Министрлиги


Кеп маданиятын окутуунун милдеттери



Pdf көрінісі
бет34/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

Кеп маданиятын окутуунун милдеттери: окуучулардын адабий тилдин 
орфоэпиялык, лексикалык, морфологиялык, синтаксистик, сөз жасоо нормаларын туура 
сактай алгандыгы, аларды бузбагандыгы жана орфографиялык, пунктуациялык толук 
сабаттуулукка ээ болгондугу менен аныкталат. Адабий тилдин нормасын өздөштүрүүдө 
диалектилик, говордук сөздөрдүн кепте орунсуз колдонулушуна жол бербөөгө
терминдерди жана терминдик маанидеги сөздөрдү, архаизмдерди колдонууда алардын 
маанилерин туура, так түшүнө билүүгө жана аларды колдонуу белгилүү бир стилдик жана 
башка максаттарга негизделерине үйрөтүү; 
Көркөм адабияттарда, кептин сүрөттөө түрүндө сөздүн эмоционалдык, 
экспрессивдик жана өтмө маанилерин колдонулуш зарылдыгын, текст түзүүдө жана 
оозеки пикир алышууда синоним сөздөрдү ылайыгына жараша тандап, иргеп 
пайдалануунун стилдик ыкмаларын аныктай билүүгө машыктыруу жана ал жөнүндө 
билгичтигин калыптандыруу. 
Кеп маданиятынын адабият сабагы менен тыгыз байланыштуулугун түшүнүү; 
көркөм адабияттарда тилдин көркөм каражаттарынын колдонулуш максаттарын, стилдин 
ар түрдүү милдеттерин аныктай алууга жана аларды талдай билүүгө көнүктүрүү. 
Окуучулардын кебинин бай жана ар тараптуу болушу сөздүк жумуштарынын 
системалуу жүргүзүлүшү, мааниси анча так, белгилүү болбогон сөздөрдү, синонимдик 
катарларды, синонимдик түгөйлөрдү сөздүктөрдүн жардамы менен аныкталышы аркылуу 
шартталат. Демек, окуучуларды сөздүктөр менен иштөөгө үйрөтүүнүн олуттуу мааниси 
бар. 
Программада кеп маданиятынын материалдары грамматикалык темалар менен 
байланыштырылып берилди. Бир катар темаларга атайын бирден сааттар ыйгарылды. 
Демек, бул грамматикалык материалдарды окутууда окуучулардын теориялык билим-
билгичтиктерин калыптандыруу менен бирге кебинин маданиятына машыктыруу милдети 
да коюларын билдирет. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет