Министрлиги


Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү жана кеп маданияты (7 саат)



Pdf көрінісі
бет27/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү жана кеп маданияты (7 саат) 
72 Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү, алардын мүнөздүү белгилери. Бир 
өңчөй мүчөлөрү өз ара байланышуу жолдору
1 саат 
73 Интонация жана байламталар. Бир өңчөй мүчөлөрдө коюлуучу тыныш 
белгилер 
1 саат 
74 Бир өңчөй жана бир өңчөй эмес аныктоочтор. Бир өңчөй мүчөлөрдө 
колдонулган жалпылагыч сөз, анын бир өңчөй мүчөлөргө карата алган 
орун тартибине байланыштуу коюлуучу тыныш белгилер
1 саат 
75 Үйрөтүүчү жана текшерүүчү жазуу жумуштары 
2 саат 
76 Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү боюнча талдоо 
1 саат 
77 Кеп маданияты. Бир өңчөй мүчөлөрдүн өз ара байламталар жана 
интонация 
аркылуу 
байланышындагы 
маанилик 
(стилдик) 
өзгөчөлүктөр. Бир өңчөй мүчөлөрдүн грамматикалык формаларынын 
(сөз өзгөртүүчү мүчөлөрдүн) анын бардык түгөйүндө толук 
сакталышындагы жана эң акыркысынан башкасында түшүрүлүп 
айтылышындагы стилдик максаттарды аныктоо. Этиштик бир өңчөй 
баяндоочтордун түгөйлөрүнүн өз ара орун алышындагы кыймыл-
аракеттин башталыш этабынан анын өнүгүү этаптарына карата колдоно 
билүүнүн стилдик зарылдыгы (от тутанды, күйдү, алоолонду – 
туурасы; алоолонду, күйдү, тутанды – туура эмеси)
1 саат 
Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби жана кеп маданияты (6 саат) 
78 Сүйлөм тутумунда сөздөрдүн көндүм болгон түз орун тартиби жана 
өзгөргөн терс орундары. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартибине таасир 
этүүчү факторлор (сүйлөмдүн түзүлүшү, сөздөрдүн өз ара 
грамматикалык байланышуу жолдору, логикалык басым ж.б.). 
Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартибинин семантика-грамматикалык
стилистикалык милдети
2 саат 
79 Кеп маданияты. Сүйлөм ээси менен баяндоочтун толук ээрчишүүсү, 
айрым учурларда сан боюнча ээрчибей айтылышынын адабий 
нормалары. Сүйлөмдүн этиштик баяндоочунун орун тартибинин эркин 
колдонулушундагы стилдик бөтөнчөлүктөр. Сүйлөмдүн кыскалыгына, 
баяндооч аркылуу берилүүчү маанинин ачыктыгына, тактыгы стилдик 
нормага 
ылайыктуулугуна 
карата 
атоочтук 
баяндоочтордун 
колдонулушу 
1 саат 
80 Аныктоочтордун кептин сүрөттөө, орун жана мезгил бышыктоочтордун 
баяндоо түрүнө мүнөздүүлүгү. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн өзгөргөн терс 
орун тартибиндеги логикалык басымдын ролу. Логикалык басым – 
кептин тактыгынын, таасирдүүлүгүнүн каражаты. Сүйлөмдөгү 
сөздөрдүн бирин маанилик жактан бөлүп айтуу үчүн сөздөрдү 
өзгөртүп, терс орун тартипти колдонуу. Тике толуктоочтордун табыш 
жөндөмөсүнүн жалганып турушунун же көмүскөдө калышынын 
грамматика-стилистикалык маанилери 
1 саат 
81 Үйрөтүүчү жана текшерүүчү жазуу жумуштары 
2 саат 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет