Психикалык чагылуу жаныбарларга эле тиешелүү болбостон,
адамдарга да таандык бирок
адамдардын туюлары кабыл алуусу, элестөөлөрү бир нече тепкич жогору турат. Себеби,
буларда аң сезим жана акыл кошулуп кетет. Адамдар жаныбарлардан айырмаланып, тил
аркылуу чагылдырылат. Тил аркылуу чагылдыруунун формалары болуп түшүнүк, ой –
жүгүртүү
жана ой – корутундулоо болуп саналат.
Фридрих Энгельс «Маймылдын адамга айлануусундагы эмгектин ролу» деген китебинде аң
сезимдин пайда болушуна себеп болгон үч шартты белгилеген:
ЭКИНЧИ САБАК
1.
Биологиялык фактор
– мында жаныбарлардын арасындагы эң жогорку түзүлүштөгү
мээ маймылдарда болгон.
2.
Эмгек фактору
– маймылдар өзүнүн тамагын таап жеп эмгек операциясын жасаган.
3.
Тил фактору
– эмгектин натыйжасында эң жөнөкөй ойлор пайда болгон, ошол
ойлорду алмашуу үчүн,
сүйлөөнүн зарылдыгы келип чыккан.
Аң сезим жана мээ.
Аң сезим менен мээ өтө тыгыз байланышта болот. Аң сезим мээнин продукциясы. Мээде
кандайдыр өзгөрүү болсо ссөзсүз келип аң сезимге таасирин тийгизет.
Жер бетинде тиричиликтин эволюциясынын эң жогрку этабы – бул ойлоочу адам. Дүйнөдө
адам өзгөчө орунду ээлейт, себеби ал социалдык сапаттардын алып жүрүүчүсү
болуп
эсептелет. Социалдык факторлордун таасири адамдын эволюциясын кыйла даражада
тездетти, анын аң сезиминин өнүгүшүнө зор роль ойноду. Адам – бул коомдук жанжык,
ошондуктан анын аң сезими да социалдык – тарыхый көрүнүш болуп саналат. Адамдын аң
сезиминин бул өзгөчөлүгүн марксизмдин негиз салуучулары биринчи болуп терең
изилдешкен. Аң сезим, деп жазышкан К. Маркс жана Ф.Энгелс, эң
башынан тартып эле
коомдук продукт болуп эсептелет жана адамдар жашап турганда ошондой болуп эле кала
берет.
Аң сезим материалдык дүйнөнү чагылтып көрсөтүүнүн жогорку формасы болуп саналат. Аң
сезим өзүнүн ичине туюум, кабылдоо, ойлоо сыяктуу негизги элементтерди алат, адам
алардын жардамы менен табияттык жана социалдык бытиени таанып билет.
Адамдын аң сезими анын эмгектик ишинин процессинде пайда болуп жана өнүккөн. Жашоо
үчүн адам эмгек кылууга, эмгектин куралдарын жана материалдык байлыктарды өндүрүүгө
тийиш болгон. Ал эми эмгектин ар бир моменти – учурун
алдын ала ойлоо, сезип түшүнүү
зарыл.
Бирок коллективден тышкары, коомдон тышкары эмгектин болушу мүмкүн эмес, ал эми
адамдардын ортосунда байланыш жана катнашуу болбосо, б.а. тил жана сөз болбосо –
коомдун болушу мүмкүн эмес. Тил, аң- сезим сыяктуу эле, коомдо адамдардын эмгектик
ишиинин жүрүшүндө келип чыгат жана өнүгөт. «Аң сезим кандай эзелки болсо, тил да
ошондой
эле эзелки; тил башка адамдар үчүн да практикалык, жашап турган аң сезим болуп
эсептелет., ошонун аркасында менин өзүм үчүн да чыныгы аң сезим сыяктуу эле тил да
башка адамдар менен байланыш жасоонун керектүүлүгүнөн, өтө зарылдуулугунан улам гана
келип чыгат».
Мээде болуп жаткан нерв процесстери адамдын ойлоосунун физиолгиялык негизи болуп
эсептеле тургандыгын азыркы табият таануу илиминин маалыматтары көрсөтүп турат.
Адамдардын мээси ар түрдүү түзүлүш катмарлардан турат.
Мээнин калыңдыгы бир нече
миллиметр келген жогорку катмары, көп сандаган тармактар менен бириккен миллиарддаган
нерв клеткаларынан турган баш мээсинин чоң жарым шарларынын кыртышы деп аталган
бөлүк айрыкча роль ойнойт. Мээнин кабыкчасында өзүнүн түзүлүшү боюнча ар түрдүү
келген участоктор (талаалар) болот, алар белгилүү бир функцияларды аткарып турат. Ар бир
участок дүүлүгүүлөрдүн белгилүү бир түрүн ( көрүү, угуу жана башкалар) анализдөөгө жана
жалпылоого жөндөмдүү. Кээ бир талаалар ( мисалы, сөз кыймылдаткыч, сөз уккуч, сөз
көргүч талаар) көп сандаган башка клеткалар аркылуу тийиштүү
органдар менен
байланышта болот. Баш мээнин кабыгынын өзүнүн түзүлүшү боюнча өтө татаал участоктору
нерв системасынын эволюциясынын акыркы этаптарында пайда болгондугун илим
аныктады.
Аң сезимди ойлоочу материадан, мээден ажыратып түшүнүүгө болбойт. Мээ – ойдун органы,
ал эми аң сезим, ой мээнин ишинин натыйжасы болуп эсептелет. Ойлоонун жардамы менен
адам практикада өзү кездеше турган нерселердин жана кубулуштардын касиеттерин жана
сапаттарын ажыратып билет.
Адамдардын психикалык ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтуу менен И.П.Павлов: тарыхый
өнүгүштүн бүт мезгилинде адамдар айбандардан айырмаланып, материалдык дүйнөнү
чагылтып көрсөтүүнүн сапаттык
жаңы системасы, экинчи сигналдык система- сүйлөө, сөз
келип чыкты, деп жазган.
Биз сөздү материалдык дүйнөнүн нерселерин жана кубулуштарын белгилөөчү тышкы
кубулуштарын белгилөөчү тышкы дүүлүктүргүч катары кабылдайбыз. Биздин ар бирибиз
сөздөрдүн маанисин ойлонуштуруу менен реалдуу буюмдарды жана процесстерди
түшүнөбүз, өзүбүз мурда баштан өткөргөндөрдү эске салабыз. Демек , адамдын обьективдүү
нерселерине жана кубулуштарына болгон оюнун мамилеси түздөн түз эмес, сөз аркылуу
болот.
Кеңири түшүнүктө алганда тил дегенибиз – бул кадимки оозеки же жазуу түрүндө
колдонуучу сөздөрдүн системасы гана эмес. Жасалма деп аталган тилдер да, башкача
айтканда илимдердин тилдери да бар: алар математикалык, химиялык жана башка
формулалар
жана теңдемелер, таблицалар, графиктер жана ушул сыяктуулар. Сөздөрдө,
цифраларда, формулаларда жана башкаларда эмне жалпылыктар бар? Бул жалпылыктар алар
милдеттүү түрдө нерселердин копиялары, образдары болууга, нерселерге окшош болууга
тийиш болгон знактар – белгилер болуп эсептелет.
Достарыңызбен бөлісу: