Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия


Лекция №8. Материянын илимий – философиялык түшүнүгүнүн



Pdf көрінісі
бет18/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

Лекция №8. Материянын илимий – философиялык түшүнүгүнүн 
Материянын түрлөрү жана формалары. 
Азыркы илим материянын түзүлүшү жөнүндө. 
Кыймыл материянын жашоо жолу катары. Кыймылдын формалары. Азыркы илим 
кыймылдын формалары жөнүндө. 
“ Энергетизмди” сындоо. Мейкиндик жана убакыт материянын жашоо формалары катары
алардын касиеттери, өзгөчөлүктөрү. 
Биз жашап жана бөлүгү болуп турган дүйнө – материалдык дүйнө. Ал ар түрдүү нерселерден 
жана кубулуштардан турат. Алар бири–бирине айланып,пайда болуп жана жок болуп 
турууда, аң- сезимибизге көз карандысыз жашап, анда чагылдырулууда. Бул нерселердин 
бирин да өз алдынча алып караганда материя менен окшоштуруп коюга болбойт, бирок 
булардын түркүм- түмөн өз байланыштары менен бирге алганда - материалдык 
жаратылышты түзүшөт. Аны таанып билүү үчүн материя түшүнүгүнүн маңызын карап кетүү 
абзел.
Материя түшүнүгүнүн маңызы. 
Дүйнөнүн негизинде эмне жатат? – деген суроону байыркы философтор (б.з.ч. IX-VII 
кылымдарда) чечүүгө аракеттенгенде мындай негизди көбүнчөзаттардын арасынан 
издешкен.Мисалы, байыркы Индия философиясынын “Чарвак” наамдуу материалисттик 
агымынын өкүлдөрүнүн көз караштары боюнча от, аба, суу, жана жердин айкалыштары 
жартылыштын бардык кубулуштарынын негизин түзөт. 


Байыркы Кытай ойчулдары жаратылыштын кубулуштарынын негизин түзүүчү - “ци” деген 
майда материалдык бөлүкчөлөр деп түшүнүшкөн. Ал эми байыркы грек философторунун көз 
караштары дал ушундай. Мисалы, б.з.ч. VI кылымда жашаган философтор материалдык 
башаат деп Фалес сууну , Анаксимен “апейрон” аттуу чексиз, белгисиз нерсени, Анаксимен – 
абаны атап келишкен. Б.з.ч. V кылымда жашашкан Левкипп жана Демокрит жаратылыштын 
алгачкы башааты катары атомду (грекче - бөлүнбөс) эсептешкен. Мындай бөлүнбөс 
бөлүкчөлөр жөнүндө түшүнүк индиялык ньяя – вайшешика агымында бар болчу, аны 
“пармануунун” бөлчөгү дешкен. Байыркы Индия жана Гректик атом назарияты 
философиянын тарыхындагы баа жеткис улуу табылгаларынын бири болуп эсептелет. 
Ошентип, байыркы доордун философторунун ойлору боюнча ( бизди курчап турган 
дүйнөнүн ар түрдүү кубулуштарынын, нерселеринин, кубулуштарынын алгачкы негизи- 
өзгөрүлбөс жана жок болбос “ субстанция” (лат. – негизинде жайгашкан д.т.) Айкын 
окуялардын, кубулуштардын, буюмдардын түркүмүнүн ички биримдгин белгилөөчү 
субстанция алрдын жардамы менен гана алар аркылуу жашайт. 
Дүйнөнүн биримдигин бир субстанцияга таянып түшүндүрүүчү окуулар “монизм” (грек. – 
бир) философиясына кирет. Бирок субстанциянын өзүн ар кандай түшүнүүгө болот: 
материя катары да, рух катары да. Мисалы, жогруда аталып кеткен байыркы доордун 
агымдары заттык субстанцияны тастыктагандары үчүн материалисттик монизм деп 
аталышкан. Субстанция катары “идеяны” же “абсалюттук рухту” түшүнгөн философтор, 
мисалы, Платон (б.з.ч. V-IVкк.), Гегель (XVIII-XIX) иштеп чыккан окуулары идеалисттик 
монизм деп аталган. Монизмге карама – каршы көз караш – дуализм (лат. – эки д.т.) . 
Мисалы, Декарт (XVI - XVII) – дуалист, анткени ал дүйнө эки бирдей материалдык жана 
идеалдык башааттан жаралган, биринчи – дененелик жана буюмдук чөйрөнү, экинчи – рух 
чөйрөсүн бириктирип турат деп түшүнгөн. 
Мындан сырткары субстанция башаат, же эки карама – каршылыктар (мисалы зат жана рух) 
гана деп түшүнбөстөн, анын эзелки көп түрдүүлүгүн жактаган көз караштар – плюрализм 
деп аталат. Мисалы, немецтик философ Лейбниц (1646- 1716) бытиенин чексиз сандуу 
субстанциялар катары монадалар – алгачкы бөлүнгүс элементтер бар деп ойлогон. Бул 
субстанциялар анын түшүнүгү боюнча өз алдынчалык, активдүүлүк жана өзгөртүүчүлүк 
касиеттерге ээ. 
Материалисттик монизм окуусун марксисттик агым уланткан. 
Максизмге чейин матениализм материя деп конкуреттүү затты түшүнгөнбүз аркандай 
нерселер заттан түзүлөт. Ошол зат материя деген , ал эми идеализм материя деген 
түшүнүгүнө каршы чыккан.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет