2. Чагылдыруу формалары менен айырмаланат;
Мисалы,
укук укуктук закон, дин – дин
окуулары аркылуу чагылат ж.б.
3. Өнүгүүсүнүн өзгөрүүсү менен айырмаланат
4. Аткаруу функциялары менен айырмалат.
Башкаркуу ишмердүүлүгү
3.
Илимий эксперимент
Практиканын функциялары:
1. Практика - бул билимдин булагы.
2. Практика - бул таанып билүүнүн максаты.
3. Практика - бул акыйкаттын көрсөткүчү, акыйкатты текшерип көрүү үчүн практика керек.
4. Интегративдик функция - мында практика аркылуу адам дүйнөнү гана эмес, өзүн да
өзгөртөт жана инсан катары калыптанат.
Лекция №9. Илимий таанып билүү.
1. Илимий таанып билүү, анын спецификалык белгилери.
2. Илим – рухий өндүрүштүн түрү жана социалдык институт катары. Илимий билимдин
негизделиши.
3. Илимий билимдин структурасы жана динамикасы. Илимий изилдөөнүн эмприкалык
жана теоретикалык деңгээлдери.
4. Таанып билүү төмөндөгүдөй системада жүрөт:
5. Субьект- Обьект- Каражат.
Таанып билүүнүн субьектиси 3 деңгээлге болот:
1. Таанып билүүнүн каражаттары;
2. Материалдык техникалык приборлор,инструменттер;
3. Тил кирет.
Ошондой эле каражаттарга методдор да кирет. Илимий таанып билүүнүн обьектиси –
субьектиге катышып турган нерсе дүйнөнүн бир бөлүгү.
Таанып билүүнүн формалары
:
1. Күндөлүк; 2. Көркөм; 3. Илимий
Булардын ичинен эң маанилүү ролду илимий таанып билүү ойнойт, илимий таанып
билүүнүн өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:
1.Илимий таанып билүү таанып билүүнүн субьектиси менен айырмаланат.
2.Илимий таанып билүү күнүмдүк таанып билүүдөн каражаты менен айырмаланат б.а.
илимий таанып билүүдө өзгөчө усулдар жана тил пайдаланылат.
Илимдин тили- бул
формулалар, символдор, знактар, атайын символдор эсептелет.
3.Илимий таанып билүүнүн обьектиси боюнча айырмаланат. Илимий таанып билүүнүн
изилдөө предмети өзгөчө болот. Ал дүйнөнүн жана нерселердин ички жактарын абдан терең
изилдейт. Илимий билимдер системалуу түрдө илимий закондор жана теориялар аркылуу
жашайт. Ал теорияларды дайыма практика жүзүндө изилдеп берүүгө мүмкүн. Илимий
таанып билүүнүн жыйынтыгы жана продуктысы боюнча айырмаланат. Илимий таанып
билүүнүн жыйынтыгы –бул илим,ал эми таанып билүү- процесс, ал эми билим – бул
процесстин жыйынтыгы.
Илим деп адамдардын жаратылыш, коом жана таанымдын өзү
тууралуу билимдерди
өндүрүүгө багытталган максаттуу жана рухий ишмердүүлүгүнүн формасын аташат. Илим
курчап турган чындыктын өнүгүү тенденцияларын алдын алып, анны өзгөртүүгө көмөк
берүү үчүн өз ара байланыштагы реалдуу фактыларды жалпылоо аркылуу чындыкты табуу
жана обьективдүү мыйзамдарды ачууну өз максатына айландырат.
Илим жаңы билимди алууга багытталган чыгармачыл ишмердүүлүк экенин айттык. Мындай
ишмердүүлүктүн натыйжасы болуп белгилүү бир принциптердин негизинде бүтүн
системанын формасына келтирилген билимдердин жыйындысы менен аларды өндүрүү
процесси эсептелет. Ар кыл түрдөгү, ар кандай мазмундагы,
баш аламан маалыматтардын
жыйындысы, же суммасы илимий билим болуп саналбайт. Таанымдын башка формалары
сыяктуу эле илим « таза билимдердин супсак» чөйрөсү эмес, ал социомаданий ишмердүүлүк,
өзгөчө мүнөздөгү социалдык институт болуп саналат.
Илимдин негизги милдети – курчап турган чындыктын обьективдүү мыйзам
ченемдүүлүктөрүн аныктоо, ал эми анын тике максаты менен бийик баалуулугу-
обьективдүү чындык. Ошол себептен, илим таанымдын башка формаларынан төмөнкү
критерийлердин жардамы аркасында айырмаланып турат:
- Обьективдүүлүгү;
- Системалуулугу;
- Дайыма практикага таянуусу;
- Алдын ала прогноздорду жасоону максатка
айландыруусу;
- Өтө так далилдерди жасоо,
кыска жана нуска
тыянактарды чыгаруу;
- Алынган тыянактардын негиздүүлүгү;
- Кылынган корутундулардын негиздүүлүгү;
- Методологиялык рефлекцияларга таянуусу.
Тынымсыз өнүгүп турган материалдуу дүйнөнү чагылдыруу менен илим анын мыйзамдары
тууралуу билимдердин бирдиктүү, өз ара байланышкан, тынымсыз өнүгүп турган
системасын түзөт. Бул система курчап турган чындыктын кайсыл бөлүгүн, материянын
кыймылынын кайсыл формасын изилдегенине жараша илимдин көп сандаган
тармактарына(жеке илимдерге) бөлүнүп кетет. Таанымдын предмети жана методу боюнча
табият таануу илимдерин (физика, химия, биология ж.б.), коомдук илимдерди (тарых,
социология,
саясат таануу, укук таануу ж.б.), тааным же ойлом тууралуу илимдерди(логика,
гносеология ж.б.) айырмалоого болот. Техникалык илимдерди да өзгөчө топ катары бөлүп
алуу мүмкүн. Өз кезегинде аталаган арбир топ да майда илимий багыттарга бөлүнүп
кетишет. Курчап турган чындыктын өтө жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү болуп саналган
философия менен азыркы учурда өнүгүп жаткан математика илимдери башка илимдерден
айырмалуу бир катар өзгөчөлүктөргө ээ.
Илимдерди айырмалоонун дагы башка критерийлери барбы? Бар. Мисалы практикадан
алыстаган деңгээлине жараша илимдердин төмөнкүдөй эки ири тибин айырмалоого болот:
- фундаменталдуу илимдер – алар реалдуу дүйнөнүн негизги мыйзамдары менен
принциптерин иликтеп, практика менен тике байланышпайт;
- колдонмо (прикладдык) илимдер – булар фундаменталдуу илимдер тарабынан аныкталган
мыйзам ченемдүүлүктөргө таянуу аркылуу кандайдыр бир конкреттүү өндүрүштүк, же
социалдык – практикалык маселерди чечүүдө илимий
тааным менен практиканын
натыйжаларын тике колдонушат;
- кошмок илимдер – айрым илимдердин ортосундагы чектер шарттуу жана туруксуз
мүнөззгө ээ. Ошол себептен, илимий билимдердин физикалык химия, биофизика, геохимия
ж.б. болуп кошулуп кеткен учурлары арбын кездешет.
Ар бир
илим төмөндөгүдөй төрт зарыл компоненттин биримдигинен куралат:
- илимдин субьектиси – мындай субьект болуп айрым окумуштуу (илимдин негизги
элементи), илимий жамааттар,
илимий коллектив, акыр аягында жалпы эле коом эсептелет;
- илимдин обьектиси ( предмети, предметтик чөйрөсү) – обьективдүү дүйнөнүн тигил же бул
илим изилдеген бөлүгү, же чөйрөсү;
- илимге мүнөздүү болгон жана илимдин предмети менен шартталган методдор менен
ыкмалардын системасы;
- табигый тилдин, же жасалма тилдин ( белгилер, символдор,
математикалык теңдемелер,
химиялык формулалар ж.б.) түрүндөгү өзгөчө мүнөздөгү тил.
Достарыңызбен бөлісу: