ылдый ийилтип койду.

Кайран десе, “таттууга” айланып бараткан экен.

- Жаңы табышмак чыгардыңызбы, мени тапсын деп? Түшүнгөнүм жок. Кимдерди кечирем? Негизи барбы? Кандай жамандык жасап ийдиңиздер?

- А-ааа... Айтып бере албайм. Билесиң да, тилим чоркок.

Тамашасыбы? Чындапбы? Башым катты. Тамашалап атат дейин десем, кабагы суз. Кимдерди, эмне үчүн кечирем? Аягында мындай жыйынтык чыгардым: – Бүгүн Нооруз. Элдин баары Борбордук аянттагы майрамга кетип калышып, дүкөндүн жанынан эч ким өтпөй... Мени эрмектеп атат!

- Деги кимди кечирем! – ыргыштап кабагымды түйдүм.

Өзүн дайыма салабаттуу, бир калыпта кармаган берешен мырза кимдерди кечирээримди көзүн ачып-жумуп айта баштады.

- Мени, Нурду, Элебести, Эстебести, Жыргалды, Кутманды, Куттубекти, Темирбекти, Адилетти, Дыйканбайды...

- Сизди эле тааныйм. Нур, Элебестер ким?

- Иши кылып бүт жигитмин дегендерди кечиргин дегеним да. Сиз жана сиздейлерди бактылуулукка бөлөбөгөндөрдү кечир. Биз айыптуубуз... Мен – мендейлердин атынан кечирим сурап алдыңызда турам. Сиз – сиздейлердин атынан кечирип койсоңуз эле болду. Жолдош акең ар бир аялзатына ханыша катары мамиле кылат. Баарын бирдей сүйөм. Сулуусуңар, коозсуңар! Чиркин! Чирк-ии-ин... Дагы мине айтайын дедим эле! Унутуп атам... – жаагын сыйпалап, башын чайкады.

“Тилим чоркок” деп атып сүйлөгөнүн. Менин жиним келе баштаган. Жумшарып кеттим. Эстей-эстей, эсине “унутуп аткан” сөзү эмес, дүкөн түштү окшойт. Мага башка эч нерсе дебей, коштошпостон бурулуп басып кетти, жаагын сыйпалаган бойдон.

“Майрамдык ырыскымдан” даам татып олтурсам эшигимди тыкылдатып бирөө кагат. Ачсам кайрадан Жолдош мырза!

- Муногуларды жана кошпоптурмун. Кыштан аман-эсен чыгышың менен! Барбайган манжалары менен көкүрөгүнө кысып мага туз, күкүрт, кант, 2 литр “Шоро” алып келиптир. “Ачык колун” дайыма “Шоро” суусундугубуз коштоп жүрөт.

- Жана эле апкелчүңүздү апкелбедиңизби. Жетет, ташый бересизби? – чый-пыйым чыгып безилдеп жибердим.

- Ташый берем, айтсаң, элдер кайда? Дүкөндүн жанынан эч ким өтпөй атат ко?

-Элдер аянтта. Бүгүн бирөөсү да үйдө олтурбай, ошол жакта майрамдашууда. Сиз экөөбүз эле чыкпаптырбыз. Чай даяр, кириңиз.

- Мусулманчылыкта эри жок аялдын үйүнө – башка аялдын күйөөсү кирбеш керек! – компоюп, эки чөнтөгүнө колун салып дагы жөнөп кетти.

“Мусулманчылыкты сактаган” мырзабыз “ачуусунун” үстүнө дагы “кошумчалаган” экен. Азыраак термелип баратканына караганда.

Түш оогондо, үчүнчү жолу эшигим кагылды. Жолдош мырза экенин сездим. “Колу кычышып” мага дагы көтөрүнүп келди да. Улам-улам эле эшигимди ачып ала берет белем.

- Ким экен? – билмексен болдум.

- Чүш-шшш. Акырын. Баа... Баа... Байкең, Жолдош эле, – тили булдуруктайт, бирок, өтө деле эмес, түшүнсө болот.

- Таарынбаңыз, мындан ары сизге эшигимди ачпайм. Бергендериңизди ала берип өзүм уялып турам. Жетет...

- Са-сага жетет же жетпейт деп алып келген жокмун да-аа. Жана... Жанакыларды сага... Кубаныч тартуулайын деп эле. Маа-маанилүүсүн айтчы, бизди кечирдиңби? Кечирдиңерби?

- Абдан тажаттыңыз! Тынбай кайталай бересизби? Эмнени, эмнени кечирем?

Илинүү каалганын берки бетинде мен, аркы бетинде ал бийик үн менен сүйлөшүп атабыз.

- Жана таппай... Мен сизди балалуу кылбай атканыбыз үчүн кечир дейин дегем. Ой-ооой! Баласыз жүргөндөргө – балалуу болгонго “жардам бербегендерди, эркектерди кечир дейин дегем. Кечирдиңерби?

- Кечирдим, кечирдик! Болдубу?

- Урушпачы, карандаш! Ой, карындаш дейм деп... Менде деле мэ-ээ, жүр-өөөк бар.

- Билем, билем.

- Карындаш, жөө-жөөлүп, жөтөлүп калыпсың... Менде дары бар, “Цитрамон П” деген. Мынакей, эшигиңди ачып алып алсаң, кайра эле жаап аласың.

- Мен дары ичкенди жаман көрөм.

- Кой антпе! Кесир болот. Карындашым дейм! Дүкөндүн жанында эч ким жокко? Элдер качан келишет?

- Кечирээк, ага чейин үйүңүзгө барып туруңуз.

- Анан... Анан барам... Аялымды көргөнсүң аа?

- Көргөм. Сыртынан тааныйм.

- Аялым сулуу аа?

- Сиздей жигиттин аялы сулуу болбогондо кимдики болот?

-Туура, туура. Кулагың каалгага жабышылып, жаа-жакынбы? Угуп атасыңбы? Аялым акылдуу аа?

- Акылдуу, акылдуу. Мага эми капа болбоңуз, бутум талып кетти... Сиз да үйүңүзгө барыңыз.

- Менин бутум талыган жок, колум талып кетти.

- Колуңуз талыгыдай эмне болду?

- Са-сага деген мынагуларчы... “Шоро”, муногу вафлинин эң чоңу...

- Ырахмат, бүттү албайм, эшигимди да ачпайм.

- Ачпасаң ачпай эле гой.Сага бир өтүнүч айтайын дегем. Кулагынды түрүп турасыңбы?

- Түрүлүү.

- Баякыда болсо, төшөгүңдү сырттагы карга сүйрөлтүп сүйрөп чыгып алып күүп атыпсың. Бир четин күүсөң, бир чети калат. Жанакы ыр бар го, “бир көзүң өпсөм, бир көзүң калат” дегенчи. Аттап-буттап жаныңа жетип барып өзүм эле күүп салайын дедим. Кайра айныдым, баякынын эшигинде баякыл иш кылып жүрөт дебесин деп. Карындашым, тыңшап турасыңбы?

Жолдош мырза чечен болуп баратат да! Тилинин булдуруктаганы да азайып соолуга түшкөнсүйт.

- Төшөк күүсөм, кар күрөсөм деле баарын өзүм жасайм да.

- Тим гой, чиркин... Акең афган жергесине барып интернационалист-жоокер болуп келгенин билесиң аа?

- Кайсыл акем? – кимди айтып жатат деген ой кетти.

- Менчи!? Жолдош! Каалгаңдын артындагы арстан!

- Сизби?! Билбептирмин, өз оозуңуздан биринчи угушум. Интернационалист ал жоокерлерибизди абдан сыйлайм. Эми сизди да сыйлап жүрөм. Саналуу элесиздер да. Башка элге, башка жерге барып, алардын кандайдыр бир кызыкчылыктары болсо да сиздер кыргыз уулу болуп кызмат кылгансыздар. Сөзүңүздү токтотуп туруңузчу. Бутум уюп кетти. Бир нерсе коюп олтуруп алайын.

- Коюп ал, коюп ал. Мен жана эле олтуруп алгам. Келгенде эле.

- Сыз жергеби?

- Дөңгөчкө. Муногу дөңгөч бар экен го. Каяктан тапкансың? Мешиңе, көмүрүңө ичеги кылып жагайын дедиң беле? Бир күнү келип майдалап жарып берем. Бу каражыгачтын башын, аягын да өзүң аралагансыңбы?

- Өзүм эле.

- Чиркин, чиркин...

- Сиз экөөбүз дагы башка күнү сүйлөшөлүчү. Аянтта жүргөн эл майрамдап бүтүп тарай башташты болуш керек. Эми дүкөндүн жанынан өтө башташат...

- О коку-ууй! Кеттим анда! Муногуларды эшигиңе жөлөп коёюн. Этиеттеп ачып анан киргизип ал, “Шородон” ич! Ата-бабаларыбыздан тамагы. – кытыратып колундагыларын жерге койду. Басып кеткен дабышы угулду.

Жашы менден улуу экенин эсимден чыгарып, артынан наристени карагандай карап турам. Бала, бала, бала эле! Мындай жашоо – бейиштеги жашоо менен барабар болуш керек... Арманы да бардыр, өздөрү гана баштарынан кечирген, азабын тарткан. Анан кантип чоңоюп алышат? Бул да кызык! Мисалы, Жолдош мырза. Өзү айткандай – Акем. Армияга барып, аял алып, бала-чака жаратып...

Анакей! Айтканымдай эле. Убай-чубай майрамдап жүрүшкөндөр келатышат. Азыр берешен мырзабыз алардын алдынан тосуп чыгат. Канчасын сыйлаганга жетишип, канчасына жетишпей калат болду экен? Бирөөсүн жетелеп бери көздөй келатканда артындагылар өтүп кетет эмеспи. Капчыгы бүгүн саат канчаларда “арыктаар” экен?

Эми биздин көчөнүн дүкөнүнөн ичкен-жегенибизге керектелүүчүлөрдүн түрлөрү сатыла баштайт: нан, чай, кант, вино, макарон, лимон... Сатып алуучу – Жолдош мырза! Сатылгандарды кулмуңдап көтөрүп кетип жаткандар – тааныш жана бейтааныш замандаштарыбыз.


12. Издей берем
Элейип аны эмнеге көз алдыма тартып, маңдайыма алып келип алдым? Аялзаттары жөнүндө сүйлөнгөндөн ээги тынчу эмес. Анын айтымында: “Бүт аялзаты жаман, акылсыз, бир гана – поездге түшүп кеткен сулуусу акылдуу, жакшы.” Ошон үчүн жылып кеткен поезд жөнүндө жазып алган ырын тынбай эле кайталап, көркөмдөп окуй берүүчү...

... Ал кишинин жагымсыз сөздөрү да эч кимге угулбай, поезддер менен кошо жылып кетсе. Поезд, поездге түшкөндөрдүн баары кайрылып келсе. Поезд жөнүндө ыры бар кишинин гана угумсуз, уу сымал сөздөрү кайрылып келбесе. Кеп-сөздөрүн ошол жактагы, албууттанган шамалдар эле кумдарга көмүп койсо...

Ким бирөө көөдөндү булгап турса, дагы бирөө тазалап турганын! Кайра маңдайымды жаркытып, мээримдүү бир адамдын элеси көз алдымда тартылып турат. Ал – атам менен апамды издеп биздикине келген, бүт айлана-чөйрөнү сыдыра жайдары караган жан эле. Мен биринчи жолу көргөн, “көркөмдүү” мейманды атам менен апам биздикине түнөп кеткенге көндүрүшүп, кетирбей алып калышкан.

Ошол күнү кечинде жуула турган кийимдерди терип-тепчип чогултуп жууп, жайып койгом. Аптаптуу жай мезгили болгону да жакшы болуптур. Атамдыкы экен деп, меймандын көйнөгүнүн үстүнөн кийип келген кийимин илинип турган жерден алып жууп коюптурмун. Тигил мейман сырткы кийиммин эртең менен жөнөөрдө эле таппай калат. Апама кошулуп атам да үйдү үч көтөрө издешет. Акырында жуулуп жайылган кийимдердин арасынан таап беришет. Уйкудан ойгонгуп сыртка чыксам атамдар жылдыздуу мейманына ак жол каалаганын билдире башташыптыр. Мейман мени көрүп бурулуп, алдыма басып келип:

– Алдыңа кетейин, кийимимди кашкайта жууп коюптурсуң. Өмүр берсин өзүңө... – деп узакка ак тилектерин айтып чекемден сүйдү.

Уялдым. Атайын жуусам тилеги жарашат эле. Байкабастан кылган эмгекке коошпойт экен. Ошондо, атам менен апам да мейманынын тилегине кошулушкансып, мени менен сыймыктаныша бактылуу болуп турушкан.

Бүт турпатынан нур, жылуулук жааган, Күн нуруна оронуп алгансыгандай көрүнгөнү үчүн ал мейманды – Күн-Адамым деп атап, алгам. Ичимден дайыма аны менен сыймыктанам. Ал бир күнү биздикине келет...

Мен дагы Күн-Адамымдын жашына жетсем. Дүйнөсү таза бөбөктөрдөн ак чачтуу карыларга чейин жана бүт айланага өз нурумду чачырата Күн-Адамымдай карап жашасам!

Экран тасмаларынан, газета-журналдардын беттеринен, конференциялардан, калаалардан, айылдардан, жолдордон, машинанын рулун башкарып бараткандардан, кыскасы, баардык жерден Күн-Адамымды же ага окшошу кездешип калабы деп издей берем. Карай берем. Бирок, Күн-Адамым кездеше элек.

Күн-Адамым андан кийин биздикине кайрылып келбей койду. Эмдигиче апамдардан сурабайм. Жаман кабар уккандан өтө корком.

Жакшы адам – баарыныкы деген ишеничтемин. Күн-Адам дагы жакшы адам. Ал – меники дагы. Сиздики дагы.
13. Жашоо күрөш
Шаарыбызда “Шахмат оюнун сүйүүчүлөр” клубу бар экенин айтпасам деле сиз кабардар болсоңуз керек. Клубдун мүчөлөрүнүн кесиби, жаш курагы ар түрдүү. Аптанын ишембисинде чогулуп шахмат ойнойбуз. Жылдын аягында мини-чемпионатка катышабыз.

Кече күнү кыздар командасынан, Гузель экөөбүздүн ортобузду өчөшүү аралады. Ал ак фигураларды, мен кара фигураларды жетектеп беттешип киргенбиз. Оюн ортологондо Гузелдин король флангасына каршы ат, ферзь, ладьям менен чабуул жасай баштагам. Көбүнчө мени алдастатып “шах!”, “шах!” деп, аягында “мат” кылганга көнө түшкөнгөбү Гузель чычалагансыды. Мурунку бир жүрүшүн оңдоп, башкача жүрөм дейт. Макул болгонум жок. Көк беттигимди карматып туруп алдым. Гузель бүт фигураларды колу менен шилеп чачты да, унчукпастан сыртка чыгып кетти. Ага өчөшүп, үстү бош калган шахматтын чаар-ала доскасын колум менен ыргыта жерге түртүп, мен дагы чыгып баса бердим. Катарыбызда бетме-бет олтуруп беттешип жаткандар эч нерсеге түшүнбөй ооздорун ачып кала беришти. Шахмат өзүнчө бир искусство да. А искусстводо сөзсүз билинбеген кумар бар. Кумарда уруш, талаш чыгып кетет. Мейли эми. Эмки ишембиде Гузелдин таарынычын жазып алам. Ыгын таап, клубдагылардын бири калбай мени тыңшагандай көңүл бурдуртуп, анан Гузелди мактай сөз баштайм. Шахмат боюнча дүйнөнүн гроссмейстерлери, чемпиондору: Эйве, Таль, Чибурданидзелерге окшоштурам, ойноо тактикасын. Ак көңүл жан эмеспи, сүйүнгөндөн жарпы жазылат. Кайрадан эле шахмат доскасын ортого коюп, маңдай-тескей олтура оюнубузду баштайбыз.

Ак сөз, Гузель кыз күчтүү шахматчы. Керек болсо, 1897-жылдары Берлин шаарында таймашкан Чигорин менен Вагнердин бир партиясын жадыбалдай жаттап алгансып көргөзүп берип оозумду ачырган. Ойногон партияларыбыздын саны 25-30га жетти окшойт. Жеңиш көбүнчө Гузелде, 3 жолу гана ийгилик мага бурулган. Фигураларды чачып ийбегенде дагы бир жеңишке ээ болмокмун.
***
Кечээ күнү мен Гузелди таарынтсам, бүгүн мени бут кийимдеримди жамап-жаскап берип жүргөн Өтүкчү бай-акем (өзү ушинтип кайрылып жүр деген) таарынтты. “Ортомчу” боло коём деп. Мындан ары ага көрүнбөй, иштеген жеринен алыстап өтүп, аллея жак менен эле жумушума барып келип турам.

Сапатына карап сатып алсам деле, жайнатып санына карап алсам деле бут кийимдеримдин такалары түшүп, чолоюп сына берет. Жазгы, күзгү, кышкы бут кийимдеримди ар дайым оңдоп-түздөп, такасын кагып берип жүргөн – Өтүкчү бай-акем азыр эмгеги үчүн акча сунсам албайт. Мурда, жакындан тааныша электе ар бир такага 60 – 80 сомдон алчу. Бир күнү барсам эле өзгөрүлүп, дили менен жарылды:

– Жип-шуу, шибеге кармап иштеп жүрөм, 15 жашымдан бери, сендей бут кийимди жаман кийген жанды көрө элек элем. Мен 2-3 күндө таап койчу акчаны сен шыпырынып, шыпыргы кармап жүрүп 1 айда араң табат экенсиң. Эсептесем, айлыгыңдын теңинен көбүн менин колума берет турбайсыңбы. Мындан ары акчасыз эле бүтүрөм, жөн эле туфли-муфлиңди алып келе берчи! Кийбейсиң да уялып, анүстүнө эл деген сени уламышта жок окуянын ээси кылып ташташат. Болбосо, сага темирден бут кийимдерди жасап бермекмин, төрт мезгилге ылайыктап. Кыйналбайт элең, кыш келгенде кышкысын, жаз келгенде жазгысын кийип коюп жүрө бермексиң.

Ичимден жымыңдап сүйүндүм, оюмдагыны так өзүндөй түшүнгөнүнө. Эми бут кийимдеримди каалагандай кийе берем! Сөгүлсө жамап берет, беп-бекер!

Ошол күндөн бери мамилебиз жакшы болучу. Дайыма эле бекер оңдотконго бетим чыдабады. Бир жактан келатканымда колумда бышкан эт, боорсок болсо үйгө жетпейт, Өтүкчү бай-акеме бере келем. Эгер, узакка чыдачу алма, мандарин, ананас, мейиз-кактар салынып калса анда такам сына турган күнгө сактап коюп анан ала барам.
***
Дем алыш күнү эртең менен күтүүсүздөн тереземди черткилеп Өтүкчү бай-акем келиптир.

– Колуң бошпу? – дейт, шашып-бушуп. Иштеп атканда алдына тагынып алуучу жарты этегин да чечпептир.

– Бош элемин. Жардам керекпи?

– Бол тез! Тигил чал жанымды сууруп алгыдай.

– Кайсыл чал?!

– Баягыл чал, анын минесине жасанасың. Ушул бойдон эле бара бер. Бас, жүр!

– Эсимде жок...

– Бир жолу туфлиңди алганы барганыңда олтурбады беле.

– Баамдабаптырмын. Барайын анан эмне кылам? – дедим.

– Ой, түшүнөсүңбү деги! Сага көзү түшүп калыптыр. Кыйытып эле сени кеп кылып жүргөн. Таң заардан келген, ошондон бери кайталай берип, кайталай берип...

– Көзү түшсө эле бара беремби?

– Мени сыйласаң барып койчу. Балдары, кыздары үйлөнүп-жайланып кетишкен. Чал карыганы менен демдүү, күчтүү. Аялдыкка алам десе макул боло бер. Өлөт бир күнү. Заматта сага бекиткен, жыйган, чогулткан дүнүйө-мүлкү калат. Бол эми!

Мага мүрөктүн суусун таап койгонсуп көтөрүңкү добуш менен аяктады. “А” деген тамганы да айта албаган абалда шалдырай түштүм. (Ой – бузулган. Дүнүйө-мүлк – кимге кызыксың да, кимге кызыгың жок? Өлүм – шордуу чал... Сөз – кээде калемпирдей ачуусуң.)

– Айран-таң калбай болчу эми. Деги сага, өмүр бою өтүкчүң болуп жүрөйүн... – деп өзүнөн-өзү убада да берип жиберди.

Таманым жешилип, такам түшкөндө тыкыйтып кадап, тыкылдатып жолго салган ким? Өтүкчү бай-акем! Биринчи жолку суранычын кантип эле орундатпай коёюн? Жеңил кийимчен элем, ошол бойдон желпилдеп ээрчип жөнөдүм. Узуну менен туурасы зоопарктагы арстандарды кармаган темир тордой көрүнгөн өтүкканасына 3 минутта жетип бардык. Жакын эле.

Киргенде эле ордуна “күрс” олтуруп, жанындагы ящиктен килейген ботинканын түгөйүн сууруп чыгып, ремонттого киришти. “Ортомчулук” кылып жатып тигил киши менен жакындан тааныштырууну унутуп койду. Маңдайындагы олтургучта олтурган бирөө босогодо турган мага салам айтты. Атайын эле аны карабай, киргенден эле Өтүкчү бай-акемин шыпылдап иштеп жаткан колун карап туруп алгам.

– Жай алыңыз, – деп ал ары бурчка жылды. Жанына катарлай олтуруп анан жүзүнө тигилдим. Кирпигинен бери агарган, көздөрү ойноктогон жапалдаш бойлуу кары киши.

– Сиз чакырдыңызбы? – дедим.

– Чакырдым. Жаманбы? – деди, менден жооп күтө.

– Жаман эмес. Айтаар сөзүңүздү айта бериңиз.

– Айтпагандачы! Чыгындым. Өзүм шар сүйлөгөндү жактырам, сени көргөндөн бери уйкум качып... Кой, Бабахун дедим өзүмө. Бу иничекке таң заарда эле келип, ички сырымды төктүм. Иничек түшүндү. Түшүнгөнү колдогону. Туурабы ыя? – деп иничегин карап анан жаныма жылып жакындады. Бир колу белиме айланып келип “жабышып ” калды. “Жабышканын” акырын ары алып койдум.

– Сиз канча жаштасыз? – дедим башындагы ала-була топусун карап.

– Жетимиш беште элемин.

– Мен сизден кырк жашка кичүү турбаймынбы!

– Кырк жашка кичүү болгонуң кайра мага жакшы да! Какый-кокуй белим деп ооруп жатып калбайсың, – карсылдап каткырды.

– Сизге го жакшы экен. Магачы? – дедим сыр билдирбей.

– Сага кереги не? Кейибей жашасаң болдубу! Курсагыңды ток кармайм, кийимиңди бүтүндөп, жаңылап турам.

“Ортомчубуз” бизди тааныбагансып, өз иши менен гана алек.

– Сизге да уят. Мага ого бетер уят. Атасы менен кызындай көрүнөбүз го... – жалтактай жооп бердим.

– Эхе-хей, уят дегенди кашек-машектин баарын жеген уй да жебейт. Уят деген өзү барбы? Кана мага көргөзчү! Уят деген бул үч гана тамгадан куралган жөн эле сөз. Уят деген, жумуру уяда да жок. Анан кайда болмок эле, чоң кыз! – бутумдун учунан төбө чачыма чейин көз жүгүрттү.

Уят жөнүндөгү “түшүндүрмөсү” заматта мени мына мындай таасирге салды: жердин үстү бүт топурак менен суу аралашкан ылай, балчык; ал экөөбүз гана башыбызды ошол балчыктан соройтуп чыгарып алып ботала жүзүбүз менен сүйлөшүп атабыз...

Кайым айтышпай кыска бир сүйлөм менен гана кутулайын дедим.

– Менин табитиме сиз ылайык эмессиз! – деп сустая башымды башка жакка бурдум.

– Деле гой, деле гой. Менден ашык сага ким ылайык? – тилдегенсисе дагы көзүнүн оту өчпөй, жылтырады.

– Иши кылып сизден башкасы...

– Деле гой, сенден жаш, мөл булактай сулуу кыздар менден картаңдарга катын болуп жатканын билбейсиңби! Деле гой, деле гой бил-ээсиң! Айлакерленип, жасакерленип атасың! – жүзүндөгү “температурасы” төмөндөп, тилине өттү.

Күйүп-бышып, чыдабадым.

– Баары эле бирдей эмес, ошону сиз да билбейсизби? Эмдигиче...

– Эхе-хей, кыйындыгын, деле гой... Так төбөңө конгон алтын кушту учурганы турасың.

– Канакей төбөмдөгү алтын куш? – жинине тийейин деп төбө чачымды сыйпаладым.

– Мына! Мен! – колу менен көкүрөгүн муштап-муштап алды.

Андан ары чыдаганга чамам жетпеди. Ордуман турдум да эшикти “Та-аарс” эттире күч менен жаба чыгып кеттим. Он-он беш кадам таштаганымдан кийин “кыйч” этип мен жаап баса берген эшик ачылды.

– Эй, эй, ээ катын! – тигил абышканын үнү.

– ...


– Эй, дейм, эй деп жатам!

– ...


– Жыртык бутуңду жаматып, жарыбай ушуерден чыкпай кал! Шашпа! Мага түкүрдүңбү! Түптүү жара сага чыксын! Уктуңбу! Деле гой...

– ...


– Уктуң, уктуң...

Өтүкчү бай-акемдин мага тапкан “күйөө баласын”...


14. Маймыл жакшына...
Кайдыгерлигимден. Эринбестен фотоаппаратымды алып чыгып, керемет көрүнүштү сүрөткө тартып койбоптурмун. Сабы куураган сарымсакты жулганымда ак жиптей, тарам-тарам быжыраган тамырларынын бирөөсүнө илинип, чоктой кызыл мончок кошо чыккан. Ничке тамыры көзөнөгүнө кирип, андан нары да узара баштаптыр. Жаздабы, жайдабы кыздын моюнунан үзүлүп түшкөн мончок топуракка басылып калса керек. Ага карабай мончоктугун далилдептир.

– Махабатсыз өмүр сүрүү сага кызыксыз эмеспи?

– Эч кимди сүйбөгөндөй жүрөсүң...

– Сүйүүсүз кантип жашайсың?

– Жактырганың ким, атын айтчы?

– Көздөгөнүңдү деле билгизбейсиң... – дешип суроо узатышканда жооп бере албай кыйналып-кысталам. Жалбырттаган жаштык өтүптүр, жалтанбай жооп бере берген. Жылдар жылган сайын өзүмдү этиеттечү, коргоочу болуп алдым.

Мончоктуу-сарымсакты сүрөткө тартып (фотокадрга алып) алганымда жайнатып сүрөт кылып чыгарып, жаныма салып жүрмөк экенмин. Жанагинтип суроо салгандардын колуна унчукпастан бирден карматмакмын. Бышып, саптары ийилип куурап бараткан сарымсакты – “бул менмин” демекмин. Ирибей-чирибей тамырына “тагылган” кызыл мончокту “бул менин сүйүүм” – деп, эки ооз сөз менен кутулат элем. Бир жолку окуядан улам “жеке аруу сезимим жөнүндө экинчи эч бирөөнө кеп салбаймын” деп караңгы түндө ант айтып койгон элем.
***
Алар мага кандай көрүнүп калышса, дал ошондой өчпөй жашап турушат. Кантейин! Ысымдарын атоого оозум барбайт, жазайын десем колум калчылдайт. Бирок, алар менен кошо Жанасыл курдашымды, мени дагы жаман көрөсүздөр. Биерден дилиңизди тазарта турган асыл адамдарды таппайсыз.

Анда азыркыдан жашыраак элем. Абройлуу саясий партиянын штабында эмгектенчүмүн. Кызматкерлерге эртең менен чай, кофе даярдап, түш маалга тамак жасап. Кимисине жакын мамиледе экенине деле кызыкпаптырмын. Штабка жылмаңдап күлгөн, үнү акырын чыккан, жылдыра какшыктай сүйлөгөн, орто бойлуу кара тору киши тынымсыз келе берүүчү. Партиянын деле мүчөсү эмес. Эмнеге бизге бат-бат каттаганы түшүнүксүз. Кылаарга иши жок жүрчү го.

Штабдын эс алуучу бөлмөсүндө Р. аттуу эжеге, Б. жана А. аттуу иничектерге чай берип олтургам. Баягы киши дагы келди. Ысымы Ж. болуш керек. Колумда турган сыйымды көрсөтүп чай сунуп, нандан алдына жылдырдым. Ж. досторунун аялдарын шылдыңдаган, мазактаган кеп баштап алып аягына чыкпай узакка созду, тажатып. Анан мага өттү. Жүрөгүмдү ээлеген адам жөнүндө сурады. Жашырган жокмун. Мени эч ким жактырбаса (сүйбөсө) анан мен өзүм сыртынан болсо да бирөөнү жактырып, өзүмдү алаксытканга акым жокпу?! Сүйкүмдүү Жигиттин атын атадым. Узун боюн, кең далысын, өнөрлүүлүгүн мактап, элинин салт-санаасынан бери айтып жибериптирмин. Жанымдагылар да бериле тыңшап, Ж. болсо мени кубаттагансып башын ийкегилей, чайдан ууртап эле угуп олтурган. Сураарын сурап алып, сөзүм бүткөндөн кийин шорумду катырды. Сөөмөйү жок эле, сөөмөйү болгондо так көзүмө кезеп алып сүйлөмөк экен. Бармагына илип алган топтошкон ачкычтарын шыгырата айлантып (ошол минуталардан баштап башка ачкычтардын шыгырагын уксам эле көңүлүм муздай түшөт), кытмыр жылмайып, акырын сүйлөп оозун керип-чоюп сөзүн баштады.

– Пыш-шш! Арың жок. Андай жигитти Евро-оопанын, А-аа-азиянын кыздары артынан тизилип ээрчийт. Ал деген таланттуу, сулуу, сымбаттуу, билимдүү гана кыздарга ылайык. Сага окшогондорго эм-мес! Бою кыска, моюну, бели билинбеген тултук бет, кодогойлорду ал карап да койбойт. Беч-чарам, бечарам десе... – деп айтып бүтүп, “кыйраттым” дегенсип жанымдагы Р. эжеге, А. менен Б. ларга чекирейе карап, ырахаттана таңдайын “тах” эте какты. “Тах” эткен таңдайындагы добушу мени көздөй мээленип турган мылтыктын жаңырганындай эле угулду. Колумдан даам сызып, сынагансып суроо салып алып бериле угуп анан кемсинткен кеп айтаарына даяр эмес элем. Делдейип туруп бердим. Макалыбы же лакабы беле илгерки Сайра-апанын зээни кейип тилденип атканы эсиме түштү. “Жылмаңдаган жүзүңө, жылан кирсин көзүңө” дегендей мааниде беле. Кыскасы Сайра-апаны колтуктай ээрчитип келип Ж.ны каратып туруп баякы айтканын кайталап айттырууну самадым. Сөөмөйү жок мени жемелеп бүтөөр менен эле жанымдагы Р. эже тегерек бетин бултуйтуп “бырс” эте бышкырып алып, бүлкүлдөп күлө баштаган. Аны менен жарыша “акынмын” деген А. аттуу иничек бети-башын бырыштыра арсалактады. Б. иниме кечирээк “жетти” окшойт. Сынып калбасын деп сактангандыр, көз айнегин колуна алып анан алысыраак жерге коюп, олтурган жеринде ийрелеңдеп күлүп кирди. Кыскасы, баары мени шылдыңдап күлүп жатышат.

Ызаланганымды айтпайын! Жаныма батканы “бултук бет”, “кодогой” дегени. Чындыгында, Ж. жана Р. эже, иничектер Б. менен А.нын бойлорун карасам алар деле менден өткөн “кодогойлор” экен. Негизи, күлкүнүн ары жок дешкендери чын.

Таламымды талашаар замандаштарым, түшүнүктүү жандарым көзүмдөн учту. “Айтпай эле койбой” деген өкүнүчүм ичимде “өкүрөт”. Акактай аярлап жүрөгүмө каткан жакшы көрүү сезимимди көркөм дүйнөсү жокторго, жарык дүйнөсү жокторго “жарыялаптырмын”.

Айырым учурларда, түбөлүккө сүйлөбөй калган туугандарга окшомоюм бар, мостоюп туруп берем. Бирок, түбөлүккө көздөн, кулактан айрылган туугандардай боло албайм. Көз алдымда элеси, кулагымда үндөрү жаңырып кала берет. Ар бир айтылган Сөз менен Көз караш мени менен бирге жашоону улантат.
***
Чимирилген дөңгөлөктөй айланган таң бу күнү жай баракат супа салды. Уктабаганым үчүн ушундай сезилгендир. Таңазандан Кант шаарына Жанасылга жөнөдүм. Ал тилдегенди жакшы көрөт, макул, тилдесе тилдесин. Ызаамды айтып жеңилдеп албасам жарылчудаймын.

Жанасыл Чыгыш күрөшү боюнча спорттун мастери. Оңой менен бирөөгө баш ийбейт. Түз жүрүп, шар сүйлөйт. Назик адамдарга назик боло калып, оройлорго оройлонгон мүнөзү бар.

Кечөөгүнкү окуянын чып-чыргасын калтырбай каңырыгым түтөй баяндадым.

- Акмактар! –деди дароо эле.

- Сен мени, мени тилдечи. Менин сезимимди тилде. Алар эмес, мен күнөөлүдүрмүн – дедим, кайра...

- Тилдейин, чайнабай эле жутуп ийчүдөй жумшактыгың бар. Жактыруу, сулуулук, кыялдануу, сезимдер дегенди да түшүнгөн адамдар түшүнөт. Мен сенин ордуңда болсомбу?! Өзү биринчи сурап алып, кайра сени келекелеген жанагы сөөмөйү жогуңду чыканагынан бери жулуп салмакмын. “Бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт” дейт, аял – аялдын намысын талашып, коргоп турбаса эмнеси аял! Р. эжеңди көрбөдүм беле, мырмыйган мырык десе! Намыссыздыгы үчүн ылжыңдап күлдү да. Аныңдын мурдун ары киргизе чертмекмин. Иничектериңди ичтен ылдый тепмекмин! – деп ызырынды.


***
Ишенем. Жанасыл жасамак. Эгер, Жанасыл бир жакка баратып жаман жолго түшүп алса, ким бирөө орой үн менен кыйкырып:

“Эй, сен шагылдуу эмес, түз жол менен баспайсыңбы!” –десе, Жанасыл: “Сен өзүңдүн басып бараткан жолуңа, изиңе жооп берип ал!” – деп кайыңдай турпатын ого бетер түзөп коюп басып кете берет. Урам дегенин да уруп салат. Күчтүү. Бир жолу алыс-жакын аралашкан, дос-туугандар чогулган жерде чыр чыкты. Аксакал кишибизге – карасакал кишибиз атылып кол көтөрдү. Ортодон чыга калган Жанасыл кара сакалды колуна тийген буюм менен ыргыта чапты. “Эмне кылганың? Жашы улуу адамды, эркекти ушинтесиңби?” – деп биз чуру-чуу болуп тилдеп кирдик, акыл айтып. Анда Жанасылдын жообу: “Көзүңөр көрбү! Ал биринчи өзүнөн улуу адамга кол көтөргөнүн көргөн жоксуңарбы? Ал өзү – улууну сыйладыбы? А эркек катары мен аны тааныбайм. Төрөтүп коюшту эшек да билет! Мен азыр эркекти чапкан жокмун! Мен аялзатын сыйлабаган, жылжытып ушак айткан ушакчыны жыга чаптым. Кызы менен тең кызды эмне деп айтканын силер уктуңар беле? Мен уккам! Убагында менин жүрөгүм канаган. Өчүмдү алдым! Оозуңарды жапкыла!” – деген. Көрдүңүзбү, Жанасыл ушундай, эртеби-кечпи акыры бир күнү өчүн дагы алат.

“Ооздор” – ар кандай калыпка келет да. Жанасылга асылышып чүйрүйдү, түйрүйдү, оңго тартылды, солго тартылды . Меники болсо Жанасылдын “буйругунан” кийин шарт эле “жабылган”. Анткени, бир айымдын “Түбөлүк деңиз шарпылдайт” деген тема коюп, алдына жазып койгону мээмде жатталуу эле: “Түз болсоң – өжөр болосуң, өзүң бирөөлөргө кыянат жасабасаң, кыянат жасагандарга кек сактайсың. Өрттөнбөй, өч албай, кыйналбай жашаган жашоо – өлүк жашоо эмеспи.”
***
Жанасылдын жаны кашайганы токтой элек:

– Эмне? Алардын турган турпаттары, бойлору, өң-чырайлары укмуш беле?

– Бүт кейпи сууктар! – Мага кандай көрүнүп калышса, так ошондой айтып салдым.

– Сага баары эле бирдей – Периште эмес беле? Көрдүңбү?!

Чагылгандан да, чалчыктан да үн чыгат бекен? Тигил жерден бирөө “күп” деп жыгылса, сен бул жерден “үлп” деп учуп кетесиң. Эсиңде болсун, сага сенден төмөн тургандар гана желимдей жабышып ушак, келеке, шылдың кылышат. Сен төмөнкүлөргө кызыксың. Ал эми, сенден жогору турган адамдар сени менен иши да болбойт. Күрөш! Күрөшпөгөн өмүр өмүр эмес. Бирок, татыктуулар менен күрөш. Таарынбай жашоо да супсак. Таарын! Татыктууларга таарынсаң – таттуу таарыныч болот!

Жанасыл жан-ойлорун жазбаган, даңк-даражасыз эле философтордой. Карасаңыз, Кеңештерине калемпир, бал, туз, шербеттер аралашып кетет. Жөнөкөй эле нерсенин маңызын тереңдетип муюта айтат.

Оо, токтолбостон дагы узакка сүйлөгөн. Теңин уктум,түшүндүм. Теңи кулактын сыртынан кетти. Эң аягында менден экзамен алып жаткансып:

– Келемиш, кескелдирик, крокодил дагы сага ажарлуу көрүнчү эле. “Бүт түрү сууктар!” дегениңе караганда көкөйүңө көк таштай тийишиптир. Сенин оозуңдан да жаман сөз чыкканын! “Үндөбөй карап эле туруп бердим” дебедиңби. Ошондо алар сага эмнеге окшоп көрүндү? – деп мени жоошуткансып (же алдагансыпбы) кызыгуу менен сурады.

– Эч нерсеге. – дедим.

– Кантип эле, маймылгачы?

– Маймыл жакшына.

– Чочкогочу?

– Чочко сулуу!

– Анда курттарга?

– Жанасыл, мен курттарды жаман көрө албайм.

– Сасыткы жумурткагабы?

– Жок, жок! Жок.

– Болчу эми, күбө болгон окуяларыңды жазуучулардай сүрөттөп жиберчү элең. Кантип эле эчтемкеге окшошподу? Ыпыластарды ыпылас бирдемкелерге окшоштур...

– Жанасыл, алар өздөрүнө гана өздөрү окшош болучу...



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет