Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия


Илимий таанып – билүүнүн теориялык



Pdf көрінісі
бет27/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

2.Илимий таанып – билүүнүн теориялык (грек. – изилдейм, карайм) деңгээли. Илимий 
таанып билүүнүн эмпирикалык деңгээлинен нерселердин маңызын, анын ичинде коомдун 
жашоосу менен өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнүү үчүн жетишсиз болуп 
саналат. Изилдөөчүнүн көз карашы боюнча жетишээрлик санадагы фактылар топтолгондон 
кийин аларды клацификациялоо жана системалаштыру маселеси келип чыгат. Дал ушул 
учурда таанымдын эмпирикалык деңгээли теориялык деңгээлге өтөт. 
Илимий таанып билүүнүн теориялык деңгээли түшүнүктөр, теориялар, мыйзамдар ж.б.у.с. 
«ойлом аракеттери», б.а. рационалдуу момент менен мүнөздөлөт. Мында байкоо жүргүзүү, 
сезим- туюм өңдүү «жандуу таанып билүү» четке кагылбайт, болгону эле алар тааным 
процессинин теориялык элементине баш ийдирилет. Теориялык таанып билүү кубулуштар 
менен процесстер тууралуу эмпирикалык билимдердин маалыматтарын рационалдуу иштеп 
чыгуу аркылуу алардын универсалдуу ички байланыштары менен мыйзам ченемдүүлүктөрүн 
ачканга аракет кылат. Теориялык таанып билүүнүн манилүү милдети болуп чындыкты 
конкреттүү жана толук мазмунда изилдөө саналат. 
Илимий таанып билүүнүн теориялык деңгээли төмөнкүдөй компоненттерден турат: 
Проблема ( грек. –милдет) деп окуп - үйрөнүү, чечүүнү талап кылган өтө татаал теориялык, 
же практикалык маселе. Проблема билимдин катып калган формасы эмес, ал таанып 
билүүнүн ропблеманы коюу жана анны чечүү деген эки манилүү этабынан турган процесс 
болуп саналат. 
- Гипотеза ( грек. – божомолдоо) – жогоруда айтылгандай, гипотезанын чыныгы мааниси 
азырынча толук аныктала элек, далилидөлөргө муктаж бир катар фактылардын негизинде 
пайда болгон божомол түрүндөгү билимдин формасы болуп саналат. Гипотезалык билим 
нукура эмес, ыктымалдуу мүнөзгө ээ жана кылдат текшерүүнү, ар тараптан изилдөөнү талап 
кылат. Сунуш кылынган гипотезаларды далилдөөнүн жүрүшүндө алардын айрымдары 
чыныгы теорияга айланышат, ал эми башкалары түрүн өзгөртүп, такталышат, толукталышат, 
үчүнчүлөрү, четке кагылат да, эгер текшерүү терс натыйжа берсе, илимий жаңылыштыктарга 
айланышат. Гипотезанын чындыгы менен тууралыгын текшерүүдө чечүүчү роль практикага 
таандык болсо, чындыктын логикалык( теориялык) критерийине кошумча роль мүнөздүү.
Теория – курчап турган чындыктын белгилүү бир чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдүү жана 
маңыздуу байланыштарды ар тараптан чагылдырган илимий билимдин өтө өнүккөн 
формасы.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет