Министрлиги



Pdf көрінісі
бет35/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

Фонетика, графиканы өздөштүрүү аркылуу окуучулар кыргыз тилинин тыбыштык 
системасы, тыбыш менен тамганын өз ара карым-катнашы жөнүндө билим алышат. 
Тилдин тыбыштык жана маанилик жагынан ажырагыс биримдигин, фонетиканын лексика 
жана грамматика менен тыгыз байланышын түшүнөт; адабий тилдин орфоэпиялык
графикалык жана орфографиялык нормалары боюнча машыккандыктарга ээ болушат. 
Байланыштуу кепти үйрөнүшөт. 
Лексиканы, фразеологияны окутуунун милдеттери: окуучуларга кыргыз адабий
тилинин сөздү системасы тууралуу түшүнүк берүү; сөздү курамдык байлыгын, ар 
тараптуулугун элдин турмуш-тиричилиги, салт-санаасы, үрп-адаты, дүйнөгө көз карашы 
менен байланышты түшүндүрүү; өз ара пикир алышууда сөздөрдү, фразеологизмдерди 
адабий тилдин нормаларына, пикир алышуунун ар түрдүү формаларына (оозеки жана 
жазуу), максатына жана ар түрдүү кырдаалдарга ылайык тандап алууну үйрөтүү: сөз 
байлыгын толуктоого, аны улам өркүндөтүп отурууга, түшүндүрмө сөздүктөн, синоним, 
антоним жана фразеологизмдерге арналган сөздүктөрдөн пайдаланууга окуучуларды 
машыктыруу. Оозеки, жазуу байланыштуу кебин өнүктүрөт. 
Сөз курамы, сөз жасоону окутуунун милдеттери: сөздүн тутумундагы маанилүү 
бөлүктөрүн (морфомаларды) туура аныктоону, сөз жасоодо жаңы сөз жасала тургандаган, 
ал аркылуу сөздү курамдын толукталып, байып отурушун, сөз жасоонун жолдорун 
үйрөтүү, туунду сөздөрдүн маанисин андагы сөз жасоочу каражаттардын мааниси менен 
байланыштырып түшүндүрүүгө, тубаса сөз менен туунду сөздүн өз ара карым-катнашын, 
кайсы сөз түркүмүнө тиешелүү экендигин аныктай алууга окуучуларды машыктыруу. 
Байланыштуу кепке үйрөтүү. 
Морфология, синтаксисти окутуунун милдеттери: окуучуларга кыргыз тилинин 
грамматикалык түзүлүшүн, андагы нормаларга үйрөтүү; оозеки жана жазуу түрүндө 
пикир алышууда ал нормаларды туура колдоно билүүгө машыктыруу. Оозеки, жазуу, 
байланыштуу кебин калыптандыруу. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет