МАНАС БААТЫРДЫН КАНЫКЕЙГЕ ҮЙЛӨНҮШҮ
Арыстанын, Чубак жол жүрүп
Аазгана эмес, мол жүрүп,
Астындагы Көкала
Баскан жери быркырап,
Учкан куштай дыркырап,
Кызыл кылыч Зулпукор,
Кынай белге илиптир,
Кандайын байкап көрмөккө,
Кайраттуусун билмекке
Кең Букарга келиптир.
Катыра жүрүп жол чалып,
Канча баатыр кошчу алып,
Ордолуу Букар шаарына
Атынын оозун бурду эми,
Акбалтанын эр Чубак
Алыстан байкап турду эми.
Бууругуп келген Чубакты
Букардык көрүп кеп айтат,
Кеп айтканда нени айтат;
"Эңкейтип пенде алгысыз,
Эч ким чыдап баргысыз,
Көк темирден тон кийген,
Көкала сындуу ат минген,
Караса журөк болк этет,
Каар бетине айланган,
Жолум үйдөй чоюнбаш
Бир жагына байланган,
Ач айкырык, куу сүрөөн,
Алеңгир жаа, сыр жебе,
Айтканына көнбөсөк,
Азыр салат аңгеме,
Оңураңдап кол салса,
Орто жерден оргудай,
Он эки капка Букарды,
Ойлоп турсам, ушул шер
Түк чыгарбай соргудай".
Бул кабарды укканда,
Жалпы Букар чайпалып,
Төгүлүп кете жаздады.
Каарды Чубак баштады.
Журт чуркурап турганда,
Чууга кулак тунганда,
Он эки кыздын кенжеси,
Кудайдын сүйгөн пендеси,
Кара сурдун сулуусу,
Аял заттын нурдуусу
Темиркан кызы Каныкей
Баатыр бейбак болуучу.
Барган жерге калайман
Салган бейбак болуучу.
Эр Чубакты көргөндө,
Эликтей болуп түйүлүп,
Темиркандын алдына
Азыр жетти жүгүрүп.
Атакесин муңайтат,
Каныкей сулуу муну айтат:
"Атаке, ажалым жетсе өлөйүн,
Амалым жетсе ошого,
Мен бир кагыш кылып көрөйүн.
Жеңдирсем ушул баатырга,
Кордукту койдой көрөсүң,
Калбай баарың өлөсүң.
Жеңер болсом ошону,
Тикесинен салармын.
Кайра тартып Букарга,
Келбегидей кылармын.
Атаке, сенин шаарыңы
Эки айланып ушул дөө,
Көрбөгүдөй кылармын.
Ал да жалгыз, мен жалгыз;
Айталаада салышып,
Аябай кызык салайын.
Чапканы жүргөн эменин
Чамасын сынап калайын.
Күчтүүлүгүн билейин,
Күчүм келсе ушуну,
Жерине чейин сүрөйүн!".
Мына ошентип Каныкей
Кең көйнөгүн шымданып,
Келишимдүү түгөнгүр
Кериш киймин тыңданып.
Жоо дегенде түйүлүп,
Эркектин киймин кийинип
Олоңдой болгон кайран чач
Төбөгө кынай түйдү эми.
Көпкөк темир курч болот
Көмкөрө башка кийди эми.
Кабырганын себилди*,
Киндиктин өөдө жагына
Кийген экен бул бейбак
Ок өтпөгөн темирди.
Тула боюн топчулап,
Толукшуган кайран бет
Бек бекитип үпчүлөп,
Алтын жаак айбалта
Артык жайлап билди эми
Кагышка салчу Ак тинте*,
Ач билекке илди эми.
Комокойлуу сыр найза
Учун болот улаткан,
Темирге сайса, өтсүн деп,
Токтобой кирип кетсин деп,
Бөрү тил кылып болотту
Бөгөн-бөтөн суулаткан,
Ошол кезде Каныкей
Өрүмдөн чачы өтө элек,
Өзү бала секелек.
Басып чыкса, бейбакка
Баары Букар таң калып,
Кожо, молдо аралаш
"Кокуй, бейбак, кантет" — деп
Карап турду жарданып.
"Эркек эмес, кыз болуп,
Эңдирип иер бекен деп,
Эпсиз баатыр эмеге,
Жеңдирип иер бекен" —
Журт чочулап турганда,
Каныкейдин ак сарай
(Кыз да болсо бейбактын
Сөөлөтү артык бирдалай!)
Ал сарайды карасаң,
Асем менен жайлалуу,
Кагыш болсо, минуугө
Канча тулпар байлалуу.
Ал тулпардын ичинде
Көргөндөр мактап даң кылат
Каныкейдин Каракашка аргымак;
Сом туягы чарадай,
Арт жагында соорусу
Эркин жаткан талаадай.
Кетенчиктеп турбастан,
Келген жоодон чочунуп,
Ашып-шашып Каныкей,
Аргымакты токунуп,
Чаболоңун бек тартып,
Куюшканын узартып,
Жоого уруучу добулбас
(Үнүн уксаң, оолак кач)
Кайра байлап капшырып,
Кыраан тууган Каныкей
Канжыгага тапшырып,
Көк найза колдо койкоюп,
Көк жеке* бутта чойкоюп,
Кара болот кылычты
Жанына жалаң байланып,
Жолборстой бейбак жөнөсө,
Казыналык сарайдан
"Алдам өзүң сакта — деп,
Аң-таң калды далай жан.
Чоң Букардын үстүндө
Казыналык мунара,
Бул Каныкей чиркиндин
Айласы канча сураба.
Мунаранын түбүнө
Сайышка майдан кылдырган,
Жыгылса, жумшак болор деп,
Буттап алтын зер берип,
Кара кумдан тундурган.
Каптап кумду төктүргөн,
Балбандарга тептирген.
Сайыш кылчуу майданда
Көк найза булгап бакырып,
Каныкей турду ошондо
"Жекеге, бери келгин!" — деп,
Эр Чубакты чакырып.
"Көк рапыс тон кийген,
Көкала сындуу ат минген,
Алыстан келген эреним,
Көп жерди көргөн береним,
Көкала оозун буруңуз,
Кеп айтам, угуп туруңуз.
Баатыр болсоң, эр болсоң,
Чаманы чактап көрөлү,
Чалкадан түшсөк сайышта
Дегениңе көнөлү.
Тилегениң берели.
Сени сайып мен алсам,
Эрдикти эпсиз салайын,
Эңкейтип аттан түшүрсөм,
Башыңды кесип алайын.
Убаданы бек кылып,
Өлө турган шерт кылып,
Дегениңе көнөйүн.
Эңкейтип сайып сен алсан,
Ушул турган жанымды
Сага курман берейин.
Кайдан келген баатырсың,
Жөн сурашып алалык.
Анан кийин беттешип,
Качырып найза саялык!
Менин жайым сурасаң
Темиркандын кызымын,
Эриш бузган, эр сайган,
Эмгектүү жандын өзүмүн!
Кара кандын кызымын,
Каныкей долу өзүмүн*.
Эми кудай урду Чубакты,
Кылым журтту буй кылган
Кыраан өскөн чунакты,
Көкала санга бир салып,
Көк найзаны колго алып,
Саярына камдады.
Кашына келген көп элде
Кенедей акыл калбады.
Кара кашка аргымак
Тартып оозун бурду эми,
"Кезегиңди алгын! деп,
Каныкей керилип карап турду эми.
Акбалтанын Чубагы
Ачуусу келген убагы,
Тегерегин карабай,
Теги жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай,
Кызга жетип барганда,
Кыйкырып найза сайганда,
Бели кетти мекчейип,
Көзү кетти чекчейип.
Каныкейге жетти эми,
Жеткен жерден эр Чубак,
"Эмчектин асты ушу" — деп,
"Өпкөнүн анык тушу!" — деп,
Муштап өтүп кетти эми.
Нак соотко тийгенде,
Найзасы кетти бөлүнүп,
Ат башындай ак була
Найзанын учунан учуп көрүнүп.
Мына ошондо Каныкей
Өлүмдөн кайгы жеген жок,
Эр Чубактын найзасын
Кабагым, кашым деген жок.
Акбалтанын Чубагы
Көкала оозун бурду эми,
Кыз Каныкей чунактын
Кезегин берип турду эми.
Каракашка аргымак
Каныкей оозун бурду эми.
Кыргагы темир сыр найза
Кыя тартын сунду эми.
Аккаңкы ээрдин кашы — деп,
Жүрөгүнүн башы деп,
Өлөр жери ушу деп,
Кыйкырып келип тийди эми
Каныкей найза урганда
Көкала тулпар туйлады,
Соотко тийген найзасы
Сексен бөлөк кыйрады.
Караган элге Каныкей
Сокмогу-дүмөк баштады,
Арыстан Чубак баатырды
Көкаланын үстүнөн
Аңтарып кете таштады.
Чындап бейбак сайганда,
Чай кайнамча эр Чубак
Чаркы кетип турду эми.
Аш бышымга эр Чубак
Алы кетип турду эми.
Каныкейди карасаң,
Кабырга сөөгү бүктөлүп,
Эр Чубакты сайганда,
Таш муштаган эмедей
Обу жок жанга күч келип,
Каракашка аргымак
Кармап оозун бурду эми,
Аң-таң калып Чубакка,
Абайлап карап турду эми.
Мына ошондо эр Чубак
Кара жандан чочунат:
"Кызы мындай болгондо,
Кызыталак Букардын
Кыйыны келсе, оң кылбайт,
Катыны мындай болгон соң,
Кара жолтой Букардын
Камбылы келсе, оң кылбайт.
Мына бу кадалган бейбак соо
кылбайт.
Таласка кайра барайын,
Арбын кошуун алайын,
Анан келип Букарга
Мен бир аябай согуш
салайын".
Ошону ойлоп эр Чубак,
Көкала оозун жайды эми
Таласты көздөй бет алып,
Куюндап жөнөп калды эми.
Көкала тулпар ошондо
Баскан жери быркырап,
Чоң казандай даңканы
Төбөсүндө чыркырап,
Бара жатат дуулдап,
Булуттай учуп зыркырап.
Чуу укса, күчөп бөлүнөт,
Ирмегенде карз жер
Кыртышынан сөгүлөт.
"Кайгуулга чыгып жол жүрүп,
Желбегидей кылайын,
Кайра баштап, кол алып,
Кан атамдын шаарына
Келбегидей кылайын".
Муну ойлонуп Каныкей,
Аргымакты бир салып,
"Темиркан!"-деп үн салып,
Каарданып акырып,
"Эркек болсоң качпа!" — дейт
Эр Чубакты чакырып.
Айтканга Чубак болобу,
Айланып турса оңобу?
Будур-будур жер келсе,
Эр Чубактын Көкала
Букадай мойну бултулдайт,
Адырмак жерге келгенде,
Каныкейдин Каракашка аргымак
Ай кашкасы жылтылдайт.
Каныкей айдаган экен Чубакты,
Антаңдатып ошондо
Айласын жаман кетирип,
Акбалта уулу чунакты!
Ээн талаага келгенде,
Жер айрылып закымдап,
Каныкейдин Каракашка аргымак
Көкала минген Чубакка
Жетмек болду жакындап.
Качат Чубак закымдап,
Каныкей барат такымдап.
Ошондо белес жагын караса,
Беш киши чыкты жанаша,
Эң алдында бир киши
Көк тулпар минген аты бар,
Адамдан башка заты бар,
Ак сакалын жайкаган,
Алыскы, жуукту байкаган,
Күлүмсүрөп сүйлөгөн,
Кебетеси, келбети
Күлдү журтту бийлеген.
Анын арка жагынан
Аккула минип болкойгон,
Накери бутта чойкойгон,
Сыр найза колдо койкойгон,
Жондоп ылдый караган,
Жолборс өңдүү мараган,
Алптык түрү көрүнөт,
Муну ала албай душман жадаган.
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асмандагы күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Алды калың кара жер,
Буга, калыңынан түткөндөй.
Ай алдында дайранын
Толкунунан бүткөндөй,
Ободоку булуттун,
Салкынынан бүткөндөй.
Асмандагы ай, күндүн
Жаркынынан бүткөндөй,
Ат бастырган жерлери
Буга, калыңынан түткөндөй.
Ошондо Каныкей сулуу толгонуп,
Токтой калды ойлонуп:
"Келчүүлөр келип калган го?
Жарганаттай кургурга
Эми жасаган берип салган го?
Басканын көрсөң алчаңдап,
Тетиги аттын түрү бир башка;
Көргөндө жүрөк опколжуйт,
Тетиги эрдин түрү бир башка.
Тетиги аксакалын жайкаган,
Алыскы сырды байкаган,
Арбагы бийик Манастын
Астында жүрсө акжолтой,
Артында жүрсө сан колдой,
Билбегенди билгизген
Билимдүү киши дечү эле,
Туйбаганды туйгузган
Туйгун киши дечү эле.
Караңгыда көз тапкан,
Капыл жерден сөз тапкан,
Жол баштап келген Бакай го.
Касиеттүү абакем
Айтып чыккан сапар го.
"Тигил Аккула минип болкойгон,
Накери бутта чойкойгон,
Күүгүм туман көздөнгөн,
Майлаган буудай жүздөнгөн,
Келип турган бул жерге,
Абасынын артынан
Белсенип чыккан экен го
Тетиги мен байкуштун дартынан.
Күйөө кылсам төрөнү,
Күптүүнү жазар шер экен.
Үзүлгөнүн уласам,
Чачылганын жыйнасам,
Чарпышкандын баарына
Чаркы жетер эр экен.
Манастын Манас экенин
Мен баштатан угуп билгемин.
Манастыгы чын болсо,
Атайын издеп келер — деп,
Жараткандын өзүнөн,
Мен кургур, ошону тилеп
жүргөмүн".
Мына ошондо Каныкей
Сыртынан шерге көз салып,
Сынына толуп, суктанып,
Жакыптын уулу Манастын
Келгендигин билди эми.
Жогун тапкан эмедей,
Жолу болуп Каныкей,
Жоодурап карап күлдү эми.
* * *
Эми Манастан кепти салалы,
Же кабарсыз Бакай калабы?
Кулан карап, аң издеп,
Жээк мойнок ылдый сыдырып,
Самаркандын бер жагы,
Ай талаа менен кылырып,
Чалгын чалып барганда,
Чубакты күтүп калганда,
Ошондо Бакай абакең
Ээр белдей белеске
Салып чыгып барды эми,
Тулпардын оозун бурду эми,
Туйгун Бакай абакең
Туураны карап турду эми.
Дөбөгө чыгып бакырып,
Ажыбай менен Манасты
Бери кел!-деп чакырып.
Баатырлар баары жарышты,
Айта-буйта дегиче,
Ачып көздү жумгуча
Эр Бакайдын жанына
Чаап чыгып барышты.
"Ботом, Таласка салган тамың
жок,
Талтайып жатар чагың жок,
Кең-Колдо сайган талың жок,
Керилип жатар чагың жок!
Ботом, мен көргөндү көрдүңбү,
Мен билгенди билдиңби?
Тетиги айлай сары талаада
Оргуп-оргуп чаң чыгат,
Кулун жалдуу Көкала
Учуп келет аркырап,
Үстүндөгү мингени
Шашып калган кези экен,
Алапайын табалбай
Качып калган кези экен.
Анын ары жагынан
Жер айрылып закымдайт,
Арт жагынан бир караан
Жетүүчүдөй жакындайт.
Качып калган антаңдап,
Каран күн Чубак өзү бейм,
Темиркан кызы Каныкей
Тегеле жаман Чубакты
Кууп калган кези бейм.
Эрдемсиген бу Чубак
Эпсиз жаман шашкан го,
Калың Букар кууганда
Эси чыгып качкан го!.
Бакай андай дегиче,
Айтып оозун жыйгыча,
Көкала талаа, Таш-Мойнок
Ашып чыгып келатат,
Коё берип этекти,
Көкалага камчы уруп,
Чубак качып чыгып келатат.
Жейренче ыргып түйүлүп,
Жетиктиги билинип,
Аркардай ыргып түйүлүп,
Артыктыгы билинип,
Мойнун жерге салыптыр,
Эр Чубактын Көкала
Болбой арыш алыптыр.
Учкан куштай зыркырап,
Басып өткөн таштары
Көмүрдөй ыргыйт быркырап.
Кыраан Бакай ошондо
Көк тулпар санга бирсалып,
Көсөл Чубак баатырга
Ачуусу келип, сур салып,
Омбул-домбул түйүлтүп,
Омуроо бою күрөөкө
Аркасында союлтуп,
Антаңдап качкан Чубакка,
Айласы кеткен чунакка,
Жебеден мурун жеткени,
Жеткен жерде Чубакты
Тизгинден алып кеткени.
Күчүнө салып эр Бакай
Көкала оозун бурду эми,
Көсөл Чубак шылкыйып,
Абаңа салам айтып турду эми.
Жетелеп алды абасы,
Жете келди Манасы.
Шашканын көрүп Чубактын,
Кылчайып артын карабай,
Качканын көрүп Чубактын,
Мурутунан күлдү эми.
Чубактын тула боюн бир карап,
Баатырың туура тартып турду эми:
"Баатыр, сага нетти? — деп,
Кайратың кайда кетти? — деп,
Артыңдан кууган кишиң ким?
Антандашың эппи?-деп,
Эч ким кастык кылган жок,
Эрегишкен тууган жок,
Элеңдейсиң не Чубак?!
Же сени эркек киши кууган жок!".
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш,
Кашкайып чыгып алганы,
Баатыр Манас ошентип,
Каткырып күлүп калганы.
Ошондо кебин уккун Чубактын,
Олоңдогон чунактын:
"Оо, баатыр, кыздан чыккан шер
көрдүм,
Буюрбасын, кабылан,
Мен, кылымга татыр эр көрдүм.
Он эки кыздын кенжеси,
Темиркандын эркеси,
Ойрон болсун Каныкей,
Кудайдын сүйгөн пендеси.
Кара сурдун сулуусу,
Аял заттын нурдуусу,
Чиркин-ай, артык тууган бала экен.
Арыстаным, төрөм, өзүңө
Ылайыктуу жан экен!
Узун чачтын ыктуусу,
Ургаачынын мыктуусу.
Бул өңдөнгөн жан болбойт,
Каныкейди албасаң,
Эгерде ишиң оң болбойт.
Төрөм, сөзүмө кулак салыңыз,
Темиркан кызы Каныкей
Колукту кылып алыныз.
Каныкей алсаң, баатырым,
Арбыйт экен дөөлөтүң,
Түгөнөт экен мээнетиң.
Аябай жыргап жаныңыз,
Ачылат экен багыныз!
"Айкөл, төрөм, тилимди ал,
Айтканымды билип ал:
Жекеге чыксам, ал сайды,
Найзасы сынды быркырап,
Ойрон Чубак иниңдин
Айласы кетти чыркырап.
Ээрден көчүк кылтайып,
Куруп калган Чубактап,
Акыл качып, эс тайып,
Эки өңүрүм далбактап,
"Сакта! Кудай, сакта!" — деп,
Качып чыктым калдактап.
Бул Каныкей бейбактан
Көк найза тийди соорума,
Көмө сайып коёрдо,
Менин Көкала калды сообума.
Олоңдой болгон кара чач
Төбөгө кынап түйгөндө,
Аркамдан кууп жүргөндө,
Алеңгир* жаа, сыр жебе
Аябай мени сүргөндө,
Арыстаным тосуп чыкпасаң,
Чийбейт беле сызыкты,
Таласка чейин кубалап,
Кылбайт беле кызыкты.
Каныкей албай жол болбойт,
Төрөм, асти бир ишиң оң
болбойт"
Билимдүү Чубак муну айтты,
Билгенин кургур куп айтты.
Абакеси Бакайды
Алдыртан карап кылайып,
Каныкей атын укканда,
Төрөң мурутунан жылмайып,
Тегеле жалгыз сөз айтпай,
Ээрдин башын каккылап,
Турган экен мулуюп
Эр Чубак мындай дегенде,
Акырын айтып, бек таштап,
Эми абаңыз Бакай кеп баштайт:
"Жыл айлантпай Букарга
Куда болуп баралы,
Жетик тууган Канышка
Барып сөйкө салалы.
Чатакташып, чырдашпай,
Каада менен алалы.
Эмесе, кайрылып мында турбайлы:
Кабарсыз Жакып калабы?".
Деп, ошентип зор Бакай,
Билбегенди билгизип,
Билип, жолго киргизип,
Манастын байкап кабагын,
Айткан сөзүн карагын.
* * *
Күүгүм кирип, күн батты,
Элдин алды ным жатты.
Муну мындай таштайлы,
Баягы калган Каныштын
Кабарынан баштайлы.
"Кантер экен Чубак" — деп,
"Мени келген белем сынап" — деп
Артык тууган Каныкей
Атынын оозун жыйды эми,
Жаштыгы да курусун,
Арыстан Манас баатырды
Каныш алыстан карап турду эми,
"Көрүнсөм чеки болор, — деп, —
Жолумдан тосуп келди, — деп, —
Жаман атты кылар, — деп, —
Байкаса, уят болор, — деп, —
Каныкей кайдан оңор, — деп, —
Жериме келди, кетпес, — деп, —
Жергеме барбай өтпөс, — деп, —
Калкыма келди мени издеп,
Эми намысым колдон кетпес, —
деп, —
Турганым мында болбос, — деп —
Манастыгы чын болсо,
Темиркандын сарайга
Бир айланбай койбос" — деп,
Мына ушуну ойлоп бек,
Кара кашка аргымак,
Каныкей аргымак оозун бурду эми,
Атына сылай камчы уруп,
Күүгүм кирип, күн бата,
Кайра кең Букар көздөй жүрдү
эми...
* * *
Күндөн-күндөн күн өтүп,
Күптүүнү жазар чак жетип,
Чоң Таластын оюнда,
Кең-Кол-Ата боюнда,
Кайнардын кара көзүндө,
Как чынардын өзүндө,
Тай семизин сойдуруп,
Сары казы, кыйма жал
Кыя кесип койдуруп,
Өңчөй кыргыз мыктысы,
Жашы менен карысы,
Айылына Жакыптын
Жалпы келген баарысы.
Айкөл Манас лөгү* бар,
Баатырдын айтып өтөр кеби бар:
"Кечээ калк үчүн намыс талашып,
Кайып канды каратып,
Ат жалында кармашып,
Ырас, каркыралуу* кыз алдым,
Же куда болуп, той союп,
Жеңе жандап, кыз кууп,
Качан барып мен алдым?
Кечээ каптап уруш салышкан
Кара тегин калчаны
Кайра кууп сүргөндө,
Мага каруусу келбей чарчады,
Айыбына жыгылды,
Мен кызын алдым Шооруктун.
Оюма түштү бирдеме,
Мен бүгүн айтайын деп оолуктум.
Атам элең, бай Жакып,
Алдыңа басып келбедим.
Же өзүң билип балам — деп,
Ак никелеп өзүмө
Катын алып бербедиң.
Уруш менен талашта
Өзүм алдым экини.
Ушу турган калайык,
Же менин бул айтканым чекиби?
Калмактан алдым Карабөрк,
Калчадан алдым Акылай,
Экөө тең кабат төрөбөй,
Туяксыз өтүп кетем — деп,
Муну үчүн болбойт көөнүм жай.
Жанында Чубак, Сыргак бар,
Кыргылчал менен Ажыбай
"Катынды мынча көбөйтүп,
Не кыласың, баатыр ай?!".
Ажыбай күлүп борсулдап,
Берки чоролор күлүп торсулдап,
Баатырыңды азыраак
Аңгеме кылды ушундай.
Баатырлар жатат кынтыйып,
Кулагын салып бай Жакып,
Тыңшап калды шылкыйып.
Баарысы сөздү таштады,
Эми эр Манас кайра баштады:
"Кары-жашка эп болсо,
Мен биле турган кеп болсо,
Оймоктуудан узду алам,
Оюмда жүргөн кызды алам.
Керемети кеңди алам,
Акыл-эси ошонун
Мени менен теңди алам.
Алты жылдык зыянды
Биле турган кызды алам,
Акыл кошуп жаныма
Жүрө турган кызды алам.
Жан жолдошко жаман сөз
Айтпай турган кызды алам.
Жаман жерге жамбаштап
Жатпай турган кызды алам.
Бейбаштардын үйүнө
Кирбей турган кызды алам.
Бейжайлык менен кесирди
Билбей турган кызды алам.
Ачыгын сөздүн сүйлөйүн,
О, журтум, тайсалдатып не кылам?
Караанын көрүп, жай уктум,
Чыны мен Каныкей алсам деп турам!
Тетиги чоң Букардын Темиркан,
Анын ылакап аты Каракан.
Каракандын кызы ошол,
Манасыңа жараган!".
Бай Жакып сөздү баштады:
"Алмамбет, Бакай, келчи, — деп, —
Айланы кандай кылабыз?
Эми акылын таап берчи?" — деп.
Эми арыстан Бакай кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
"Жакып, алтының болсо
артынган,
Күмүшүң болсо тартынган,
Саналаш тандап, жолго алгын,
Эми сапарың болсун, аттангын.
Ушул кезде турасың,
Арбагын журттан арттырып,
Сен эми аяба малды тартынып.
Айлыңа турбай жайланып,
Алоокенин тушунда
Алтайга кеттиң айдалып.
Алтайдагы калмактын
Азабын тартып куурадың,
Айдап кеткен малыңдын
Аркасынан сурадың.
Арыстан Манас чыкканы
Аябай көөнүң жайланып,
Атаңдан калган Таласка
Кайта келдиң айланып.
Бир кезекте бай Жакып,
Дүнүйө жыйдың эпеңдеп,
Кайгыланып сен жүрдүң,
Каза жетип көз жумсам,
Талаага малым кетер — деп,
Көк жал уулуң — Каныкей деп
калыптыр,
Эми айланы кандай кылалык?
Алып берип, жанын тындыргын,
Уулуңдун айтканына ылайык".
Бакайдын кеби кеп болуп,
Баары журтка эп болуп,
Абаңыз Жакып ошондо,
Ак чатырды бүктөтүп,
Алты атка кошун жүктөтүп,
Алтынды башка арттырып,
Ак килемден жаптырып,
Алты жигит элинен
Жолдош алып жактырып,
Кең Букарды бет алып,
Жакып үйүнөн чыкты аттанып.
Кошо чыкты атайы
Төлгөчү кара Төлөгү
Эрмектешип Жакыпка
Алыска сапар жөнөдү...
Кең Букарды карасаң,
Азанчысы аркырап,
Көчөлөрү жаркырап,
Текпир* айтып бакырып,
Коомат* айтып чакырып,
Башына селде чалынып,
Бөжөңдөгөн карысы
Мечитке кирет кагынып.
Канча түрдүү дүкөндө
Жайылуу турат дүнүйө.
Бай Жакып түштү калдайып,
Эми Каракандын үйүнө.
Ат алчуулар ат алып,
Арпа эмес, мейиз жем салып.
Бай Жакыптын баркы бар,
Манастын журтка даңкы бар.
Кабылан Манас баатырдын
Төгөрөктүн төрт бурчка
Тегиз маалим салты бар.
Букардын каны Каракан
Бузукта жок санаасы,
Жаңыдан чыккан атанып
Ысмайыл деген баласы.
Атасындай баркы бар,
Кеп сүйлөсө, наркы бар.
Каракан эми кеп айтат:
"Карыган кезде, бай Жакып,
Кандай келдиң?" — деп айтат.
Эми бай Жакып сөздү баштады,
Өткөн менен кеткенди
Баян кылып таштады:
"Кечээ мен Таласка келгенде,
Келдим деп тойду бергенде,
Кандын бири сен болдуң,
Карыяңар мен болдум.
Он жыл өттү ортодон,
Бүгүн үйүңө келип мен кондум.
Коно турган эбим бар,
Айта турган кебим бар.
Аркасы менен Манастын,
Эми сени келдим көрмөккө.
Колумда турган дүйнөнү
Жүлүн жара бөлмөккө,
Аз калды бизге Каракан,
Ажал жетсе өлмөккө.
Ырысы тайкы адамга
Ар күнү доочу келбейби.
Ырысы толгон адамга
Күн сайын жуучу келбейби?
Сага мен төркүлөп келдим
карганда;
Мандайым жарык болсо экен,
Мен кайрылып үйгө барганда.
Томогосун ала элек,
Тоодакка шилтеп сала элек,
Сизде бир шумкар куш бар, — дейт,
Сары алтындай салмагы
Сизде бир жакшы кыз бар, — дейт,
Кудалашып калсам — деп,
Кулдук уруп мал берип,
Балаңа сөйкө салсам — деп,
Кайрылып келдим элиңе,
Кандай дейсиң, Каракан,
Жооп берчи кебиме?".
Ошол кезде Каракан
Жакыпка жооп айтпастан,
Сакалын салаасы менен тараган.
Чай кайнатып тил чыкпай,
Акыл ойлоп Каракан,
Аш бышымга унчукпай,
Алтын жака сур чепкең
Аркасына бөктөрүп,
Айнектей көзү жалт этип,
Эми башын көтөрүп:
"Кыз бала болсо, жаш эле,
Ойноо кези, мас эле.
Бай Жакып кандай кылайын?
Күйөө болчу кишиң ким?
Атын айтчы угайын".
"Акылымдын тунугу,
Ак калпактын улугу,
Кудайдан сурап алганым,
Кубатуу Манас балбаным!".
Бай Жакып айтып таштады,
Эми Каракан сөздү баштады:
"Айтканың, Жакып, ушубу?
Кантип дедиң ушуну?
Айкөл Манас баатырдын
Бар дейтко эки катыны.
Күнүгө балам күйөбү?
Күйүттү киши сүйөбү?
Кызым ойноо бала, жаш болсо,
Ага эки ажаан катын кас болсо,
Оокаттын жайын билбесе,
Омуроолоп баланы
Ар кимиси тилдесе,
Элдин жайын билбесе,
Аңыраңдап катындар,
Аңги болуп тилдесе,
Элге кантип жагат, — деп, —
Эрин кантип багат? — деп, —
Кан чеңгелдеп туулган,
Качырган жагы чуулган,
Кан ичме дейт Манасың,
Балама кордук кылбасын?
Бир муштаса баламдын
Буту-колу сынбасын.
Кырк чоро кырка мас болсо,
Кызматын кылып берүүгө,
Кыз балам менин жаш болсо,
Аңги айгырдан кишенеп,
Эки катын кас болсо!..
Кой, Жакып бай, сөзүңдү!
Изат кылып меймандап,
Мен узатайын өзүңдү.
Кой, Жакып бай, кебиңди!
Башка жерден аларсын,
Ылайыктуу келинди!"
Ошол кезде Каныкей
Эшиктен кирди кылт этип,
Тик карабай Жакыпты
Чыгып кетти жылт этип.
Артынан бир кыз эркелеп,
Эшикке чыгып кетишти
Бирин-бири жетелеп.
Бай Жакып көзүн салганы,
Баланы байкап калганы,
"Бүгүн мен мында конокмун,
Кетпейт Жакып коногуң!"
Ушуну айтып бай Жакып,
Кашында Букар канына
Төлөгүң алып жанына,
Төгөрөктү көрмөккө
Чыкты Букар шаарына.
Не сонун бар караса,
Адамдын көөнү кааласа,
Алды жактан буларга
Эки кыз келет жанаша.
Бай Жакып карап калыптыр,
Батыра көзүн салыптыр.
Оймоктуудан уз келет,
Карап турса, жанында
Канаттуудай кыз келет.
Бул эки кызды байкаса,
Ырыстууга туш келет.
Оймок ооз, бото көз,
Кара тору өңү бар,
Карап турса Бай Жакып,
Касиеттүү жөнү бар.
Күңгөйдүн гүлдүү сыргагы,
Башка чукак болгудай,
Жалгыз экен тырмагы
(Карап туруп бай Жакып,
Баш-аягын сындады):
"Кооз-койкоң, жылан баш,
Аркасында бир бала,
Ээрчип келет жылаңач.
Арка жагын караса,
Төгүлгөн кара чачы бар,
Гүл төгүлөт колунан,
Бактысы журтка чачылар.
Темир тирек, жез тырмак,
Иштүүлүктүн сыны бар.
Кыз да болсо арбагы,
Кылымга чапчып угулар.
Кызыл кырма, ак жайсаң,
Ушундан уул туулар.
Ырыстуу киши жанашса,
Алганы анык жарашса,
Бактысы күндө ачылар,
Кылып өткөн кызматы
Кылымга чейин жазылар.
"Акылга дыйкан даанышман,
Тула бою нур экен,
Боюнда жалгыз арыстан
Көкүрөк жайык келишкен,
Кемибейт экен ар иштен.
Алакан жайык, колу ачык,
Алган эри ушунун,
Кайда барса, жолу ачык.
Ак көрпө жайып ургаачы
Аты элге дайын, сындачы.
Жабуулу катар кара инген,
Жакшысы элге билинген.
Жупуну тартып кийинген,
Бир боюнда алты сын
Кемчилик жок билинген.
Жүлүндөй түптүз бою бар,
Дүнүйө жүзүн колуна
Аламын деген ою бар.
"Карчыга канат, кыргый кол,
Сарамжалдуу жан экен,
Кайгы кетпес башынан,
Азыраак айбы бар экен.
Ар тилекке жетейин,
Кара башым берсем да,
Бул кызды албай кантип кетейин
Көргөндө Жакып муну ойлойт,
Бир ойлобой, миң ойлойт.
Эки кызды караса,
Бирисинен бири артык,
Сайып койгон гүлгө окшойт.
Жанындагы Арууке
Адам эмес, нурга окшойт.
Чолпондой жайнайт көздөрү,
Сүйлөшкөнүн байкаса,
Башкача турат сөздөрү,
Эр Төлөк кызды сынады,
Эми Жакыпка айтып турганы:
"Телегейи тең экен,
Оң далысы кең экен,
Жанындагы Арууке
Таалайы бар жигитке
Кез болуучу неме экен.
Атаганат чиркиндин
Тукум жагы кем экен.
Экөөнү бирдей алсакпы?
Эки кызын тең бер — деп,
Эми арачыны салсакпы?".
Бай Жакып айтып "макул, — деп, —
Чоголураак киши экен,
Берер бекен баатыр" — деп.
Кыздар кетти үйүнө,
Бай Жакып менен Төлөккө
Бул эки кызды көргөндө
Тегеле көрүнбөдү дүнүйө.
Сарайга келип киришти,
Төлөгү турат кашында,
Ошол кезде бай Жакып
Алтымыш беш жашында.
Төлгөсүн тартып Төлөгү,
"Келгиле, балдар, көрөлү!"
Төртөө, бешөө барышып,
Төлгөгө көзүн салышып,
"Башы түштү тогуз, — деп,
Аягы түштү сегиз, — деп,
Баракелде бай Жакып,
Телегейиң тегиз, — деп,
Кайда барсаң, жол ачык,
Коконго барсан, кол ачык,
Аягы сегиз таш болуп,
Төлгө жакшы бурулду,
Босогого кан Темир
Өзү келип урунду.
Арачы бизге келет, — деп, —
Каныкейдин үстүнө
Аруукени берет, — деп,
Жалган дебе бай Жакып,
Менин айтканым көзүң көрөт" —
деп.
Төлгөнү жыйды Төлөгү,
Тыңшап турат бөлөгү.
Арачыдан алтоосу,
Кан Темир көздөй жөнөдү.
Эми карылары кеп айтат,
"Каракан, укчу, — деп айтат.
Сураганы кыз болсо,
Бизге сырттан Манас туш болсо,
Бул сырттан тууган Манаска
Серпишкен аман калбаган;
Ойлосоң боло, Каракан,
Бул дүнүйөнүн жүзүнөн
Бу Манас кызыңды сенин
тандаган.
Бербеймин деген эп эмес,
Бербей коёр сен эмес.
Манас минтип турганда,
Сенин манчыркашың кеп эмес!
Кулагың сал, Каракан,
Жуучуга Жакып келген соң,
Бул кызың ишке жараган,
Арыстан тууган Манастын
Атасы келсе акылга,
Бербей кызды койчу эмес
Ал өңдөгөн баатырга.
Бу куруп калган зор Манас
Күйөөлөп кызга бара элек,
Калп айтпаса кары-жаш,
Ат жалын тартып мингени
Күйүмдүү катын ала элек,
Кадимден бери Букардын
Каалгасы бек болсо,
Каныкейди берели,
Кары-жашка эп болсо!"
Айтып өттү Аманбай,
Манастын жайы мамындай.
Олтурат мында көпчүлүк,
Деле бирөө койбойт былк этип.
Ушул сөздү укканда,
Улуксуган Каракан
Башы кетти шылк этип,
Чай кайнамга тил чыкпай,
Аш бышымга унчукпай.
Карап турду калайык,
Аманбайдын айтканы
Баарына келип ылайык.
Эми Каракан сөздү баштады:
"Бай Жакып келди асылып,
Биз ага мал салалы качырып.
Алты жүз кызыл нар болсун,
Артылган арбын зер болсун.
Адырым толгон мал болсун,
Эки миң аппак кой болсун.
Элүү күнү той болсун,
Маңдайында агы бар
Эки жүз кара уй болсун.
Мал айдаган кызболсун,
Шумкардан токсон куш болсун.
Бүркүттөн жүзү туш болсун.
Күлүктөн берсин эки жүз,
Жоргодон берсин жети жүз,
Төөдөн берсин эки жүз,
Жолборстон берсин жетини.
Шерден берсин экини.
Букадан берсин мынчаны,
Буурадан берсин анчаны".
"Ушуну кайдан табат, — деп, —
Укканда эси ооп калат, — деп, —
Акылынан шашат, — деп, —
Арбын малды табалбай,
Алда кайда качат, — деп, —
Мал бере албай кетет, — деп, —
Алы кайдан жетет? — деп, —
Бербейбиз деп туура айтсак,
Айып болуп калар, — деп. —
Ушунча малды салды, — деп, —
Манасын көздөй барар, — деп, —
Тапса кызды алар, — деп, —
Таппаса куру калар" — деп,
Жакшы-жаман баарысы,
Улуу-кичүү карысы
Акылдашып алышты,
Бай Жакыптын алдына,
Туура тартып барышты.
"Мынча келдиң бай Жакып,
Сураган кызды алгын, — деп, —
Калың малды салдым, — деп, —
Каалаган кызды алгын" — деп,
Каракан айтты мындай кеп.
„Менин сөзүм кандай?" — деп,
Муруттун учу былк этип,
Күлүп койду кылт этип.
"Кулдугум бар кудайга,
Мал аябайм мындайга.
Ыразымын өзүңө,
Салган калың малыңды
Жети күндө көрсөтөмүн көзүнө,
Сандык толгон зээрим бар,
Ак калпак кыргыз элим бар,
Балам аман кезинде
Кудайым бар, курдаш бар,
Кайсы жерде кемим бар!
Аттай алтын зээр мына,
Эки тогуз мал мына.
Доосу жок ушу зээримин,
Салган малдан тышкары
Бул кулдук урган ырымым".
Кудайга Жакып жалынып,
Кудалык тонун жамынып,
Ат токушуп дүрбөшүп,
Жөнөп калган кези экен,
Жолдошторун жүр — дешип.
Айран калды турган эл
"Ушуну кантип табат, — деп, —
Ушунча малды апкелсе,
Каракандын бири эмес,
Эки кызын алат — деп.
Эми Жакып кеп айтат:
"Эриксиз малды салдың, — деп, —
Эми элиме айтып бардым, — деп, —
Кондура келем кошумду,
Кошо бергин, Каракан,
Арууке кичүү кызыңды.
Ага да кулдук урайын,
Бирөөнө бирөө сүрөө,деп
Мококту кайта курчуткан
Болоттон соккон өгөө, — деп,
Кичүү балам Алмамбет
Аруукеге күйөө,-деп,
Ажыраткан эп эмес,
Эр Мааастан Алмамбет
Эч бир жери кем эмес".
Ачуусу келген Каракан
Акырая караган:
"Бир кызга сөйкө саласың,
Качып келген кытайга
Кантип кызым аласың!?
Кытайдан келген кулуңду,
Укпаймын Жакып мунуңду.
Кой, Жакып бай, сөзүңдү,
Ким дейсиң, менин өзүмдү?!
Кой, Жакып бай, кебиңди,
Айткан малды айдап кел,
Алып кеткин келинди!
Ачууланды Каракан,
Ал жерде турган көпчүлүк
Экиден, бирден тараган.
Каракандын жигити –
Кадырлуу экен Калматай,
Кеп баштады мамындай
Э, Каракан, каныбыз,
"Айткан кебиң акыл" — деп;
Салган малды табалбайт,
Эмне десе, макул де.
Кытай кызды алабы,
Берсең да кызың барабы?
Айтканыңыз акыл-деп,
Ура берсин кулдукту,
Алтынын алгын "макул" — деп.
Салдың, калың береби,
Ошончо малды самсытып,
Айдап сага келеби?".
Бармагын тиштеп Каракан,
Макул куда бол, — деди.
Эми жыйылган журту тараган,
Алмамбет, Манас кандай?" —
Аң-таң болду канча жан.
Бай Жакып үйгө кайтканы,
Манасын алып кашына,
Бакайын алып башына,
Баары сөзүн айтканы.
"Уулум, Манас, кебимди ук,
Сенин Каныкейиң таптым, — деп,
Салтанатым сен үчүн,
Сөйкө салып кайттым, — деп,
Жанында жүрөт да бир кыз,
Арууке деген ошо экен.
Кабарын уксам калкынан,
Кайыптан келген кыз экен.
Кулдук урдум экөөңө,
Улуусун Манас сен алсаң
Кичүүсүн алса Алмамбет,
Экөөң бир күн тең алсан,
Эки келин алдым — деп,
Мен боюмду жайып, дем алсам.
Уландарым, тынарсың,
Укмушту кийин угарсың.
Кайран менин атам деп,
Алмамбет, Манас ошондо
Таалайыңа тунарсың".
Манас күлдү былк этип,
Алмамбеттин бөйрөгү
Күлгөндөй болду сулк этип.
"Эмесе, уккула, балдар, кебимди
Эми бекем байлап белиңди.
Сан кара толгон мал салды,
Макул десең калынга,
Букардын журту таң калды.
Уктуңар менин кебимди,
Убара кылбай карганда,
Эки балам, эртелеп,
Апкелип бергин келинди!".
Бай Жакып элге мактанып,
Эми жөнөсүн Манас аттанып.
Бай Жакып менен зор Бакай
Масилетин* толтуруп,
Алмамбет, Чубак буларга
Аралашып олтуруп,
Бакдөөлөт менен Чыйырды
Кошо болду жыйында.
Бай Жакып сөздү баштады:
"Алмамбет балам, угуп тур,
Өзүмдүн көзүм барында
Энчиңди сенин бөлөмүн,
Ырыска шерик уулсуң,
Сени Манасымдай көрөмүн.
Сынадым алар зайбыңды,
Эми чыгарам журтка дайныңды.
Айдап берип малымды,
Чырагым, таанытайын кайныңды!",
Жакып аруу* тонун кийгизип,
Ушул жолку жумушту
Кан Бакайга билгизип,
Боз жоргону токутуп,
Чыйырдыга мингизип,
Алты катын, төрт келин,
Аралаша жүргүзүп,
Туучунак менен бай Жакып,
Жакында төлгөчү кара Төлөгү,
Кырк кишини кошчу алып,
Эми Букарды көздөй жөнөдү.
Астында Жакып каркайып,
Ак байбиче Чыйырды
Ак элечек оронуп,
Ак кочкордой маңкайып,
(Ошол кезде байбиче
Калган экен картайып)
Алар журуп келет жэл менен.
Алмамбет менен эр Манас
Аркасынан жөнөдү
Кылкылдаган кол менен.
Айдаган жылкы чуркурап,
Чаңы асманга буркурап,
Доолбас үнү тарсылдап,
Адырды көздөй сел кетти,
Аябай калың эл кетти.
Мөөрөгөн бойдон уй кетти,
Төөнүн баарын боздотуп,
Тулпардын баарын коштотуп,
Айгырлар барат алышып,
Бууралар барат жөөлөшүп,
Букалар барат мөөрөшүп,
Кочкорлор карс-карс сүзүшүп,
Асманга чаңы созулуп,
Көптүгүнөн адамдын
Качарыка жер таппай
Аркарлар малга кошулуп,
Пилдер келет томпоңдоп,
Бууралар келет балпаңдап,
Төөнүн баары бышкырып,
Белден баскан жылаадар
Баш көтөрүп ышкырып,
Талкаланды таш бака,
Чардай албай солуду
Сууда жаткан жөн бака,
Торгой сайрап булдурап,
Көптүгүнөн малдардын,
Канаты талып, торгойлор
Адамдын башына конот чулдурап.
Токойдун баары жоюлуп,
Жердин бети оюлуп,
Семиз малдын баарысы
Жүрбөй келет чоюлуп.
Жердин бети чаң болуп,
Көрбөгөндөр мындайды
Үйүнө жетпей дал болуп,
Күндүн көзү көрүнбөй,
Көктөн туман бөлүнбөй,
Баскан жери тозулуп,
Токойдогу донуздар
Кошо келет корсулдап,
Айдаган малга кошулуп.
Кирпи чечен, кашкулак
Келе жатат килеңдеп;
Токойдогу коёндор
Кошо жүрөт сереңдеп.
Айдаганы мал болуп,
Алда канча жан болуп,
Бапылдап керней угулуп,
Жаман тамдын баарысы
Урап түштү жыгылып.
"Өрүшкө малдар толду, — деп, —
Өрттөнгөн шумдук болду" — деп,
Гүлбагы бүгүн бекилип,
Букардын каны Каракан
Өз жанынаа шекинип,
Бай Жакып жетип барды эми
Каракандын элине.
Эшикке чыкса Каракан,
Мал толуптур жерине.
Санатын малдын ала албай,
Айласын эми табалбай.
Кайберенден кошулуп,
Кулан жүрөт ичинде,
Кирдүү кол менен кармагыс
Буудан жүрөт ичинде.
Аркар, кулжа, тоо теке
Толуп жүрөт ичинде.
Малга аралаш корсулдап,
Донуз жүрөт ичинде.
Арзан эмес айбандын
Арасынан билгендей,
Аралап кирсе, окустан,
Жөн эле каман чалып өлгөндөй.
Кошумча — деп Манаска,
Чоролор жүздөн кулун
айдашып,
Эсеби жок көп малга
Келген экен жердин жүзүн
жайнатып.
Күрөң уйга катарлаш
Кулжа кирди Букарга.
Аргымакка аралаш
Аркар кирди Букарга.
Буурул жылкы ичинде
Бугу кирди Букарга.
Маңкаң-маңкан басышып,
Марал кирди Букарга.
Текилдеше чуркашып,
Теке кирди Букарга.
Эңкең-эңкең басышып,
Тоо эчки кирди Букарга.
Эсеби жок чубуруп,
Элик кирди Букарга.
Элүү топос, жүз качыр
Желип кирди Букарга.
Эр Манас берчүү калыңдан
Арыстан келди, шер келди,
Эминесин айтасың,
Эзелки Букар нес болуп,
Эби кетип, тербелди.
Толгон малдын саны жок,
Тополоң түштү Букарга,
Тосчуулардын шайы жок,
Каракан Жакыпты көрүп
сүйүнүп,
Жаш баладай түйүлүп,
Сарамжалын билдирип,
Ак сарайга кийирип,
Каракан сөздү баштады:
"Эшикке чыгып, карасам,
Эсеби жок мал турат.
Кулак угуп, көз көргөн
Жер жайнаган эл турат.
Айтчы, Жакып, чыныңды,
Коркуп калдым, жанымдан
Өлтүрөт деп тебээлеп
Айдап келген малыңдан.
Айдап кеткин малыңды,
Артып кеткин зарыңды,
Кагылайын, бай Жакып,
Коё көргүн жанымды!".
Ушинтип, кайран
Бакай, эр Жакып
Караканды жадатты.
Айдап барган көп малды
Жай-жайына таратты.
Малга барган киши жок,
Мен менен элдин иши жок.
"Малыңды алып бүттүм" — деп,
Каракан айтты мындай кеп:
Жылкы кетти кишинеп,
Айгыр кетти алышып,
Бир түнөбөй Букарга
Жайытына барышып,
Аркар, кулжа, куландар
Адырга кетти жарышып.
Манас менен Алмамбет
Кыз-келинди жандашып,
Букарлыктын үйүндө,
Жата турсун жыргашып.
* * *
Эл уйкуга киргенде,
Күйөө болуп көрбөгөн,
Мындай ишке көнбөгөн,
Кызын алып келбейт деп,
Ким экеним билбейт деп,
Ызалык түшүп мойнуна,
Бозуул, Ырчуул кошчу алып,
Эки келин башчы алып,
Басып келди эр Манас
Колуктунун койнуна.
Келинге эшик ачтырып,
Бозуулга каалга тарттырып,
Алтындан кылган тактада
Каныкей жаткан керилип,
Уйку качып, ой чырмап,
Кирпик какпай эригип.
Манастын жүзүн көргөндө,
Каныкей кетти теригип.
"Кирип келет чоңсунуп,
Сөзгө келбей бул канкор
Төшөгүмө кол сунуп
Кыздын жайын билет, — деп,
Жесир катын алгансып,
Мага жетип келет" — деп,
Ызаланып калганы.
Эңкее түшүп кабылан
Көкүрөктөн кармады.
Мына ошондо Каныкей:
"Сөзгө келмек зыйнат, — деп,
Кыздын жайын билбейсиң,
Кыз жосуну кымбат, — деп,
Күйөө болсоң сен, Манас,
Жатпайсыңбы эркелеп,
Караңгыда келесиң,
Жаш баладай энтелеп.
Жесир катын мен эмес,
Сен алгыдай жетелеп.
Эне-атамдын төрүндө
Көзүмө бүгүн көрүнбө,
Келчү болбо темселеп.
Кадыр-кеңүл жетишсе,
Зыйнат кылып кыз-келин
Мени алып барат жетелеп.
Баатыр Манас сен болсоң,
Бала кыял мен болсом,
Кан башың менен каркайып,
Ууруча басып жүрөсүң;
Уялбай түндө келесиң.
Адамга жакпайт, эр Манас,
Сенин ушу кылган мүнөзүң".
Кара-тору, керме каш,
Келишимдүү узун чач,
Эки бети монтойгон,
Эркечтей мойну койкойгон
Каныкейдин сөзүнө кулак салбады,
Жанына жетип эр Манас
Эми билегинен кармады.
Болот канжар башында
Каныкей кьшынан сууруп алганы,
Кыйшаңдабай жөн туруп,
Канжар менен Манасты
Так билекке сайганы.
Билекке канжар урулуп,
Кызыл кан кетти чубуруп,
Билектен канын кылгыртып,
Манас калды бурулуп.
Ачуусу келип баатырдын,
Кызыл өңү кубулуп,
Кызарып каны чубуруп:
"Алам деп катын жактырып,
Канчыкка алдым каптырып!".
Эми каарына Манас алыптыр,
Ачуусуна чыдабай,
Абайлап баатыр турабы-ай,
Кабыргасын Каныштын
Кыйрата тээп салыптыр...
* * *
Арадан эки күн өттү,
Кубур-шыбыр сөз жетти,
Кыраан тууган Каныкей
Сыр билдирбей эркелеп,
Аруукени жетелеп,
Кыздар кыял кылганы,
Кырка тартып Манастын
Кашына келип турганы.
"Баатыр, айып менин мойнумда,
Кылыч алып жатчу элем
Кыз болгону койнума.
Кылыч тийип калыптыр,
Кокустан сенин колуңа.
Айкөл төрө, баатыр, — деп, —
Айтса койчу кечирип
Атанын кунун акыр" — деп,
Айтып турду Каныкей
Айкөлүнө мындай кеп.
Кулдук кылып бүгүлүп,
Бакайды эми көргөндө,
Бетин басып Каныкей,
Ызат кылды жүгүнүп.
Келиним, кеги жок киши болот —
деп,
Абакең Бакай сүйүнүп.
Кашына кыздын туралбай
Кайрыла берди абасы.
Ошондо ойрон болгон Каныкей:
"Баатыр, ачууң чукул сенин, —
деп, —
Аңдагын менин кебим, — деп, —
Тартуу кылдым башымды,
Ала келдим айбыма
Мына Арууке сиңдим кашымда.
Кейибей жаным койбос, — деп, —
Кечирбесең болбос, — деп, —
Аңгемени билбеген,
Ата, айкөл Манас, — жолборс" —
деп,
Капыя сөздөн айтышып,
Ыраазы болуп көргөндөр
Эми жай-жайына кайтышып,
"Жакшы болду ушу, — деп, -
Каныкейдин сөзү" — деп.
Эми Каракан сөздү баштады:
"Ушул турган калайык,
Бакайдын терең ою бар,
Бай Жакыптын тою бар,
Кымызды бергин ичкенге,
Кызды бергин алганга,
Кабылан эрди кемитпе,
Кызматы жагып турганда.
Илгеркинин наркы бар,
Нарк билген эрдин салты бар.
Бай Жакып менен Бакайдын
Ак калпак кыргыз калкы бар.
Алмамбетти мен уктум,
Манаска тете баатыр — деп,
Көңүлү кызып болуптур
Аруукеге азыр деп.
Кызматы жакса келүүчү,
Кызматын киши билүүчү.
Кыз күйөөгө жакканда
Кимге да болсо берүүчү.
Калк, чогулуп келели,
Калың кыргыз журтунун
Каадасын байкап көрөлү.
Кары-жашка эп келсе,
Каныкейдин үстүнө
Аруукени берели".
Каракан кеби эп болду,
Жок деген адам жок болду.
Агача* келин, сулуу кыз,
Баарысы катар мелтейген.
Той баштаган эрендер
Жүгүрүшүп энтелеп,
Аруукени кыз-келин
Алмамбеттин үстүнө
Алып келди жетелеп.
Азиз кандын Алмамбет
Аруукени жандады.
Акыреттик курбум — деп,
Аруукенин саамайын
Акырын сылап кармады.
Бай Жакып менен Каракан
Айтуякка бээ союп,
Аксарбашыл кой союп,
Алты күнү той союп,
Кылкылдаган сел келип,
Кылымдан канча эл келип,
Ат-кунанды чаптырып,
Асемге мылтык аттырып,
Көк бөрүсүн тарттырып,
Отуз күнү ойнотуп,
Он эки күнү тынчытып,
Молдонун баарын жыйдырып
Каныкейди ошондо
Манаска нике кыйдырып,
Үзүгүн кабат бүктөтүп,
Букардын каны Каракан
Аябай себин жүктөтүп,
Союшуна кой алып,
Букардан чыкты жол алып.
Букардын баары буркурап,
Каныкей атка мингенде,
Катын, бала чуркурап,
Арууке атка мингенде,
Көздүн жашы дыркырап,
Туучунак менен көч баштап,
Эки келин бир алып,
Эми Жакып кыйгачтап,
Чыйырды келет ошондо
Бозжоргосун жылжытып,
Сүйүнчүнө чыдабай,
Көздөн жашын кылгыртып.
Ак күбө тонду белсенип,
Куудай сакал сеңселип,
Бакай келет баркылдап,
Аксакалы жаркылдап.
Кыргылчал келет ошондо
Кошууну толкуп имерип.
Кош ат менен элине
Бай Жакып киши жиберип,
Манас баатыр келет деп,
Адамдын баары бүлүнүп,
Катын-бала, кары-жаш
"А-кудайлап" сүйүнүп,
Саяпкер атын тапташып,
Мергендер мылтык чакташып,
Балбандар күчүн чыңдашып,
Баатырлар өзүн тыңдашып,
Жергеге батпас эл менен,
Жер майышкан сел менен,
Алтымыш кызыл нар менен,
Нарга арткан зээр менен,
Эр Бакай, Жакып чал менен
Жете келди эр Манас,
Желпине тосту кең Талас.
Аруукени түшүрдү
Бай Жакыптын үйүнө,
Ыраазы болду Алмамбет,
Ушундай экен дүнүйө...
Бачайы менен барчаны,
Башка дүйнө канчаны,
Аруукенин дүйнөсүн
Ташыган адам чарчады.
Ак учук менен суп манат*
Үзүгүнө жаптырган,
Босогонун сыртына
Болоттон чеге кактырган,
Каалганын бетине
Ажыдаар менен жолборстун
Сүрөттөрүн жаткырган, —
Көргөн жандар жактырган.
Керегенин боюна
Көөхардан чеге бастырган.
Кирген киши чыккысыз,
Алмамбеттин үйүнө
Кемчилик жок келиптир
Азаматка дүнүйө.
Алтындан кежим* бөктөрүп,
Алмамбет менен Арууке
Жатып калды көйкөлүп.
* * *
Каныкейди көпчүлүк
Алдын көздөй өткөрүп,
Баатыр Бакай ой кылып,
Бай Жакып элге той кылып,
Өзөндөн токой кыйдырып,
Отунду тоодой жыйдырып,
Кемегени каздырып,
Аш казанын астырып,
Элге кабар салышып,
Ырчы менен комузчу
Баарын жыйып алышып,
Жомокчу жомок айтышып,
Бергенин алып кайтышып,
Сурнайчы менен чоорчу, —
Өнөрмандын баарысы,
Өбөктөгөн карысы
Ушул тойдо болушту,
Урмат көрүп конушту.
Ат, кунан тандап чаптырып,
Сурнай менен кернейин
Асмандата тарттырып,
Ар ким муну жактырып,
Маргалаңдын Малабек,
Кокондон келди Козубек,
Кашкардан келди Алабек,
Ошолордун эң чоңу —
Анжияндын айры сакал Санжибек,
Мергендер жамбы атышып,
Чабендес* улак тартышып,
Көк бөрүдөй жулушуп,
Көк буусу чыгып кайтышып,
Өпкө кармап таз чабыш,
Анан кийин жөө жарыш,
Балбан күрөш, эр сайыш,
Атала баш, ит тартыш,
Оюн-күлкү тамаша.
Жамандар калып адашып,
Жакшыга жакшы жанашып,
Кырк күнү кызык көрүшүп,
Келгендер кетти тарашып.
|