Индукция (латынчадан indictio – алып баруу, алып барып кошуу) – жеке
фактылардан жалпы жоболорго өтүүнүн мүмкүндүгүн камсыз кылган ой корутундусу.
Байкоо жүргүзүү процессинин жүрүшүндө изилдөөчү фактыларды чогултат,
эксперименттердин жардамы аркасында аларды текшерет, андан соң гана логикалык
корутунду болуп саналган жалпылоолорду жасайт. Демек, индукция айрым сезим –
туюмдардан, фактылардан акырындык менен улам жогорулоо аркылуу өтө жалпы
теорияларга, жоболорго чейин алып бара алат.
Индукция толук жана толук эмес болушу мүмкүн. Толук индукция жалпы жонунан
кубулуштар менен нерселердин бүтүндүгү, түрү, классы тууралуу жалпы жоболор
түрүндөгү корутундулар менен тыянактарды берет. Мындай корутунду дээрлик туура,
бирок, анын колдонуу чөйрөсү абдан эле тар жана изилденип жаткан нерселердин
классы менен гана чектелип калган. Толук эмес индукция нерселер менен
кубулуштардын жалпы классынын эмес, анын кандайдыр бир бөлүгүн гана
изилдөөнүн негизинде алынган айрым жеке корутундуларга таянат. Класстын бардык
эмес, болгону эле изилденип жаткан элементтеринин маңыздуу белгилери ошол
класстын бардык кубулуштарына таандык деп алынат. Мындай корутундуларды
толугу менен туура деп эсептөөгө болбойт, алар ыктымалдуу гана мүнөзгө ээ жана
текшерүүгө муктаж. Толук эмес индукциянын маани-маңызын түшүнүү үчүн
төмөнкүдөй эки мисалды келтирсек:
Берилген мисалдарда индуктивдүү жол менен алынган эки корутунду тең
ыктымалдуу мүнөзгө ээ. Анткени, берилген эксперименттер бардык суюктуктар жана
газдар менен эмес, болгону үч түрдөгү суюктук жана газ менен гана жүргүзүлгөн.
Туура корутундуга келүү үчүн баардык суюктуктар жана газдар менен эксперимент
кылуу талап кылынат. Ар кандай себептерден улам практика жүзүндө ар дайым эле
мындай толук мүнөздөгү эксперименттерди жасоо эч мүмкүн эмес. Мындай
учурларда эмне кылуу керек? Корутундунун толук түрдө туура болушу үчүн Бэкон
индуктивдүү методду ырастаган гана эмес, аны четке каккан да фактыларды мүмкүн
болушунча көп чогултууну талап кылат. Индуктивдүү методу пайдалануу
менен Бекон жылуу нерселердеги майда бөлүкчөлөрдүн кыймылын табуу менен
жылуулуктун философиялык маңызын аныктаган. Бэкон индуктивдүү методду иштеп
чыгууга көп эмгек жумшаганы менен анны кемтиксиз, телегейи тегиз метод деп
эсептеген эмес. Англиялык ойчул келечектеги окумуштуулар бул методду дагы терең
өздөштүрүшөт жана жакшыртышат деген үмүттө болгон.
•
Достарыңызбен бөлісу: |