Министрлиги


Морфология, орфография жана кеп маданияты



Pdf көрінісі
бет10/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

Морфология, орфография жана кеп маданияты
56 Сөз түркүмдөрү (морфология) жөнүндө түшүнүк. Сөздөрдү сөз 
түркүмдөрүнө карата ажыратуунун принциптери (лексикалык, 
морфологиялык, синтаксистик). Маани берүүчү кызматчы жана өзгөчө 
сөз түркүмдөрү 
2 саат 
57 
Зат атооч жана кеп маданияты (15 саат) 
58 Зат атоочтун сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү: лексикалык маанилери, 
морфологиялык белгилери, синтаксистик кызматы 
1 саат 
Зат атоочтун грамматикалык түзүлүшүнө карай бөлүнүшү: жөнөкөй 
жана татаал зат атоочтор. Жөнөкөй зат атоочтордун жасалышына карай 
бөлүнүшү: тубаса жана туунду зат атоочтор. Туунду зат атоочту 
жасоочу мүчөлөр. Туунду зат атоочтун морфологиялык жол менен 
жасалышы. Татаал зат атоочтун синтаксистик жол менен жасалышы 
2 саат 


59 Энчилүү жана жалпы зат атооч. Энчилүү аттардын (адамдын, 
айбанаттарды, мекеме, жер-суулар, тарыхый окуя, көркөм чыгарма, 
басылмалардын аттарынан) жазылышы 
2 саат 
60 Зат атоочтун сөз өзгөртүүчү мүчөлөр менен өзгөрүшү. Зат атоочтун 
көптүк санда (-лар мүчөсү менен) өзгөрүшү. Жалпыланган маанидеги 
көптүк –лар мүчөсү уланбаган зат атоочтор (мисалы: нан, ун, жүн, суу 
ж.б.) 
2 саат 
61 Таандык мүчөлөр, алардын түрлөрү: жак таандык жана жалпы таандык 
мүчөлөр. Жак таандык мүчөлөр: I жактын жекелик жана көптүк 
сандагы таандык мүчөлөрү (-ым, -ыбыз); II жактын жекелик жана 
көптүк сандагы таандык мүчөлөрү (-ың, -ыңыз, -ыңар, -ыңыздар); III 
жактын таандык мүчөлөрү (-ы, -сы). Жалпы таандык мүчө –ныкы 
2 саат 
62 Зат атоочтун жакталышы. Жекелик сандагы зат атоочтордун 
жакталышы (-мын, -сың, -сыз). Көптүк сандагы зат атоочтун 
жакталышы (-быз, -сыңар, -сыздар) 
1 саат 
63 Кеп 
маданияты
Чыгармалардын 
(макала, 
очерк, 
көркөм 
чыгармалардын) аталышынын мазмунга ылайык тандалышы. Татаал зат 
атоочтордун ичинен кош сөз түрүндөгүсүнүн ар түрдүү маанилерин 
туура түшүнүү жана аларды сүйлөмдө айтылып жаткан ойдун 
жагдайына карай ыктуу колдоно билүү. Айрым бир лексикалык топтогу 
зат атоочторго (жаратылыштык кубулуштардын, жыл мезгилдердин
абстрактык маанидеги заттын атын билдирген) көптүк санды 
уюштуруучу –лар мүчөсү жалганган көптүк учурда адабий нормага 
ылайык келбей турганын (акылдар, асмандар, шамалдар ж.б.) түшүнө 
билүү; -лар мүчөсү жалганган бир өңчөй мүчөлөрдүн бардык 
түгөйлөрүндө толук сакталышы же эң акыркысынан башкасында 
түшүрүлүп белгиленишиндеги стилдик өзгөчөлүктөрдү байкоо жана 
ылайыгына жараша колдоно билүү. Таандык мүчөлүү сөз менен илик 
жөндөмөсүндө турган сөздүн айкалышында таандык мүчөнүн 
түшүрүлүп же толук берилишиндеги адабий норманы байкоо жана аны 
туура колдоно билүү 
1 саат 
64 Үйрөтүүчү жана текшерүүчү жазуу жумуштары 
3 саат 
65 Зат атооч жана анын сан, таандык категориялары боюнча талдоо 
1 саат 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет