Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия


Илимий таанып билүүнүн структурасы



Pdf көрінісі
бет26/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

Илимий таанып билүүнүн структурасы төмөнкү элементтердин 
биримдигинен турат: 
- эмпирикалык тажрыйбанын жүрүшүндө топтолгон 
фактылык материал
- аны түшүнүктөр жана башка абстракциялар түрүндө 
алгачкы жалпылоонун натыйжалары; 
- фактыларга негизделген проблемалар менен илимий 
божомолдор (гипотезалар); 
- илимий божомолдордон « суурулуп чыккан» мыйзамдар, 
принциптер жана теориялар (аларга альтерантивалуу 
жоболорду да кошууга болот); 
- философиялык жоболор; - илимий таанымдын методдору, 
идеалдары жана нормалары; - социомаданий негиздер; 


- ойлом стили. 
Илимий тааным билимдердин тынымсыз өнүгүп туруучу системасы катары эмпирикалык 
жана теориялык деп аталган эки деңгээлге ээ: Илимий билим эки деңгээлден турат:
эмпирикалык, теориялык. 
- эмпирикалык деңгээли – практика жана эксперимент аркылуу таанып билүү. 
- рационалдык деңгээл- ойлонуу аркылуу таанып билүү.
Илимий таанып билүүнүн эмпирикалык деңгээли – таанып билүүдө да эмпирикалык 
билимдердин мааниси абдан зор. Тажрыйба деп курчап турган дүйнөнү эмпирикалык жол 
менен таанып билүүнү айтабыз. Тажрыйба билимдер менен шыктардын биримдиги болуп 
саналат да, адамдын курчап турган дүйнө менен болгон мамилесинин натыйжасы катары 
муундан-муунга өтүп турат. 
Эмпиризмди негиздеген англиялык улуу ойчул Френсис Бекондун көз карашында 
каалагандай таанымдын негизинде кандайдыр бир максатка шайкеш уюштурулган жана ага 
баш ийдирилген тажрыйба жатат. Тажрыйба белгилүү бир план боюнча удаалаш, ырааттуу, 
ирээттүү жүргүзүлүп, эксперименттерден жаңы экспериментттерге алып баруусу же өз 
кезегинде сөз болуп жаткан жаңы эксперименттерди шарттаган теориялык жоболорго 
түртүүсү зарыл. 
Бекон иштеп чыккан метод төмөндөгүдөй удаалаш жана ырааттуу кадамдардан турган: 1) 
фактылар менен кубулуштарга байкоо жүргүзүү; 2) аларды системалаштыруу жана 
классификациялоо; 3) керексиз, маанисиз фактыларды табуу жана аларды четке кагуу; 4) 
изилденип жаткан кубулушту курамдык бөлүктөргө ажыратуу; 5) фактылар менен 
кубулуштардын чындыгын тажрыйба жүзүндө текшерип көрүү жана ;6) аларды жалпылоо. 
- Тааным процесстеринин эмпирикалык деңгээлинин алгачкы жана элементардык баскычы 
болуп байкоо жүргүзүү эсептелет. Каалагандай илимий байкоо жүргүзүү илимге 
негизделбеген байкоо жүргүзүүдөн айырмаланып, кандайдар бир илимий маселени же 
милдетти чечүү менен байланышкан. 
- Илимдин эмпирикалык деңгээлинин башкы милдети болуп факт ( латынча – жасайм) 
топтоо эсептелет. Факт деп ишке ашкан чындыктын фрагменти аталат. Илимде «факт» 
термини төмөндөгүдөй эки мааниде колдонулат: 1) факт обьективдүү жашап жаткан ( же 
мурда жашап өткөн) кубулуш катары; 2) фактты тигил же булл концепциянын негизинде 
сүрөттө. Өз алдынча турганда «чийки» факт (факт – окуя), эреже катары, тез өтүп кетет жана 
тарыхый өткөнгө айланат. Анны сактап калу жана илимдин мазмунуна киргизүү тилдин 
жардамы аркылуу фактты чагылдыруучу сүйлөмдөр аркылуу жүрөт. Ошого байланыштуу 
факт чындыктын жөнөкөй фрагменти катары гана эмес, адам тарабынан орнотулган жана 
жалпы жоонунан билинген фрагмент катары каралууга тийиш. 
Чындыгында фактылар обьективдүү жашашат. Алар кимдир бирөөнүн каалоосу боюнча 
пайда болуп жана жоголуп турушпайт. Ошол себептен, «фактылар- өжөр нерсе» (факты – 
упрямая вещь). Реалдуу турмушта фактылар бар экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Эгер 
бизкандайдыр бир саясий, идеологиялык ж.б. симпатияларга, дөлөттүү же кадыр барктуу 
адамдарга жасакерленип изилденип жаткан процесстен аларга тоскоол болчу же алардын 
салабаты менен психикасына «до кетирүүчү нерселерди бурмалап, алар тууралуу айтпай 
койсок, анда факттар фактыларчага айланат. Чындыкты таанып билүү максатында бүтүндөй 
бир тарыхый доорду, коомдук- экономикалык түзүлүштү, инсандардын ишмердүүлүгүн 
мүнөздөгөн фактылардын бүтүндөй системасы изилденүүгө тийиш. Ошептип фактылар 
системасы аркылуу изилденет, ал эми фактылардын систематизациясы илимий теорияны 
түзүүнүн алгачкы кадамы болуп саналат. 


Бекон тажрыйбаны төмөндөгүдөй эки түрүн айырмалаган:
1. Жемиштүү тажрыйбалар – буларга адамдарга тике пайда алып келүүнү максат кылган 
тажрыйбалар кирет;
2. Нурдуу тажрыйбалар – мындай тажрыйбалар пайда табууну көздөбөйт, бирок, 
табигый мыйзамдарды, нерселер менен кубулуштардын маңызын түшүнүүгө 
мүмкүндүк берген жаңы билимдерди пайда кылат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет