1.3. Кыргыз тили предмети боюнча базалык билим берүүнүн
компетенттүүлүктөрү
Кыргыз тилин окутуудагы компетенттүүлүктөрдү аныктоодо кептик-ой
жүгүртүүчүлүк ишмердүүлүктү эске алуу зарыл. Ал төмөнкү фазаларга ээ:
мотив – максат – багыт алуу – пландаштыруу – ишке ашыруу – текшерүү;
кептик ишмердүүлүк мезгилинде сүйлөөчүнүн грамматикасы жана угуучунун
грамматикасы колдонулат;
адамдын кеби анын дүйнө таанымын жана маданий деңгээлин чагылдырат.
Мына ушуга байланыштуу 5-9-класстарда кыргыз тилин эне тил катары окутуунун
төмөнкүдөй компетенттүүлүктөрү белгиленди:
тилдик компетенттүүлүк – тилдин системасына ээ болуу, тактап айтканда,
тилдин курулушу, тилдик нормалар, анын ичинде орфографиялык жана пунктуациялык;
кептик компетенттүүлүк – кептик кырдаалдар жана тилдик нормаларга
ылайык коммуникация ишке ашырылат, өзүнүн кептик мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт
жана сөздүк корун байытат.
маданий компетенттүүлүк – тилдин улуттук-маданий өзгөчөлүгүн эске алуу
менен диалог жүргүзө билүүсү.
Тилдик компетенттүүлүккө ээ болуу бул – бүтүрүүчүнүн тилдин жеке жана
жалпы закондорун чагылдыруучу эрежелер боюнча билимге ээ болуп, лингвистикалык
маалыматтарды чечмелеп, аналитикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүнө ээ болот:
тилдик бирдиктерди, тилдин системасындагы функциялары жана тексттеги ролу
менен байланышта түшүнөт;
лингвистикалык бирдиктерди, функциялары, маанилери жана стилдери боюнча
топтоштурат;
тилдик бирдиктердин синонимдештигин, структурасы, семантикасы жана стили
боюнча айырмалайт;
кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн айырмалайт;
каралган орфограммалардын көлөмүнө жана пунктуациялык эрежелерге ылайык
орфографиялык жана пунктуациялык көндүмдөргө ээ болот.
|