илимдеринин өкүлдөрү турат.
Диалектикалык тарыхый материализм- негиздөөчүлөрү
Карл Маркс,
Фридрих Энгельс
,
В.И.Ленин. Бул материализм жаратылыштын, коомдун жана аң сезимдин жалпы өнүгүү
законченемдүүлүктөрүн карайт.
Идеализмдин эки түрү бар:
1. Субьективдүү идеализм
2. Обьективдүү идеализм.
Субьективдүү идеализмдин негиздөөчүлөрү Беркли жана Юм эсептелет. Субьективдүү
идеализм адамдардын аң сезимин жана туюларын эсептейт. Булардын пикири боюнча дүйнө
бул туюлардын суммасы.
Обьективдүү идеализмдин негиздөөчүлөрү Платон, Гегель, Лейбниц эсептелет. Ал
адамдардан тышкары жашаган кандайдыр бир дух жана идея деп эсептелет.
Ошол дух же
идея бүткүл дүйнөнү, коомду жана адамдарды жараткан дейт.
Дуализм – эмне алгачкы деген суроо чындыкта жок, анткени, материя менен аң сезим бири-
бирин толуктап жашайт жашай берет.
Деизм- негиздөөчүлөрү 18- кылымдагы француз агартуучулары. Бул дагы дуализмге окшош,
бирок, дүйнөнү
жана адамдарды кудай жаратып, адамдардын кийинки жашоосуна кудай
кийлигишпейт деген.
Гносеологиялык жакта төмөндөгүдөй агымдар бар:
1. Гностицизм – материалисттер (дүйнөнү таанып билүүгө болот);
2. Агнотицизм – дүйнөнү таанып билүүгө болбойт (Кант, Юм);
3. Эмпиризм – дүйнөнү сезим органдары аркылуу таанып билүүгө болот (Бекон);
4. Рационализм – дүйнөнү акыл эс аркылуу гана таанып билүүгө болот (Декарт)
Достарыңызбен бөлісу: