Министрлиги


-9-класстар үчүн кыргыз тилинин программасынын мазмуну



Pdf көрінісі
бет33/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

5-9-класстар үчүн кыргыз тилинин программасынын мазмуну 
Кыргыз тилинин окутуу программасы байланыштуу кеп, фонетика, графика жана 
орфоэпия, лексика жана фразеология, сөз жасоо, морфология жана синтаксис, орфография 
жана пунктуация сыяктуу тилдин тармактык бөлүмдөрүнөн турат. 
Тил илиминин бул бөлүмдөрү программанын негизин түзөт да, дидактикалык 
принципке негизделип, 5-9-класстарда системалуу курс катары өтүлөт жана өз ичинде 
окутуп-үйрөтүүнүн төмөнкүдөй материалдарын камтыйт. 
Тил жана коом жөнүндө жалпы маалымат. Бул бөлүмдөн окуучулар тилдин 
табияты, коомдук, социалдык мааниси, чыгышы, кыргыз адабий тили, анын диалектилер 
менен карым-катнашы, кыргыз тилинин түрк тилдеринин ичинен алган орду, азыркы 
кыргыз тили – кыргыз элинин мамлекеттик жана биримдик тили, улуттук маданияттын 
негизги формасы жөнүндөгү түшүнүктөрдү алышат. Бул материалдар өзүнчө темаларга 
бөлүнүп, ар бир класста жыл башында 1 сааттан киришүү сабагы катары окутулат. 
Байланыштуу кепти окутуунун милдеттерибайланыштуу кеп кыргыз тилинин 
теориялык материалдарын оозеки жана жазуу кебинде пайдалана билүүгө үйрөтүүчү 


илимдин бир тармагы. Демек, кыргыз тилин окутууда анын практикалык негиздерин 
өркүндөтүү үчүн, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууга тийиш жана аны окутууда 
төмөнкүдөй милдеттер сунуш кылынат: 
окуучуларга кеп боюнча теориялык түшүнүктөргө ээ кылуу; 
окуучуларды адабий тилдин нормасында өз оюн эркин, байланыштуу айта 
билүүгө көнүктүрүү максатында оозеки кептик стилдик, интонациялык жана башка 
өзгөчөлүктөрүн билгичтик менен пайдаланууга үйрөтүү; 
текст түзүүнүн жолдорун жана ыкмаларын өздөштүрүү боюнча билгичтиктерин 
жана көндүмдөрүн калыптандыруу; 
текст түзүүдө анын темасын, негизги оюн аныктоого, текстке ат коюуга жана 
план боюнча жаза билүүгө жол көрсөтүү; 
абзац менен микротемалардын текстеги маанисин түшүнүүгө жана аларды текст 
түзүүдө пайдалана билүүгө жол көрсөтүү; 
текстти тигил же бул стилде түзө билүү жана ал боюнча тилдик каражаттарды 
туура пайдаланууга үйрөтүү, текст түзүүдө адабий тилдин нормаларын туура сактоо 
жөндөмдөрүн калыптандыруу; 
текст түзүүдө кептин түрлөрүн туура колдоно билүүгө багыт берүү, алардын 
стилдик түрлөрү менен байланышына окуучулардын көңүлүн буруу; 
текст түзүүдө сүйлөмдүн ички жана тышкы байланыштарын туура сактоого жана 
аны логикалык ырааттуулукта системалуу баяндоого машыктыруу; 
окуган текстти кайрадан өз сөзү, түшүнүгү боюнча эркин айта билүүгө, тиешелүү 
стилде текст түзүүгө үйрөтүү; 
окуучуларды иш кагаздарын аткарууга арыз, өмүр баян, отчет, иш план ж.б. жаза 
билүүгө машыктыруу; 
окуучуларга өздөрү түзгөн тексттерди, б.а. баяндама жана дил баяндарды, макала 
жана сын пикирлерди, доклад жана рефераты ж.б. кайрадан түзүүгө, оңдоого үйрөтүү; 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет