Манас биринчи бөлүк


АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН МАНАСКА КЕЛИП КОШУЛУШУ



бет16/21
Дата16.07.2016
өлшемі3.01 Mb.
#202454
түріКнига
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   21

АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН МАНАСКА КЕЛИП КОШУЛУШУ



Бир күнү Манас түш көрөт,

Түшүндө сонун иш көрөт.

Айталаада келатып,

Ач албарс кылыч тааптыр,

Ары-бери ойнотуп,

Үйдөй болгон кара таш,

Кара ташты чааптыр;

Балтыркан чапкан эмедей

Кара таш кетти бөлүнүп,

Калдыраган боюнча

Коктуну кирди жемирип.

Берен Манас кылычты

Белине бекем чалыптыр,

Бир оокамда караса,

Кылыч арыстан болуп калыптыр.

Күн чыгыш көздөй камынды,

Күркүрөп арыстан чамынды.

Жолборстор тутту буйругун,

Баары келди баш ийип,

Чатына кыпчып куйругун.


Арыстанды көрсөң акыры,

Ажыдаар болуп кубулду.

Жакындап келген адамдын .

Жүрөгү оозго тыгылды.

Ажыдаар жүрдү аркырап,

Оп тартканда демине

Таш учуруп туш-туштан,

Кара шамал заркырап.

Ажыдаар кубулуп,

Асманга буудайык болуп учуптур;

Абалап бийик сызыптыр.

Асмандан келип буудайык,

Колуна кайта конуптур,

Манастын көөнү толуптур.


Уйкудан Манас ойгонуп,

Оң жагына толгонуп,

Кабагы күндөй ачылып,

Чоролорду чакырып,

Ак-боз бээден алдырып,

Айтуягын чалдырып,

Аргын, ногой карысын,

Ата уулунун баарысын

Ак ордого толтуруп,

Тамакты берди болтуруп.

Эми Манас кеп баштап,

"Калайык, уккун!" — деп баштап

Көргөн түшүн калтырбай,

Терип айтып баатырың,

Көңүлү балкып көбүнө,

Эрип айгып баатырың,

"Жору, — дейт, ушул түшүмдү

Оңдосун, журтум, ишиңди".


Олтургандар баарысы,

Жашы менен карысы,

Жалгыз сөз кирбей оозуна

Жалдырашып калышты.

Бирин-бири тиктешип,

Алдырашып калышты.


Бир оокамда козголуп,

Кеп баштады жайма-жай

Кой оозунан чөп албас

Коңур чечен Ажыбай:

"Мен жоруюн тушүңдү,

Оңдоптур кудай ишиңди;

Колуңа берген турбайбы

Күтүп жүргөн кишиңди.

Уктум эле уламыш,

Артын байкап турабыз.

Эсен канга бербейм — деп,

Эл талашкан Алмамбет,

Эңсеңди такыр кесем — деп,

Жер талашкан Алмамбет,

Көкчөгө келип турду деп,

Айдаркандын өзүнө

Абдан моюн сунду — деп,

Келгендерден кеп угуп,

Көргөндөрдөн көп угуп,

Кандым эле сөзүнө;

Көрбөсөм да Алмандын

Тойдум эле өзүнө

Асмандан мунар жошулат,

Арыстаным сенин өзүңө

Эми Алмамбет келип кошулат.

Түшүң жакшы түш экен,

Ордунан келген иш экен".
Ажыбай жоруп басылды,

Аркасынан токтолбой,

Арыстандын оозу ачылды

Аттаналы, чоролор,

Сары-Өзөнгө баралы,

Жолуңдан чыгар шер болсо,

Жолдон тосуп алалы".
* * *
Кырк чоронун баарысы,

Кыргыл баштап карысы,

Абыр-дабыр ат минип,

Аялдабай бат минип,

Сары-Өзөн көздөй бет алып,

Келген экен жол чалып,


Таң саргарып калганда,

Арыстаның Манас айкөлүң

Дүрбүнү колго алыптыр,

Сары-Өзөндүн талааны

Созулуп карап алыптыр.
Күн батышты алып маңдайга,

Тили кургап таңдайда,

Чыканак жерге салбастан,

Чырм этип уйку албастан,

Ат керт этип чөп жебей,

Эр кылт этип суу ичпей,

Жолдо Алмамбет бел чечпей,

Эрди чырта кесилип,

Ачкадан боору эзилип,

Айнектей көзү сүзүлүп,

Не келет — билбейт бетине,

Өлүмдү алган нээтине.


"Болгон карып экен — деп,

Болжосом, боор бурар жок,

Жатып калсам алсырап,

Кандай жаткан жансың — деп,

Жай-күйүмү сурар жок.

Аркамдан издер ага жок,

Алдадан бөлөк маана жок,

Тек жайын айтып телмирип,

Артымда калган бала жок.

Издеп келер иним жок,

Ит ордуна мен өлсөм,

Ичи ачыр менде бир жан жок.

Таянарга тага жок,

Тагдырыңа даба жок.

Калкынан азган каранмын,

Каңгырап кайда барамын.

Мээнетин тартып келатам

Мобул, мелтилдеп жаткан

талаанын.

Өлүм жетип өзүмө

Кара башыл пендеден

Калк көрүнбөй көзүмө,

Ат арыктап, жал калбай,

Аяк серпер эл калбай,

Кыркырак кирсе өзүмө,

Кымындай сууну тамызып,

Кылчаяр жок өзүмө.

Башымды жөлөр паана жок,

Баркымды билер даана жок.

Кейип угар пенде жок

Керээз айткан сөзүмдү,

Кериде калып жасатым*,

Кузгун чукур көзүмдү

Карга жарып кардымды,

Кара жолдо сандалып,

Кайгылуу күндө калдымбы?".


Жол сурарга жоро жок,

Калк сурарга кара жок,

Бел сурарга пенде жок,

Айыл сурар адам жок,

Чөл талаада зарыгып,

Көңүлү түшүп түштүккө,

Жолго кирип желигип,

Таңдайы кургап, тил катып,

Күндөп-түндөп жол тартып,

Өрдөш кара коо көрүп,

Күн жаткан Ала-Тоо көрүп,

Ойду көздөй бет алып,

Оолугуп ичи тутанып,

Кара-Кырчын, Кара-Суу

Кабылан Алмаң жапжалгыз

Капталган жери мына бу.


Кара-Суунун тунугу

Найза салса бойлобой,

Булуң-булуң чулугу,

Төрт канаттуу чалагар,

Сырттан Алмаң караса,

Суу кушунун баары бар.

Саздуу жерди ээлеген

Ызылдак ызгыч дагы бар.

Учуп чыгат башка куш,

Алмамбет буга болгон туш.

Ызгыч-кара кашка куш,

Канаттары күрүлдөп,

Катуу учуп дурүлдөп,

Аттанып кара суулардан,

Асты Алмамбет кутулбайт,

Ызылдаган булардан.


Кыжыры кайнап кырданып,

Кырааның Алмаң сурданып,

Суу көтөрбөй сиркеси,

Ызгычка айткан бир сөздү;

"Ызылдаба, ызгыч куш,

Ырасын айтсам ушул иш,

Канаттуудан сен жалгыз,

Кара сазга бүтүпсүң,

Кара баштан мен жалгыз

Койсоңчу, ызгыч, кордобо,

Жолума чыгып торгобо.

Өзүңдү өзүң зордобо".


Ал сөздү айтып далайын,

Ачкалыктан шалайып,

Эки буту салайып,

Санаасы санга бузулуп,

Таноосу демге кысылып,

Ачкалыктан Алмамбет

Кара тер бойдон сызылып,

Камсыгып келген каркыбар,

Жаага кыйын салты бар

Коломсокко* кол салды,

Ошо кушка ок алды.

Киричке* жебе чалыптыр,

Телпилдеген ызгыч куш

Чыйылдап келип калыптыр.

Алмаңдын көргүн санатын,

Ызгычтын атты канатын.

Канатын огу сындырды,

Ызгычтын жанын тындырды.

Чыйраксынып көккө учуп,

Жыгылды ызгыч жер кучуп.

Азыр ызгыч жыгылды

Алмамбеттин жолуна.

Аны Алмамбет көрмөккө

Эңип алды колуна.

Канаты сынган, алы жок,

Кармап көрсө, жаныбар

Былк этерге шайы жок.

Бөдөнөдөй өзү бар,

Бөжүрөйгөн көзү бар.

Назыят кылып ызгычка,

Алмаңдык айтар сөзү бар:
"Адамга неге катылдың,

Арманда өлүп атылдың.

Алыңды чактап билбедиң,

Айланып сага тийбедим.

Катылба десем болбодуң,

Кадалып жолум торгодуң.

Кадемиң каткыр оңбодуң!

Тийбегин десем болбодуң,

Титиреп жолум торгодуң.

Тийгенден кийсыл оңгонуң?!

Чөлүккөн чөлдө сен болдуң,

Чөккөн арыстан мен болдум.

Аңкаган чөлдө сен болдуң,

Ач арыстан мен болдум.

Алыңды билип, не тийдиң,

Алымды билбей достошуп,

Ажалдын тонун мен кийдим.

Өз алын билбей сен тийдиң,

Өзүңө окшош болом — деп,

Өлүмдүн тонун мен кийдим.

Берсе кудай жолумду,

Чечейин өлүм тонумду,

Бүтүрөйүн канатың,

Бейкүнө жанга катылбай,

Сен да тап, — деп, жолуңду".
Кайнатма кара дары бар,

Канатын азыр бүтүрчүү

Канча дары дагы бар.

Сүйкөп алып жарага,

Сынып калган канатын

Калыбына салганы.

Алып алтай кырмызы*

Канатын аста таңганы.

Дарыга канат сырдады,

Тал жибек менен чырмады.

Учурмакка Алмамбет

Ызгычты кармап ыргады?"

Аралдан чыгып Алмамбет,

Боз жерге келген чагы бар,

Ошо келген боз жери

Ушу күндө дагы бар.

Ак-Эрмендин ою, дейт.

Ашмаранын бою, дейт.

"Уяңда балаң дагы бар,

Үйүңдү тап, — деп,жаныбар"

Учуруп ийген чагы бар.
Ызгыч учкан көк жагын

Алмамбет карап арт жагын,

Асманга көзүн салыптыр.

Манастын турган жеринен,

Бото-Моймок белинен

Аккула менен болкоюп,

Арыстан эр кырда золкоюп,

Баятан байкап алыптыр;

Баатыр эр көзүн салыптыр.

Аңдап көргөн мурунтан

Аркардаа бөлөк айбан жок,

Айдап мал адам жайган жок,

Бөрүдөн бөлөк айбан жок,

Маралдан бөлөк малдан жок,

Бараандап чыгар жандан жок.

Кулан жатыр жайнаган,

Кудугу жатыр кайнаган.

Адамы жок жер эле,

Арыстан Алмаң арбайып,

Аралдан чыкты дардайып.


Ашмаранын оюнда,

Ак-Эрмендин боюнда

Каруу-жарак карк алтын,

Келе жатыр калдайып,

Атынын мойну бир кулач, —

Айбандан түрдүү көрүнөт,

Алеңгир жаа асынган, —

Адамдан сүрдүү көрүнөт.

Атышканын уткандай,

Анча-мынча адамды

Ат-тону менен жуткандай.

Карк алтындан уютма

Каралжын ыраң тон менен,

Калдайган кара талаадан

Бөксөгө чыкчуу жол менен

Бөлүнүп келе жатыптыр.

Бөрү жолдуу Алакең

Көрүнүп келе жатыптыр.


Белдемчи соот, кыягы*,

Бул жерден чыккан киши эмес,

Ойлоп көрсө сыягы,

Кара бою үпчүлүү,

Капталынан топчулуу,

Малакайы алтындан,

Бардашы журттан артылган,

Башында көөхар диңсе* таш,

Жаркыны көккө тартылган.
Анда Манас муну ойлоп,

Албан түрдүү кеп ойлоп:

"Түштө көргөн жолборсум,

Бул Алмамбет болот го,

Түпкүлүктүү жолдошум.

Алмамбет эмей ким", — деди.

Арыстан эрди байкасаң,

Айтпай-дебей билгени.

Кайра тартып жылт берип,

Кабакка Манас киргени.


Кайра тартып алыптыр,

Алмамбет ызгыч учуруп,

Кайкаңга көзүн салыптыр.

Карышкырдай кыландап,

Түлкүдөй куйрук булаңдап

Элесин көрүп эр Алмаң,

Элейип тура калыптыр.

Мергендерче бет менен,

Чекесинин чет менен

Ченеп Манас көз салса,

Элесин байкап Алмамбет,

Карап калган калкайып,

Кылжейрен аты даңкайып.
Анда Манас ойлонду:

"Кызыл түктүү пил экен,

Кыраакы эрдин бири экен.

Алыскы ишти ойлогон,

Акылмандын бири экен.

Айбатына жан түтпөс

Баатырлардын бири экен.

Кең көкүрөк, сом далы,

Туткандын чыгар далдалы, —

Балбандардын бири экен.

Кездешкенин мант кылып,

Алгандардын бири экен.

Качыргандан токтолбос

Камандан алган мүнөзү,

Кайгырып жоодон шашпаган

Жолборстон алган мүнөзү".


Абыдан көрүп айкөлүң,

Кайра чапты калкылдап,

Аккула менен алкылдап.

Өзүнүн боюн жыйнабай,

Өңүрү кеткен талпылдап:

"Жоого сүрдүү жолборстор,

Жолдошту кудай бериптир,

Сүйүнчү,-деди, чоролор!

Баштап жүрсө, — барааның,

Калкыңда жүрсө, — карааның,

Бетиңде жүрсө, — бедериң,

Белиңе таңуу медериң.

Алмамбет келет, мен көрдүм,

Ар мүнөзүн, айбатын,

Арыстанга тең көрдүм.

Сунса колу узарып,

Жумулса, көзүн ачкандай,

Айла кылып токтоткон,

Көл, дарыя ырыска

Көз көрүнсө баткандай.

Кетирбей алып калайын,

Кебин кылгын, көй баатыр.

Аздырбай алып калыштын,

Акылын тапкын, көй баатыр.

Чогоолдук кылcа, кетирип,

Өжөрлүк кылса, өткөрүп,

Кейишке салса, кечирип,

Кеткени болсо, кетирип,

Күтөрдүн камын кылыңар.

Бүлүндүрсө, бүлк этпей,

Түтөөрдүн камын кылыңар.
"Башын тартпас өлүмдөн

Баатырлык жайы көрүнөт,

Пас адамга тең жүрчүү

Бакырлык жайы көрүнөт.

Келе жатыр жол менен,

Кейиш тартып ой менен.

Ашмаранын оюнда,

Ак-Эрмендин боюнда,

Алтындуу саадак колунда

Аттанып чыгып, беш баатыр,

Бөксөгө чыга келгенде

Азир тургун жолунда.

Күлдүрдүн уулу, Чалыбай,

Күлдүргүчүм, Ажыбай,

Сырттан, Сыргак, Кутунай,

Акбалтанын Чубагы,

Белиме таңуу беш баатыр,

Азыр кайрат кылар убагы,


"Көк колот ылдый салыңар,

Көрүнбөстөн барыңар,

Арыстандай акырын,

Жанына жакын барганда,

Айгай салып бакырып,

Каракчы болуп чыгыңар,

Капилет сайып жыгыңар.

Жортуулчу болуп чыгыңар,

Жол боюна жыгыңар.

Атын коштоп алыңар,

Айдап жолго салыңар.

"Бол, жүргүн — деп шашыңар.

Ботонун белин ашыңар.

Кожойтуп айдап алыңар,

Колду көздөй салыңар.

"Койбойм тирүү жаның!" — деп,

Коркутуп айткын баарыңар.

Жүткүндурүп келиңер,

Жүрөгүн сынап билиңер.

Алкындырып келиңер,

Акылын сынап билиңер,
"Көк-Жайыкта жатканың,

Киричтен кийик атканың

Ордочуң ордо салыңар,

Элүүң жөнөп төш жакка,

Ат откоруп барыңар.

Кыркың кызып, топтошуп,

Чатыраш ойноп калыңар.

Тогуз, онуң биригип,

Тогуз коргоол алыңар.

Он эки жигит жол тосуп,

Оолактан атын алыңар,

Ороюң суук салыңар.

Сөөлөткө тигип алганың,

Төрт төбөлүү кол чатыр,

Дөөкүрсүгөн көй баатыр,

Саламын алик албаңар,

Жакшы экен деп көрүшүп,

Жарбаңдашып калбаңар.

Жатканың турбай кырданып,

Жаалың салып сурданып,

Которуп орун бербеңер,

Козголуп, "келгин" — дебеңер.


"Сырттандык кылса, кыңкыйып,

Сырыңды сыны толтурар.

Ою терең эр болсо,

Олутун таап олтурар.

Бабырап башкаң үндөбөй,

Баянсыз кепти сүйлөбөй,

Сыр бербестен зымпыйып,

Кыраан куштай кымпыйып,

Адептүү болгун баарыңар.

Ар кандай жумуш болсо да,

Аңдап менден алыңар.

Каталык кылса кайтарып,

Асталап жолго салынар.

Карчыга учат аң үчүн,

Абадан торгой быжырайт

Агарып аткан таң үчүн;

Бирок менин айтарым

Абыдан кыйын эрдир — ээ,

Алып келип үстүмө,

Ар канча кыйын болсо да,

Ат менен салам бердирбе.

Жөө келип айтсын саламын,

Жөнүн билип аламын.

Пас келип айтсын саламын,

Баркын билип аламын.
"Кыл дегеним кылыңар,

Кыйла кыйын сыры бар,

Кабыландын бири болгон соң,

Кааласа көрөр сыны бар.

Сырыңды сынап билбесин,

Сырттан эрдин мүнөзү

Сырын жолго кирбесин.

Жоо бөрүсү эр деген,

Жоругуңду билбесин,

Же жолобой жолго кирбесин!".


Көк колот ылдый салыптыр,

Көй баатырдын бешөвү

Көрүнбөй тосуп калыптыр.

Кирген нардай зыңгырап,

Ач арыстандай ыңгырап,

Кытайча кызыл добулбас

Чымын тийсе кынгырап,

Көрүнгөн жондо бир караан

Булаң этип көрүнүп,

Дагы Алмамбет маң болуп,

Жолу төрткө бөлүнүп,

Белден көргөн белгиге

Бет алып жолго салыптыр.
Белендеген беш баатыр

Кабактан чыга калыптыр.

Мылтык атып, тарс коюп,

Добул согуп, карс коюп,

Желегип шамал жапырып,

Жеп ийчүдөй бакырып,

Чукул жерден чубуруп,

Жакын жерден жабылып,

Качырып чыга калганы.

Чаалыгып келген Алмамбет,

Чил учкандай селт этип,

Бир да көзүн салбады.


Коргошун жүрөк, пил билек,

Коркпой турган Алмамбет,

Жолдон азган бир жолборс,

Жологон пенде соо болбос.

Сундурган бешөө жарагын,

Сырттан Алмаң кебелбей,

Бастырышын карагын.

Кабагы бийик, өңү саз,

Кабыландай мараган,

Каары менен караган.

Барганы менен бакырып,

Бар кайратын чакырып,

Кайраты мындай ким болду?

Кайсаңдаган беш баатыр

Катыла албай тим болду.

Бардашы мындай ким болду?

Барган менен беш баатыр

Батына албай тим болду.

Кыраан Алмаң келаткан,

Кылжейрен менен калкайып,

Кыйкырып барган беш баатыр

Кошулуп калды бастырып,

Саламын айтып шалкайып.

Кылжейрен атын кындыйтып,

Кыйгачтуу найза зыңкыйтып,

Адам өлчөөр кеме эмес,

Байкап көрсөң айбатын,

Манасыңдан кем эмес.


Бар кудай берген экен — деп,

Баатыр Сыргак жол баштап,

Астына түштү тепеңдеп.

Алиги келген бешөөнү

Алмаң, адам го деп карабай,

Кейпик көрүп беш баатыр,

Кеп суроого жарабай,

Талас, Чүйдүн арасы,

Түз-Булактын кериси,

Ушул болот Алмамбет

Эр Манаска келиши.
Мына, төрт төбөлүү кырк чатыр,

Ондон киши кашында

Орчун жыйын көп баатыр.

Он эки жигит күйүгүп,

Ат алууга жүгүрүп,

Астында турду бүгүлүп.

Миң кадам жерден жол тосуп,

Алиги келген алтооно,

Эки-экиден жол кошуп,

Ат жылоонун алганы.

Тигинен моюн ийбеген,

Тизгинге адам тийбеген,

"Тарт колуңду наадан!" — деп,

Алмаң тизгинин кагып калганы.

Катуу кагып, бек силкип,

"Кармабагын!" — деп силкип,

Чылбырды жулуп алыптыр.

Чыканагы бирөөнүн

Чыгып кетип калыптыр.

Арыстан Манас баатырдын

Айтканындай кылыптыр.

Бакылдашып, ордо атып,

Канчасы чатыраш ойноп калыптыр
Жатканы турбай кырданып,

Жаалданып сурданып,

Карап койгон бир жан жок,

"Кандай жүргөн адам" — деп,

Капарга алган тири жан жок.

Алардан бетер кырданып,

Айбатын салып сурданып,

Төрт төбөлүү көк чатыр,

Төрө Манас үстүндө,

Дөөкүрсүгөн көй баатыр.

Кыргыл, Бакай кары бар,

Кыйындардын баары бар.

Арыстан Алмаң ошондо

Аты менен келүүгө,

Айтып салам берүүгө

Бастырган бойдон барыптыр.

Атына сылай камчы салыптыр.

Эшикке жакын барганда,

Элүү кадам калганда,

Ээрчий келген бешөөнүн

Эт жүрөгү былкылдап,

Эч аргасын табалбай,

Эстери чыгып кыпылдап,

Эшигине Алмамбет

Жакын жетти чукулдап.
Чыдай албай Ажыбай,

Бастырып чыйрак барганы,

Баатыр Алмаң кыраандын

Чылбырынан алганы:

"Кадамыңыз кут болсун,

Каалап мында келипсиз,

Калың кыргыз журтуна

Карашуучу шериксиз,

Улук да болсоң, — ушул жол,

Биздер үчүн кичик бол,

Каары катуу каныбыз,

Ат менен салам берсеңиз,

Калбас тирүү жаныбыз.

Кесилип кетер саныбыз.

Айтканынан кайтпаган,

Алдынан чыгып турса да,

Ажалдан башын тартпаган,

Өкүмү эки болбогон,

Өчтөшкөнү оңбогон,

Өкүмү күчтүү төрөбүз,

Өткүрлүк кылсаң, тил албай,

Биз, өзгөчө кордук көрөбүз.

Жардыгы жалгак болбогон,

Жамандык кылган — оңбогон,

Жаалы катуу төрөбүз.

Жаалдык* кылып койсоңуз,

Жайыбыз ушул, өлөбүз!
"Кылыгын адам биле албас,

Кыйыгы тутса, тил албас,

Кыйын эрдин бири ушул.

Жоругун адам билбеген,

Жоомарт эрдин бири ушул.

Жоо дегенде бууруккан,

Жолборсуңдун түрү ушул.

Аттан түшүп алалык,

Ыгы болсо, көк жалга

Ызат кылып баралык,

Эби болсо баатыр?" — деп;

Эптүү Ажың айтып кеп.


Алмаңды алды жылоодон,

Кол тийген соң жылоого,

Козуп кетип эскиси,

Алакең кирди ойлоого:

"Карып болгон кандырмын,

Кара жез болгон зардырмын*,

Кайгылуу болгон жандырмын,

Төмөн болгон төрөмүн,

Мурунтан ишим бузулган,

Муну кимден көрөмүн.

Баары кудай ишидир,

Не болсо да эр Манас,

Көрүнөө болгон сыймыгы,

Көрүүгө башка кишидир".


Асталай басып барганы,

Салам берди заңк этип,

Арыстан Манас, эр Бакай

Алик алды барк этип.

Бөлөгүнө карабай,

Бөлөгүнүн баарысы

Кол сунууга жарабай,

Абакеси Бакайга

Кол узатты жайма-жай.

Абасы Бакай кол берди.

Эр Бакайдан кол алып,

Эр Алмамбет баатырың

Төр жагынан жол алды.

Төрө Манас баатыры

Колун сунуп акыры,

Айбатына Алмаңдын

Козголду Манас акылы.

Оңолгон Алмаң боруму,

Ортодон алды орунду.
Чарт айрылган эрини

Алмаңдын ачкалыгын билиптир:

"Алып кел ылдам тамак" — деп,

Эр Манас ашпозго буйруп

ийиптир

Бал чайкаган кымызды



Баатыр Мажик көтөрүп,

Эки жигит кириптир.

Кош колдоп аяк сунуптур,

"Абакеме сунгун" — деп,

Алмамбет айтып туруптур.

Эр Бакай эрдин малыптыр,

Эми Алмаңа сунуп калыптыр.

Алмамбет алып аягын

Асти билдирбесем — деп

Ачкалыктын баянын,

Азгана жутту кылт этип.
Өзөгүнө түшүптүр;

Өбөктөп Алмаң шылк этип

Көзү илинип кор этип,

Көкүрөгү кыр этип,

Кирпикке кирпик илинип,.

Илингени билинип,

Өлүп барып тирилип,

Баш көтөрдү баатыры,

Арыстан Алмаң эс алып

Тамагын ичти акыры.

Олтуруп боюн тер басып,

Ордуна келди акылы.


Ойлонуп Манас кеп айтат:

"Ой, азамат, — деп айтат.

Асынганың алмабаш*,

Атканын жутчуу милте окшойт

Астыңдагы Кылжейрен

Алыстан келген жылкы окшойт

Кай жерде болот жериниз?

Кабарын айтып бериңиз.

Качан мында келдиңиз?

Кайда болот элиңиз?

Учураштык бул жерде,

Нуркуңуз болгон кай жерде?

Көз көрүштүк бул жерде,

Көбүңүз болот кай жерде?".

Жоо бөрүсү эр Алмаң

Жоопко кирди бермекке.

Кулак салып эр Манас,

Куп тыңшады эрмекке:

Ой жетпеген иш издеп,

Оң караган киши издеп,

Ооп жүргөн бир жанмын.

Ат жеткисиз жол издеп,

Азып жүргөн бир жанмын;

Анымды билер адам жок,

Басып жүргөн бир жанмын.

Кетмен өтпөс кериден,

Келер бекен суусу — деп,

Какыраган жеринен

Кечээ күндүз арыгын

Казып жүргөн бир жанмын.

Күбүрөп аккан дайраны,

Бойлоп жүргөн бир жанмын.

Түлкү жүрбөс түмөндү

Жойлоп жүргөн бир жанмын.

Карсак жүрбөс калыңда

Карайлаган бир жанмын.

Кара башым өлүмгө

Даярдаган бир жанмын


"Балапан учуп уядан,

Ыгын билбей конордун,

Караган менең көз жетпей,

Ырыскым кайдан болорун,

Жолдо калган бир жанмын.

Баргектен* боо мээлейим,

Колдо калган бир— жанмын

Чылбырын үзгөн тулпармын.

Акырда калган жемим бар,

Ал акырга жете албай,

Акылымда кемим бар.

Аркы атам аты Чылаба,

Чылабадан Солобо,

Солобо уулу Соорондук,

Ошондой болот биздин жик.

Артыгы жок сөзүмдүн,

Ачыгы жок көзүмдүн,

Азып жүргөн элинен

Алмамбет бакыр өзүммүн.

Жолдо жатса көрөр жок,

Өлүп жатсам көмөр жок,

Бир кудай деп караймын;

Биздей курган карыпта,

Андан бөлөк жөлөк жок".


Ал сөздү айтып Алмамбет,

Анан тили байланып,

Азыркысын башына

Заманасы айланып,

Жаш имерди көзүнө,

Калайык, кулак салыңар,

Эми Манастын айткан сөзүнө:

"Аркайган бийик Ала-Тоо

Ак марал кууп ким ашпайт,

Айкын талаа, узун жол,

Адашса жолун ким баспайт!

Калабалуу, кырк баатыр,

Күлүктөн тартуу камдаңар,

Күрөөкө тондон табыңар,

Баш тулпардан байлаңар,

Баатырдын көөнүн жайлаңар.

Самаган сапар жолуна

Айлалуу мүлкүм Аккелте

Асалык анын жонуна.

Албарстан учтуу сыр найза

Аны берип колуна,

Кийгизиңер Аккүбө

Кийүүчү кийит тонуна.

Алтын саптуу ач албарс,

Аны байла белине.

Арзыбаса кыргызга,

Ала кетсин ушуну

Бара турган жерине".

Манас айтып оозун жыйгыча,

Ачып көздү жумгуча,

Аккуланы кындыйтып,

Асты менен жетелен,

Азаматтын баарысы

Атасы келген эмедей,

Алып кел деп энтелеп,

Ач маралдай маңкайып,

Аккуланын соорусу

Ак дөбөдөй даңкайып,

Алтын ээр, сырдуу каш,

Көмкөрө ээр бетинде,

Көрчөгөсү* көөхар каш,

Арыстаныңдын Аккелте

Бургулап ичин түздөгөн,

Аткан огу жөн учпай,

Ажалдуу жанды издеген.

Аккелте илип кашына,

Алтын ээр башына,

Сыр найзаны сайылтып,

Асабасын жайылтып,

Кылычын илип ээрине,

Көрсөтүп кылык көбүнө,

Эшик эндүү айбалта

Кол канжыга байлаптыр,

Кошуундун көөнүн жайлаптыр.

Саадагын салып ээрине,

Тартууга чыкты тогуз ат

Эр Алмаңдын келүүнө.

Аккуланын артынан

Маралтору бууданы,

Кызкара деген бир күлүк,

Кызкаранын артынан

Ачкара деген бүгүлүп,

Бадаң бийдин Торуча,

Баары бөдөө көй күлүк.

Кокондуктун Кошчабдар,

Койчумандын Карасур

Аккулага кошкону,

Тогуз болду, карап тур.

Ал тогуздун артынан

Алмаңа келген тартуудан

Жал-куйругу түпөктөй,

Тумшугуна караса,

Суусарга койгон күбөктөй,

Сай күлүктү шыңкыйтып,

Сарала атты кындыйтып,

Кулжадай санын түрүлтүп,

Кундактай белин бүгүлтүп,

Сары улакты тарттырып,

Садагасын чаптырып,

Тай семизин сойдуруп,

Сары казы, кыйма жал

Салып этин койдуруп,

Тамашага киришти.
Байкабай Манас бир ишти,

Саясы салкын тереги,

Кысылса тиер кереги

Кыйбат баа Сереги

Таар ордуна бөз жапкан,

Тарылган жерде сөз тапкан,

Талкаланган сыныкка,

Дары жагып, эп тапкан,

Такалган жерде кеп тапкан,

Турду Серек ордунан,

Тунук сөз чыгат оюнан:

"Мурун кыргыз наркы экен,

Мал таанылса, жан түшүш,

Баатыр сизге бир айтам,

Кандай болот биздерге

Даарбаан кылбай эр түшүш?".

Эсине Серек салганы.
"Атаны жакшы кеп бул!" — деп,

Шанкылдап күлүп, эр Манас

Санын чаап алганы:

"Ырас айттың, Серегим,

Ыгы менен ар качан,

Тийип калат керегиң.

Баатыр келди ат чап, – деп,

Карап турбай бат чап!" – деп,

Кабыланын салды айгайды.
Эр Алмамбет муну ойлойт,

Карап туруп далайды;

"Кара жанына өлчөгөн

Аккула Манас аты экен,

Кас тулпарын мингизген

Ашкере чыккан март экен.

Аккүбө Манас тону экен,

Азыркысын сүйүнүп,

Мага кылган жолу экен.

Аккелте Манас мүлкү экен,

Байкап турсам, Сарала ат

Мага ылайык жылкы экен.

Ат-тонунан мен айрып,

Кетирбейин айласын,

Өспөгөн жаман жан кылар

Өз жанынын пайдасын".


Отуз, кырк ат чыгарып,

Чубатканы калыптыр.

Ошонгуча эр Маңас

Алмаңа айтып салыптыр:

"Алмамбет! торгобойм сенин

изиңен,


Тоспоюн кылар ишиңен.

Асты ыраазы мен болбойм,

Арыстан, Алмам, өзүңдүн

Нааразы болгон кишиңден.

Найзага белги желектир,

Аккула атым минип кет, —

Азамат эрге белектир.

Аккелтени атып кет,-

Аманат жанга керектир.

Байлаттым буудан он сегиз,

Тап этинде тептегиз.

Манастын көөнүн жайлап кет,

Бара турган жолуңа

Баарын бирдей айдап кет.

Аккүбө тонум кийип кет,

Бара турган жолуңа

Кидирбестен кирип кет!

Керегиң болсо дагы да айт,

Кеңешиңе салып айт,

Көңүлүңө алып айт,

Дүйнөдө болсо, табайын,

Улук эр мында келипсиз,

Кас буудандын баарысын

Кубанчыңа чабайын.

Тур дейт экен Манас деп,

Капарыңа албагын.

Кааласаң тур, каала кет,

Капаланып калбагын".

Аккулага бир бала

Азыр минип алганы;

Ат меники чаппайм" — деп,

Алмаң бөлүп алып калганы.

Сай кашканын баарысы

Кошто калды токтолуп,

Сүрөбөйлүк муну — деп,

Сүрөмөсү жок болуп,

Ана-мына дегиче,

Ачып көздү жумгуча,

Иреттелип тургуча,

Чапкан ат келип калыптыр.

Чабендес* айгай салыптыр.

Туяк тийген жерлери,

Жер очоктой казылып,

Сапырылган тозоңу,

Жөө тумандай жазылып,

Алмамбеттин Сарала,

Суулугу жерге басылып,

Оозуна алы жете албай,

Эки колдон тизгинге

Чапкан бала асылып,

Астына келип калыптыр.
Кырк чоронун баарысы

Кыргыл, Бакай карысы,

"Алмамбет!" — деп, чуу тартып,

Айгайды бийик салыптыр.

Алмамбеттин көңүлүн

Билдирбей туруп кырк баатыр

Бир көтөрүп салыптыр.

Алмамбет асты сыр айтпайт,

Сырынын четин кылайтпайт.
Жети чоро бул жерде

Башкасын таштап салышты,

Басса, турса тигилип,

Алакелеп калышты.

Түшсө, атын алышып,

Олтурса, орун салышып,

Алмамбетке жетөө тең

Жабалактап калышты.

Башканын сөзүн байкабай,

Кыраан Алма баатырдын

Кылайтып кебин кайтарбай,

Кызматына жүгүрүп,

Кыя баспай бүгүлүп,

Кырк баатырдын баарысы

Улуктугун урматтап,

Алмамбетке жүгүнүп,

Айтар кебин айтышпай,

Алмамбетти сүйлөтүп,

Аттанарын, тураарын.

А дегенден бийлетип,

Манас баштап баарысы

Баркка Алмаңды алышты.


Макул болсо, баатыр — деп,

Кайтууда биздин акыл — деп,

Эр Алмаңдын үстүнө

Эл жыйылып калышты.

"Кетсең, мына жолуңуз,

Урматыңа жүгүндүк,

Угулса экен жообуңуз.

Жол узунун чала кет,

Кашыңда жети баатырды,

Баатыр, кайда кетсең, ала кет.

Чабыттап учкан шумкарсың,

Туягың болот тулпарсың,

Кашында жолдош жок жүрүш —

Калкка намыс, чоң жумуш".


Алмамбет акыл ойлонду,

Аябай боору толгонду.

Башкада барбы мүнөзү,

Баатыр экен сүйлөшү.

Артыкта барбы мүнөзү,

Арыстан экен сүйлөшү,

Акыры минтип турган соң,

Асты келбес ылайык,

Алмамбеттин сүйбөсү.
"Батарыма жер таппай,

Баркымды билер эр таппай,

Өлгөн болсом, кокустан,

Өмөлүп көмөр эл таппай,

Тирилик болсо көрөрдү,

Өлсөм, кейип көмөрдү,

Баркын билип өнөрдүн,

Кызматка салып көрөрдү,

Талаада калбай өлүгүм

Таптым бекен деп турам

Табытка салып жөнөрдү.

Ага да жок, ини жок,

Ажал жетсе башыма,

Айланар тууган бири жок,

Тууган болсо кырк баатыр,

Тутууга келдим мен акыр.

Жибектен алган өөнүм бар,

Жигиттен калган көөнүм бар.

Ырас мени тур десең,

Мени коё салынар.

Ынтымактуу жүрмөккө

Бата кылгын баарыңар".

Алмамбет айтып салганы;

Алиги турган кырк баатыр

"Акылыңа бали!" — деп,

Ыраазы болуп калганы.

Кол көтөрүп дубага,

Бата кылып алганы.

Алмамбет кетпес болгону,

Арыстан Манас баатырдын

Көңүлү көлдөй толгону.
* * *
Муну мындай коёлу,

Атакеси Жакыптын

Эми кабарынан бололу.

Чабармандан кеп угуп,

Алмамбет келди деп угуп,

Аксакалдуу чалдардан,

Айлы жакын жандардан

Атакеси Жакыпбай

Алтымышын камдаган.

"Алмамбет келет экен" — деп,

Атпай кыргыз даңдаган.
Он эки кемпир алыптыр,

Энекеси Чыйырды

Манасты көздөй бет алып,

Аттанып чыгып калыптыр.

Торко тон менен жайкалып,

Боз жорго менен чайкалып,

Байбиче жолго салыптыр.
Алтымыш чалын ээрчитип,

Алардан мурун аксакал

Бай Жакып жетип барыптыр.

"Атаңыз келди мына» — деп,

Ажыбай айтып туруптур.

Атынан түшүп жөө басып,

Алмамбет урмат кылыптыр.
"Айланайын ботом!" — деп,

Бай Жакып ыйлап баркырап,

Сакалдан жашы төгүлүп,

Жамгырдай болуп жаркырап,

Алмаңдын агып жашы тыйылбай,

А деген үнү жыйылбай,

Жакыптын төшүн жыттады.
Ал аңгыча артынан

Ак чач болгон байбиче —

Чыйырдынын үнү чыкканы,

Алмамбет аны укканы.

Байбиченин боз жорго

Алтымыш чалды аралап

Туучунак атка тийиптир.

Байбиченин эмчеги,

Жаш төрөгөн келиндей,

Алмамбетти көргөндө,

Ат үстүнөн ийиптир.
Кубанып Алмаң титиреп,

Байбиченин эмчеги

Чийдей болуп зиркиреп,

Тамырынын баарысы

Ташып кетти диркиреп.

"Балам, Манас, келгин, — деп,

Бала күндө эмдиң, — деп,

Сен эмгенсиң мурун да,

Баштап ээмп бергин" — деп,

Байбиче айтып салганы.

"Мамаңды эне бергин" — деп,

Алмамбет чуркап барганы.

Оң эмчегин алганы,

Оозуна Манас салганы,

Сол эмчегин алганы,

Алмамбет ээмп калганы.

"Отуздагы баласы,

Зоңкоюп эмчек эмди!" — деп,

Эми Жакып чал күлүп турганы.

Салбыратып байбиче

Эмчегин салды койнуна,

Сандыргалуу Алмамбет

Саадагын илди мойнуна.

Айылды көздөй бет алып,

Эми Жакып чал жөнөп калганы.
Бакдөөлөт угуп бу дагы,

Он эки катын ээрчитип,

Жолдон чыкты а дагы.

Абыке, Көбөш — жаш балдар

Ат жарышып, куш салып,

Антип жүргөн убагы.


Айры өркөчтөн төө алып,

Ак саргылдан бээ алып,

Семизин айдап келгени.

Акылга дыйкан Абыке

Алмамбетке садага

Бут таратып бергени.

Эр Манастын айлына

Алмамбет келип киргени.

Чыйырдынын Ак сарай

Кеңдиги бар бир далай,

Кирип барып олтуруп,

Ар жемиштен карасаң,

Койгон экен тасторконго толтуруп.

Жээрине карын жок,

Кыраандардын баарысы

Тамак-ашка болтуруп,

Суусун канып чайланып*,

Жалпы баары жайланып,

Олтурганда кеп айтат,

Ойлонуп Алмаң бек айтат:

"Мээ кайнаган ысыкка,

Белсенишкен кысыкка,

Майдан урган жазыкта

Чаап жүрсөң, чаалыкпас,

Алтайга минсең, талыкпас

Аккула экен атыңыз.

Аккула колдон бир чыкса,

Айбанга өтпөс датыңыз.

Тула боюн тууш күч,

Кара богоң катуу күч,

Коргошундай салмагың,

Козголгон алыс арбагын.

Ар кандай тулпар минсең да,

Арылбас аттан арманың.

Марттык кылып башында

Мага берип салганын.

Байкамакка пейлиңди

Макул көрүп алгамын.

Атакемдин үйүнө

Азыр болду келгеним.

Урматы үчүн энемдин

Эми Аккула кайрып бергеним.

Сандаган журтум бүт болсун,

Баатыр, Сарала мага кут болсун!

Атпай кыргыз журт болсун,

Аккула сизге кут болсун!".


Бул сөздү айтып Алмамбет

Азыр кылды батасын,

Кубандырды картайган

Тиги олтурган Жакып атасын.

Той тарады кеч болду,

Алыскылар кете албай,

Конок болор кез болду.

Манастын көөнү жайланып,

Эми Алмамбет калды байыр

алып.
* * *


Кыргыздын кызын көрсөм -

деп,


Айтылуу сулуу кыз болсо,

Акылга дыйкан уз болсо,

Алмамбетке алып берсем" — деп,

Сурамжылап элинен,

Жалпы кыргыз жеринен

"Атактуу кыздан барбы? — деп,

Оюна Манас алыптыр.

Ойку-кайкы бастырып,

Ар тарапка барыптыр.

Атасы Жакып үйүнөн

Эми келип Алмамбет

Манасты таппай калыптыр.


Карабөрктөн кеп сурап,

"Кайда кеткен" — деп сурап,

Карабөрк катын кеп айтат:

"Кайда экенин билбедим,

Канышынын төрүндө

Жаткандыр төрөң" — деп айтат,

Какшыгын Алмаң билбеди:

"Каныш деген ким?" — деди.

Эми катын кеп айтат;

"Эркесинин үйүндө,

Жаткандыр төрөң" — деп айтат.

Эми Алмамбет билбеди:

"Эрке деген ким?" — деди.

Карабөрк анда кеп айтат,

Катуу күлүп, бек айтат:

"Кылдуу көчө, түктүү эт,

Көрө элек белең жеңеңди,

Тиги кашкаңдаган кара бет,

Шооруктун кызы Акылай,

Шоодураган капырай,

Акылай сулуу дегенди,

Көрө элек болсоң жеңеңди?

Ошонун үйүндөдүр" — деп,

Карабөрк айтты мындай кеп.


Ар мүнөзүн караса,

Акеркечке окшобой,

Ал сөз менен Алмамбет

Бастырып кетти токтобой.

Күнүлүктүн зардабын,

Какшыгын мага айтат — деп,

Акылайдын үйүнө

Ал бойдон барып Алмамбет,

"Адам барбы мында?" — деп,

Эшигинен сурады.

Олтурган төрдө Акылай

Орунунан турбады.

"Ат менен адам чакырган,

Сенин атың ким?" — деди.

Эми Алмамбет кеп айтат,

"Мен Алмамбет" — деп айтат .

Баатыр барбы мында?" — деп.
Алмамбет айтса акыры,

Тышка чыгып жөн айтпай,

Ал Акылай катыны:

"Байбичеден баш булгап,

Бастырмагы кыйын, — деп,

Башта дагы бир жөндүү,

Маа жолобойт быйыл" — деп,

Акылай жообун бергени.

Болжолун көрүп Алмамбет,

"Азыр Манас баатырың,

Бойдок экен" — дегени.
Алмамбет муну көрүптүр,

Жарадар болгон жолборстой,

Ыңгыранып үндөбөй,

Жанып кайра келиптир.

Басып үйгө киргенче,

Баатыр келип жеткени.

"Балам, кайда бардың?" — деп,

Эми Жакып сурай кеткени.

(Баягыдан Жакыптын

Эми Манаска үйүр чагы бар;

Дагы таарынса кетип калар — деп,

Абышканын жалкып калган жайы

бар).

"Балаңа издеп катынды,



Бастырып жүрдүм акыры.

Кыйыны барбы кыргызда?

Кадырлуу барбы казакта?

Ат жеткен жерден карадым,

Калк аралап сурадым.

Катынсыз турса Алмамбет,

Мен канткенде дууладым!".

Ушинтип Манас кеп айтты,

Мурду-башы былк этип,

Мурутунан бүлк этип,

Көргөнүн Алмаң эми айтты:

"Иш кылгын, баатыр, ойлоп, —

деп, —

Карабөрк менен Акылай



Катыным бар деп жүрүпсүз,

Азыркысын бойдок, — деп, -

Калыңдык менен кайгырбай,

Баатырдык менен байкабай,

Карабөрк менен Акылай

Катыным деп ойлопсуз.

Карап турсам, өзүңүз

Кадимкидей бойдоксуз".

Бул сөздү айтып салганы:

"Алмамбет сөзү ырас — деп,

Астындагы Аймаңбоз

Моюнга чаап алганы;

Ар бир акыл ойлонуп,

Баатырыңыз бул жерден

Бастырып кетип калганы.


БААТЫРДЫН ЖАРЫ



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   21




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет