Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия



Pdf көрінісі
бет9/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

Мифология -бул коомдук аң сезимдин эң байыркы формасы, байыркы коомдук көз караш, 
ал өзүнө курчап турган чындыкты фантастикалык жана реалисттик кабыл алууларды 
камтыйт.
Мифология чечүүгө аракет жасаган негизги суроолор:  
1. Ааламдын пайда болушу, жер, жаратылыш жана адам; 
2. Жаратылыштагы көрүнүштөрдү түшүндүрүү; 
3. Адамдын турмушу жана тагдыры, өлүмү; 
4. Этикалык жана нравалык маселелерди чечүү.
Мифологиянын негизги белгилери:
1. Жаратылышты адамдаштыруу;
2. Фантастикалык кудайлардын болуусу, алардын адам менен болгон мамилелери;
3. Конкреттүү маселелерди чечүүдө мифтин 
практикалык багыттуулугу
;
Мифологиялык сюжеттердин окшоштугу.
Религия (дин). Дин- бул дүйнөгө болгон көз караштын бир формасы, ал 
фантастикалык табияттан тышкары турган күчтөрдүн адамга жана курчап турган 
чөйрөгө таасир этүү ишенимдерине негизделген. Бул диний дүйнөгө болгон көз 
карашта, курчап турган чындыкты сезимдик–образдык- эмоционалдык формадагы 
кабыл алуулар мүнөздүү. Диндин дүйнөгө болгон көз караштан тышкаркы 
төмөндөгүдөй функциялары бар:
Бириктирүүчүлүк функциясы;
Культурологиялык функциясы (мында, белгилүү бир маданияттын таркалышы жана 
ошол маданиятка болгон диндин таасир этүүсү;
1. Нравалык тарбиялык функциясы;
2. Жөнгө салуучулук функциясы;
3. Тарыхый маданияттык функциясы (мында муундан муунга диний үрп адаттар, көз 
караштардын өтүшү).
Философия. Философия - бул дүйнөгө болгон көз караштын илимий теориялык тиби. 
Ал дүйнөгө болгон көз караштын эң жогорку деңгээли деп эсептелет о.э. өзүнүн 
системалуулугу, логикалуулугу менен айырмалаланып турат. 


“Философия” терминин грек тилинен биздин тилге которгондо “фило” – “сүйүү”, “софия”- 
“акылмандуулук” дегенди түшүндүрөт. Философия илими жаратылыштын, коомдун жана аң 
сезимдин жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн окутуп үйрөтөт. 
Философия предмети 4 бөлүккө бөлүнөт: 
1. Онтология; 
2. 
Гносеология

3. Адам; 
4. Коом.
Философиянын мифологиядан жана динден айырмачылыгы төмөндөгүдөй:
1. Философиялык дүйнөгө болгон көз караш билимге негизделет, ал эми мифология 
ойлоп чыгарылат;
2. Философиялык дүйнөгө болгон көз караш логикалуу, ички биримдик жана 
системалар;
3. Философиялык дүйнөгө болгон көз караш түшүнүктөргө, категорияларга таянат.
Философиялык дүйнөгө болгон көз караштын калыптануусунун негизги эволюциялык 
стадиялары:
1. Космоцентризм;
2.Теоцентризм;
3. Антропоцентризм.
Космоцентризм - бул курчап турган дүйнөдөгү жана жаратылыштагы көрүнүштөрдү 
кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн таасир этүүсү аркылуу түшүндүрүү, ал тышкы күч 
“Космос” деп аталат.
Теоцентризм - бул бардык нерселер табияттын күчүнөн жогору турган күчкө, 
б.а.кудайга көз каранды деп түшүндүрүлөт. Мындай көз караш орто кылымдагы 
европага таандык.
Антропоцентризм- бул философиялык көз караштын борборунда адам орун алган. 
Мындай көз караштар кайра жаралуу мезгилине, жаңы мезгилге жана бүгүнкү 
күндөгү философиялык мектептерге таандык.
Философиялык методдор: 
1. диалектика; 
2. метафизика; 
3. догматизм, 
4. диалектика.
1. Диалектика - бул нерселерди жана көрүнүштөрдү карама каршылыкта, өнүгүүдө 
өзгөрүүдө жана себеп натыйжада кароо же изилдөө жүргүзүү деген түшүндүрөт;
2. Метафизика - бул диалектикага 
карама каршы турган метод
, каралуучу обьект өз 
алдынча байланышсыз каралат;
3. Догматизм - бул курчап турган чөйрөнү догма аркылуу же болбосо, такталбаган, 
далилденбеген абсалюттук мүнөздөгү ойлор аркылуу кабыл алуу;
4. Эклектика - бул чыгармачылык башаты жок фактыларды, түшүнүктөрдү, 
концепцияларды жасалма түрдө бириктирүү жана үстүрттөн гана чындыкка окшогон 
жыйынтык чыгаруу.
Философиянын функциялары:


1. Дүйнөгө болгон көз караштык функциясы;
2. Методологиялык функциясы;
3. Гносеологиялык функциясы (обьективдүү чындыкты түзүү);
4. Критикалык функциясы (эски билимдин ордуна жаңы билим келиши);
5. Прогноздоо функциясы (коомдун жана адамдын жашоосун алдын ала айтуу);
6. Аксиологиялык функциясы (курчап турган чындыкка баа берүү);
7. Социологиялык функциясы (коомдогу кыймылдуу күчтөр);
8. Логикалуулук функциясы.
Философиянын негизги маселеси. 
Ойлоонун бытиеге, аң сезимдин материяга болгон катышы. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет