Манас биринчи бөлүк


АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КӨКЧӨГӨ КЕЛИП ТУРУШУ



бет15/21
Дата16.07.2016
өлшемі3.01 Mb.
#202454
түріКнига
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   21

АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КӨКЧӨГӨ КЕЛИП ТУРУШУ



Кылкылдап жаткан Кыл-Эртиш,

Эртишке жетип келгени.

Ата сонун суу бол деп,

Аяк башын көргөнү.

Турнабай колго алганы,

Тунарып жаткан талаасын

Алмаң кайкалап карап калганы. Кыл-Эртиштин оюнда

Кылкылдап калың эл жүрөт,

Кас буудан минип делбиреп, Кайнаган топтун четинде -

Көк ала ат минген бир киши. Алманбет байкап караса,

Айбаты артык эр киши.

Бастырып келип Алманбет,

Салам айтып калмакча,

Каршы алдында турганы,

Эр Көкчө алик алганы.

Алмамбетти эр Көкчө,

Караса түрү бөлөкчө,

Кыл такыя, кызыл чок,

Кылымда мындай баатыр жок.

Айбаты арыстан, жолборстой,

Алышкан аман болбостой,

Көөкөрдөн арак куйганы,

Арыстан Алма баатырга.

Көкчө өз колу менен сунганы.

Эми Көкчө кеп сурайт,

"Жолуң болсун, баатырым,

Кайдан келдиң?" — деп сурайт.

"Тек сурамак келбеттен,

Жөн сурамак сөөлөттөн".

Анда Алманбет кеп айтат:

"Уругум кытай эл болот,

Ушунча көөнүм караңгы,

Уккандын башы дел болот.

Кыйындар менен кагыштым,

Кырчылдашып салыштым.

Өлөңдүү жерди өрттөдүм,

Кара сууга кан куйдум,

Асмандан булут тутулуп,

Артыман жеткен куугундан

Аман келдим кутулуп",


Ошондо Көкчө айкырып,

Бир сары улакты таптырды,

Алманбет менен Мажиктин

Садагасын -чаптырды

Аттанышты күңгүрөп,

Жер союлуп дүнгүрөп,

Калың казак камынып,

Көрүшүүгө Алмаңа

Кары дебей, жаш дебей, -

Баары келди жабылып.

Керней тартып бапылдап,

Сурнай үнү такылдап,

Ырчылар сайрал заңкылдап,

Асмандаган туу менен

Алмамбет, Мажик келишти

Айгайлаган чуу менен.

Ак-боз бээни сойдуруп,

Келгендердин баарысын

Аябай этке тойдуруп,

Келгендер кетти тарашып,

Жай-жайъша карашып...
Бир күнү туруп Айдаркан

Көкчө менен кенешип,

Акылдарын тенешип,

"Балдарды өзүм алам" — деп,

Киргизип алды үйүнө,

"Макул болот ата" — деп,

Алмамбет барды сүйүнө.
Казактардын карысы,

Калк ичинде бир катар,

Акылмандын баарысы

"Элинен азган баатыр, — деп, —Айдаркандын үйүндө

Эригип акыр жатыр" — деп,

Чакырып конок кылышты,

Арыстан Алма баатырдын

Капасын ичтен жоюуга,

Жалпы журту тырышты.

Алдына аппак нан коюп,

Казы кертип, жал коюп,

Кабылан Алмам жесин деп,

Калдайтып каймак, май коюп,

Үлпөттөн башы чыкпады

Көргөнү мындай сый болуп...
Алты ай толуп өткөндө

Алмамбет эми ойлонуп,

Ары-бери толгонуп:

"Жата бербей жалпайып,

Минейин атка кампайып,

Кара ниет кандардын

Өрүшүн байкап чалайын,

Арамдан жыйган жылкысын

Жылдырып жолго салайын,

Коңурбай менен Жолойдун

Эсебин минтип табайын".

Аны ойлонуп Алмамбет,

Кылыч шилтеп, жаа тарткан

Кыраандан алып кашына,

Салып жетип барганы

Дарыя Амур башына.


Баштагы жерден көчүрүп,

Жаккан отун өчүрүп,

Ошондо акылынан шашыптыр;

Алмамбет кайдан жетти деп,

Амурдан чыга качыптыр.

Коңурбай, Жолой жылкысын

Алман айдап алыптыр.

Түн дүбүрөп бой бербей,

Дүмөктү Алман салыптыр.

Кандардан алган жылкысын

Казакка бөлүп бериптир,

Атпай журт муну көрүптүр.

Айдаркан уулу алп Көкчө

Арыстан Алма баатырдын

Дегенине көнүптүр.

Туурдугу май болду,

Турган айлы бай болду.

Керегеси май болду,

Алмаңдын келген айлы бай болду.
Атпай казак калкына

Алмаң адилет элди көздөптүр,

Ар качандан бир качан

Айтып сөзүн сөздөптүр.

Арзын, муңун айтканга

Тууралыгын кылыптыр.

"Алдым", "жуттум» — кузгуну

Алмамбетке беттебей,

Сайлап качып жылыптыр.

Казактардын бийлигин

Калыстык менен алыптыр.

Өңчөй казак кашкасы,

Бир Көкчөдөн башкасы,

"Баягыдай заман жок,

Балаа кылды калмак, — деп, —

Бастады биздин арбак, — деп, —

Мурункудай жемиш жок,

Бузук кылды кытай, — деп, —

Бузулганды алчу элек,

Анча-мынча жалын жеп,

Калабалуу бул кытай

Адылсынып калды, — деп, —

Арбын олжо дөөлөттөн

Айдап бизди салды, — деп, —

Эндекей кылды элди, — деп, —

Элинен, кечкен бул кытай

Элирип кайдан келди, — деп, —

Кылмыш кылган ким болду?

Алмамбет аны бүтүрүп,

Кызыл чака пул бербей,

Аларың кылчайбай бизге тим

болду!".


Алмамбет калыс экен деп,

Айдаркан көзү жетиптир.

"Алмамбет сөзү ырас" — деп,

Аны Көчкө да сүрөп кетиптир.

"Ага-иниден чыр чыкса,

Ана-мына дечү элек,

Анча-мынча дүйнө алып,

Макул кылып жечү элек.

Калкты алынтып саларбыз,

Калк алынып кеткен соң,

Каңкайып куру каларбыз.

Караламан көпчүлүк

Алмамбет жүрөт жакшы, — деп, —

Айлынан качкан бу кытай

Адилет сөзүн айтты, — деп.

Казакты кудай урабы?

Каңгырап келген бир кытай

Калкты бийлеп турабы?

Казактын баары көчкөнү

Тайып кетип баратат,

Айдаркандын балдары

Байып кетип баратат.

Күйгүзүп ийсе күмүшүн,

Эсине эгер албас деп,

Катының жакын деп койсок,

Өлбөй тирүү калбас" — деп,

Арадан чыккан шумдардын

"Алдым", "жуттум" — куулардын

Алтымышы жыйылып,

Акылдашып алышты.

Көкчөнү Алмамбеттен айрууга

Кеңеш кылып салышты.


Көкчө чыкса жан жакка,

Көрмөккө барса мал жакка,

Тоого чыкса бийикке,

Ууга чыкса кийикке,

„Аңдып жүргүн баатыр, — деп,

Акеркеч деген катын,-деп,

Алмамбет менен жакын" — деп, —

Ар кайсысы айтып кеп,

Көкчөнүн көөнүн калтырды.

Көкчө келип үйүнө,

Көп аңдыды катынды.

Аңдып жүрүп ар качан,

Көрө албады акыры.

"Алмамбет сага жакын" — деп,

Акеркечти каардап,

Алда канча такыды.

Такыганда Акеркеч

Жүрөктөшү Көкчөгө

Дидаарлашып күүлөнүп:

"Не болдуң деп сүйлөнүп, —

Алмамбетти ким дейсиң?

Адамдын сырын билбейсиң!

Мен жактан салба кылмышын*

Ардактап ичип жүрбөйбү,

Ачыган казак кымызын.

Татып койбойт арагын,

Тазалыгын карагын!

Күндүк качат күнөөдөн,

Күбүр-шыбыр укпайбыз,

Куудуң-шуудуң кеп жүргөн

Ургаачынын бирөөнөн!

Көрө албаган көй* жаман

Артынан түшүп алыптыр.

Көкчө илгери болду деп,

Кадалып сага калыптыр.

Жигиттин тилин аларсың,

Жигиңди айрып саларсың.

Алмамбет кетип колуңдан,

Жинди болуп каларсың.

Чыгып келген кытайдан

Чычкандай бала турбайбы?

Көкчөнүн зайбы мен туруп,

Көңүл артсам ошого

Көрүнөө арбак урбайбы?

Кайын энелүү күйөөдөй

Карап койбойт өзүмө,

Кантейин сени кан Көчкө,

Каарланган сөзүңө?!

Кас душмандар биригип,

Кылганы жүрөт өзүңө.


"Алмамбет мындай дей албай,

Казактан арам жей албай,

Көкчө мындай дей албай,

Көбүрөөк пара жей албай,

Сөздөрү калып талаага,

Өздөрү калып балаага,

Айырмакка Көкчөдөн

Ар нерсе алат санаага.

Өткүрдөн кылыч ала албай,

Өлтүрүүгө Алмаңды

Өздөрү эбин табалбай,

Буудайбекти бурууга,

Баары даяр болгондур

Акеркечтин үстүнөн

Күбөлүк айтып турууга.

Кайнап жаткан какандан

Катын таппай келдиби?

Кара жер жутсун, эр Көкчө,

Катьшыңа жакын деп,

Каадалап айткан кебиңи!

Ишенсең, Көкчө,"муну кой,

Ишенбесең бул сөзгө,

Азгырган мен экемин,

Аны кой да, мени сой!

Өлүп калар бир катын,

Өксүбөсүн көп калкың!

Жатып калар бир катын,

Жарылбасын көп калкың!

Алмамбет турса колуңда, -

Алтындан болор чарбагың,

Ааламды басар салмагың.

Алмамбеттен айрылсаң, -

Арылбай калар арманың.

Бул Алмамбет деген эр

Катындын билбейт кадырын,

Кыздын билбейт кызыгын.

Канча болду келгени,

Андан көргөн бир жан жок

Айтканынын кыйшыгын!

Жүрүшүнүн бузугун

Көрүп келген бир жан жок;

Көнүлү калган тири жан жок.


"Карып калган Акеркеч

Кадыры үчүн каадалап,

Алмамбетти баккандыр.

Калабалуу "бышыктар"

Кайдагы сөздү тапкандыр!

Катыныңа ойнош деп,

Кадыры кеткен ойноп деп,

Как өзүңдү соёт деп,

Акеркеч сенин катының

Кааласа алып коёт деп,

Көңүлү бузук көп душман

Артыңан түшүп калгандыр,

Алмамбетти айрууга

Көп сөз айтып салгандыр?!

Карабаган бир бирин

Көмүлгөн дүйнө жалгандыр.

Азытка кирсең азарсың,

Аныктап кара басарсың,

Акылыңдан шашарсың.

Бузукка кирсең азарсың,

Бурулбай кара басарсың.

Сени көрө албай жүргөн эриң бар

Алмамбетиң болбосо,

Көмгөнү жүргөн бегиң бар.

Душмандын сөзүн сен мага

Кантип айтар жөнүң бар?


"Аз калды кышка, жаз болор»

Ачыган кымыз аз болор,

Аны ичкен соң эсирип,

Адамдын баары мас болор.

Ата уулуңдун башчысы

Алмамбет менен кас болор.

Алымсейит журтум бар,

Аргында Бообек, Шуутуң бар,

Тынымсейит Жуйку бар.

Капкайдагы жамандык

Кара жерден чукулар.

Элам, Селим, бу да бар,

Ээ болбой калып элике,

Айгай менен ичиңде

Араң жүргөн жамандар.

Казактын азыр канысың,

Каркыбарлар көрө албайт

Алмамбеттин калысын,

Алардын тилин аларсың,

Алмамбетти өлтүрүп,

Астына жердин саларсың.

Азыркысын сен, Көкчө,

Өрт отундай жанарсың.

Кетсе дагы Алмамбет,

Өлсө дагы Алмамбет,

Өзүң өчүп каларсың.

Бул Алмамбет келгени

Казактын журту дегдеди,

Санды түмөн казагың

Сары Арканы жердеди

Жанчышып калмак жеңбеди,

Келинге тайлак байлатты,

Кемпирге куйрук чайнатты.

Арада жаткан казакты,

Алтайдагы Аңыртты

Асемдүү жайлоо жайлатты.

Айтты деп жаман көрбөгүн,

Ааламга кетер өрнөгүн.

"Ал кулду бир күн соём" — деп,

Алдап айтып жөнөгүн!

Алган жарың өнөгүң,

Буудайбегиң бузулар;

Акыр түбү көрөрсүң,

Арамдык кылар ушулар.

Күбөлүк айтар катының,

Күүлөнөрсүң, баатырым.

Күлдү казак „жакшысы",

Сени күбүп салар акырын.

Көрө албай жүргөн көөсөр бар,

Бата албай жүргөн баатыр бар,

Өтө албай жүргөн өксүк бар,

Жете албай жүргөн жезит* бар.

Ар ишке жүргүн сак болуп,

Айрыларсың бир күнү

Алмамбеттен сап болуп.

Азыр жүрсүң шат болуп,

Азыткы сөзгө ишенип,

Акыры калба мас болуп!


Акеркеч айтты акыл кеп,

Анда Көкчө токтолду,

Айтканың сенин макул деп.

Казактан болгон ата уулу

Алтымыш экен баарысы

Арман кылып жүрүшкөн,

Айлына жетпей арышы.

Атпай журтка билинген

Алмамбет, Көкчө калысы.

Азган бир кытай жетти деп,

Айдаркандын Көкчөнүн

Арбагы ашып кетти деп,

Айтканды укпай баратыр

Андабай биздин кепти деп,

Тозгон бир калмак жетти деп»

Тозоку калмак келгени

Чоңоюп Көкчө кетти деп,

Тоотпой бизден өттү деп,

Келген болсо Көкчөгө,

Мурун айтат саламды,

Ойлоп келет ичинде

Бузукчулук арамды.

"Акеркеч жеңе үйдөбү?

Алмамбет баатыр жүрөбү?" —

Какшап айтып бектери

Айдаркандын Көкчөгө

Катуу тийди кептери.

Ар ким айта берген соң,

Айдаркандын Көкчөнүн

Айланып көөнү кеткени.


"Айлымды алыс көрбөйүн,

Алганым деп ынанып,

Акеркечтин тилине

Абыдан анык көнбөйүн.

Азып келген бир кулдан

Арманда болуп өлбөйүн.

Ага-инимди чогултуп,

Аңгарып сөзүн көрөйүн.

Арамдыгы бар болсо,

Ал ант урган кулду көмөйүн!

Казактан чыккан ата уулу

Аяк башын жыйдырып,

Буудайбектин ак отоо

Мунун баарын сыйдырып,

Чоң үйдө болчуу чогулуш

Кичи үйгө жыйын жыйыптыр.

Буудайбектин отоого

Алтымышы араң сыйыптыр.

Караламан боз балдар

Катышпай турат сыртында,

Алмамбетке дос балдар.

Жалпы журт тышта калыптыр.

Эр Көкчөнүн үстүнө

Журт билчүүлөр барыптыр.

Күчтүү болсун арак деп,

Күчаладан салыптыр.

Үч элиге келтирип,

Үзүп-үзүп* алыптыр.


Ошондо үзүр айтып сөз баштап,

Көкчөңүз масчылыктан көз

жаштап:

"Чыгарыңар, жакшылар,



Чыр кылуучу ишим бар.

Ишене албай баарыңа

Чыгар-чыкпас жан менен

Коюп жүргөн кишим бар.

Алмамбет менен жакын дейт,

Акеркеч деген итим бар.

Айтыңарчы аныгын,

Аңдасам соодой көрүнбөйт

Алмамбет кулдун калыбын.

Эркектин көзү кербөсө,

"Э" — десе катын карганат.

(Эр Көкчө буга таң калат).

Чыгаргыла аныгын!

Айнытпай койгун мойнуна

Акеркечтин таныгын.

Арамдыгы чын болсо,

Азыр кармап соёлук,

Алалдыгы чын болсо,

Андай ар санаа сөздү коёлук!

Олтурган орчун бийлер, — деп, —

Оңой-олтоң иш эмес,

Олуттуу кепти сүйлө! — деп, —

Олуту жок сөз айтып,

Ойрон болуп жүрбө, — деп, —

Нарктуу кептен сүйлө, — деп, —

Калп сөздү курап айтам деп,

Азапка калып жүрбө!" — деп,

Эр Көкчө сурайт элинен.


Алтымышы адашпас

Алты жылдан бер жакка

Акылдашкан кебинен:

"Ар кимде бар акыл деп,

Айткан менен ишенбей,

Аянды Көкчө баатыр деп,

Алмамбетти Акеркеч

Ар качан алып жатыр дед,

Бир көрбөдүк, миң көрдүк,

Жүрөсүң Көкчө энебей

Сени биз жүк көтөрчүү пил

көрдүк.


Адам эмес, пилсиз го,

Казакка сүйлөр тилсиз го?

Катынына катылган

Калмак кулун динсиз го!?


"Ак болсо кантип булгайлы,

Агада боор бурайлы,

Бизге ишенбей койсоңуз,

(Алган жарын турбайбы)

Буудайбектен сурайлы.

Баталашкан немедей

Баары сүйлөп калганы:

"Катын, кандай көрдүң?" — деп,

Буудайбекке бурулуп,

Көкчө сөзүн салганы.

Көргөнүң айткын, жеңе" — деп,

Көп төрө жаалап калганы.

Эрин тиштеп, көз кысып,

"Байбичеден өттүң" — деп,

Күбүрөшө салганы.
Өңү сулуу болсо да,

Өзүндө акыл аз экен,

Арак ичип бир чыны,

Буудайбек мындай мас экен.

Аңдабады Буудайбек,

Ал олтурган "бышыктар"

Алмамбет менен кас экен.
Буудайбек анда кеп айтат:

"Бузук да болсо байбичең

Менден жакшы, — деп айтат. —

Чын айтпасмын, кунумун,

Чыгаан жакшы катының,

Күндө көрүп жүрүмүн".

Катыны айтып күбөлүк,

Кан Көкчөдөй баатырдын

Калды көөнү түбөлүк.

"Андай болсо, эл, — деди,

Алмамбетти чакырып,

Азыр алып кел, — деди,

Азабын берем мен, — деди,

Тузу арамы кул, — деди.

Азыр муну сойбосом,

Алганым калсын тул! — деди. —

Чакырып келгин кытайды,

Чыдап күтүп ким турсун

Чыйырдан чыккан мындайды.

Айдап келгин кытайды,

Алып акыр ким жүрсүн

Арам заада мындайды.

Билбеген экен өлөрүн,

Бир көрөйүн өнөрүн.

Аңдабай жүргөн экен го

Акыретке жөнөрүн!

Тоогу өлгөн киши толгонор,

Тоогум кандай өлдү деп,

Токсон эки ойлонор,

Тоокчо жоктур сурары,

Тоголонсо кокустан,

Өөдө болуп бул кулдун,

Өзүнүн жоктур турары.
"Какшатып келди каңгайды»

Зарлатып келди далайды,

Башын жуткан калмак кул

Мага кылган иши бул!

Калкымда жүрүп караандап,

Катынымды арамдап,

Жалган го деп ишенбей

Жакшылардын сөзүнө,

Жакыным деп журупмун

Бул жан кечкинин өзүнө.

Жамандыкты мен бүгүн,

Көргөзөйүн көзүнө!

Мурунтан билбей мунусун,

Азган бир шумга бузулуп,

Акеркеч болбой курусун!

Алмамбет кулду соёюн,

Акеркечти бир далай,

Азапка салып коёюн.

Калмагын кармап соёюн,

Катынды кантип коёюн,

Жайдак атка мингизип,

Жалпы журтка билгизип,

Эскисин эске киргизип,

Эл кыдыртып жүргүзүп,

Кааласам катын кылайын,

Каардансам, жанын кыяйын!


"Калмак кирсе бул үйгө,

Кайратың кетсин ташып, — деп, —

Канжарың сенин жашык, — деп, —

Канжардын күчүн алгын, деп, —

Как жүрөккө малгын, — деп, —

Канжарбек деген балбансың,

Калмак келсе алдыңа,

Капылет баса калгын, — деп, —

Бир кишиге карабай,

Баарың туруп албаңар,

Баскан соң ишке жарабай, Кылычтын курчун алыңар,

Кызыталак кытайды

Кыймалай чаап салыңар!

Кытай кул мында келген соң,

Кырып кетет бизди деп,

Кысынарсың баарыңар.

Канжардын баарын курчтанар,

Жан-жабыла баарыңар

Өлүүчү жерин туштаңар,

Өткүр бычак муштаңар!".

Көкчө бул сөздү айтып күүлөнүп

Бир жагынан турбайбы.

"Айныганды арбак урсун!" — деп,
Алымсейит сүйлөнүп,

Аябай ичкен арагын

(Арак деген арамын)

Аздырганын карагын.

Кызып ичкен кымызын,

Ичкилиги болбосо,

Кылбас беле тымызын.

Мас болуп Көкчө буларга

Баш кошушуп калышты,

Алмамбетти жутмакка

Баталашып алышты.

Эки жигит чаптырды,

Алмамбетти чакырды.

Чабуулдап Чаян, Токтору,

Чоң кенеште жоктору

Алмамбетке барышты.

"Алып кел деди сизди,-деп,

Бачым алып келгин деп,

Ашыктырды бизди,-деп.

Арбын ичип аракты,

Шашпай ичип шарапты,

Элдин баары незирээк,

Эми жүргүн тезирээк!

Кыйын ичип кымызды,

Кылар ишин билбейбиз.

Ата уулулар бөлүнүп,

Кыйын кеңеш кылышты.

Бачым жүргүн баатыр, — деп, —

Айтөөр арзан иш эмес,

Буйдалбаңыз акыр" — деп

Токтор менен Чаяны

Токтолбой айтып барганы.

Анда Алмамбет ойлонду,

Алда нече толгонду.

"Кастарын тиккен кан барбы?

Кагыша келген жан барбы?

Урунарга тоо чыгып,

Узак бир жумуш болгон го?

Урушарга жоо чыгып,

Айтышарга доо чыгып,

Арбын бир жумуш болгон го?

Атышарга жоо чыгып,

Элге кабар салган го?

Эгей, Шыгай эрлерин

Эр Көкчө жыйып алган го?"
Ар иш ойлоп Алмамбет,

Башы бапик* алтын чок,

Казактан кастык болот -деп,

Кайран эрде капар жок.

Бастырып жетип барганы,

Жигиттер атын алганы.

Ар тарапка бир карап,

Алмамбет көзү жайнады,

Эшиктеги ак таяк*

Эсеттердин Бөкөсү

Эшик ачып ийиптир.

Салды башын Алмамбет

Салам айтып бийлерге.

Азыр баары турушту

Эр Алмаң басып киргенде.

Айбатына баатырдын

Апкарыша калышып,

Саламга алик алышып,

Баары калды дүрбөшүп.

Башта булар олтурган

Баатырлык кебин сүйлөшүп.

Көкчө төрдө каркыбар,

Көк сүлөөсүн бөркү бар

Кош жаздык коюп башына,

Буудайбекти алып кашына,

Сол чыканак таянып,

Сонун жаткан жай алып.

Ачуусу келди Көкчөнүн

Алмаңа тура бергенге,

Ал үйдөкү отурган

Эл бийлеген кемдерге.
Ачууланып акырды,

Аябай Көкчө бакырды:

"Ажыдаар башын салдыбы?

Же бир арыстан кирип калдыбы?

Айткан сөзүң эмине,

Атпай казак баарыңды

Арбак уруп салдыбы?!

Орду-ордунду алгын! — деп,

Ордуңду берип калмакка,

Оңолбогон кесек ит,

Оолактап кайда бардың?! — деп —

Кытай кул башын салды, — деп —

Кытай кул үйгө киргенде

Кызыталак кырк жигит

Кырыла жаздап калды", — деп,

Кан Көкчөдөн кеп чыкты,

Эр Алмамбет баатырды

"Калмак", "кытай" деп чыкты.

Кырк жигиттин баарысы

Кырка олтуруп калышты.

Келип кирген Алмамбет

Керегеге сүйөнүп,

Көрө салып, Алмаңа

Көкчө баатыр сүйлөнүп,

Олтурарга орун жок,

(Алмамбет кайдан аянды)

Төрдө жаткан Көкчөнүн

Төшөгүнүн түбүнө

Сол тизесин таянды.
Суук сөздү көп айтып,

Сурданып Көкчө калыптыр,

Суук сөздүн баарысы

Алмамбет жакка агыптыр.

"Кадырлуу казак бектери!

Кайдан жүргөн бул калмак?

Качан болгон келгени?

Келген киши кетпейби?

Кетпей жүрсө, ушунун

Тез ажалы жетпейби?!

Каңгырган киши кайтпайбы?

Кайтпас болсо, ушуну

Капылет ажал таппайбы?"
Көкчө баатыр күүлөнүп,

Көк жал Алмаң келгенде

Көзүнө айтып сүйлөнүп,

Ар түрдүү сөздү салганы.

Аш кайнамдай Алмамбет

"Алда кимди айтат?" — деп,

Айран азыр калганы.

"Ачууландың кимге — деп?"

Жадаганда Алмамбет

Жайын сурап турганы.

"Казак урук ичинде

Каңгыган кулду айтам" — деп

Аягы менен Алманды

Азыр түртүп калганы.

Оюнбу деп, чынбы деп,

Алмамбет ойго алганы.

"Көкчө баатыр сенби? — деп, —

Көп көрүнгөн менби? — деп —

Укпадым эле кыйладан,

Көөсөр* кайдан келди, — деп —

Бууданын, Көкчө, сенби? — деп —

Мурунтан мындай жок эле,

Бузук сөз кайдан келди? — деп —

Эсирик сөздү басыңыз,

Экөөбүздү көрө албас

Элиңде көптүр касыңыз!

Эми бир, Көкчө, жөн айтчы,

Элиңде эркин мен жүрсөм,

Неликтен келди ачуунуз?

Канааттуу сөздү басыңыз!

Калбалуу арак алыңыз,

Кандайлыгын билбедим,

Кай түрдүү келген ачууңуз?

Кимге айтканың билбедим,

Кишинин баарын тилдедиң,

Казакка чыккан бар күчүң,

Калкыңа баттым сен үчүн.

Каным, Көкчө, жөн сүйлө,

Каардандың ким үчүн?!

Жамандык көрсөң, жайыңды айт,

Жашырбай журтка жайып айт!

Арамдык көрсөң, ачып айт,

Апторой журтка чачып айт!

Тийген болсо, тилимди айт,

Бир күнөөм болсо, билип айт!

Биле албасаң, эр Көкчө,

Жамандык сөздөн жанып айт!

Көргөнүң болсо, көрүп айт,

Көрө албасаң, сен Көкчө,

Көөсөрлүк сөздөн кайра кайт!


"Өлүк эмес, тирисиң,

Эрин эмес, тилимсиң.

Капа болсоң, кайгырам,

Кол тапшырган пиримсиң!

Антыңдан кайда качкансың?

Адам айтпас сөз айтып,

Айдаркан уулу, эр Көкчө,

Акылдан кандай шашкансың?!

Билгиздиң жакшы жолуңду,

Пир кылып турам колунду,

Билгизбей союп койсоңчу,

Минтип, калдайган топто

какшатып,

Кайнатпай кара шорумду!

Урмат кыл, Көкчө, улугум,

Урушкандай сөз айттың,

Убайым тартып турумун.

Кайсы экенин билбедим,

Кастаганың мунунун?

Же түрдүү айткан кебиң, — деп —

Эсен-аман элиң! — деп

Каталык иштен таза элем,

Кыйшайсам айтып бергин?" —

деп, —


Алмамбет антип сурады,

Ата уулунун баарысы

Апкаарышкан убагы.
Ары баатыр, ары мас

Айдаркан уулу эр Көкчө

Азыркысын акылы аз,

Алмамбетке ичи кас.

Көкчөнүн кара сүйлөшүн,

Көргөзүп айткан күнөөсүн;

"Көңүлдөшүң Акеркеч,

Көптөн аңдып жүрөсүң.

Айткан ушул күнөөсүн,

Азгандын кара сүйлөшүн,

Арактын кара мүнөзүн.

Айкашканың Акеркеч,

Ага жандап жүрөсүң!".
Ала деңгил, акылы аз,

Абыдан Көкчө болгон мас.

Кээде келип эсине,

Анда-санда Алмамбет

Бир көрүнөт көзүнө.

Аңдап көргүн ар качан

Масчылыктын сөзүнө.

Акылдан тайып эр Көкчө,

Айтар кептин баарысын

Асили кирбей эсине.


Алмамбет шондо кеп айтат,

Ачууланып бек айтат:

"Арак деген ачкыл аш,

Акылдан танбай, аздап ич.

Акылдан тана ичкен соң,

Абийриңден азыр кеч!

Кымыз деген кыйгыл аш,

Кылыктан танбай, аздап ич,

Кылыктан танып ичкен соң,

Кызматыңдан туура кеч!

Төрөм, Көкчө, сен турсун,

Төшөгүң бассам, оңомбу,

Агам Көкчө деп коюп,

Арамдык кылсам, оңомбу?".


Алдырган экен ашына,

Көк сүлөөсүн кундуз бөрк

Көкчө ыргады башына.

Көй кашкага карады,

Көтөрүлө калганы.

Жана эсине бир келип,

Сөз айтууга жарады:

"Ачыгып чыккан арбаксың,

Бузулуп калган чарбаксың.

Калаба салып калкыма

Кайдан келген калмаксың?".

Ачуудан көзүн алайтып,

Алмамбетке карады.

"Каңгайдан келген калмакты

Кайт десеңер болбойбу?

Алда эмне сыры бар?

Арыз-абалы бар болсо,

Айт десеңер болбойбу?

Кекирейтпей Көкчөдөн

Кет десеңер болбойбу?

Жергесине калмактын

Жет десеңер болбойбу!".

Көкчө сүйлөп бул сөздү

Көбүнө көзүн салганы.

Көк жал Алмаң ошондо

Ачуусу келип калганы:

"Адам болбой жит, Көкчө,

Кара жер сорсун нээтинди.

Кара арак жуткан эсиңди,

Сенин карарткан кудай бетиңди!".

Алмамбет буга келгени

Аңдап угуп эр Көкчө

Айтты-койду дебеди.
Ата уулуна бир карап,

Анда Көкчө кеп айтат:

"Кажылдатпай калмакты,

Көйтөрө кайт, деп койсоң

болбойбу!

Кайтпас болсо калмакты

Кара койдой сойбойбу,

Канын төгүп койбойбу!

Жумуранказ журт болбой,

Сураганын ал дечи,

Сурданбай жолго сал дечи.

Каалаганың ал дечи,

Бул кулду камсыкпай жолго сал

дечи!".
Анда Алмамбет муну айтат:

"Айныбагын, сен Көкчө,

Айтканыңды бер, Көкчө!

Аркандап келген айым бар,

Күрмөшүп келген күнүм бар,

Күүгүм болжол түнүм бар.

Казатка чыгар касым бар,

Майданга чыгар башым бар,

Сапарга жүрөр салтым бар.

Жакындан болгон жатым бар,

Жан кыйбасым, эр Көкчө,

Сага айтуучу датым бар:

"Каалаганым Көкала

Атыңды берчи, минейин,

Арыстандыгың билейин!

Тонуңду берчи, кийейин,

Тойгондугуң билейин!

Башымды катпай сактанып,

Басташып жүргөн душманга

Барып кайра келейин.

Баркымды айтып мактанып,

Жанымды катпай сактанып,

Жанчышып жүргөн душманга

Барайын да, келейин

Жайымды айтып мактанып.

Көркөм күлүк Көкала

Күчү болсун меники,

Күдөрүң үзүп тим калба,

Башы болсун сеники.

Адам айтпас сөздү айттың,

Кайда барсаң баргын, — деп, —

Каалаганың алгын, — деп, —

Суктанганың алгын, — деп, —

Сурданбай жолго салгын, — деп, —

Айтканыңдан жанба, — деп, —

Арыстан, эр Көкчө танба!" — деп,

Алмамбет кармай калганы.

Ар сөздү айтып салганы.
Анда Көкчө кеп айтат:

"Ай, калайык! — деп айтат, —

Алтынды бөздөй бураңар,

Алмамбет кулдан сураңар!

Көкала атым көп эле,

Торала атым топ эле,

Атап айтчы десеңер,

Жөөлүгөн кытай, калмактан

Жөнүн сурап берсеңер!"

Карады Көкчө калкына.

Кабылан Алмаң кеп айтат:

"Каалаганым Көкчө минген Көкала,

Калайык, — уксаң!" — деп айтат.

Анда Көкчө муну айтат:

"Алмурут эккен жерлерге

Ит мурут чыгат дечү эле.

Ит ичпей турган ашынан

Үмүт кылат дечү эле.

Арыстандын баскан жерине,

Аюу жойлоп турарбы?

Атымды сурап бул калмак,

Ата, мындай кудай урабы!


Бул сөздү айтып салганы,

Арыстан Алман баатырдын

Ачуусу келип калганы.

Жаалы чыгып сөзүнөн,

Жалын чыгып көзүнөн:

"Кирбедим, Көкчө, ойнуңа,

Анты-шертиң мойнуңа.

Алмурут Көкчө сен болсоң,

Ит мурут жыгач мен болсом»

Мен да куруп калайын,

Ириген сенден кем болсом!

Арыстан Көкчө сен болсоң,

Лапшыйган аюу мен болсом,

Аныктап арбак урганы

Айбаным сенден кем болсом!

Элиңде туруп эркексиң,

Айлыңда туруп баатырсың,

Корооңдо болгон коңшуңа Коржондогон капырсың!

Оң баштаган солбу, — деп, —

Оёнум Көкчө болду, — деп, —

Айтканымдай кылууга

Алып келгин колду!" — деп

Алмамбет колун сунуптур,

Алмамбетке кол берип,

Көтөрүп алып көөдөнүн

Көкчө баатыр туруптур.


Алмамбет колун кармады

Алда кандай болом? — деп,

Артын санап калбады.

"Көкчө, кызматым билбей

кыйнадың,

Мээнетим билбей беттедиң,

Бекерче мени жектедиң!

Куру кетчү мен эмес,

Куба кетип малыңды,

Кутурупсуң, сен Көкчө,

Куп ченермин алыңды.

Укуругун шиш кылып,

Унутулгус иш кылып,

Керегелүү кең үйүң

Кериге жаңсай жыкпасам,

Кекенчим минтип чыкпасам,

Босоголуу боз үйүң

Боорго жаңсай жыкпасам,

Куюктуруп күлүңдү

Кумардан минтип чыкпасам,

Арманда кетет экемин,

Аяп сени нетемин!

Сурасам, бербес Көкала

Суурулуп ылоо минбесем,

Кааласам, бербес Көкала

Карматып ылоо минбесем,

Ийним тийбес Көккүбө

Көөдөнгө тээп чечпесем,

Алмамбет атым курусун,

Көкчө, сенден кечпесем!".


Алмамбет салды айгайды

Айбаты басып далайды.

Жыйырмасы бек, кыркы бий,

Кереге, уугу кычырап,

Буудайбектин тиккен үй

Чыдай албай көйбаатыр,

Чыгарга эшик жок болуп,

Кара чаар жолборстой

Карасаң Алмаң октолуп,

Көкчөдөн коркуп чыга албай.

Алда эмне кылат — деп

Каарына алса, бул калмак

Баарыбызды кырат — деп,

Кыйгач карап кылтыйып,

Кылыч, бычак, канжары

Жеңинен учу кылтыйып,

Ата уулунан алтымыш,

Алмамбет турат жапжалгыз.


Айгайды кулак укканы,

Ата, чиркин кантет — деп,

Акеркеч басып чыкканы.

Дарайы көйнөк делбиреп,

Саамай чачы желбиреп,

Сөз айтууга ашыгып,

Түлкүдөй изин жашырып,

Ылдамдай басып ушундан,

Эр Көкчөнүн тушунан

Капшытын ачып алганы,

Акеркеч добуш салганы:

"Көкчө, баатыр, не болдуң,

Акылың кайда, жоголдуң?

Алмамбет сага не кылды?

Азган менен тозгонду

Алындырып эл кылды.

Келинге кете* кийгизди,

Керегин журтка тийгизди.

Кызыңа кызыл кийгизди,

Кызматын журтка тийгизди.

Калканчы болуп баарыңа,

Кутмандыгын билгизди.

Сенин ардактаган бийлериң

Аркасын кимге тийгизди?

Кайраты болсо, казагың

Каспанга барса болбойбу!

Касташканың Коң төрө,

Кармаш кылса, оңбойбу!

Балбан болсо, казагың,

Жолойдун берип азабын,

Күрөшкөнүн жыкпайбы?

Үйүңө келген бир жалгыз,

Эзелде жазуу болбосо,

Аман-эсен чыкпайбы?

Жыгылууга жапжакын

Көрүп турмун өзүңдү,

Көк жал эрге сен айттың

Көөдөкчүлүк сөзүңдү".


Бул сөздү айтып салганы,

Көкчө баатыр бурулуп,

Катынга карап алганы:

"Баштабайт катын элимди,

Башынан билем эбиңди.

Башын жуткан жатыр деп,

Айрууга келген экенсиң

Алмамбет арам эриңди!

Соо койбосмун эриңди,

Соёрмун сенин териңди!

Акыры сенин көрөрмүн,

Айрып алар жериңди?".

Муну айтып Көкчө шылк этип,

Башы тийди жаздыкка.

Көзү жетти Акеркеч

Буудайык кылган кастыкка.


"Ак кишини каралап,

Сак кишини жаралап,

Өмдөгөн* менен казагын,

Өлтүрсөң, устум болгонуң.

Өлбөй калмак кутулса,

Көрөрбүз да, туярбыз,

Көйтөрөң өргүй койгонун!".

Акеркеч айтып салганы,

Эсине келип эр Көкчө

Баш көтөрүп алганы.

Көрө сала кеп айтат,

Көкчө баатыр нени айтат:

"Кытайды кудай урабы,

Кылганы мага турабы?

Калмакты кудай урабы,

Катылганы турабы?

Кет дегенде не кетпейт,

Кезенип калмак не кектейт?

Чык дегенде не чыкпайт,

Чык деген кепти неге укпайг?!

Бетиме келген бу кытай

Бергени болсо албайбы?

Мени кармап олтурбай,

Пери урган жолго салбайбы!".


Каарданып Алмамбет

Ордунан турду октолуп,

Алмамбет түрүн көргөндө,

Ооз ачпай Көкчө токтолуп.

Колун Көкчө сунганы,

Колун алып Алмамбет,

Катуулап силкип турганы.

Силккенинде он колу

Үзүлүп кете жаздады.

Көк сүлөөсүн кундуз бөрк

Учуп түштү баштагы.

Арак аскан отуна

Анча-мынча чалдыкты,

Ага Көкчө ардыкты.

Акылы келип азыраак,

Абыдан чындап тардыкты.

"Кулду карма, муузда!" — деп

Көбүнө кылды жарлыкты.

Алмамбетти карасаң,

Ооздон жалын буркурап,

Көрүктөн чыккан жалындай,

Көздөн оту шыркырап,

Белгиси келди бетине,

Жанбай турган мүнөзү,

Жаман келди. нээтине.

Көөдөнгө урса, баш жарган,

Жыгачка урса, таш жарган

Сууруп алды кылычын

(Карагын эрдин кылышын!).

Кашына келген бир жан жок,

Кармай турган тир жан жок.

Тушуна келер бир жан жок,

Тута турган тир жан жок.

Ошондо Алмаң ойлонот,

Оюнда баатыр толгонот:

"Өлөңдүү жерди өрттөбөй,

Өзүм жүрүп кетейин,

Кагыраган бийлердин

Канын жүктөп нетейин".
Эч бирөөнү карабай,

Эшикке чыкты эр Көк жал,

Ата уулулар кол салбай,

Алдырашып калыптыр.

Карап алып бир бирин,

Жалдырашып калыптыр.

Ачуусу менен Кылжейрен

Атка минип алганы,

"Эми кайда барам? — деп

Алмамбет ойлоп калганы.

Дарайы көйнөк шоодурап,

Акеркеч басып барганы.


Акеркеч наалып кеп айтат,

Аттаныпсың деп айтып:

"Аталуу бала урушат,

Агалуу ини жулушат.

Анткени менен кетеби,

Айланышып турушат.

Не түрдүү жумуш болсо да,

Эртеси өңүн көрүшөт,

Өлүп калса бир бирин,

Өкүрүп, ыйлап көмүшөт.

Кылчайбай атка минипсиз,

Келбес бекен эбиңиз

Бир сапаркы ачууну

Минтпей мага бериңиз!

Кастыктан Көкчө мас болгон,

Жаманга сени кыя албас,

"Жаракылар оңбо!" — деп,

Жашын көздөн тыя албас,

Баатырым сени ойлосо,

Бугу ичине сыя албас.

"Бузукулар оңбо!" — деп

Муңданып Көкчө тыйылбас".


Акеркеч тосуп, муну айтты, —

Алмамбетти муңайтты.

Албарс тийген боюна,

Арыстан Алмаң баатырдын

Ар нерсе түшүп оюна,

Кылыч тийген кырына,

Бектердин кылган чырына,

Көзүн жаштап Алмамбет,

Көкчөнүн кылган сырына,

Акеркечке эми айтат

"Аяшым, уккун!" — деп айтат

"Чачылган соң кура албайм,

Шаттыкка көңүл бура албайм.

Так Сулайман кылса да,

Көкчөгө карап тура албайм!

Толгонуп жоктур өнүмүм,

Токтолсом, болор өлүмүм.

Кайтадан болбос өнүмүм,

Кайрылсам, болор өлүмүм!".
Бурулбасы билинип,

Акеркечтин көзүнө

Муңканып араң илинип,

Кетмекчи болгон Алмаңа

Акеркеч наалып айтат кеп:

"Жарашып калган жериң жок

Жакшы айтышкан эриң жож,

Жалгыз кетүү эбиң жок,

Жээниң да жок, тайың жок,

Жердеп турар жайың жок.

Бөлөктү койдум, бөлө жок,

Эңкейип кетсең, жөлөк жок.

Кайрылар жок тууганың,

Кайда болот турагың?

Айтып кетсең экен — деп,

Кадаланып сурадым.

Урматың үчүн улайын,

Уккан, көргөн эл болсо,

Кабарың алып турайын".
Анда Алмамбет кеп айтат:

"Аяш, мен терек көрсөм,

конормун,

Тербелбестен көтөрсө,

Ошого жолдош болормун,

Кайыңды көрсөм конормун,

Кайышпай кайың көтөрсө,

Как ошо жерде болормун.

Не түшсө башка көрөрмүн,

Аяш, ажалым жетсе өлөрмүн".


Так ошондо Акеркеч,

Кара жашы төгүлүп,

Кайышып көңүл бөлүнүп,

Кабыргасы сөгүлүп:

"Аяш, андай болсо мен да айтам,

Ашкере күнөө кылсаң да,

Ардыкпай турган эрди айтам.

Көөнүң калса Көкчөдөн,

Жетпей кайтпа Таласка,

Кайрылбай асты өтпөгүн

Кара көк жал Манаска!".
"Көкчөдөн көргөн күнүм бул,

Көсөмгө кантип барамын?

Өлөңдүү жерге өрт койгон,

Көсөлгө кантип барамын?

Биринен качып, бирине

Нарынан качып, пилине

Барган менен нетейин,

Башымды алып кутулуп,

Башка бар жакка кетейин".
Анда Акеркеч муңайып,

Наалып турду буралып:

"Ак жибектен тор жайдым

Абада туйгун кушума,

Эки сөзгө көнбөсөң,

Тапшырам, аяш, тузума.

Баш койдум, аяш, сен үчүн,

Манаска барып тийип өт;

Башканы коюп мен үчүн

Насыятым тыңдап өт,

Азат боюң чыңдап өт.

Арыстан Манас баатырды

Аз имерип сындап өт".
"Тийсе тийип өтөм" – деп,

Айтканын кабыл алыптыр.

Акеркеч менен коштошуп,

Алмамбет жолго салыптыр.

Бастырганда Кылжейрен

Маралдай башы маңкайып,

Шамдай кулак шаңкайып,

Келишкен сонун мал экен

Кең соорусу даңкайып.

Алмабаш мылтык жонунда,

Ак найзасы колунда,

Албарс кылыч белннде,

Ажалы жетип күн бүтөт

Алда кимдин жеринде?

Шашкелик жерге бурулуп,

Жаңгактуу жерге урунуп,

Жакшылык күтпөй өзгөдөн,

Дале үмүтүн үзбөй Көкчөдөн,

Мастыктын кылган иши — деп,

Кайрылып келер эси — деп,

Тараган соң мастыгы

Мага кылган кастыгы,

Масы тараса, койбойбу

Башынан кетсе жаздыгы,

Аркамдан киши чабар — деп,

Алыстан кайдан табар — деп?

Акылына келген соң,

Акеркеч айтар кабар — деп?

Артыңдан келген кишилер

Бул жерден таап алар — деп,

Атын тушап откоруп,

Алмамбет жатты токтолуп.


Арадан эки күн өтүп,

Арактын масы тараптыр.

Айдаркан уулу эр Көкчө

Жан-жагына караптыр.

Карыны ачып кайышып,

Калыптыр Көкчө майышып.

Буудайбегин көздөдү,

Муну Көкчө сөздөдү:

"Тамагың барбы катын? — деп, —

Таба көргүн акыр — деп, —

Адам болбой калыпмын

Ушу бүгүн такыр" — деп.

Аш-тамагын койгон соң,

Айтып турду эр Көкчө:

"Алмамбетти чакыр! — деп.

"Арак ичпейт ал, — деди, —

Алмамбетке ылайык

Жая менен жал, — деди, —

Шекер менен бал", — деди.

"Азыр ылдам чакырып,

Алып келип кал!" — деди.
Жоголгон менен иши жок,

Үч-төрт айтты эр Көкчө,

Жообун айткан киши жок.

Асмөнкө деген бий экен,

Алмамбетти жектеген

Алтымыштын бири экен.

Козубай деген бар экен,

Көкчөгө короолош жүргөн жан

экен.
Аңгемеси ушундай

Асмөнкө айтты сөзүн жай:

"Мастыктан баатыр билбейсиз

Кулуңдун айткан кеп-сөзүн,

Кулагыңа илбейсиз,

Акылы кеткен аз эмес,

Алмамбет далай сөз айтты,

Арак ичкен мас эмес.

Жин даарыган бакшы эмес,

Алмаңдын кечээки сөзү жакшы

эмес.

Акеркечиң алам деп,



Жайы келсе, Көкчөнү

Сапсалгалап* салам — деп,

Көкала атты минем — деп,

Көпкөн экен, эр Көкчө,

Мурунуңду тилем — деп,

Өткөрбөй жалгыз сөзүңдү,

Мас болгон сага теңелип,

Өлтүрмөк эле өзүңдү.

Калкы карап турбайбы,

Канын ага өлтүртсө,

Казакты кудай урбайбы!

Арага түшө калганбыз,

Ал калмактын колунан

Айрып каным алганбыз.

Айылга турбай жогол — деп,

Айдап жолго салганбыз.

Кытайың кетип калган — деп,

Кылмак эле саа бирди,

Кылым журт айрып алган" — деп,

Асмөнкө муну сөздөдү.

Карарып жаны укканда,

Эми Козубай сөздү көздөдү:


"Бузуп айтпа баатыр — деп,

Бузукчулук сиздерде

Болгон далай акыр — деп.

Арак ичпей соо жүргөн,

Акеркеч анда акыр — деп,

Акеркеч айтты акыл кеп.

Мастык менен байкабай

Өткөрдүң Көкчө баатыр — деп,

Эл билгендин баарысы

Эбиңди тапкан акыр — деп.

Жарабаган калп айтат,

Катыныңды талашып,

Кара басты дейсиңби?

Кыраан Алма баатырдан,

Катындан ибет* жейсиңби?

Алганыңды талашып

Айбан болду дейсиңби?

Алмамбет көзү мында жок,

Андай бузук кылган жок.

"Каалаган атың мингин — деп, —

Каалаган тонуң кийгин" — деп,

Каным Көкчө, сен айттың:

"Кангырбай жолго киргин" — деп.

Акырегин жаш кылып,

Анты-шертин ташпырып,

Анан чыкты Алмамбет.

Чыкканда да соо койбой

Кылыч урду кыйласы,

Канжар урду канчасы,

Бычак урду мынчасы"


Айтканын Көкчө туюнду,

Агып жашы куюлду:

"Сынган экен таягым,

Сыздаган экен аягым!

Кетилген экен туягым,

Кемиген экен сыягым!

Үзүлгөн экен канатым,

Токтолгон экен санатым

Көрбөйсүңбү жумушун

Азгырып коюп мурунтан

Асмөнкө шумдун турушун".

Алданган Көкчө ошентип,

Айылдан жигит чаптырды,

Алымсейит курусун,

Тынымсейит Шуутун

Аш кайнамда таптырды.

"Түбүмө ушул жеткениң,

Канатым жерге жеткенде,

Кабарым алыс кеткенде,

Кашайтмак эле иттерим!

Кан болбой куруп калсамчы,

Каралдымдан айрылып,

Кара жерге житкеним.

Как ушундай кылар — деп,

Канчадан бери диттедим.

Көп көрүпсүң көйтөрө

Көкчөгө келип турушун.

Сураган экен ат майын,

Көкала аты курусун,

Ат аяган жер карайт,

Жер карабай не карайт.

Эр Көкчөнүн кадырын

Алмамбет өңдүү шер карайт.

Али да болсо чабыңар,

Алмамбетти табыңар.

Көөдөнгө сыйбас көп санаа,

Көркөм күлүк Көкала

Дилдеден жүгөн катыңар,

Жолборстон үртүк артынар.

Алмамбеттин жолуна

Алып барып тартыңар!".
Бармак болду эр Көкчө,

Бардашы* журттан бөлөкчө.

Айлына дүрбөн салыптыр,

Астыртан кабар алыптыр.

Алтымыш "жакшы" жыйылып,

Көкчөгө азыр келип калыптыр.

Алдынан чыкса, канча бий,

Ат бастырып жүрбөдү,

Айнытмалуу куу сөздөр

Кулагына кирбеди.

Ата уулулуу акимдер

Айтканын көзгө илбеди,

Орою катуу Көкчөнүн

Ойлогону Алмамбет,

Каары келген Көкчөнүн

Караганы Алмамбет,

Кайда болду арыстан — деп,

Самаганы Алмамбет.

Буудайбек арак сунду эле,

Бурулуп карап койгон жок.

Бузуп, жарган бийлерге

Мурдакыдай болгон жок.

Күлүктөн тандап минди эми,

Күүлөнүп жолго кирди эми.

Көркөм күлүк Көкала

Коштоого алып жүрдү эми.

Көрө албаган көөсөрлөр

Кылганын Көкчө билди эми.

Сары-Арка жолун чалганы,

Закымдап алыс барганы.

Кай кеткени билинбейт, —

Кабыланды көрө албады.


Кошо жүргөн Козубай

Көкчөгө айтат мамындай:

"Эр Алмамбет айлыңдан

Кеткени эки күн болсо,

Артынан барган бир жан жок.

Айлың сенин тим болсо,

Күйүткө башы баткандыр,

Күткөндөн көзү каткандыр.

Келбесе бир жаа саламга

Кетер жолун тапкандыр!".


Козубай мындай деген соң,

Көкчөнүн күчөп арманы

"Кылмак элең бийлер" — деп,

Бастыра албай калганы.

Кайра тартты үйүнө,

Жүрө-жүрө каңгырып,

Шумпайлардын айынан

Шумкарын колдон алдырып,

Кайран эрден айрылып,

Кара журттун баарысы

Алмамбет үчүн кайгырып...
Аны таштай коюңуз,

Арыстан Алмаң не болду

Кабарынан болуңуз.

Арактан масы тарар-деп,

Агам Көкчө карар — деп,

Эркечтен укса дайынын,

Эртелеп келип калар — деп,

Шашкелик жолго шалкайып,

Кылжейрен менен даңкайып,

Күйүп жатты бир жерге,

Жол урунту "бир белге.

Ал күнү жатты, таң атты,

Жолду карай көз катты.

Үмүтү калбай кыйылды,

Эки күн талаа жол сактап,

Баатыр Алмаң не кылды?

"Элимден эбак аздым, — деп, —

Эр Көкчөнүн элине

Не бейлимден жаздым, — деп, —

Көкчө кыйбайт — деп жүрдүм,

Көк ышкын терип жеп жүрдүм,

Артымды карап көп жүрдүм.

Ат откорсо жай алган

Аркардын оту бөксөнүн,

Аркасын эч бир көрбөдүм

Айдаркан уулу Көкчөнүн.

Айланган менен айла жок,

Алыскы жолду көздөйүн.

Суу жетпестен куураган,

Шамал тийсе — жел согуп,

Жалбырак учпай турбаган,

Мен болупмун байтерек.

Эр эшиги тоң темир,

Эритмекке эр керек.

Эр Көкчө деп сагалап,

Эми жүрүш не керек?

Кыян акпай сел кайда?

Кылайбай булут, жел кайда?

Жакшылык көрөр жайым жок,

Жарыгы тиер айым жок.

Карарбай булут, жел кайда?

Катуулап жамгыр төкпөсө,

Калкылдап аккан сел кайда?

Карыпчылык жеткен соң,

Казакка жүрүп не пайда?

Батарыма жерим жок,

Барарыма элим жок!

Колдосоң, кудай, колдодуң.


Колдобосоң, оңбодум.

Жөлөсөң, кудай, жөлөдүң,

Жөлөбөсөң, эрте өлүп,

О дүйнөгө жөнөдүм!".

Бул сөздү айтып муңданып,

Буурканып, сурданып,

Алмамбет жөнөп кетиптир

Айланган кара жол менен,

Албан түрдүү ой менен...





Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   21




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет