Министрлиги


 Предметтин Базистик окуу планда алган орду



Pdf көрінісі
бет3/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

1.1. Предметтин Базистик окуу планда алган орду 
 
Базистик окуу планынын мамлекеттик компонентине ылайык, жалпы орто билим 
берүүнүн негизги жана жогорку баскычтарында кыргыз тили предметине төмөндөгүдөй 
окуу жүктөмү аныкталган:
к\№ 
Класстары
Жума бою 
Жыл бою 
1. 
5-класс 
4 сааттан 
136 саат 
2. 
6-класс 
4 сааттан 
136 саат 
3. 
7-класс 
3 сааттан 
102 саат 
4. 
8-класс 
3 сааттан 
102 саат 
5. 
9-класс 
2 сааттан 
68 саат 
1.2. Кыргыз тили предметинин максаты, милдеттери 
 
Кыргыз тили – кыргыз элинин мамлекеттик тили, улуттук маданияттын эң жогорку 
формасы катары саналат. «Кыргыз тилин эне тил катары окутуунун предметтик 
стандартында» кыргыз тилин эне тил катары мектептерде окутуунун максаты бул - 
«окуучуларды кыргыз тилинин лексикалык-грамматикалык байлыгын оозеки жана жазуу 
кебинде активдүү колдоно билүүгө, кеп ишмердүүлүктөрүнүн бардык түрлөрүндөгү 
компетенттүүлүктөрүнө ээ болууга, кеп маданиятынын эрежелерин кебинде туура 
сактоого үйрөтүү» - деп көрсөтүлгөн.
5-9-класстарда кыргыз тилин окутуунун жалпы милдеттери (таанып-билүүчүлүк, 
жүрүм-турумдук, баалуулук) т
ѳ мѳ нкүлѳ р: 
Таанып-билүүчүлүк – окуучуну эне тилинин өз жашоо-турмушундагы, коомдогу
ишмердигиндеги орду менен маанисин так аныктап, билүүгө үйрөтүү менен эне тилин 


дүйнөнү таанып-билүүнүн каражаты жана чындыкты чагылдыруунун, ошондой эле
башка окуу предметтери боюнча билим алуунун куралы катары колдонууга көнүктүрөт. 
Тил жана кеп, тил жана аң-сезим, тил жана ойлоо, тил жана маданият түшүнүктөрүнүн 
ажырагыс биримдигин жеткиликтүү түшүндүрөт. Кыргыз тилинин фонетикалык 
системасын 
лексико-фразеологиялык 
байлыгын, 
грамматикалык 
түзүлүшүн, 
орфографиялык, пунктуациялык жана орфоэпиялык эрежелерин практикалык негизде 
өздөштүрүп, өз кебинде колдонууга үйрөтөт. Окуучуну эне тилинин тил бирдиктеринин 
маанисин жана функцияларын толук аӊ дап билүүгө, эне тилиндеги кубулуштарды
фактыларды талдай алууга үйрөтүү менен оозеки жана жазуу кебиндеги кыргыз адабий 
тилинин нормаларын сактоого машыктырат. 
Жүрүм-турумдук - окуучуну кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн (угуу, окуу 
сүйлөө, жана жазуу) сүйлөшүү, баарлашуунун ар кандай чөйрөлөрүндөгү кептик жүрүм-
турумдук маданиятын толук билүүгө жана колдонууга үйрөтөт. Ар кандай чөйрөдө жана 
тематикада оозеки-жазуу түрүндө сабаттуу сүйлөө-жазуу маданиятына үйрөтүү менен 
өзүнүн оозеки жана жазуу кебин өз алдынча текшере алууга, сын көз менен карап, аны 
дайыма өркүндөтүү жөндөмүнө ээ кылат. 
Баалуулук - окуучуну эне тилин улуттук улуу дөөлөт, сыймык, маданият катары 
кабыл алып, аны тарыхый-руханий мурас деп таанып, аны менен сыймыктанууга
коргоого жана колдонууга көнүктүрөт. Эне тили аркылуу улуттук баалуулуктарды, жалпы 
адамзаттык рухий дөөлөттөрдү өздөштүрүүгө, барктап-баалоого үйрөтөт. 
Ушундан улам, 5-9-класстарда кыргыз тилин эне тил катары окутуп-үйрөтүүнүн


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет