Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия



Pdf көрінісі
бет11/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

 
 
Лекция №2. Философиянын тарыхый типтери. 
1. Байыркы чыгыш философиясы.
2. Байыркы Греция философиясы.
 Адабияттар:
1. Асмус В. С. Античная философия – М. 1976
2. Ведение в философию. Учебник для вузов.ч1. М. 1989.
3. Антология мировой философии. в 4 – хт. М. 1969 – 1972.
4. Ойзерман Т. М. Краткий очерк истории философии. – М.1981.
5. Спиркин А. Г. Философия М. 2000.
6. Общественно – философская мысл народов в средней Азии. Бишкек.
Байыркы Чыгыш, Байыркы Грек жана Орто кылымдагы философиясы, кайра жаралуу 
доорундагы, жаңы мезгилдеги жана немецтик классикалык философия. Марксистик 
философиянын пайда болушу жана өнүгүшү. XX кылым философиясы. 
Эң байыркы философиялык окууга байыркы чыгыш Вавилон, Египет, Кытай, Индия жана 
башка кул элөөчүлүк мамлекеттеринде жана байыркы Грецияда пайда болгон Байыркы 
Чыгыш философиясы катары Байыркы Индия жана Байыркы Кытай философиясын окуп 
үйрөнөбүз
Байыркы Индия философиясы. 


Индия философиясы биздин заманга чейинки бир миң жылдыктын орто ченинде пайда 
болгон. Бул мезгилде байыркы индиянын территориясында бир канча кул элөөчүлүк 
мамлекеттер болгон. Ал мамлекеттерде коомдун түзүлүш Брахманизм дини аркылуу 
негизделген. Брахманизм жана башка диний түшүнүктөр Ведада чагылдырылган. “ Веда ” 
деген сөз “ билим ” дегенди түшүндүрөт. Ал биздин заманга чейин XV к. Орто Азия жана 
Ирандан келген Арий уруусу тарабынан түзүлгөн диний философиялоык жыйнак. Веда бир 
канчага бөлүнүп турат. 
Алар Ригведа
, Самаведа, Яджуриведа Атхарваведа жана башка. Веда 
– 1000 жыл ичинде түзүлүп, өзүнө ар кандай тарый доолорду камтыган жыйнак. Ведага 
таянган философилык окуулар Веданда жана Миманса. 
Бул окуулар үчүн Веданын жоболору акыйкат катары эсептелет. 
Миманса – таанып билүү жана логикага көбүрөөк көңүл бурат. Мында сезимдик таанып 
билүү негизги орунда турат. Ал эми Ведантанын маңызында адамдар тагдыр үчүн 
күрөшпөшү керек. Философия длинге баш ийүүсү зарыл. 
Азыркы учурда Ригведа, Сама – веда, Яджур – веда, Атхарва – веда деп аталган төрт веда 
белгилүү. 
- Ригведа – гиминдердин, көбүнчө кудайларга арналган мактоо ырларынын ведасы “ Риг ” же 
“ рич ” санкрит тилинен ыр гимн деп аталат. 
- Сама – веда – литургиялык ( гречеден leiurgia – коомдук кызмат; расмий ( официалдуу ) 
диний ырымдардын жыйындысы) максаттар үчүн бегилүү бир тартипте жайгашкан жана 
ырым – жырым насыяттарды менен жабдыган ырлардын башкача айтканда ырым – жырым 
ырларынын, конокдоштурулган ырым – жырым тексттеринин ведасы. 
- Яджур – Веда – курмандыкка чалуулардын ведасы, ыр же проза, айрым учурларда ырым – 
жырым көрсөтмө түрүндө жазылган курмандыкка чалуу келмелеринин жана 
формулаларынын жыйындысы. 
- Атхарва – веда – келмелердин ведасы, ал ыр түрүндө ооруу сыркоолорго, шайтан –
 
шабырларга каршы келмелердин
, каргап – шилөөлөлдүн жана баталардын , ошондой эле чөп 
менен дарылоонун эрежелеринин жыйындысы түрүндө берилген.
Ар веда төмөнкүдөй үч бөлүктөн ( самхиттен ) турат. 
1. “ Брахманда ”- бул ведалык ырым – жырымдардын жоболору; алардын эң маанилүүсү 
болуп Шатапатабрахмана ( жүз жолдук брахманы ) эсептейт. 
2. “ Араньякалар ” ( “ аранья ” – токой ) – токойлор менен толоордо жашаган кечилдер үчүн 
жүрүш – туруштун эрежелери. 
3. Упанишадалар ( санкрит тилинен “ ира ” – олтуруу, sad – мугалимдин жанында; “ 
мугалимдин бут алдында олтуруу ” же “ жашыруун окуу ”) – ведалардын биздин заманга 
чейинки I – миң жылдыкта пайда болгон философиялык окуусу. 
Упанишадалар дүйнөнү төмөндөгүдөй философиялык түшүнүктөрдүн жардамы аркасында 
түшүндүрүүгө далаалат кылган. 
- Брахма – индиялык философияда чыныгы жашоого ээ, түбөлүк жыргалдар менен 
адилеттикке, чындык менен акыйкатка бөлөнгөн руханий же кудайлар дуйнөсү. 
- Пракрити – оомалуу, төкмөлүү, бүгүн көргөн эртең жок, дайым өзгөрүп жана өнүгүп 
туруучу, азаптар менен адилетсиздикке жык толгон материалдуу дүйнө. Ошол себептен 
пракрити – жалган дүйнө же “ майя”(закым) деп аталат. 


- Саксара – жашоо дөңгөлөгү же кайра төрөлүүнүн чексиз айланпасы. Адам түбөлүктүү 
Атман же жан ( Брахманын бир учкуну) жана дене (пракритинин бир бөлүгү) сыяктуу эки 
субстанциядан турат. Денин өлүшү менен башка денеге беришип, чексиз көчүп жүрөт. 
- Карма – жазмыштын же тагдырдын мыйзамы. Бул мыйзам боюнча адамдын келечектеги 
тагдыры турмушу анын мурдагы жашоосунан көз каранды. Карма адамдарды ар кандай 
тагдыр буйруу менен жаралайт же сыйлайт. 
- Ахимса – индия философиясындагы тирүү жандыктардын убалына калбоо же аларды 
өлтүрбөө менен байланышкан этикалык прицип. 
Мындан сырткары байыркы индияда негизги философиялык мектептер болгон
алар 
Джайнизм
, Буддизм, Чирвана- лапоята 
1 – мектеп Джайнизм. Анын негиздөөчүсү болуп дүйнө кыдырган кечил Варухамана 
эсептелет. Кийинчерээк ага Махавира ( санкритчеден “ Улуу баатыр” ) жана Джина ( 
жеңүүчү ) деген эпитеттер ыйгарылган ( бул эпитеттер ойчулдун ысымы катары да 
колдонулат). “Джина” эпитетинен джайнизм окуусунун аталышы пайда болгон. 
Джайнизм традициялуу диний системага тап – такыр окшошпойт жана Индиядагы диний 
системалардан айырмаланып, рационализмге ашкере сугарылган. 
Бул окууга мифологияны, абстракцияга айланган абсолют тууралуу ойлорду кездештирүү 
мүмкүн эмес. 
Буддизм. Джайнизм менен бир эле мезгиде брахманизмге каршы багыт – буддизм окуусу 
пайда болгон. Кийин буддизм дүйнөлүк диндердин бирине айланган. 
Буддизм Индияда биздин замнга чейин V к. пайда болгон диний философиялык окуу. 
Негиздөөчүсү Сиддхардха Гаутама (563 – 483) ж. жашаган. 
Будда 4 акыйкат жөнүндө айтат:
1. Турмуш – жашоо кайгы капа менен коштолот.
2. Кайгы капа биздин каалоолорубуздан келип чыгат.
3. Кайгы капа жок болгон абал жашайт.
4. Ошол абалга жетүүнүн жолу бар.
Будда ар бир адам максаттуу өзүн кайгы кападан арылтып толугу менен эркиндикке 
жетүүнүн ыкмаларын иштеп чыккан.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет