Көңүл аттуу чыгармасы кыска, психологиялык мүнөздө чагылдырылган. Бөлөкбаева В. Көңүл. Прозалык чыгарма. Б.: Фиеста Бланка, 2008. 98 б китебинен алынды



бет5/5
Дата12.07.2016
өлшемі446 Kb.
#195743
1   2   3   4   5

15. Таттуу максатым
Үч тоголок эле картошка аарчымакмын. Чоң кастрюлга үйүп-жыйып, толтура аарчып коюптурмун. Дээр жөнүндө кыялга батсам эле аткара турган ишимин ченемин ашырып жиберем. Бир жерге бараткан болсом өтүп кетип, кайра артка кайрылам.

Уулду болом! Акыркы жылдардагы жүзүмдөн ширин тилегим. Жүрөгүмө сүртүлгөн эңсөөм. Дээр – деп уулума ысымын да тандап койгом, дээри жакшы уул болуп чоңойсун деп. Тагдырыма даба болооруна ишенем. Упчуларын сатып алып койгом. Ороо-чулгасын да даярдайм, буйруса.

Кара чачтарымдын ордуна бирин-серин ак чачтар чыгып, маңдайыма бырыштар түшө баштаганы менен Дээр жөнүндөгү тилегим жашарууда. Акыл эсимден РБФ (Республикалык Балдар фондусу) чыкпайт. Бул Фонд аркылуу “Балдар үйлөрүнөн” наристелүү болгусу келгендер уул, кыз асырап алышканынан кабардармын. Кыялым менен ал жердин босогосун аттап далай жолу бардым: Дээрди көтөрүп үйдү көздөй келе жаткан болом; бирде бели катып торолуп калган; бирде былдырап сүйлөп алган; Баякүнкү түшүмдө тыпыйган ак калпак кийгизип, шилекейи аккан ууртунан чопулдата өпкүлөп, карагайлуу жайлоодо көкүрөгүмө жөлөп көтөрүп жүрүптүрмүн. Ойгонсом чын эле төшүм ып-ыссык.

Жатып алып тилеген тилегим, кыялданган кыялдарым Дээр баламды койнума салып бербептир. Түшүм туш болсун! Аракеттенейин дедим. РБФ жайгашкан имаратты көздөй жөнөдүм. Адресин мурда эле кайсыл бир газетадан көчүрүп жазып алгам, 5-6 жолу жөн гана айланчыктап келгем. Ичине кирүүгө бутум тартканы менен батынган эмесмин. Эми чындап чыгындым. Имараттын ичин аралап жүрүп “Республикалык Балдар фондусунун жетекчиси – Темиржан кызы Адинай” деген жазуу илинген кабинетке баш бактым. Мен курактуу эле, бирок жаш, тыкан көрүнгөн жылдыздуу келин ордунан туруп тосуп алды. Балдарга камкордук көрүп эмгектенгендер тыбыттай жумшак болушат окшойт. Басканы, турганы, олтурганы, тосуп алганы, сүйлөгөнүнөн бери былпылдак.

– Келиңиз, орун алыңыз. Жакыныраак отуруңуз. Көрүшкөнүбүз үчүн кубанычтамын. – деди.

Максат-тилегим азыр эле аткарылчудай. Өпкөм көөп, сөзүмдү эмнеден баштаарымды билбей толкунданып барып өзүмдү токтоттум.

– Сизге айта берейинби!..

– Тартынбаңыз. Айта бериңиз. Кандай маселе тынчыңызды алып жүрөт?

– Бала багып алайын дегем...

– Эң гуммандуу максат менен келипсиз. Сизди бизге кайсыл жолдор алып келди экен! Сүйлөй бериңиз, эч тартынбаңыз. Жолдошуңуз каршы эмеспи? Эгер, каршы болбосо бир чечимге келгениңиздерге канча болду?

– Өзүм... Өзүм эле чечтим.

– Жолдошуңузчу?

– Турмушта эмесмин...

– Кечириңиз... Кыз-балагабы же уул балагабы? Кимисине Апа болууну самап жүрөсүз?

– Уул балага.

– Кыз балагачы?

– Уул деп жүрөм. И-ии, экөөнү тең багып алсам болобу?

– Жакшы болмок. Биринчи уулуңузду багып алыңыз анан дагы көрөбүз ээ.

– Макул, макул... – кубанганымдан денем чымырады.

Биз эле экенбиз дейин десек, бүт дүйнө жүзүндө каралбай калган наристелер бар экен. Турмушта балага зар болгондор да бар, кор кылгандар да кездешет. Ата-энесиз калган балдар чындыгында адамзаттын татаал тагдыры. Алыбыздын жетишинче аракеттенүүдөбүз. Бизге караштуу Балдар үйлөрү көп. Оорулуулары да кездешет. Бат-бат кыдырып турабыз. Көздөрүн жалдыратышып, суусаса суу алып иче албаган колсуз, ордунан тура албаган бутсуз балдар жатышат. Мурда, жаңы иштегенде “Балдар үйлөрүн” кыдырып барганда салаа-салаа жаштарым төгүлчү. Азыр өзүмдү бекем карманууга үйрөндүм. Байлыктуулар көбөйүп баратканы ич жылытат. Бирок, аларын чексиз баса бербей... Мейли, оорулуу наристелерди мамлекетке калтырышсын, дени сактарын асырап алышса Кудайга жаккан ыйык жолго түшүшөт эле... Сиздейлер аз эмес... – деп Адинай айым чечиле сүйлөп берип анан жашымды сурады.

– Азыр канчадасыз?

– Отуз тогуздамын.

– Мени менен тең турбайсызбы. Бала багып алууга жашыңыз ылайык экен.

– Бар болуңуз! Ырахмат! – дайыма эле кубанганда мындан башка сөз таба албайм.

– Мага эмнеге ырахмат? Сизге ырахмат, – деп күлүп жиберди.

Анан жашаган үйүмдүн канча квадрат чарчы метр экенин, эмгек акымдын суммасын сурады. Айтып бердим. Заматта Адинай айымдын мени караган ачык, жылуу көз карашы өзгөрүп, ыңгайсыздана түштү.

Жаш-курагым туура келгени менен жашоо-шартым, алган айлыгымдын өлчөмү “Балдар Фондусунун” бала асырап алуу боюнча талабына жооп бербестигин өкүнүү менен шашпай түшүндүрдү. Ар пендени, алардын катарындагы мени да жакшылыктар тегеренип жүргөнүн айтып, кандай тосуп алса ошондой жылуу мамилеси менен сыртка чейин узатты.

Алдейлеген үмүтүмдүн үнү өчө түшкөнүнө чыдоо оңой эмес! Багытсыз эле кадамымды таштадым. Келатканымда жамгыр бийлегенсип жаап жаткан. Эми жөн гана, мени атайын үшүтүш, суу кылыш үчүн жаап жаткандай! Ушун үчүн жактырбай калгам сени, жамгыр! Адинай айымдын жанында же Балдар Фондусунун имаратында денемдин бир бөлүгү үзүлүп түшкөнсүп кадамым араң шилтенет. Артка, кылчайдым. Адинай айым кирип кеткен экен деп ойлогом. Ал узаткан боюнча катып калгансып, турган жеринде эле мени караган бойдон туруптур. Менин капачылыгым аны да каптап алганбы?

– Сиздин үмүт-тилегиңиз эртеби, кечпи орундалат, күтүңүз, күтүңүз... – деп мага кол булгалагандай болду...
***
Күн нуру кубаттантты. Шибер жыттуу аба дем берген. Тели-теңтуштарга билгизбей акындарды туурамайым бар. Мурунку жазда ак баракка чиймелеп жазып, бекем бүктөй бекитип коюптурмун. Батпай калган кофтамдын жеңинен чыкты. Барактын эң башына аркан сымал, узун тема коюптурмун: “Дээр үчүн гана жазылган ырлар...”

Чыканактай карааныңа жалынып,

Өзүм барам жакындарга көрүнбөй.

Жоолугума ченеп гана тиктирген,

Төшөгүңдү салып алам баштыкка.

Ак, сары, көк упчуларды толтуруп,

Чөнтөгү көп көйнөгүмдү кийемин.

Гүлдөр гана – узатышат өзүңө...

Экөөбүздү тосушат – гүлдөр гана...

17 – апрель. Таңга жуук.

Быйылкы жаздын 3-апрелинде, түн киргенде мына минтип “эргүүдөмүн”. Этегине улап жаздым:



Байлыгы жок. Көргөндөргө көркөмсүз,

Кагаз, калем, китеп толгон бул үйдө,

Бала кезиң өтсүн деймин тап-таттуу,

Күндөр менен кошо кызып күнүгө.

Бой тартканда, боюм менен тең болуп,

Тал чыбыктай келинимди жүгүнтсөң...

Ушинтип токтоттум. Этегине уланып дагы бир күнү жазылат.

Кызыл тилдин “кыймылынан” шекшип селейе катып, сестенүүдөмүн. Жыландай соймоңдогон “тилдер” – Дээр, келиним, мен – үчөөбүздү үч жакка бөлүп жиберишсечи? “Башка апа”, “Баккан бала” дешип тымызын сындырышсачы?

Дээр уулум эс тартып, кеп-сөздүн маанисин аңдап түшүнө баштаган учурунда эле Грециягабы же Африка тарапкабы көчүп кетебиз. Дөңсөөдө курулган үйдөн сатып алабыз (бир Энекеникиндей, Ай жакын тийген).

Тагдырыбызды коңшулар билишпейт. Эгерде алар, Дээрдин “атасы” – менин “күйөөм” жөнүндө кызыга сурай беришсе ага да ишеничтүү жооп таап койгом.

Улуттук тамагыбызды “ооз тийгизүү” шылтоосу менен бизге жакын жашагандардын бирин калтырбай чакырам. Сөзсүз арасынан бирөө Дээр экөөбүздүн өткөн турмушубуз жөнүндө суроо салат. Мен уулумду жана башка тестиер балдарды эшикке чыгып ойной берүүгө уруксат берем.

Ойдон чыгарып (калп) айтуу деле кээ-кээде жакшылык үчүн кызмат аткарып коёруна ишенем. Мен да ошентсем, алар бейкапар, менин да көңүлүм тынч болот. Келгендерге “камдап койгон жообумду минтип баян этем:

– Дээрдин атасы мыкты эле жигит болучу. Илимдердин сырын аңтарган илимпоздор, алтын таажы кийген падышалар деле жеке турумушунан жаңылыштык кетирип алаарын билесиздер. Ага чыныгы сүйүүсү балалуу болгондон кийин, кеч келди. Жандүйнөсүн абда-аан кыйнап туруп, анан биротоло ээледи. Уруксат бердим. Мени бактылуу кыла албаса да, башка, мендей аялды бактылуу турмушка ороду да. Атасы ансыз жашай албаган абалга тушукканын бармактай Дээр да сезген. Жолтоо болбойлу, ою менен көңүлүн алаксытпайлы деп араңыздарга көчүп баса бердик. Ал жердеги асманыбызда жанчу жылдыздар биерде деле жанып турат. Сиздердей туугандардын арасындабыз. Көңүлүбүз жай. Сааттар шашпай кагылууда. Бул жердеги жашообуз көңүлсүз эмес, сиздер бар...


16. Жакшылык
– Биринчи өзүндү сыйлап үйрөн, анан гана өзгөлөрдүн кадырына жетесиң. – Бул сөз апамдын чарчабай, тажабай мага айта берген насаатарынын бирөөсү.

Эртең таң азандан кечке чейин атайылап, өзгөчөлөнтүп өзүмдү сыйлап көрөйүнчү деп уйкуга кирдим.

Таңдан биринчи ойгондум. Жуундум. Тарандым. Эрикпей 3 сабиз, 3 алманы эзип ширесин сыгып жуттум. Чачым анча узун эмес болсо да 10 тал кылып майдалап өрүп, жазылбас үчүн учтарын жиптер менен бекиттим. Азырынча кийип чыгуу эртерээк болсо да жайкы аптапта өтүүчү жакындарымдын үйлөнүү үлпөтүнө сакталган сарафанымды сандыктан алып чыктым. Илгичтеринен бириктирип кийип алсам эле денеме жабышып жарашып калат. Радиодогу комуздун таңшыган кайрыгында жасанууну уланттым. Көлөкө кылуучу шляпаны башыма койкойтуп кондуруп койдум. Кол сумкамды бир жак ийиниме асып, бир колума ысып кетип чечип койгондун белгиси кылып сарафанга окшош түстөгү кофтамды кармап алдым. Түлкүнүн мурунундай, учу чуштуйган туфлимди кийдим. Жаңы бойдон турган. Күзгүмдүн жанына келдим. Тоту куштай “коозмун”. Кызыл түстө – сарафан менен кофтам. Ак – чачтарымдын учун бекемдеген ичке жиптер. Жашыл – шляпам. Күрөң – сумкам. Сары – туфлим. Кара – чачым.

Түп-түз басып Жийденикине жөнөдүм. Бал тилдүү жолдошунун Жийдеге кошуп мени да дамамат мактай берүүчү мактоолорун угуш үчүн. Бу дүйнөдөгү эң таттуу сөздөрдү бир гана Бал тил айта алат (Бал тилдин өзүнүн ушунчалык узак ысымы бар. Тилинин шириндигине карап мен Бал тил деп коём. Өзүнө жагат) Жийде кирип-чыгып чайын койгуча эле Бал тил:

– Чүпөрөк аттууну жамына берсең эле сага жараша берет. Баякыда ак гүлкайыр болуп келдиң эле. Бүгүн кызгалдаксың. Карасаң Жийде, көтөргөнү картошка сала турган эле сумкадай, мындай караганда дейм да. Бирок, каухар, бермет таштарын салып алгандай. Келинчегим Жийдеге, сага окшогон аялзаттарына дат баскан шагыраган мыктарды илип койсо деле шыңгыраган добуш чыгарып эр-азаматтардын жүрөгүн кытыгылап жиберет!

Кайра келе жатам. Кубанычым көкөлөп көктө. Газета саткан киоскадан 7 – 8 метр өтүп кеткенимде арттан мага кайрылып бирөө үн салды:

– Ай, бери карачы, күйөөгө берчү кыздай болуп каяктан келатасың? – киоскадан башын чыгарып алган сатуучу эже.

– Бал тилдикинен келатам, – дедим да баса бердим.

Газета сатуучу эже эми мага таарынбас бекен? Артка кайрылып кайдан келатканымды айтып берсем болмок, Бал тилди тааныбайт да. Өзүмдү “сыйлап” жүргөнүм менен газета саткан эжени сөзүм менен сыйлап сураганына так, толук жооп бергенге жарабадым...

Тоту куштай “кооз” болуп алган (мен) үйүнө кирип дагы эле күзгү каранды. Кандай кетсе так ошондой келиптир, эч жери бузулбай. Туфлиси гана чаңга оронгондой.

Так ошол калыбымда өзүмдү карап алып “ачылдым”. Элдик ырга айланган “Ашыгымды” создум. Узактан бери ырдабай койгом, уялып. Уялганымдын себеби бар. Бактылуу аттуу сулуу Жети-Өгүзгө көчүп аны узатуу салтанатында “Ашыгымды” ырдап бергем. Бактылуу 5 жылдан кийин кайра көчүп келет. Анда тосуп алуу салтанатын уюштуруп ийебиз. Аба кысылгансыган калаада эмес, бийик чокулуу тоонун төшүнө чыгып алып белгилеп жатканбыз. Кезек келгенде сүйүнүп-сүрдүгүп баягыл ырымды ырдап баштадым. Андан бери деле башка ыр жаттабаптырмын. Биринчи куплетин ырдап бүтүп экинчи куплетине өтөөрүмдө Бактылуу:

– Сен дагы эле ушул ырды ырдап жүрөсүңбү тажабай? Эмдигиче... – деп сүйлөп ийди.

– Ооба, – деп аны бир карап коюп кызарып-татарып ырымдын аягына араң чыккам. Жаныбыздагылар ырдаганымдан ырахат албаса да “кыскача тарыхыбыздан” ырахат алышты окшойт, күлмүңдөп эле калышты.

Ошондон бери бүгүн өзүмө өзүм ырдап бердим. Алыстай түшүптүрбүз. Жакындаштык. Чын эле ашыгымды эстедим.

Жарым күн өтүп түш ооптур. Эртеден бери мени – мен сыйлоодо. Бөтөнчө жасанып, мактоо угуп келе коюп, унутулган ырын ырдап. Эми бакалардын ырын угууну самай баштадым. Бүгүн эмнени кааласам ошону аткарышым керек. Жаз – кубулжуган канаттуулары эле эмес, бакалардын үн салып чардаганы менен да жаз.

Былтыр күнүмдүк жагдайга байланыштуу Сокулук тарапка баргам. Жердин алаканына салынгандай тыпыйган көлмөнүн жээгинен өткөм. Бакалар өз тилинде сайрап жатышыптыр. “Бу көлмө дагы бакалардын мекени тура” деп эсиме сактап койгом. Бал тил мактаган, “каухар, бермет салып алынгандай көрүнгөн” сумкамды жерге койбостон сыртты көздөй жөнөдүм. Маршруттук автобуска түшүп бир сааттан ашык жол жүрүп акыркы аялдамасына да жеттим. Андан ары 20 минуттай жөө бастым. Мени эңсеткен көлмө жашыл-көк болуп жатыптыр. Чубулжыган балырларын эркелетип, бакаларын өйдө-төмөн секиртип. Бирок, алар “ырдаша” элек экен. Менин атайын барганымды туюшту. Көлмөнү жээктеп баса баштаганымда эле бирөөсү “кваак” деп койсо баары жабыла коштоп кирди. Жалпак таштын үстүндө алардын үнүн тыңшап олтура бердим. Эргитишти... Өтүп кеткен кызык учурларды салышты эсиме. Жакындарымды, санаалаштарымды эстедим. Алардын кылык-жоруктарын... Өзүмдү бөтөнчө сыйлап жүрүп өзүм дагы өзүмө чечилбеген сыр экеним билинди. Кээде жер үстүндө басып жүрүп эле бизди кучагына көтөрүп турган эмне экенин унутуп коюп чалкалап, көктү карап басып калам. Анан чалынам бирдемеге. Жыгылып түшөм. Бүгүн көзүм көлмөдө эле болуп өйдөгө башымды көтөрбөптүрмүн. Көлмөнүн үстү кызгылтым тарта баштаганда гана кызарып чачырап батып бараткан Күн үчүн таазим этип колумду жүрөгүмдүн үстүнө койдум.

Бакалар жөнүндө да ойго чөмүлдүм. Булар да өздөрүнчө бир дүйнө. Негизи, табияты татаал, чардап жатат, сайрап жатат дегенибиз менен. Ургаачыларынын көлөмү чоң, “күйөө” болуучулары чондоюп кичине жаралганы күлкүмүштүү. Кургакта, сууда жашаганы деле муздак кандууларга кирээринен кабардармын. Буттары да башкача, алдыңкыларына карганда арткы буттары узун. Балким, өздөрүнө ыңгайлуудур. Сырткы көрүнүшүн көркөмдүү жан-жаныбарлардын катарына да кошпойбуз...

Ушуларды ойлоп турганымда бакалар да мага кайдыгер болбой бири кийин, бири мурун болуп чар-жайыт үн салып киришти. Мурунку “хор” өзгөрдү. Тыңшап, тыңшап... Алардыкын кандай кабыл алсам ошондой ырга салып койдум:



Ква-аак,

Теңтушпу, бизден улуубу?

Термелет жээкте дирилдей.

Кваак, кваак,

Качандыр аралай өтүп,

Ным жыттанган чөлкөмдүн,

Жактыргандыр көркөмүн.

Ква-ква-кваак,

Эй пендем эй, пендем эй!

Токтотпой ээрчитип алып,

Байлаган ысык, суугуна,

Ырахмат! – дейбиз биз дагы,

Ырахмат! – Улуу Кыймылга...
***
– Биерде балык жок!

Капыстан арттан чыккан үндөн тура калдым. Ошондо гана билдим караңгы түшкөнүн. Узун бойлуу арыкчырай жигиттин карааны жакындап келатат.

– Сиз эмне жүрөсүз? – коркконумдан апкаарып ушинтип ийдим.

– Бул көлмөдө балык жок эже, жалаң бакалар.

– Балык кармайын деген эмесмин... – “эже” дегенине сүйүнүп, өзүндөй муңайым жооп бердим.

– Андай болсо... Жалгыз келбеңиз бул жерге. Көлмө чакан көрүнгөнү менен түбү терең. Мастар, наркомандар көп келет. Сууга түртүп ийишсе эмне кыласыз? Сак болбосоңуз коркунучтуу... Сиз кайсыл көчөдө жашайсыз?

– Жок, мен тигил шаар тарапта жашайм.

Жүзүбүз даана көрүнбөсө да тикебизден туруп сүйлөшүп аттык. Бакалар да дымып, бирөөсү гана үн салды.

– Башым айланып калды. Маршруттук автобус токтогон аялдама кайда эле? – деп төрт тарабымды карап чыктым.

– Бу жакта. Жүрүңүз жеткирип коёюн.

– Мен го мен, иним, сен эмнеге келдиң буерге?

– Күүгүмдө көлмөнү карасам шоңшоюп бирөө олтурат. Бир аздан кийин карасам дале олтурат. Балык кармайын деген го, балык жок экенин айтып коёюн дегем.

– Убара тартып...

– Ой эже, жакшылык кылыштын убаракерчилиги жок. Сиз кимге капаландыңыз эле?

– Эч кимге.

– Анда эмнеге келдиңиз?

– Бу көлмөгө жалаң капалангандар келеби?

– Жо-оок! Караңгыда, ээн жерде жалгыз жүрсөңүз ар кандай ойлорду ойлоп ийбедимби.

– Бакалардын чардаганын угайын дегем.

– Атайынбы?

– Атайын.

– Бакалардын бакылдагын да жактыргандар чыгат экен да! Тигил кыштакта жашайм. Көлмө бизге анча жакын болбосо да бакалардын баары бакылдап киргенден кийин токтошу кыйын, таң атканча бизге уйку жок.

Калаага жөнөөчү эң акыркы каттамдагы акыркы автобус жарыгын күйгүзүп от алдыра баштаганда жетип келдик. Жылып баратканда:

– Жакшы барыңыз эже! – деди.

Жакшы калагой, ысымың ким?

– Атым Жакшылык. Сиздикичи ?



– ...

© Бөлөкбаева В., 2008. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет